Сырдуу дүйнө

Ванга
"Адам жакшы иштерди жасоо үчүн жаралган. Ар бир жаман иш жазасыз калбайт. Эгер бирөөгө жамандык кылган адамга жамандык келбесе, анда ал анын укум - тукумуна өтүп кетет"
(Ванганын айткандарынан)

Наристе чагы
Ванга (Вангелия) 1911-жылы 31-январда Македониянын Струмице шаарында жөнөкөй эле үй-бүлөдө төрөлгөн. Төрөлгөнүндө ал ушунчалык алсыз, ыйлаганы да анча катуу чыкчу эмес экен. Ата-энеси эптеп эле жаны бар наристеге ат койгондон да катуу айбыгышкан.
Ванга үч жашында апасынан айрылат. Кийин өгөй эненин колунда өсөт.

Табышмактуу бурулуш
Ванганын 12 жаш курагы. Өзү курдуу балдар менен ойноп жүргөн маалда асман түнөрүп, айлананы капкара булуттар басат. Балдар жаан жааганы жатат го деп ойлошот. Анан эле алай-дүлөй болуп, катуу куюн пайда болот. Ал куюн Ванганы кадимкидей дене боюн өйдө алып учуп, ошол маалда анын башы бир нерсеге урунгандай болот. Куюн айлантып барып, жерге түшкөндө эс учун жоготот. Бир кезде өзүнө келип, көзүн ачайын десе бети башын бүт кум, топурак басып калган болот. "Көзүм" деп ыйлай баштайт. Жергиликтүү дарыгерлер ата-энесине тез аранын ичинде борбордогу ооруканага алып барып, операция жасатуу керек экенин айтышат. Бирок, ага сарпталчу 500 долларды (лев) таба алышпайт, ата-эне ары-бери чуркап издеп ... Ал убакта Ванганын эки көзү тең такыр көрбөй калат.
Оор жылдар
1925-жылы Ванганы сокурлар үйүнө жөнөтөт. Ал жерден кийим тигип, жип сокконду, азиздер алиппеси менен окуганды үйрөнөт. Музыка менен машыгат. Ошол кезде Ванга өзүнүн биринчи жана акыркы сүйүүсүн кездештирет. Эки жаш бири-бирин жактырып, ал тургай баш кошчу күнү белгиленип, бүгүн-эртең той болот деп жаткан маалда өгөй апасы каза болуп, өз бактысы менен коштошуп, кичинекей бөбөктөрүн багуу үчүн Ванга айылына кетүүгө мажбур болот. Ушул аралыктагы он жыл ал үчүн өтө оор жылдардан болот. Эки көзү көрбөгөнүнө карабай кийим тигип, бөбөктөрүн багып... Ага кошул-ташыл болуп, пособие алуу үчүн кечке жылаңайлак, цемент үстүндө кезекте туруп, эки бөйрөгүнө катуу суук тийип, төшөктө жатып калат. Баары тең аны "өлөт-өлөт" болуп калган. Бирок, кандайдыр бир күч таасир этти белем, акыры төшөктөн туруп кетет.

Алгачкы касиет
30 жашынан тарта Ванга алдыдагы окуялардын кандай өңүттө өтөөрү жөнүндө жан дүйнөсү менен сезе баштайт. Бирок, аларды айланасындагыларга айткандан айбыгат. Себеби, кээ бирлери ишенбей "акылынан айныган" деп айтышабы деп чочуйт. Бирок, бир жолу кармана албай, "жакында, апрель айында согуш башталат" деп кошуналарына айтат. Буга алар ишенишпейт. Айткандай эле 6-апрелде Германиянын аскерлери Югославиянын чек арасына кирип келишет. Ошондон тарта эл оозунда Ванга көзү ачык катары айтыла баштайт. Эл келе баштайт ага. Ванга эч кимдин көңүлүн калтырбаган, баарын кабыл алчу экен. Болгону өмүрүнүн аягына чыгып бараткан адамдар менен шакаба иретинде келгендерге гана эч нерсе деп сүйлөбөй узатып жиберчү дейт. Ал ар бир адамдын айткандарын өзүнүн жан дүйнөсүнөн өткөрүп, алардан беш бетер кыйналган...

Окуялар. Дал келүүлөр.
Болгариялык окумуштуу Георгий Лозанов өзүнүн Ванга жөнүндөгү чейрек кылымдык изилдөөсүндө төмөнкүчө эскертет: "Ванга алдыдагы жети миңге чукул окуяларды алдын ала айткан жана анын дээрлик баардыгы дал келген."
Айтмакчы, Ванга Улуу Ата Мекендик согуштун башталышын эле эмес, анын жүрүшүн да сүрөттөп берген. Ал тургай ошол эле учурда Гитлерге: "СССРди жайына кой, сен алардан утуласың" дегенинде, Адольф мыйыгынан жылмайган дейт. Убагында Сталиндин да өлө турган күнүнүн келип калганын айта коем деп, үч суткага камалып чыккан. 1963-жылдын алдында АКШнын 35-президентине кол салуу болот деп билдирген. Бул-Джон Кеннеди эле. 1969-жылы Индира Гандинин өлүмү кайсы мезгилде болоорун, 1979-жылы СССРдин 12 жыл алдыдагы боло турган тагдырын айткан, анда "өлкөдө кайра куруу башталып, ошону менен бул империя жок болот" деген божомолун билдирген.
Ошол эле жылы "Курск" суу алдында калат деп айткан экен. Муну көпчүлүк Курск шаары деп ойлошот. 2000-жылы "Курск" кемеси чөгүп кетет.
Ванганын айтканы боюнча 1967-жылы ал мамлекеттик кызматка "алынат". Күнүнө 120га жакын адамды кабыл алат. Андагы түшкөн акча шаардын казынасына өткөрүлүп турат. Болгариялык жана социалисттик өлөкөлөрдүн атуулдарын кабыл алууда 2 доллар, башка чет элдиктерден 50 доллар өлчөмүндө алынчу. Өзүнүн 85 жаштык өмүрүндө миллиондон ашык адамды кабыл алганы айтылат.
Ванганын кабыл алуусунда Болгариянын өлкө башчысы Тодор Живков, Болгариянын маданият министри болуп иштеген анын кызы Людмила, орустун белгилүү жазуучулары Л.Леонов, Ю.Семенов, белгилүү сүрөтчү Н.Рерихтер көп-көп барып турчу экен. Ошондой эле Борис Ельциндин жакындары да бир нече ирет кайрылган. Өз учурунда Ванга көптөгөн саясий ишмерлерге жеке тагдырларындагы божомолдорун айткан, бирок алар жөнүндө ачыкка айтылбаган.

Өмүр-сыр
Ванга өзүнүн бул сырдуу көрөгөчтүгүн өзүнүн айтуусунда, ага угулган баардык маалыматтар ага көрүнгөнү келген адамдын өлгөн жакындарынын арбактары айтып турат. Мени жараткан эки көзүмдөн айырган менен, башка бир өңүттө көрүү сезимин тартуулады. Адамдар мага келгенде алардын бүт өмүрү төрөлгөндөн өлгөнгө чейинки жашоосу тасма сымал көз алдымдан өтөт" деген экен...
Ванга өлүмдөн корккон эмес. 1996-жылы 10-августта күтүүсүздөн катуу ооруп, өлүм алдындагы жаткан Ванганы көзү ачыкты өкмөттүк оорукананын реанимация бөлүмүнө алып келишкенде жардамдан баш тартып, бир стакан суу, бир кесим нан сурап, анан жуундуруп коюусун өтүнөт. Андан соң: "Мен эми даярмын, мени алып кетчүлөр келип калышты" деп, терең жылмаюу менен оо дүйнөгө узап кеткен экен. Эң кызыгы ал өзүнүн өлө турган күнүн туптуура бир ай мурун алдын ала айтып койгон. Анан да Ванга өмүрүнүн акырында өзүнүн алдын ала айтуучулук касиетинин баары Франциядагы 10 жашар кызга өтөөрүн билдирген. Бирок, ал кыз жараткан берген бул касиетти алаары менен анын да көзү көрбөй калаарын айткан экен...




Бийликке олигархтар келет
Эксперттердин божомолу боюнча дүйнөлүк кризис 2009-жылдын аягына чейин уланып, бир катар өлкөлөрдүн түзүлүшүн өзгөртөт. Ал эми азыркы замандын көзү ачыктары болсо, андан башка дагы нерселер болоорун божурашууда. Көпчүлүгү үчүнчү дүйнөлүк согуш чыгаары жөнүндө каңкуулашат (оозуңа таш дейличи). Айрымдар болсо, жаратылыш катаклизмдеринен жер өз кыртышын өзгөртөөрүн айтат. Айтор угуп отурсаң заманаң куурулат. Ошондой болсо да, алардын айткандары баарыныкы болбосо да айрымдарыныкы туура келээрин турмуш көрсөтүп жатпайбы, түгөттүкү. Демек, ишенбей коюуга да болбойт. Ошондой божомолдордун айрымдарына назар салып көрүңүз.

Дүйнө жүзүнө белгилүү Ирандык көзү ачык Мехдинин 2008-жылдын 25-декабрында минтиптир:
- Акыркы учурда жаман көрүнүштөр көп болууда. Суу ташкыны, жер титирөө, авария, самолеттордун жарылышы, урагандар. Биздин жашообузга тоскоол болгон мындай көрүнүштөр эмнеден чыгууда? Бул - биздин жерге болгон мыкаачылыгыбыздан чыгууда.
Жердин миллиарддаган душманы бар - алар адамдар. Сууларды булгап, дарактарды кыйып, таштандыларды ыргытып, абаны булгап жатабыз. Көптөр менден үчүнчү дүйнөлүк согуш болобу деп сурашат. Мен албетте болот деп жооп берем. Эмне үчүн болбошу керек. Биз теледен канчалаган өкүм зордукту, күнөөсү жок адамдардын өлүмүн көрүп жатабыз. Менимче, жакында Азияда конфликт чыгып, ал үчүнчү дүйнөлүк согушка жол ачышы мүмкүн.
Баардыгы уй жылын оор болот дешүүдө. Бирок, Казакстан менен Россияда чоң кыйынчылык деле болбойт. Ооба, учурда Россияда жумушсуздар көп, ал эми кризис жети айга чейин кармалат. Дүйнөдө болсо кризис бир жарым жылга созулат. Көптөгөн өлкөлөрдө кризистин айынан экономиканын талкаланганы чыр-чатактын башын ачат. Согуш саясатын карманган өлкөлөр атайын согуш ачат. Өздөрү болбосо да өз экономикасын көтөрүү үчүн башка өлкөлөргө чагым жасашат. Кайсы өлкөлөр экенин айтпай эле койоюн, аны баары эле билет. Индия, Пакистан, Сирия, Иран ж.б. коңшу өлкөлөргө келээрки жыл абдан оор болот. Америка болсо шамал жана суу ташкыны сыяктуу жаратылыш кырсыктарынан жапа чегет. Италия менен Украина болсо элдин нааразычылыгынан кыйналат. Азия болсо чыр-чатак менен согуштун ачык аянтында турат.
Астролог Светлана Проскурякова болсо, XXI кылымдын башталышында адамзат жашоосунда көптөгөн өзгөрүүлөр болорун жана жер кыртышында да өзгөрүү күтүлөөрүн билдирет.
"2012-жылдан 2030-жылга чейин мамлекетти куруу принциптери өзгөрөт. Саясат азыркыдай жүрбөй, башка нукка түшөт. Бийликке техникалык олигархтар келет. Жер жүзүндөгү адамдардын саны 2018-жылга чейин өсөт. Андан кийин XVII кылымдагыдай азаят. 2012-жылдан баштап жаратылыш кырсыктары болуп көрбөгөндөй көбөйөт. Жер титирөө, суу ташкындын негизинде жер шаары өз келбетин өзгөртүп, жаңы дүйнө пайда болот. АКШ болсо СССРдин тагдырын кайталайт. Дүйнөлүк держава болбой калат. Россия Европа менен биригип, доллардын ордуна жаңы акча бирдигин киргизет. 2016-жылы эл аралык чыр башталып, 2022-жылы туу чокусуна жетет. 2025-жылы дүйнөдөгү саясий кырдаал турукташат. Экономика болсо 2030-жылдары калыбына келет.

Даярдаган Эльнура Дүйшеева