Быржывалдын бактары

"Оппозиционермин деп бир дагы адам мага келе элек"
... жана да жаштык шаары аталган, Сыймык Бейшекеев ырдагандай чүрөк кыздарына бай, Ысык-Көлдүн борбору Каракол шаарынын бүгүнкү абалы, алдыдагы президенттик шайлоо, оппозицияга пикир, полковник Чыныбек Алиевдин өлүмү жана анын ысымынын Ысык-Көл облусунун Тоң райондук милиция бөлүмүнө берилиши ж.б.у.с. суроолорго Каракол шаарынын мэри Нурбек Алиев жооп берет.

- Нурбек мырза, Каракол шаары өлкөбүздөгү ири шаарлардын бири, андыктан анын келечегине кызыккандар көп, анткени бир топ шаарларыбыз кейпинен кетпедиби?
- Ооба, биздин шаар салыштырмалуу чоң шаарлардын бири. Кудай сактасын, шаарыбыз кадимкидей эле жашап жатат. Шаарыбызда жогорку, атайын орто окуу жайлары, кесиптик окуу жайлары жана ондогон мектептер бар. Студенттердин саны эле он миңден ашуун, ошондон улам шаарыбызды "жаштык шаары"деп атап алышкан. Шаарда бир катар ири жана чакан ишканалар иштеп жатат. Мурун токтоп калган ишканалардын кээ бири аздап бутуна туруп жатат.
Ал эми шаардын келечеги жөнүндө айта турган болсок, негизги басымды туризм тармагына бурабыз. Буга чейин бир катар мейманканалар, эс алуучу, тамактануучу жайлар жана башка туризмге тиешелүү жайлар курулду. Эки-үч жылдан бери туристтердин саны биртоп эсе өстү. Каракол шаарынын тоосу кышкы туризмге аябай ыңгайлуу, мыкты лыжалык база бар. Ошондон улам бизге мекендештерибиз гана келбестен, казак туугандар, Россиянын Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Омск, Томск, Красноярск шаарларынан, Германия, Дания, Чехия сыяктуу алыскы чет элден да туристтер келип жатат. Бул жакшы жышаан. Эгерде туризм тармагын эл аралык деңгээлге жеткирип, төрт, беш жылдыздуу мейманканаларды курсак, инфраструктураны, сервизди мыктыласак аталган тармак шаарыбыздын гана эмес, республикабыздын бюджетине да барандуу салым кошот. Азыр бу багытта тынымсыз иштеп жататбыз. Мурун Ысык-Көл десе эле Чолпон-Ата менен эле ал жайгашкан Ысык-Көл районун элестетишчү да. Ал жерде жайкы сезон үч айга созулат. Ал эми биздеги туристтик кышкы сезон беш айдан кем болбойт. Мисалы, былтыркы сезон ноябрда ачылды эле, быйыл апрелде жаптык. Дагы айтам, туризм тармагын дурустап алсак, анда бюджетибиз да толо болот. Мисалы, Турция ички дүң продукциянын 51 проценти туризмден толот экен, Испания, Швейцария, Египет, Кипр, Италия, Греция сыяктуу ондогон мамлекеттердин олуттуу кирешелери да туризмден түшөт.
Экинчи орчундуу маселе - шаардыктарды таза суу менен камсыз кылуу. Эмдиги жылы шаарыбызда курулуп жаткан сууну тазалоочу жай ишке киргизилет, азыр анын курулушу токтоосуз жүрүп жаткан учуру. Албетте, шаардын келечеги үчүн ондогон орчундуу иштер аткарылып жатат, пландаштырылып жатат, анын баарын майдалап санап, популизмди жандатпайын.
- Президентти шайлоо мөөнөтү биртоптордун оюнда өтө шашылыш болуп калды, Сиздин оюңузча бул туура чечимби? Экинчиден, шаардыктар Бакиевге добуш берүүгө даярбы?
- Эркин гезиттер мындай суроо бербесе болобу… Биринчиден, менин оюмдун бул жерге тиешеси жок, анткени, чечимди Конституциялык сот кабыл алды. Анын чечими баарыбыз үчүн бирдей закон, бийликке да, оппозицияга да. Мэр катары мен аны андай, мындай деп чечмелегенге акым да жок. Экинчиден, кайсы шайлоочу кайсы кандидатка добуш берет, ал өз эрки. Менин оюмча, Курманбек Салиевич элдин колдоосуна ээ болуп, экинчи мөөнөткө шайланат.
- Жеке Сиз Президентке кандай баа бересиз?
- Кызык суроолор кетти го… Президентке баа берүүгө моралдык жактан акым жок, ал этикага да туура келбейт. Мен президенттин саясатын колдогонум үчүн, идеялаш болгонум үчүн мамлекеттик структурада иштеп жатам, тандаган жолум ошол. Курманбек Салиевич бардык бийлик тепкичтерин басып өткөн тажрыйбалуу адам, анан да мен билгенден токтоо, кайраттуу, көп нерсени билген инсан. Жөн адам президент болуп иштемекпи. Курманбек Салиевич президент болгондон бери ондогон мектептер курулду, курулуп жатат, пенсия, пособиелер көбөйдү, Кара-Балтада белорустардын "Белорусь" трактору жыйналып жатат, Кытайдан тракторлор, автобустар келип жатат, ГЭСтерибиз курулуп жатат, жаштар чоң кызматтарга көтөрүлүп жатат, эл аралык абалыбыз жаман эмес… кандай айтсак да жашообузда жакшы көрүнүштөр басымдуу.
- Караколдо оппозиция барбы? Бар болсо, аларга болгон мамилеңиз кандай?
- Чын сөзүм, мен оппозиционермин деп бир дагы адам мага келе элек. Мен мэрдик милдетимди аткарып жатам, жалпы эл менен иштейм. Оппозициясы келип, тигил же бул маселени айтса, аларды угушум керек. Билесиздер да дүйнөдөгү өнүккөн мамлекеттердин баарында оппозициясы бар, көпчүлүгүндө конструктивдүү оппозиция. Бизде оппозициянын болушу бу тарых ченемдүү көрүнүш. Чектен чыккан өтө эле радикалдуу оппозициянын пайдасы жок. Биздин республикада, менин баамымда, андайлар бир-эки киши менен эле бүтөт.
- Мындан беш жыл мурун бандиттердин колунан каза тапкан агаңыз, арты кайрылуу болсун, полковник Чыныбек Алиевдин ысымын Тоң райондук милиция бөлүмүнө бериптир деп кечээ жакында эле уктум. Ошол жөнүндө айтсаңыз?
- Ооба, агамдын өлүмү биздин бүлөгө аябагандай чоң трагедияны алып келди. Баарыбызды, атасын, бир туугандарын өмүр бою коштоп жүрчү кайгыга салып кетти. Энебиз көп жыл мурун каза болгон.
Чыныбек агам кенедейинен эле тайманбай өскөн. Кийин акылы тунук, кайраттуу жигит болду. Милиция иштеп далай кылмыштын бетин ачты. Ошол өлөрүнө жакын калганда жеңеме: "Мен азыр бандиттерге бетме-бет жалгыз калгандай сыяктанам. Баары мени сатып кетишти. Айла жок, эч качан бандиттерге каршы күрөшкөнүмдү токтотпойм" деп айтыптыр. Эгерде өз жанынан корккон неме болсо "кой, ушунчамда токтоюн, мага да жан керек" деп мындай чыга бермек. Ал антпеди, андайга эч качан барбайт да болчу. Жигит болуп жаралган жан жигит бойдон калат тура…
Сөздүн чынын бузбай айтсам, агам баатырларча курман болду, элинин бейпилдиги үчүн, закондуулуктун сакталышы үчүн уюшкан кылмышкерлерге каршы күрөшүп, окко учту да. Эл деген баатырларын унутпашы керек. Ушул ой менен биздин үй-бүлө мурунку бийликке кайрылган, агамдын атын түбөлүккө калтыруу зарылдыгын айтып. Кийин атам, ал киши азыр 82 жашта, президентибиз Курманбек Салиевичке жолугуп, өтүнүчүбүздү айткан эле, агамдын кесиптештери да, Көлгө келгенде президенттен эл да өтүнгөн. Андан көп өтпөй агама, курман болгондон кийин делинип, генерал-майор наамын беришти, аз мурун агамдын наамы Тоң районунун милиция бөлүмүнө берилди, мындан ары ал бөлүм "Генерал-майор Чыныбек Алиев атындагы Тоң райондук ички иштер бөлүмү" деп аталат. Президентке да, Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге да биздин үй-бүлө чоң ыраазычылыгын билдирет.
Биздин айыл Төрт-Күл райондун борбору Бөкөнбаевага удаа эле орун алган. Айлыбызда тээ Совет доорунда курулган эки кабат жакшы имарат бар эле, мына ошону депутаттар, райондун эли, айлыбыздын .жашоочулары кеңешип туруп, милиция берди. Анткени, раймилиция орун алган азыркы имараты жедеп эскилиги жеткен, ремонтту көтөрө албай тургандай. Кудай буюрса, жакында милиция бөлүмү биздин айылга көчүп барат. Азыр жалпы айылдын эли имараттын айланасын оңдоп-түздөп жатат, ашар жолу менен, район тараптан да жардам болуп жатат, аким Турусбек Султаналиев, ички иштер бөлүмүнүн начальниги Болоткан Калиев ишти көзөмөлгө алышты. Биз, Чыныбек Алиевдин бир туугандары анын бюстун бронзадан жасатып имараттын алдына коймой болдук.
Ооба, мунун баары жакшы, бирок, бир тууганыбызды эмне кылсак да эми таппайбыз, бир арман, ачуу арман өмүрүбүздү коштогону коштогон.

Суроо салган Баратбай АРАКЕЕВ