АЛЫСТАН КАТ

Мен кайтып барчу жолду табам!
Редакциядан: Өткөн саныбызда "Урмат Барктабасов деген жигиттен кат келиптир, узун кат экен" деген имиш кептерден учкай кабар таштаган элек. Ошол "узун кат" брошюра болуп чыгып элдерге таратылыптыр дегенди угуп, издегиче биздин колубузга да тийди. Окусак, (саясатка аралаштырбай окусак) кыргыз, улут жөнүндө узун ойлор айтылыптыр чын эле. Барктабасов эмне кылган, кайда жүрөт, муну тийиштүү органдар териштирип алаар. Биз тек гана сөзгө-сөз берели деген ой менен ал каттан окурмандарга айрым үзүндүлөрүн жарыялоону эп көрдүк. Улут өссүн, Эл өссүн деген сөздүн неси жаман дедик.

Үмүтү үзүлө алданган ага инилериме, эже карындаштарыма, талоонго алынган карапайым кадырман калкыма арналат.

Адегенде айтарым

Мен Кыргыз деп аталган элдин азырынча алыста жүрүбаткан бир уулумун. Кыргыз мамлекети бүгүн экономикалык, саясий-социалдык ж.б. бардык тармактарында эркин дем ала албай камыгып турат. Кыргыз катары менин да жан дүйнөм кыйналып бул "оорудан" айыгуунун жолун издейм, канткенде менин элим оор абалдан чыгат, канткенде менин элим өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй болуп бактылуу жашоого жол таап, өзүнүн бай тарыхый сапарын улантып, ички жана сырткы дүйнөсү толуп, өзүнүн татыктуу ордун табат?
Көп жылдар бою сыртта чет өлкөлөрдө, тагдыр, жазмыш жетегинде, буйругунда жүрүбатам, эл көрүп, жер көрүп дегендей, билим, тажрыйба топтоп. Өмүр жолум өтө татаал болду. Өлкөмдүн, дүйнөдөгү башка өлкөлөрдүн тарыхын окудум, изилдедим. Өзүмө суроо койдум:
· Эмне үчүн башка өлкөлөр өнүгүү өңүтүн, жаратман жолун таап алышты?
· Эмне үчүн башка өлкөдөгүлөр атом бомбасы менен кыйратылып, очогу омкорулуп, күлү асманга сапырылып калса да, баарына чыдап: кандай болсо да өлкөбүздү калыбына келтиребиз деп максат көздөп, элдин колунан баары келерин даңазалай алышты.
Бүгүнкү күндө алар өзгөлөргө өрнөк болуп, ар намыстуу эл экендигин далилдеп коюшту. Ушундай болуу жагынан бизде да Кудай Таалам ыроологон, тегибизде, каныбызда уюган элдик дарамет күчтүү. Мүмкүндүктөр бар. Жол бар.
Өзүңө суроо бергим келет, Айкөл Кыргызым.
Бөлөк-бөтөндөрдү, алкымы, ниети бузукуларды төрүңө чыгарып, байытып, жер байлыгыңды, кен байлыгыңды ошолорго четинен ээлетип, сатып, саттыртып, татынакай кыздарыңды кор кылып, кордоттуруп коюп, өзүңдүн ордуңду таба албай, ким экениңди биле албай, үй-бүлөңдү бага албай, Кудайдын бир берген жашооңдун өтөлүнө чыга албай, анын жыргалчылыгынын убайын көрө албай, онтоп, эмне кылаарыңды биле албай карап турганың кандай, Айкөл Кыргызым?
Болор-болбос нерсени талашып, күчтүн, убакыттын баарын жаратмандык ишке сала албай, мактанычтын, өзүмчүлүктүн кумарына батып, өзүңдүн, мекенинңдин, уул-кыздарыңдын келечегине кайдыгерленгениң кандай, Сүйүктүү Кыргызым?
Келечегиң кескиленип атса, неге сезбей туруп атасың? Талашканың эмне, бийлик, мансап, оңой олжо, арам оокатбы?
Адам дүнүйө үчүн жаралган эмес, адам өзүнө Кудайдан ыйгарылып бир берилген жашоонун ыракатын көрүп, өзүн кадырлап, өзүн таанып-билип, өзүндөгү жаратмандык мүмкүнчүлүктөрдү ачып, кумарданып жашагыдай болушу керек эле. "Дүнүйө колдун кири" дечү эле го бабаларыбыз.
А бийлик деген эмне? Аны да туура түшүнө албай жүрүбатабыз. Жетекчилик кызматка жеткендерди куттуктап жатып калабыз, "кызмат" деп сөздүн өзүндө айтылып тургандай элине, өлкөсүнө иштеп берүү - анык ыйык жоопкерчилик, чоң түйшүк экендигин эсибизден чыгарып коюп, "майлуу-сүттүү болсун" деп тилек айтып, кызмат орун эмес, жаш улук экендигин унутуп, төргө өткөрүп, төбөбүзгө чыгарып, ал эси жоктор ошого эсирип, өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип, өзүнө окшогондордон жанжөкөр күтүп, элдик нарк дөөлөттөргө зак кетирип. Анык эл бузарлар ошолор болубатпайбы, Кыргызым. Элди бир эле киши бузуп салат. Бир эле адам оңоп салат. Бийлик башында ким, ошого жараша болот, баары. Тандай билүү, таба билүү сенин милдетиң, Кыргызым. Керек болсо, сенин жашоо турмуш философияң, элдик даанышмандыгың ушул болушу керек! Сенин адамдык асылдыгың, тереңдигиң сени кандай жол менен ким жана кайда ээрчитип барат, тагдырың ошого жараша.
Ушулар жөнүндө Сүйүктүү Кыргызым, силер менен чогуу кеп-сөз кылгым келди.
Көзүм жетип, көкүрөк туюп тургандарды ичиме катып жүрө бергенге дитим барбады. Айтылчу сөздүн айтылганы оң болор.

Жашоомдо мен ыйык
туткан маанилер

Кыргыздын бир уулу катары элимдин керегине жарасам, элимди агарта турчу сөз, акыл айта алсам, элиме дем жарата алсам дейм. Мен өзүм менен өзүм эмесмин. Эл деген тарыхый бир бүтүндүктүн бир мүчөсүмүн, тагдырлашымын, муң-зарлашымын. Таламым да, талабым да бирге. Башкача боло албайм. Кудай мени ушундай кылып жараткан соң эч ким, эч кандай күч мени өзгөртө албайт.
Кыргыз эли кыйналып турса менин да кыйналганым ошол.
Эл тагдыры менин тагдырым.
Элимдин бүгүнкүсүн, эртеңкисин, келечегин көздөөгө алып, колумдан келгенин, өтүк кийип, купайке кийип баарын жасоо - менин максатым, ой тилегим. Ар бир ишимдин түпкү маанисин жакшы билем, түшүнөм. Мага карата эмне деген опурталдуулуктар, кыянатчылыктар бар экендиги мага жакшы маалым. Эл деп бардыгына даярмын, бардыгына чыдайм, эл келечеги, эл бактысы деген күрөштөн эгерим кайра тарт- пайм.
Жакшылык иштерди адам баласы жок жерден ойлоп чыгарбайт, жагдайлардан улам келип чыгат. Бирөөлөрдүн ачкалыктан азап чегип атканын көрүп турсаң - курсагын тойгуз, чабалды басынтып атса - коргоого ал, өлкөнү талап-тоноп атса, карап тура бербе - корго. Ар бир кыргыздын жашоо маани-мазмуну дал ушунда болушу керек. Ал эле бул эле дебей Жараткандын кудуретине моюн сунуп жашаганыбыз оң.
Максатсыз жашоо - жеткен бактысыздык. Кыргыздардын бардыгында максат болушу керек жана ошол максаттардын сапаты кандай болсо, жашообуз да ошондой болот.
Кыргыздарда жалпы элдик бир гана максат - бактылуу, куттуу Кыргыз Эли деген улуу мамлекетти көздөп биригүү максаты болуш керек.
Ошондо гана Кыргыз Эли дүйнөдө өз ордун табат.
Менин максатым -Кыргыздардын жаңы Мамлекетин курууга кыргыздарды бириктирүү, анын гүлдөп өсүп өнүгүүсүнө жетишүү. Качан гана өлкө бай жана күчтүү болгондо, качан гана Кыргызга кут конгондо (сөзгө, адамдык асылдуулукка, калыстыкка кумарданып, ошондон кубат алып) эл бактылуу жана бай болорун тарых тастыктоодо (АКШ, Европа, Перс булуң өлкөлөрү, Россия ж.б.)

Кыргыз ким болгон?

ХIV кылымга чейин кыргыздар жер жүзүнүн далай жактарына таасирин тийгизип, улуу мамлекет болуп келгендигин тарыхтан билебиз. Кыргыз коркуу дегенди билген эмес, саткынчылыкка, чыккынчылыкка барган эмес. Элин, Жерин коргоо - намыскөйлүктүн туу чокусу болгон.
Кыргыз чындыкты ыйык тутуп, жаман иш жасоого дити барбаган, эзелтеден Айкөл, Кең пейил деген даңазага арзыган, Кут жалгаган эл болгон. Бул өзү - Жараткандын өзүнөн ыйгарылган аруулук.
Байыркы бабаларыңдын, ошол замандарда башкаларга, баш пааналагандардын баарына билим берип келген түпкү тегиңдин каны бар сенде, Кыргызым. Сен аны эсиңден чыгарба. Ал кездерде "Кыргыз" деп дүйнөнүн далай элдеринде эл керегине жараган эр азаматтарын сен "Кыргыз сындуу" жигит болдуң деп, ал өзүнчө наам даражага айланып, эң ардактуу, эң урмат-сыйлуу мааниге ээ болгон. Башка элдердин кыздарынын кыргызга күйөөгө чыгуусу бактылуулук болгон. Кыргыз - шамалдай сызып бараткан атка шап минип, ат үстүндө ойногон, айрыкча шамдагай, бардык жагынан келишкен, акылга тунук, каада-нарк, салт сактаган эл болгон. Жолборс, илбирс, алгыр куштарды таптап, дары чөп сырларын билген, оору-сыркоолорду ошо менен айыктыра алган, табиятты туя билген, азыркыча айтканда астрономия, химия, физика, биология боюнча туйуму күчтүү эл болгон экенбиз. Жоокерлиги, акылмандыгы, каада-салттуулугу, нарктуулугу, жөнбилгилиги, жаратмандыгы жагынан Кыргызга тең келчүлөр болбоптур.
Колунан көөрү төгүлүп, тазалыктын, назиктиктин, кыздуу үйдө кыл жатпайт деп, үйдүн куту болуп, асмандан акыл, жерден азык чапчыган ай чырайлуу кыз-келиндерибиз кыргызды Кыргыз кылып келген, ушул күнгө чейин. Кыргыздын Кыргыз куту - кыз-келиндерибизде, беш көкүл кыздарыбызда, келечек энелерде, салт сактаган ак бурул чач апаларда.
Башка элдер тери жамынып, токойлордо алачыкта, үңкүрлөрдө баш калкалап жашашса, Кыргыз суусар тебетей, илбирс ичик кийип, жасалгасы келишкен шырдак, көлдөлөң, төшөк, ала кийиз, туш кийиз, килем менен көркүнө чыгарылган, түндүгү көк асман чексиздиги менен үндөшүп, кереге ууктары ага тирек болуп айкалышып, бир бүтүндүк биримдик күчтүн элесин берип даңазалап турган Боз үйлөрдө жашагандыгынын өзү эле өнүккөн, дөөлөт күткөн, кут күткөн эл экендигин айгинелеп турат.
От, суу, жер, абанын табыгий касиеттерин абдан жакшы билишкен. Тоо, асман, өзөн суулар, көл, токой, арча-кайың, асаба, бүт жаратылыш көркү, жаныбарлар дүйнөсү ар дайым ыйык болгон. Мунун баары кыргыздар табыят менен сырдашып, айкалыша жашагандыгын айтып турат.
Азыркы балдарыбыз жадыбалды кандай жатка билсе, Кыргыз сырдуу дүйнөнү, табият сырын ошондой туя билген. Өзгөлөргө көз артпай өз байлыгына топук кылып, баскынчылыкка барбаган, катылгандардын катыгын берген, башкаларга баш паанектебей, өз күчүнө сыйынып, билим бийиктигин аркалап, баралында Кыргыз улуу жана аалам сындуу айкөл эл болгон экен.
Байыркы замандарда кыргыздар менен иргелеш жашаган далай эл тарыхта изи калбай жок болуп, а Кыргыз аман-эсен ХХI кылымда тарых сапарын улантып келаткандыгынын сыры - кыргыздын Кыргыз касиетинде.
Тилекке каршы соңку кылымдарда Кыргыз дүйнөсүнүн кунары качып бараткандыгын тана албайбыз, тануу, ага көз жумуп коюу - ого бетер зыяндуу. Кыргыз болуп туулуп калыш оңой экен го, бирок Кыргыз болуу, ордун табуу, өзүн таануу кыйын болуп баратат. Маселе өтө түйүндөшкөн абалда. Өтө чоң аракет, өтө чоң иштер жасалышы керек. Маселенин түпкү тамырын изилдеп, аныктап, Кыргыз болуп туулуп эле тим болбой, нарктуу салттуу, өзүн-өзү баалай турчу анык Кыргыз болууга жетишүү - азыркы ааламдашуу заманындагы - эң башкы зарылчылык.

А азыр Сен кимсиң
Айкөл Кыргызым?

Касиеттүү Манас атабыз тирилип, азыркы кыргыздарды көрүп эмне дейт эле. Улуу бийиктиктен кургуйга кулап түшкөн турбайсыңарбы, башыңардан кут, көкүрөгүңөрдөн нур качып, куруган экенсиңер демек.
Адам өзүн-өзү талдап, сындап, өзөгүнө кубат жалгап турбаса акылы мокойт. Эл да ошондой. Элде ниет, пейил кирдегилик кылбасын. Сыйынганыбыз ким, эмне - баары ошого жараша. Эгерде акчага сыйынсак, көргөн-бакканыбыздын баары акча болсо - тагдырыбыз өтө кейиштүү.










Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!