Өзөктү өрттөп барат бир сезим, урпактардын келечеги көрүнбөй
Үмүт өчөт, кайра жанат...

А чындык ыйлап турат көчөдө
Экс-тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун "тапанча соту" 9-апрелде болмок. Бирок, күтүүсүздөн ал процесс айланага ала шалбырт жамгыр жаап жаткан 7-апрель күнгө жылдырылып, сот иши кечки алтыга чукул башталды. Ошол эле учурда Биринчи Май райондук сотунун имаратынын алдына Жекшенкуловдун жактоочулары чогулуп, соттон адилет чечимди талап кылып турушту.
Процесске бул жолу да эч ким киргизилген жок, көпчүлүк, журналисттер дегеним (Ө.Текебаев менен Т.Тургуналиев гана катыша алды). Кудум коркунучтуу террористтин соту болуп жаткансып, сыртта милиция кызматкерлери да каз катар тизилип турду. Ал ортодо укук коргоочу Төлөйкан Исмаиловага райондук прокуратуранын өкүлү эскертүү кагазын берди. Себеби, Т.Исмаилова сотко келгени үчүн, эшиктеги акыйкат деп турган эки жүзгө жакын элди "уруксатсыз акция" жасатып жатасың деген шылтоо менен. Бул окуяга көбү күйгөнүнөн күлдү. Биз дагы өз талапташынын тагдырына ортоктош болгону келген элди "сотко келүүгө болбойт" деген бөгөттү эч бир мыйзамдан издеп таба албадык.
Ошентип, арадан бир саат өтпөй, А.Жекшенкуловдун камакка отуруу мөөнөтүн сот дагы бир айга узартты. Эшикте эл калды акыйкатты таба албай, эне калды уулуна жолуга албай...
Бул сүрөттөр ошол чындыктын тайгак жолундагы кадрлар. "Миң уккандан бир көргөн артык" дегендей, өзүңүз көз жүгүртүп коюңуз, окурманым!








Нурдин Асанов










Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!