Миң түркүн адамдар...
Досбол Нур уулу

Алдыда шайлоо жакындап, хан такты үчүн шайлоо кызыган сайын, Ажо деле ар жак, бер жагын карап иш кыла баштады бейм. Бери болгондо "төө кыядан өткөнгө чейин" деп чечмелегендер да жок эмес. Андайлардын бири бул: Акүйдөн агылып чыккан "маалыматтарга" таянсак, шайлоо алдында бир топ кадрдык тазалоолор күтүлүүдө. Мисалы, идеология дегениң иттей оор жумуш экенин, аны көрүнгөнү барып эле көтөрүп кете албасын, анан калса өлкө чындап эле бул тармакта мыкты мамкатчыга суусап жатканын өлкө башчы өзү да сезген окшойт. Ага адегенде Маданият министри Раевди коюп, анын ордуна Дос-бол Нур уулун жиберет экен деген кеп тараган. Бирок, "орун алмашуудан сумма өзгөрбөгөн" мындай кабар коомчулукка , айрыкча интеллигенция өкүлдөрүнө жаккан эмес, тескерисинче ого бетер кыжырдануу башталган. Ошондон уламбы Акүй да тынчый түшкөн. Жакында Нур уулу Досбол ордунан кетет экен деген сөз кайра жанданды. Бирок, анын ордуна кимиси келээри белгисиз. Кокус Ажо болбой эле Раевди алып келсе, бул анын аламан алдындагы чоң минусу болмокчу деген пикир өтө күч. Өзгөчө "ырай-евдик" андай кадам айрыкча маданият өкүлдөрүнө анчейин жага бербейт.

Акылбек Жапаров

Мындан эки жыл мурун беле, "Агым" гезити агынан жаралып турган кезде жазган, Жапаровду кочкорлуктар эле эмес, Кочкордун иттери да жактырбай калды деген мааниде.
Ал эми 2005-жылы ошол эле кочкорлуктар февралдын ызгаардуу шамалына карабай (анан калса ал жакта өзгөчө кыш мезгилинде кандай шамал болоорун бул жактагылар биле бербес), "Жапаров!" деп жол тосуп, тикесинен тик туруп беришкен. Акыйкат үчүн күрөштө европалыктардын оозун ошол жакты каратып, "Кочкор феноменин" жаратышкан, кайран эл (!).
Азыр ал жактан каттагандардан "Жапаровуңар эмне кылып берип атат?" деп сурасак, жооп беришмек турсун фамилиясын уккусу жок, далайы.
Өйдө жактагылар деле Жапаровдун узун, таттуу убадаларынан тажаган бейм, аталган министрликти башкарчу Акылбектен деле акылдуу жигиттер бар деген пикир күч алган кези. Кыскасы, эң ары болгондо шайлоодон кийин Жапаров ээрден шыпырылат окшобойбу. Бирок, антсек аламан алдында Акылбек деле таасир этиши мүмкүн деп чочугандай, регионалдык баланста деле бул жигиттин анчалык салмагы калбай калганы качан...

Клара Кабилова

Тээ ала күздө БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилова: "Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин коркутуп, үркүтүүсүнө чыдабай кызматтан кеттим" маанисиндеги билдирүүсүн видеотасмага жаздырып коюп, Москвага качып кеткен. Бул жактагылар бир топ чуру-чууга түшкөн ошондо. Анан кыш келип, "аны менен оппозициянын бир нече өкүлдөрү Москвада жолугушуптур. Эми Кабилова 2007-жылдагы парламенттик шайлоодогу добуштардын бурмалангандыгы тууралуу билдирүү жасайт экен" деген маалымат тарап, далайы кулактарын түрүп калган. Бирок, андай билдирүү болбоду.
Ошо Кабилова Кыргызстанга кайтып келиптир деген кабар 4-5 күндөн бери "дүрт" эткени токтой элек. Аны уккан көпчүлүк көрүнгөндү айтып дүрбүп алганы менен, бийлиги да, оппозициясы да анын чын эле келгендигин жана кандай максат менен келгендигин тастыкташууда. Ал эми "качак" айым мурунку айткандарынан кайтып, парламенттик шайлоо сонун өткөн деген ырды ММКларда созолонтууда.

Эркин Булекбаев

Аңги барып алтындай болгон наристе кызды зордуктап салды. Анын азабынанбы... аны баккан чоң энеси асынып өлдү (?). Эл оозунда элек жок эмеспи, "Асынып эмес, асып кетти" деген сөздөр дагы айтылып кетти. Бул эле окуя эмес, күрд улутундагылардын мындан башка чектен чыккан мамилелерине кыжырданган эл, орус-кыргызына карабай көтөрүлдү. Петровкадагы бул окуяга ошол тараптын кулуну катары барып, акыйкаттын азыркы учурда тебеленгенин ачык айта коем деп, ЖКнын экс-депутаты, учурда "Жашылдар" партиясынын лидери Эркин Булекбаев Петровка чатагында Бишкек-Ош жолун тосуп, массалык башаламандык уюштурду деген кине менен камакка алынып, сот эки айга камоо өкүмүн мойнуна тагып салды. "Уурусу күч болсо, ээси доого жыгылат" дегендей эле болду окшойт. Эми адвокаттарынын баш коргоо чарасын өзгөртүү талабы менен берилген арызды кароону Бишкек шаардык соту 20-майга белгилептир.


  Эх, эмблема

Жаңырат да, "жаңылат"...
Көпчүлүктүн эсинде болбосо да, ошол "Акжол" партиясын түзгөндөрдүн эсинде болуш керек, ошондогу окуя. Анда, бир айдын ичинде партия түзүлүп, алгачкы эле кадамы болгон уюштуруу курултайында анын эмблемасындагы жолдун өңү ак түстөгү ак жол болбой, кызыл түскө боелуп, кан жолдой болуп калган эле. (1-сүрөт)
Ал тургай ал эмблеманын сүрөтү ММКларга да жарыяланган жайы бар. Уюштуруу курултайына келген президент да ал эмблеманы көрүп алып, таңкалган. Бери жактагылар убакыттын тардыгынан эле чыккан катардагы катачылык болуп калды, оңдойбуз деп, анан барып "кызыл жол" ак түскө боелуп, оңдоо киргизген. (2-сүрөт) Ошондо көргөндөр сүрөтчүнүн мындай жаңылыштыгы жөн жерден эле эмес го деп, жакаларын кармашкан экен. Неси болсо да бийлик партиясынын жолу кандуу болуп, кан кечип калбай, ак болсо болду деп күңгүрөнгөндөр болгон.
Буларды кайра дагы эскергенбиз тек, бүгүнкү учурду, ошол партияны түзгөндөрдүн бири М.Садыркуловдун табышмактуу өлүмү, ал партиянын төрагасынын эми экс-орун басары Э.Ибраимова президентке ачык кайрыла коём деп партиядан чыгарылып, акжолчу депутат Санжар Кадыралиев атылып өлтүрүлүп, ушундай окуялардан кийин ошол өткөн учурлар аргасыздан эске келип жатпайбы. Эми минтип ошол эмблема дагы бир жолу өзгөргөн экен. Өткөн курултайында көрдүк. (3-сүрөт) Аттиңдики, эмблеманы өзгөртсө эле, өзөгү да өзгөрүлүп кетпегени ай, эми бир өзгөрүлсө акжолду айланта каптаган кан түстүү кызыл өңдү да өзгөртүү керек го...

Нурдин Асанов