Жоо кеткенден кийин...

Эльмира Ибраимова,
"Акжол" партиясынын
төрагасынын орун басары:
"Акжолдун" ар бир мүчөсү ойлонууга тийиш"
"Акжол" партиясынын төрагасынын орун басары Э.Ибраимова Президент К.Бакиевге жана "Акжол" партиясынын мүчөлөрүнө кайрылуу менен чыкты. Кайрылууда "Акжол" партиясы түзүлүп жатканда "коррупциялык системаны жок кылуу, руханий жактан жогорулоо, кадрларды тазалоо жана жаңылоо" жөнүндө бийликке болгон үмүт-тилектер ишке ашпай, "көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлер жана саясатчылар табышмактуу жагдайларда курман болуп", "экономиканын туңгуюкка түшүп кеткени", "мамлекеттик органдар Акүйдөн башкарылбай, өлкөнүн улуттук таламдары үй-бүлөлүк бизнестин таламдары менен алмаштырылганы" жөнүндө мамлекет башчыга жана акжолчуларга курч суроолор коюлган.
Аталган кайрылууну айрым кыскартуулар менен окурмандарга жарыялоону туура көрдүк.

"Мындан бир жарым жыл мурда, кризис чулгап алган 2007-жылдын күзүндө мен өзүмдүн башка ондогон партиялаштарым сыяктуу эле Конституцияга, өлкөнүн туруктуулугуна жана өнүгүшүнө колдоо көрсөтө турган коомдук кыймылды түзүүгө катышуу тууралуу чечим кабыл алгам. Кийин ушул кыймыл "Акжол" саясий партиясына өсүп чыкты.
Ушул учур коом жана бийлик үчүн кыйын кезең мезгил эле. Биздин коомдун максаты да, жашоону жакшыртуу жагындагы келечеги да жок болуп турган кезде, биз сырттан байкап тура алган жокпуз. Коомдо жаңы толкундоолордун коркунучун пайда кылган саясий ыргылжың улантылып жаткан. "Бакиев кетсин!" - деген ураан иш жүзүндө жаңы революцияга карата чакырык болуп турду.
Саясий күчтөрдүн кыйратуучу карама-каршылыгынын алдында биз улам кайталанып жаткан төңкөрүштөр, жер-жерлердеги уруучул, тууганчыл топтордун каршылыгы, мамлекеттик бийликтин аракетсиздиги мамлекет үчүн канчалык оор экенин түшүнгөнбүз. Дал мына ушунун өзү "Акжол" партиясын түзүүгө себеп болгон.
Биздин түшүнүгүбүздө өлкөнүн Президенти Конституциянын кепилдигин алуу менен, кыргыз мамлекеттүүлүгү үчүн алаамат болуп эсептелген мына ушул көрүнүштөргө каршы турууга тийиш эле. Ушулардын баарын таразалап, электен өткөргөндөн кийин, бийликке жетүүгө эмес, өлкөнү өнүктүрүүгө бекем бел байлап киришкен бир нече саясий партиялар жана саясий топтор жаңы саясий негизди, жаңы саясий партияны түзүшүп, аны бийлик партиясы дебестен, элдик партия деп аташкан.
Мында биз бийлик айкын демократияны, коррупциялык системаны жок кылууну, адеп-ахлактык жана руханий жактан жогорулоону кадрларды тазалоону жана жаңылоону, камсыз кылууга тийиш деп ойлогонбуз. Биздин бардыгыбыз 2005-жылдын мартында алынган сабактан улам, бийлик оңолот деп ишенгенбиз.
Бирок андай болбой калды. Бир жыл өтүп-өтпөй эле биз өлкөдөгү таптакыр башка абалга, таптакыр башка кырдаалга туш болдук жана алар эл арасында белгилүү бир суроолорду пайда кыла баштады.
o Адамдардын эмне үчүн биз өз өлкөбүздө өзүбүздүн жарандарыбыздын коопсуздугун камсыз кыла албай жатабыз, эмне үчүн көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлер жана саясатчылар табышмактуу жагдайларда курман болуп, парламенттик депутаттар дайынсыз жок болуп жатышат? - деген суроолоруна кандай жооп беребиз?
o Өлкөдөгү кырдаалды ачык чагылдырган журналисттердин жашоосу эмне үчүн коркунучтуу болуп калганын, жарандык коомго кандай түшүндүрөбүз, ушунун өзү өлкөдө башкача ой жүгүртүүгө каршы күрөш эмеспи? - деген суроого кандай жооп берүүгө болот?
o Экономикалык секирик жасоонун ордуна биз экономикалык тунгуюкка түшүп кеткенибизди калкка кантип түшүндүрөбүз? "Үй-бүлөлүк-тууганчыл" экономика гана иштеп жатат - деген ырастоону кантип четке кагабыз жана эмне үчүн гүлдөп-өсүп жаткан коррупцияны ооздуктоо үчүн саясий эрк жок дегенди кантип түшүндүрөбүз? Биз өзүбүздү акташ үчүн көөдөй караңгылыкта сууктан тоңуп отурган калктын эмне үчүн бизди мындан жүз жыл мурда жашагандай жашоого, шам чырактын бүлбүл жарыгында, тезектин түтүнүнө ышталып жашоого мажбурлап жатасыңар? - деген суроосуна кандай жооп беребиз?
o Биз массалык маалымат каражаттары аркылуу өздөрүнүн менчигин басып алуу жаатында жардам сурап кайрылып жатышкан ишкерлердин менчикти коргоого жардам бергиле деген чакырыгына эмне деп жооп беребиз?
o Өзүбүздү актоо үчүн өлкөдө жылдан-жылга билим берүүнүн жана маданияттын деңгээлинин төмөндөп жатышы, биздин элдин байлыгы болгон моралдык, адеп-ахлактык принциптер, бүгүнкү күндө мамлекеттик саясаттын колдоосуна ээ болбой жатканы тууралуу адамдарга эмне деп түшүндүрөбүз?
o Мамлекеттик органдар Акүйдөн башкарылбай калды, өлкөнүн улуттук таламдары үй-бүлөлүк бизнестин таламдары менен алмаштырылды деген суроолорго бийлик эмне деп жооп берет?
Бизге, "Акжол" партиясынын мүчөлөрүнө ушул суроолор боюнча биздин шайлоочуларга жооп берүүгө туура келип жатат. Менде жана "Акжол" партиясынын башка жүздөгөн мүчөлөрүндө ушул суроолорго жооп жок болуп жатат. Азырынча коом президенттиктин төртүнчү жылында жооп катары укканы: баарын жаңыдан кайра баштоо керек жана "элге жаңы багыт керек" деген сөздөр болуп жатат.
Жаран катары, биз бир кезде өлкөгө жетекчилик кылууну ишенип берген Кыргызстандын Президентине элдин берген суроолоруна жооп берүү өтүнүчү менен кайрылып жатамын.
Бүгүнкү күндө "Акжол" партиясы үстүбүздөгү жылдын июлунда боло турган шайлоодо өлкөнүн Президенттигине талапкерликке кимди көрсөтүү керек - деген тандоонун алдында турат. Партиянын төрагасынын орун басары катары "Акжол" партиясынын мүчөлөрүнө өлкөнүн Президентинин кызматына "Акжол" партиясынан талапкерди тандоонун алдында, жогорудагы бардык суроолорго бериле турган жоопту күтө туруу өтүнүчү менен кайрыламын.
Албетте, айт дегенде кыйт деген чиновниктер "партиянын пикирин" түзүүгө жанталашып, ар кандай билдирүүлөр жасалып жана курултай чакырылып, аларда катардагы акжолчуларды бийликти колдоо жөнүндө билдирүү жасоого мажбурлап, партиядан бийликке "ылайык келбеген" адамдарды кууп чыгуу боюнча кампания уюштуруларына толук ишенемин. Бирок ушундай кырдаалда мен "Акжол" партиясынын ар бир мүчөсүнүн турмуштук позициясына жана ар-намысына таянамын. Чечим кабыл алууда "Акжол" партиясынын ар бир мүчөсү өз абийрине жараша иш кылат, ал эми партиянын өзү өлкөнүн таламдарын жетекчиликке алат деп ойлоймун".




Ал учурда
Мурда кабарлангандай "Ак жол" партиясы 1-майда өз курултайын өткөрөт. Анда президенттикке талапкер катары кайрадан Курманбек Бакиевдин талапкерлиги көрсөтүлөт деген ойлор күч. Ал эми аталган партияны негиздеген жектекчилеринин бири Эльмира Ибраимованын жогорудагыдай билдирүүсү же кайрылуусунан улам акжолчулардын арасында биримдик ыдырап, бөлүнүп жарылуулар күчөп баратканын айгинелеп жаткан жокпу деген ой келет.
Айрым маалыматтарга таянсак, партиянын Э.Ибраимова баштаган бир катар интеллектуалдуу өкүлдөрү "Ак жолдун" катарынан чыгып, оппозицияга кошулуп, 23-июлда президенттик шайлоодо оппозициянын талапкерин колдоого алышы мүмкүн дешүүдө.




  Сиздин пикир

Темир Сариев,
"Акшумкар"
партиясынын лидери:
"Ибраимованын кайрылуусу бийликке жана бийликте жүргөн адамдар үчүн коңгуроо"
Учурунда бийликтин бийик мунарасында жүргөн дагы бир адамдын минтип элге кайрылып жатышы - азыркы бийликтин айткан сөзү менен жасаган ишинин бири-бирине дал келбей жаткандыгынын далили. Ибраимова "Акжол" партиясы кандай үмүт менен түзүлгөнүн, анын жыйынтыгы эмнеге алып келгенин, үмүттөр акталбаганын айтып жатат. Жакында "Акжолдун" курултайы болот. Ошондо президенттин эл алдына чыгып сүйлөөсүнө бул кайрылууда айтылган сөздөр чоң тоскоолдук болот. Анан калса Ибраимова кызматтан кеткенде эле президенттин саясаты менен макул эместигин көрсөткөн. Демек, анын партияда калуусу да арсар...




  Өткөндү эстеп...

Жаңылган эмблема
Көпчүлүктүн эсинде болбосо да, ошол "Акжол" партиясын түзгөндөрдүн эсинде болуш керек, ошондогу окуя. Анда, бир айдын ичинде партия түзүлүп, алгачкы эле кадамы болгон уюштуруу курултайында анын эмблемасындагы жолдун өңү ак түстөгү ак жол болбой, кызыл түскө боелуп, кан жолдой болуп калган эле. Ии, эми эстедиңби?
Ал тургай ал эмблеманын сүрөтү ММКларга да жарыяланган жайы бар. Уюштуруу курултайына келген президент да ал эмблеманы көрүп алып, таңкалган. Бери жактагылары убакыттын тардыгынан эле чыккан катардагы катачылык болуп калды, оңдойбуз деп, анан барып "кызыл жол" ак түскө боелуп оңдоо киргизген. Ошондо көргөндөр сүрөтчүнүн мындай жаңылыштыгы жөн жерден эле эмес го деп, жакаларын кармашкан экен. Неси болсо бийлик партиясынын жолу кандуу болуп, кан кечип калбай, ак болсо болду деп, күңгүрөнгөндөр болгон.
Эмблема десе, каяктагыны эскертет... Тек, бүгүнкү учурду, ошол партияны түзгөндөрдүн бири М.Садыркуловдун табышмактуу өлүмү, ал партиянын төрагасынын орун басары Э.Ибраимованын жогорудагыдай кайрылуусунан улам, өткөн ошол учур аргасыздан эске келип жатпайбы.

Нурдин Асанов