"Көйнөгүңдү көтөрсөм көп нерселер көрүнөт "

Мурат Жетимишбаев
"Ак жол" партиясынын көл боюнча координатору:
"Биз эч кимди күчкө салган жокпуз"
- Ээ Муке, шайлооңор Жаны-Жыл майрамындай эле келди го, сүйүнгөндөгүңөр канча болду?
- Ачыгын айтсам, "Айгай" "Ак Жол" менен аңгемелешет деп үч уктасам түшүмө да кирмек эмес, кандай болсо дагы угуп койолу дегениңиздерге чоң ырахмат.
Эми сурооңузга жооп; биз, бир мамлекетте жашагандан кийин, мамлекеттик дэңгээлде жүргүзүлгөн иштер жалпыбыздыкы болуп эсептелинет. Ошондуктан, эгерде сүйүнө турган болсок, чогуу сүйүнөбүз да. Ал эми шайлоо учурунда добуш берүү ар-кимдин өз эрки. Жогорку Кеңештеги СДПК фракциясы Конституциялык сотко кайрылды, Консот болсо "быйыл өтүшү керек" деп, бүтүм чыгарды. Бул В.Путиндин "Мамлекеттик мыйзам Президенттен жогору турат"-дегениндей эле, андыктан баарыбыз мыйзамга баш ийүүбүз абзел.
- Илгери, кечирип кой, иним, монголдор каптагандай "Ак Жол" каптады эле, бул жолкусунда "Куликов талаасы" болбойбу?
- Азыр "аркы жээктегилердин" бардыгы оозанса эле "Ак Жол", "Ак Жол"-деп калышты, атына заты жарашса Ак жолдун эмнеси жаман. Ылайым жолубуз дайыма Ак болсун! Монголдордой, "Ак Жол" каптады"- деп жатпайсызбы, керек болсо ошол моңголдор ошол жерлерге цивилизацияны алып келгендигин тарых тактаган да, ачыгын айтсам азыркы биздин "Ак Жол" партиясы деле көптөгөн жакшы саамалыктарын элге тартуулап келе жатат. Өзүңүз жакшы билгендей АААлардын "Алга" партиясы түзүлгөндө бардыгын күркүрөтө күч менен мүчөлүккө кабыл алышкан. Биз, партиябызга бир дагы инсанды күчкө салуу менен кабыл алган жокпуз. Азыр, айрымдары "көрсө да көрмөксөн болгон", өлкөбүздөгү жылыштарга өз баамын берип, аз болсо дагы элдин жашоосунун оңолуп бара жатканына ишенгендер өз эрки менен биздин партияга кирип жатышат. Бизге сандык көрсөткүч эмес, сапаттык көрсөткүч керек. Бир айылда, бир "Ак Жолдун" мүчөсү болсо дагы ал, эл кадырына, эл сыйына ээ, калыстыктан тайбаган инсан болсо, биздин күчүбүз ошондо. Ал эми "Куликов талаасы" болбойбу дегениңизге мындай; биринчиден; Куликов талаасында алгач орустардан, Пересвет, монголдордон Чалубей чыгып чабышкан. Алар бири-бирине элдешкис душмандар эле. Бизде чабыша турган душманыбыз жок, бизде, бир туугандар Асан менен Үсөн, Акмат менен Ташмат бар. Бир туугандар таарынышы мүмкүн, бирок илгеркидей чабышпайт. Кыргызга Кыргыз кана керек! Чындыгында, Сизге мен, мага Сиз кана керексиз. Ушуну эсибизден чыгарбасак.
- Мен өткөндө жаздым эле, Бакиев 79-81% пайыз добушун небак даярдап койгону чын го деп, буга эмне дейсиз?
- Азыр саясий "көзү" ачыктар көбөйбөдүбү. Кандай айтсам дагы баары бир бир кыйкым табышат. Бирок калыстык үчүн айта кетейин мына жакында район шаардык шайлоо комиссиялардын курамын түзүүдө партиялык тизме боюнча өткөн "жеребевкада" "Ата Мекен" СДПК, "Акшумкар" партия өкүлдөрү мүчөлүккө катталышты. Ошолор шайлоонун таза өтүшүнө көзөмөл кылышып, жыйынтык актыларына кол коюшат. Алардан тышкары чет элдик байкоочулар дагы бар. Бирок, жалпы элдин көз карашы азыркы бийликке дагы, шайлоого дагы бир беткей начар дегендик бул "догурунган догма". Шайлоо өз деңгээлинде мыйзам чегинде өтөт.
- Үй бүлө башкаруусу жөнүндө "үрүп чыгаар итке чейин" айтып жатышат, буга не дейсиз?
- Бул биздин кыргыздык менталитетибизде бар. Кыкеңдер кылымдар бою "оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн" деп, ал сөзгө терең маани бербесек дагы айтып келгенбиз. Бирок, ал макал биринчи Ажобуздун доорунун соңку жылдарында өтө көп айтылып калган, себеби ошол бийликтин үй бүлөө мүчөлөрү "күн көрбөгөн - күндүзү чырак жагат" болуп, бардыгына ашыкча ач көздөнө бергендери жалпы калктын кыжырына тийгендиги чындык эмеспи. Эми болсо, "көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы" дегендей, "оозубузду сүткө күйгүзүп" алган жаныбыз, дагы "шектүү шекшинет" болуп, далилибиз жок болсо деле, "эски ырды созолонто" ырдап жатпайбызбы? Чын сырымды айтсам, президенттик үй-бүлө мүчөлөрүнөн жакындан тааныганым жалгыз, Жалал-Абад шаарындагы "Сали Ата" менчик ишканасынын жетекчиси Акмат Салиевич Бакиев. Эми мен бул жигиттин адамкерчилигине, айрыкча, жөнөкөйлүгүнө, нукура кыргыздык меймандостугуна, ички адамдык сулуулугу менен тышкы сулуулугу айкалышып турганына чын дилден ыраазымын. Чыныгы Ата тарбиясын алган азамат - деп ачык айта алам. Ашыкча мактап жатат деп - Сиз мыйыгыңыздан күлбөңүз. Калп десеңиз Чон-Кеминдик мурунку ажобуз Акаевдин айылдаш иниси Саткынбек Тентимишовдон сурасаңыз болот. Ал жигит "Ажонун иниси болсо, ушул Акматтай адамкерчиликтүү болсун" деп, менден артык мактап жүрөт. Чындыкты айткан бул мактаганга жатпайт. Президенттин бир туугандары, балдары болгондугу үчүн ал күнөөлүү эмес да. Алар дагы өз мекенинде иштеши, жашашы керек. Мен алар, мамлекет үчүн, эки эсе таза кызмат кылышат-деп ишенем. Себеби, мурунку ажобуздун үй бүлөлүк башкаруусундагы "көрсөткөн ачык сабактарын" азыркы Президенттин үй бүлө мүчөлөрү кантип эстеринен чыгарсын! Негизи, калемдешиңер Кален Сыдыкова айткандай "көйнөгүңдү көтөрсөм көп нерселер көрүнөт" - дегендей ыгы жок эле "этеке" асыла берген болбойт го дейм.
- Бакиевке кечиресиз, жаныңызды берип кызмат кылат экенсиз. Буга эмне себеп?
- 24-марттагы Элдик революциядан кийин КЭКтин мүчөлөрүнүн кимиси президент болуп келсе дагы, азыркы Курманбек Салиевичтей мамлекетте алга жылууларды жарата алса, аны дагы колдомокмун. Мен желпилдеп ар-жак, бер жака урунгандай жаш эмесмин, кудайга шүгүр, акыл токтотуп, эр ортону аркалап калган инсанмын. Мени, эң негизгиси, мамлекетибиздин акырындып бутуна туруп келе жаткандыгы кубантат. Айылдардагы мектептердин салынышы, жолдордун курулушу, шаарларыбыздагы үйлөр курулуп, кардарларга берилиши, айыл, өкмөтүнө, медицина, орган кызматкерлерине берилген жайнаган авто унаалар, ГЭС сыяктуу дагы көп, мамлекеттик дэнгээлдеги курулуштар...! Өкүнгөнүм, ушул өзгөрүүлөрдү кээ бир жарандарыбыздын "көздөрүнө жара чыгып" көрө албай жаткандыгы. Айлаң кеткенде көз догдур Алмазбек Исманкуловко кайрылгың келет экен. Эми бул каймана иретинде айтканым Москва бир күндө курулган эмес да.
Ал эми Президентибиз боюнча; Америка Конституциясынын "атасы аталган" Медисондун айткан сөзүн кыргызча "перефразировать" этип мындай дегим келет, "Сен Президентти сыйлабасаң дагы Кыргызстанды сыйлашың керек, Кыргызстанды сыйлагандан кийин Президентти сөзсүз сыйлашың керек, себеби Президентти Эл шайлаган, ал эми Эл - бул Кыргызстан"!
- Азыр "Акжолдун" аркасынан айланчыктаган досторунуз көп, кокус кийин кээ бир "Алгачыларча" ай талаада жалгыз калбайсыңбы?
- Ырахмат, Сизчилеп "мага боору ооругандар азыр өтө көп". Алмаз Атамбаевдин апасы айткандай, менин дагы ыраматылык атам Кален Жетимишбаев айтчу: "балам баарынан өз абийириңдин алдында таза бол" - деп. Мен өз аракеттерим менен өз абийиримди алдаган жокмун. Мага ушул жетиштүү. Ал эми достук - адамдын саясый көз карашына, кызматына баш ийбеши керек. Менин чыныгы досторум - классташтарым. Айылдагы карапайым досторуң гана сени эч-качан сатпайт, ар-кандай кыйынчылыктарда ошолор гана жаныңда болот, бул турмушумда толук далилденген. Менин да кызмат аркылуу "шилекей алышкан "жан досторум" болгон, анан бир күнү эле кызматтан бир-аз олку-солку боло калып "жөлөнөйүн" - деп карасам эле жанымдан чыкпас "көлөкө досумдан" дайын жок. Өтө жаман кейидим, ыза да болдум, бир басып келип койгон жок, акырында "Досума" деген ырда жазгам. Бул ырымды кокусунан уккан Бексултан Жакиев менен Мар Байжиев агалар мага тамашалап, "кээ бир жүз ыр эмес, бир эле жакшы жазылган ыр менен "акын" болот сен ушул жалгыз ырың менен "акынсын" деп, мени "акын" кылып коюшкан.
- Айтчы досум, кызмат колдун кириби?
Соңунда айтарым, Баратбай аба "Айгайдын" айла келтире турган алты соболун бергениңизге дагы бир ирет ырахмат! Тик, так суроого, тик, так жооп берүүгө аракет кылдым окшойт, эгер жарыяласаңар бурмалабай так чыгаргыла, бир кана өтүнүч ушул баарыңыздарга Ак Жол каалаймын. Ырахмат!

Суроо берген
Баратбай АРАКЕЕВ





  Баса айтмакчы

Курултай жылдырылды
Ак жол" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Орозалиев: "Февраль айында болгон "Ак жол" партиясынын саясий кеңешинде 11-апрелде курултай өткөрөлү деп чечкенбиз. Бирок, Конституциялык соттун (президенттик шайлоону белгилеген) чечими бизге да күтүүсүз болуп калды. Андан кийин биз Жогорку Кеңеште быйыл 23-июлда президенттик шайлоону өткөрүү чечимин кабыл алдык. Үчүнчүдөн, жакында президентибиз өлкөнү жаңылантуунун багытын жарыялады. Мына ошого байланыштуу курултайыбызды кийинчерээк мөөнөткө жылдырууга туура келип жатат. Анын үстүнө өзүңөр билгендей, президенттикке талапкерликке Шайлоо кодексине ылайык инсан өзүн-өзү көрсөтө алат, же партиялар өзүнүн курултайында көрсөтөт. Бөлөк жол жок. Ошого байланыштуу курултайды артка жылдырууга мажбур болуп жатабыз" деди.
Ошентип Акжол партиясынын курултайы 1-майга белгиленди.










Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!