Кут...

Добул
Өткөндө оппозиция Арашан айылында өздөрүнүн III курултайын өткөрдү. Ошондо көпчүлүктүн эсинде калган момундай окуя болду.

Курултай аяктайын деп калган кез. Оппозициянын бирдиктүү талапкери Алмаз Атамбаев эл алдына чыгып, учурдагы кырдаал, өлкөнүн келечеги жөнүндө ой пикирин айтып, сүйлөй баштаганда тым-тырс турган аба ырайы өзгөрүлүп, тоо жактан күңгүрөгөн добул угулуп, шамал башталды. Анан эле асманда, тээ бийикте бүркүт пайда болду. Ал жердеги айыл аксакалдары чаламандын чак түшүндө тоодон соккон добулга таңданып да калышты. Адатта айылга жел күндүзү ылдыйдан, Бишкек тараптан согуп тураар эле дешип. Бул жолу эзели болбогон тетири жел жүргөнүн көргөндөр жакаларын карманып, жакшылыкка жоруп да жиберишти.
Курултайдагы чогулган көпчүлүк бул сырдуу кубулушту Көкө Теңирдин белгиси деп жорушса, теңир тоо тараптан пайда болуп, асманда айланаган бүркүттү "Манас бабабыздын бүркүтү Атамбаевди колдоп учуп келди, Алмаздын башына кут конду" - деп жорушту.
Калыбек Султанов,
Курултайдын катышуучусу




  Азоого чалма

АК ИЙИЛЕТ, БИРОК СЫНБАЙТ
Аликбек Жекшенкулов "Акыйкаттык үчүн" кыймылын, Коомдук парламентти түзүп, апрель митингинен кийин чачырап кеткен оппозициянын башын бириктирип, өзүнө таандык иш билгилик касиеттердин негизинде кыска мөөнөттө оппозициянын лидерлеригине жетишип, эл оозуна алынган. Бул жөнүндө "Айгай" гезити да бир нече ирет жазган. Башка массалык маалымат каражаттары да оппозиция анабашыларын санаганда, анын аты үчтүн бири болуп айтылып, коомчулукка тарай баштаган. Ортосунан оюп айтсак, анын мамлекеттик кызматтагы тажрыйбасы, ички тышкы байланыштары, стратегиялык ой жүгүртүүсү, уюштуруучулук жөндөмү, тактикалык жүрүштөрдөгү чеберчилиги алсыраган оппозициянын кайрадан жандануусуна, биригүүсүнө шарт түздү десек жаңылышпайбыз.
Жекшенкуловдун оппозиция лидерлеринин ичинен эң таасирдүү фигура экенин бийлик да далилдеди. Аликбектин артынан сая түшкөн бийлик жасоолдору анын өмүр баянын казып, изилдеп да чыкты. Коммунисттик режим, Акаев доору, Бакиев заманында жоопту мамлекеттик кызматтарда иштеген Аликбек Жекшенкуловдун өмүрү толук изилденип, кылтакка илинер кыңыр иш табылбады. Андай текшерүүлөр Аликбектин өзүнө да, БЭКтин ичиндеги кычык издегендерге да сабак болуп, аброюнун жогорулашына алып келди. Анан айласы куруган бийлик өкүлдөрү Жекшенкуловдордун укум-тукумунан бери сурап, бир үй-бүлөөдөн беш адамга кылмыш ишин козгоду. Инисин Балыкчыда камап, баласы башпаанек сурап чет элге кетип, эми минтип киши өлтүрүүгө катыштыгы бар деп, "жебеген самса үчүн" өзүн да камакка алышканына эртең тогузунчу майда туура эки ай болуп, соттун камакка алуу чечиминин мөөнөтү аяктайт.
Бүгүнкү күндө тергөөчүлөр ага болгон тергөөсүн аяктап, материялды Баш прокуратурага жөнөткөнү маалым болду. Ал эми Аликбектин адвокаттары кылмыш составы жоктугуна байланыштуу ишти кыскартып, Жекшенкуловду бошотуу тууралуу тастыктама жолдоду. Соңку маалыматтарга таянсак, Жекшенкуловдун соту 20-майга жылдырылыптыр...
Не дейли, ак ийилет, бирок сынбас...




  Эртең жеңиш күнү

Ардагер
Тоң районунун Төрт-Күл айылынын тургуну, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, 1,2,3-чү даражадагы "Ата Мекендик согуш", "Кызыл жылдыз" орденинин, жыйырмадан ашык медалдардын кавалери, Москвадагы Улуу Ата Мекендик согуштун 60 жылдыгына арналган аскердик параддын катышуучусу Асаналиев Сапа карыя байбичеси Жайлообаева Чүйтүн ар жылы 9-май жеңиш күнүн Улуу майрам катары бала-бакырасы, айыл апасы менен белгилөөнү салтка айлантып алышкан. Жеңиштин улуу майрамында айыл ардагерлери орден медалдарын тагып алышып, Аскер комиссариаттарынын, жергиликтүү бийликтин сый урматын көрүшүп, өз ара чай ичишип майрамдашат. Аттиң, Фашистик Германиянын кулчулугунан сактап калган ардагер аталарды жылына бир күн эмес, күн сайын урматтап сыйласак да аздык кылаар. Тилекке каршы жыл өткөн сайын алардын катары суюлуп, саны азайып барат.
Биздин бүгүнкү каарман Асаналиев Сапа 1921-жылы Ысык-Көлдүн Төрт-Күл айылында туулуп өскөн, Айыл чарба институтун артыкчылык менен бүткөрүп, согуш алдында аскерге чакырылган. Офицердик чинине ылайык батальон командирине чейинки милдеттерди аткарып, беш ирет жарадар болуп, анын ичинде эки ирет катуу жаракат алган. Курск дугасында алган өтө оор жаракатка карабастан согуштун аягына чейин катышып, Берлинден 200 чакырым ары, Элба дарыясына чейин барган. Ыраакы чыгыштагы согушка да катышып, Япониянын капитуляциясынан кийин 1946-жылы элге кайткан. Согуштан кийин ар кандай чарбалык кызматтарда иштеп, өлкөгө колдон келишинче кызмат өтөгөн. Учурда Асаналиев Сапа II группадагы майып экендигине карабай, айылдын шартында эл катары короо жайына тың, малын карап, бала-бакырага баш көз болуп дегендей, тиричилигин өткөрүп келет.

Сүрөттө: Москва 9-май 2005-жыл
Улуу Ата Мекендик согуштун 60 жылдыгына арналган Кызыл аянттагы аскердик параддын катышуучулары, Советтер Союзунун баатыры, генерал Дайыр Асанов, 1,2,3 даражадагы Ата Мекендик согуш ордендеринин толук кавалери, запастагы капитан Асаналиев Сапа жана учурдагы "Айгай" гезитинин саясий баяндамачысы Сабыр Муканбетов.