Сандан- санга

Кыргыздын кыраан жигиттерине арнайм
Ошондон үч күн өттү. Үч күн бою Жаманкул биз менен бол деп келгендердин сунушун ойлонду. Ошол үч күндүн ичинде оюна эмнелер гана келген жок… Аларга кошулса кошулуп деле коет, анын эмнеси бар экен. Бирок эч качан бечара адамга запкы көрсөтпөйт, ууру кылбайт, жөн жерден бирөөгө кол көтөрбөйт, адам өлтүрбөйт. Эмне, ошол кылмыш кылган топтун арасында аккөңүл жигиттер жок бекен, боорукери жок бекен бечарага боор тарткан,айкөлдөрү да бардыр. Тарыхта көп эле бар го байларды тоноп кедейлерге берген. Жанагы англичандардын Робин Гуд деген немесин карабайсыңбы. Бирок ал жомок да бир? Эмне, жомок дегениң таптакыр эле турмушка окшобойт бекен. Керек болсо жомок деле турмуштагыдай, болгон айырмасы жомокто жок нерсе бат эле пайда боло калат, көз ачып жумганча. Ошол жомокто деле боорукердик, алдамчылык, бирөөнө жардам берүү, уурдоо, өлтүрүү дегендер бар эмеспи. Эмне бу турмуш андай эмес бекен, Дал эле ошондой. Эмне, байлардыкын тартып алып кедейге бергендин жаманы барбы. Ошол байың элдин эсебинен байыса, анан ошол элди шылдың кыла караса, алардын колунан жулуп алып бечарага бергениң сооп эмеспи. Кудай деле андайды күнөөлөбөсө керек. Ушундай ойлорго башын катырган Жаманкул тигилерге кошулууну биротоло чечти. Бара көрөт. Ага удаа уга жүргөн жеп-ичкен чоңдорду эстеди. Ошондойлордон биртобун билчү эле.
Кошулам деген чечимге келген Жаманкулга баягы экөө төртүнчү күнү келишти. Жаманкулду ээрчитип килейген базарды аралап бир дүкөнгө киришти да аралай чаап барып бир эшикке ачышты. Килейген бөлмө экен. Бөлмөнүн төр жагында коюлган килейген столдо төртөө карта чыбышып жатат. Киргендерге кенедей да көңүл бурбай бакылдаша картасы менен алек. Бөлмө ичи толо диван, креслолор, дубалдарда түрдүү сүрөттөр илинген. Полдо кызыл-тазыл килем. Иштеп жаткан килейген телевизорду көргөн киши жок.
Киргендер унчукпай турушту эле, тигилер картасын ойноп бүтүп, төртөө тең жабыла карашты кирип тикесинен тургандарды.
- Ии, келгиле,-деди баягы килейген неме.
Жаманкул дароо эле таңкалды, ушул буурадай буржуйган немени кантип жыга муштады экен. Жеңи жок аппак көйнөгүнөн адамдын санындай болгон билеги көрүнөт. Аппак шым, ага шайкеш аппак туфли, кара чачы менен тысырайган өңү баары-баары жарашып турат.
- Баягы бала,-деди Токон Жаманкулду көрсөтүп.
-Баягы бала экенин көрүп турам. Ии, сүйлөчү,- деди күлтүйгөн Жаманкулга карап.
- Менде сөз жок, силер сүйлөгүлө. Чакырган өзүңөр.
Күлтүйгөн азга тиктеп туруп анан айтты:
- Мени менен бирге бир чыгасыңбы? Же жыга соктум эле деп теңиңе албайсыңбы, ха-ха-ха!
- Көп сөздүн эмне кереги бар?-деди Жаманкул тайманбай.
- Оме-ей, бул тим эле кабылан го, ыя? Болуптур, сени менен бирге бир чыкпайм. Дагы жыга соксоң, уялганымдан өлбөдүмбү. - Ал дагы каткыра күлдү эле, беркилери кошо күлүштү.
Эми күлтүйгөн Токого айтты:
-Сен муну кошуп ал, азырынча, буга жооп бересиң. Анан кийин көрө жатарбыз. Кете бергиле.
Үчөө ал жактан чыгып кош айтышты. Коштошуп жатып:
-Жакшы тур, Кабылан,-деди Токон көзүн кыса.
Жаманкул жумушуна келди. Жанагы Токондун сөзү ойлонду "Кабылан" деген. Ошол укканда дароо эле иттин аты эске түшкөн, бир убакта Кабылан деген ити да бар эле. Анан ит эмес, кадимки эле Кабыланды айтып жатканын түшүндү. Орустар "Пантера" деп коет эмепи.
Ошентип Жаманкул ошол күндөн Кабылан атка конду. Азырынча аны "Кабылан" дегендер эки-үчөө эле…
* * *
Кабылан ошол күндөн өзүн таптакыр башкача сезе баштады. Көчөдө жөн эле кетип бараткан кишилерди көрүп, "мен деген кимдер менен жүргөнүмдү билесиңерби?" деп айткысы келет кээде, анан анысынан уялып да кетет. Кандай уялса деле баясы кайра кармайт, өзүн бечараларга жардам берчү баатыр жигит элестетет. Кээ түндөрү тээ далайга көзү илинбей ой кууйт.
Ошол күнү бат эле келбей кечигет. Оголе көп күттү Токолорду. Бир ирет өзү эле баргысы келди. Кайра ал оюнан кайтты. Намысы кайда? Ушул айбандарга бекер эле кошулуп жатам дегини да мээсин жейт. Ал ою менен да кармашат. Бирок баары бир тигил жак тартып турат, кумар болуп турат, ачкенедей асылган азгырык болуп турат. Бүлөдө да, мектепте да таза жүрүш керек, таалимдүү жүрүш керек, жаман ишке барбаш керек сыяктуу актыкка чакырган акыл менен өскөн бала, эми жаман иш жагына бурулуп, азгырылып турду. Бара турган жагы жаман иш экенин билип туруп эле, аны жакшы жагына оодарып, өзүн-өзү алдап турду, басып бараткан жолу коркунучтуу туңгуюкка алып баратканын билип туруп туура тартпады… Жаман жолго түшүү өтө оңой, ал эми ал чолдон чыгуу аябай кыйын, а балким таптакыр эле чыккыс жол…
Баягы Кабылан болуп коштошкондон жыйырма күндөй өтүп калганда Токон келип сыртка чакырып чыкты. Бу жолу өзү жалгыз болчу. Ал-жай сурашкандан кийин иш тапшырып турду базардын жер-жемиш, жашылча саткан жагына келип.
-Тетиги картошка сатып жаткан баланы көрдүңбү?- деди он кадамда жерде картошка сатып жаткан кепкачан узун бойлуу, арыкчырай жигитти көрсөтүп.
-Көрдүм.
-Көрсөң ошо, баргын да картошкасын тартып ал. Балдарга моюн толгоптур.
-Эмне деп тартып алам?
-Эмне демек элең, бар дагы картошкасын алып ал.
Кабылан эч нерсеге түшүнбөй калды. Эптеп катөшкөсүн сатып жаткан неменин картөшкөсүн кантип тартып алат.
Эмне деп жооп берерин билбей турду эле Токо дагы айтты:
-Бар да тартып ал. Ал дагы бирөөнөн тартып алыптыр.
-Тартып алып, картошканы эмне кылам?
-Адегенде алчы, анан эмне кылышты айтам.
Кабылан азга ойлонду да тигини көздөй басты.
Ал басары менен Токо нараакта турган беш-алты шеригин жанына жетти:
- Көрөлүчү Кабылан экенин.
Баары карап калышты. Кабылан аларды көргөн эмес.
Ал түз эле жанагы кепкачанга барды да айтты:
-Эй жигит, сен бирөөнүн картошкасын тартып алган турбайсыңбы. Бу картошка эми меники. -Жигиттин жанындагы эки мүшөк картошканы көрсөттү.
Тиги жигит таң кала карап калды да Кабыланды тилдеп таштады:
-Эй энеңди… десе, өлө элегиңде кетип калсаңчы.
Кабылан кардар турчу жакта турган да. Дал ошол жерден эле муш берип калды маңдайды туштап. Муну күтпөгөн тиги жигит наркы катарда соода кылып жаткан дагы бирөөнө тийип анан жерге жыгылды. Анан бат эле ордунан атып туруп, текчеден аттай секирди да Кабыланды качырды. Оңой эмес экен, тээп жүрөт, колу кошо шилтенет. Кабылан эми бир сокту, бу жолу тиги тура албай калды. Эл топтоло түштү, бат эле эки милийса Кабыландын колун толгой жетелеп базардагы милийса бөлүмүнө апкелишти да түшүнүк жаздырышты. Жанагы таяк жеген неме да келди, а да жазды түшүнүктү. Бети шиший калыптыр. Кабыланды ашата сөгүп да жатат. Сөзсүз өлтүрөрүн кайра-кайра айтып жатат...

Редакциядан: Урматтуу окурман Кабыландын андан аркы тагдырына ортоктош болгуң келсе, повесттин толук бөлүгү жакында китеп болуп чыгат. Биз ушуну менен токтоттук.




  Таш күзгү

Кантип айтам
Эх, кыргызым, ойлончу, эсти жебе,
Эне-атаңдын айтканын эски дебе.
Тарыхты сен тарс айтып салган менен
Таңдайыңа сайылат эски жебе!

Какшап келем: доо кетип балдарыңа,
Каргыш сөзгө кабылып калбагыла.
Бурмаладык тилди деп кантип айтам,
Бабалардын байыркы арбагына?!

Уу чалканды мойнума артам дагы,
Улутумдун азабын тартам дагы.
Унуттук деп тилимди кантип айтам,
Урпактарга уялбай аркамдагы?!

Тилсиз элдин тукуму курут болгон,
Тилин сактап калган эл улут болгон.
Ата салтын, мурасын унуткандар,
Акыр түбү тирүүлөй дудук болгон!

Ташты сыгып, тарыхты төккүм келет,
Тилимди мен туу тутуп өткүм келет.
Эне тилин эсирип чангандарды,
Эне тилде ашатып сөккүм келет!!!

Алтынбек Исмаилов

Оо, бүгүн
Манас керек

Кыялданып болбогонду болтуруп,
элди ойлонуп, санаа тартып олтуруп
санаркайсың, кайран ушул элиңдин
алгың келип "төгүлгөнүн" толтуруп.

Уламалап айткан элдин кеби бар,
элден өөнөп жегендердин чеби бар:
эл көзүнө жашайт анда элпексип
эпчил болуп, кууланганга эби бар.

Жакшылыкты көктөн, көктөн издебей
тууган жердин турпагынан издеген:
керек элге, Манас керек!- оо, бүгүн-
өзүн коюп, элин сүйүп "сиз" деген.

Манап Алиев
Ош облусу, Кара Кулжа району