Аалам алкагында
Молдовандар оппозицияны колдоду
Молдовадагы парламенттик шайлоонун аягы тополоң менен бүттү. Шайлоого нааразы болгон 20 миңден ашуун эл оппозицияны колдоп кетти. Экинчи, үчүнчү күндөрү элдин саны 30 миңге чукулдады. Чогулган эл президенттик жана парламенттик имаратка чабуул коюп, полиция менен кагылышууда 40тай адам жаракат алып, бир тобу камалды. Молдованын улуттук сыналгы каналы болсо айрым мас адамдардын тобу баш калаада башаламандык уюштурду деген маалыматты таркатуу менен алек болду.
Парламенттик шайлоонун жыйынтыгында Владимир Ворониндин Коммунисттик партиясы добуштардын 50 пайыздан ашуунун жеңип, 101 орундун 61ин ээлеген болчу. Демонстранттар шайлоонун жыйынтыктары бурмаланды деп санап, бийликтен аларды жараксыз деп табууну талап кылышты. Ал эми Либералдар партиясы, Либерал-демократиялык партия жана "Биздин Молдова" альянсынын лидерлери өкмөттөн 5-апрелдеги шайлоонун бюллетендерин кайра санап чыгууну айтып чыгышты. Оппозиция лидерлери шейшембиде президент Воронин менен жолугушканда добуштарды кайра санап чыгууга үндөшкөн. Бирок, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Юрие Чиокан мыйзамга ылайык, ар бир бурмалоо фактысы боюнча арыз эреже бузуу орун алган жергиликтүү сотто каралууга тийиш деп, андай чакырыкты четке какты. Четте турган өлкөлөр дагы кайдыгер калган жок. Бир топ өлкөлөр санап чыгууну туура дешсе, Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров оппозициянын добуштарды кайра саноо жөнүндөгү талабын "таптакыр негизсиз" деп баалады.
Молдованын президенти Владимир Воронин Кишиневдо орун алган башаламандык үчүн коңшу Румыниянын бийлигин айыптады. Расмий Кишинев ал өлкөдөн өз элчисин чакыртып алып, Румыниянын элчисинен 24 саат ичинде Молдовадан чыгып кетүүнү талап кылды. Румын бийлиги президент Ворониндин айыптоолорун четке кагып, аны "чагымчыл кадам" деп мүнөздөдү. Ошондой эле Бухаресттин Кишиневдогу элчиси "persona non grata" деп жарыяланганын же өлкөгө кирүү макамынан ажыратылганын жана Молдова Европа Биримдигинин мүчөсү болгон Румыниянын атуулдары үчүн виза режимин киргизерин билдирип, башаламандыктан кийин 118 киши камакка алынганын, бирок нааразылык чарасын уюштурган адамдар чет өлкөгө чыгып кетишкенин айтты.



Н. Назарбаев менен М. Ахмадинежад макулдашты
Казакстандын эл аралык өзөктүк жылуулук банкын түзүү тууралуу сунушун Ирандын лидери М.Ахмадинежад колдоорун билдирди. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев советтик доор учурундагы жеке ядердик арсеналынан баш таркандан кийин анын борбор азиялык өлкөсү мындай сактоочу жай үчүн ыңгайлуу болоорун жарыялады. Себеби, Казакстан 1991-жылы Советтер Союзу кулагандан кийин дүйнөдө чоңдугу боюнча төртүнчү ядерлик арсеналды мурастап калган, бирок, куралды ликвидация кылуу үчүн эл аралык жардамга чукул кайрылгандардын бири. Өлкө Кошмо штаттар менен өзөктүк курал түзүүчү инфраструктураны керектен чыгарууда тыгыз кызматташаарын белгилөөдө.
Кошмо штаттар менен катар кээ бир союздаштар Иранды өзөктүк курал чыгарууга аракет кылып жатат деп күнөөлөп келишет. Иран ядердик программа курал чыгаруу үчүн эмес электрэнергиясын иштеп чыгууга максатталганын айтып, айыпты четке кагып келүүдө.
Жакында Ирандын талаштуу өзөктүк программасынын айланасындагы чатакты дипломатиялык жол менен чечүү максатында өткөрүлө турган сүйлөшүүлөргө АКШ да катыша турган болду. АКШнын мурдагы өкмөтү мындай сүйлөшүүлөргө катышуудан баш тартып келген болчу. Лондондо АКШ, Орусия, Кытай, Франция, Германия жана Британиянын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин мындай талкууга Иран бийлигин да чакыруу сунушталды.

Грузияда митинг башталды
Кечээ Грузин борбору Тблисиде Михаил Саакашвилинин отставкасын талап кылган мөөнөтсүз митинг башталды. Парламентке катарлаш борбордук аянтка миңдеген адамдар агылып келди. Тблисинин көчөлөрү элге толуп, шаардын туш тарабынан элдер агылды. Колоналардын бирин "Бирдиктүү Грузия - домкратиялык кыймылынын" лидери Нино Буржанадзе баштап келди. Ал митингге митингге өтө көп адам чогулаарын журналисттерге кабарлап, "Биздин талап өзгөрбөйт. Президенттин кетиши гана" деди. Бул талапты Грузиянын жаштарынын дээрлик көпчүлүгү колдоп, өлкө президенти Михаил Саакашвилинин отставкага кетишин кылышууда. Алардын жүрүшү Грузиянын Мамлекеттик университетинен башталып, борбордогу кылкылдаган элге кошулду. Бийлик болсо түрдүү айла-амалдарын колдонуп, укук коргоо органдары жолдорду тосууга чейин барып жатты. Ага карабай Бишкек убактысы боюнча саат 5.00дө акция расмий башталды. ИТАР-ТАССтын билдирүүсү боюнча ошол саата Руставели көчөсүнө 100 миңден 120 миңге чейин адам чогулду. Көпчүлүгү карапайым адамдар. Парламенттин жанына курулган трибунада чоң тамгалар менен жазылган "СААКАШВИЛИГЕ - ОТСТАВКА" деген плакат илинип турду. Элдин саны барган сайын көбөйүүдө. Оппозиция Саакашвили кеткенге чейин бекем тураарын айтышууда. 120 миңге чукул эл "Миша - кетсин" деп кыйкырык салышууда.
Акция 1989-жылдын 9-апрелиндеги окуяны эскерүү катары жасалууда. Анда өлкө эгемендүүлүгүн талап кылып чыккан грузиндерди Советтер союзунун солдаттары күч менен баскан. Жыйынтыгында 20 адам оо дүйнө кеткен.

Украин БШКсы шайлоого даярдык
көрө баштады
Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы кезектеги президенттик шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чараларды алдын ала даярдоону баштады. Муну менен Боршайком Виктор Ющенконун эркине карабастан президентти кезектеги шайлоонун күнүн 2009-жылдын 25-октябрына дайындаган Жогорку Раданын токтомун аткарууга ниеттенгени катары түшүнүүгө болот. Иштеп жаткан президент болсо добуш берүү 2010-жылдын 17-январында болууга тийиш деп келүүдө. Ал эми БШКнын төрагасынын башка орун басары - Александр Магера Раданын токтому эгерде Конституциялык сот аны мыйзамсыз деп тааныган учурда гана аткарылбай калышы мүмкүн экендигин белгилеген. Шайлоону 25-октябрга дайындоо жөнүндөгү токтом 7-апрелде күчүнө кирди.

Саддам Хусейндин музейи ачылат
Иракта дарга асылган диктатор Саддам Хусейндин музейин ачуу пландаштырылууда. Келечектеги музейдин экспонаттарынын арасында Ирактын кулатылган лидерине таандык куралдар, скульптуралар, сүрөттөр, эмеректер, ошондой эле документтер жана кийимдер болот. Андан тышкары келүүчүлөр ага чет мамлекеттердин башчылары тартуу кылышкан буюмдар менен таанышып чыга алышат. Музейге коюла турган бардык буюмдар 2003-жылы Иракка америкалык аскерлер киргизилгенден кийин Хусейндин режими кулатылган учурдан берки алты жылдын ичинде чогултулган. Азыркы убакта буюмдар Ирактын өкмөтүнүн карамагына өткөрүлүп берилди.










Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!