email • архив • редакция  Башбарак   



  Шаң...

Опийим айдасак жыргайбыз, эй...
Хан тактысын аныктоого же президенттик шайлоого үч ай бир жума калды. Андагы оюндун алгачкы, алгачкы болгондо да сонун картиналары көрүүчүлөргө көрүнө баштады. "Мен оппозицияны талкалайм" деп Мотуев чыкты. Артынан "Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу талапкерди саясий партиялар эмес, эл көрсөттү" - деп район эмес, беш айылды мисал кылып, Акбаралы Айтикеев "көтөрүлдү". Ал эми "даанышман" Дамира Өмүркулова деген айым талапкерлигин тамашалап эле коюп койгонбу, арызын кайра алды. Назарбек Нышанов дегенди БШК четке какты. Ал ортодо "Вечерний Бишкек" гезитинин жооптуу кызматкери Эрлан Сатыбеков аттуу эргул да БШКга арызын көрсөтүп, кайра чөнтөгүнө салып кетти. Ал аңгыча шайлоо оюндарында шаңга бөлөнө калчу доктор-нарколог Жеңишбек Назаралиев да "сүлүккарасын" сүрдүрүп чыга келди, мен да президенттикке ат салышам деп. Жөн эле ат салышпай "оригиналдуу" платформасын кыйытып өттү, "президент болсом, Кыргызстанга опийим айдатам" деген маанайда. Тээ эгемендиктин алдында да ушул маселе көтөрүлүп, кокуй антсек Чикаго биякта калат, балдарыбыз көчөдө курал көтөрүп басып калат деп, оолуккандардын ооздугун араң токтоткон жайыбыз бар. Жекең ушул маселени кайра көтөрчүдөй.
Мына ушундай кызык оюндар бизди алдыда күтүп жатат. Бул чети эле, али чоң калибрдеги талапкерлер чыга элек.
Ушул оюндардын жүрүшүн коомчулукка жарыялап, жеткирип туруу үчүн 92 гезит, 24 телеканал, 16 радио, 3 маалымат агенттиги БШКга өз арыздарын жолдошту.

Нурдин Асанов




  Чак собол

Өлкөдө эмне болуп жатат?
А.Бекназаров,
Бириккен Элдик Кыймылдын
штаб жетекчиси:

"Бийлик бири-бирин жеп жатат".

М.Ниязов,
коопсуздук
кеңешинин
экс-катчысы:
"Оппозиция эң кыйын деп эсептелген кандай гана талапкерди алып чыкпасын, жеңүүгө шансы аз. Алгач тупикти ачуу керек. Шайлоодогу фальсификацияны болтурбоо жолун табуу зарыл. Болбосо, мурункудай эле койдой кылып сүрүп таштайт. Азыр абал өтө оор".

А.Кулинский, ММКлардын
арыздарын коргоо коммиссиясынын төрагасы:
"Сегодняшняя журналистика В Кыргызстане это минное поле, на котором каждый шаг может закончиться не просто увечьями, но и смертью".


Э.Булекбаев,
"Жашылдар"
партиясынын
төрагасы:

"Бийлик түрдүү жолдор менен оппозиция мүчөлөрүнө, анын ичинде өзүнө саясий куугунтук жасап, шайлоого катыштырбоо амалын көрүп жатат".

А.Турдумаматов, Президенттин
маалымат
кызматынын
жетекчиси:
"Саясий куугунтуктарды токтотуу тууралуу оппозициянын беш пункттан турган талабына президенттин жообу жума күнү жарыяланат".

И.Жунусов,
Жогорку Кеңештин депутаты:
"Кыргызстанда жашап туруп, кыргыз болуп туруп, Теле жана радиодогу берүүлөрдүн болгону 20%ы кыргызча болсун дегенибиз - уят. Орусча айтканда "позор нации". 50%дан кем кылбашыбыз керек".

Жогорку Кеңештин депутаты Санжар Кадыралиевди 14-апрель шейшемби күнү кечки саат бешке чукул Бишкектин Ибраимов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйүнүн жанында белгисиз бирөөлөр атып кетишти.












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!