Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Тажикстанда экс-министр өлдү
Тажикистандын мурдагы Ички иштер министри Махмадназар Салихов 17-июнда өз үйүндө атылып өлдү. Бийлик өкүлдөрү өзүн өзү атып өлтөрдү деген маалыматты таратууда. Туугандары болсо киши колдуу болду деп жатышат. Махмадназар Салихов ички иштер министринин кызматынан ушул жылдын январь айында алынган. Министрлик кызматта эки жыл иштеген. "Фергана.Ру" интернет-басылмасынын маалыматына ылайык, министрдин отставкага кетиши Тажикистандын бийлик чөйрөсүндөгү чагымдын кесепетинен болгон. Башкача айтканда, президент Эмомали Рахмон Салиховду саясий атаандаш катары көрүп, аны отставкага кетирүү менен үй камагына алган. Мындан тышкары 11-июнь күнү Дүйшөмбүдө Махмадназар Салиховдун бир тууганы Тагойназар Салиховду киши өлтүрүү жана куралды мыйзамсыз сактоо боюнча күнөөлөгөн сот процесси башталган.

Иранда кайра шайлоо өткөрүлбөйт
12-июнда өткөн президенттик шайлоодо обу жок бурмалаганга нааразы болгон жүз миңдеген ирандыктар митингге чыгышкан. Митингди Иран бийлиги күч менен тозутууга аракет кылып, жыйынтыгында жүздөгөн адам жабыркап, ондогон адамдар курман болду. Оппозиция лидери элдин талабын айтып, кайра шайлоо өткөрүү талабын койду эле, Ирандын Сакчылар кеңеши президенттик шайлоону кайра өткөрүү талабын четке какты.

Талиптерди кырып жатат
Пакистанда АКШнын учма аппаратынын ракеталык чабуулдарынан болжол менен 50гө жакын талип жоочулары өлтүрүлдү. Ракеталык чабуул 23-июндагы сокку учурунда мерт болгон согушкерлерди акыркы сапарга узатып жаткан учурда жасалды. Ал эми Ооганстандын түштүгүндө 23 талип жактоочусу өлтүрүлдү. Мерт кеткендердин арасында талиптердин жергиликтүү командири да бар.

Украинада президенттик шайлоо 2010-жылдын 17-январына коюлду
Мындай чечимди парламент тарабынан кабыл алынды. Негизги күрөш премьер-министр Юлия Тимошенко менен экс-өкмөт башчы Виктор Янукович ортосунда болоору күтүлүүдө. Буга чейин парламент добуш берүүнү быйыл октябрда өткөрүү сунушун колдогон эле, бирок 5 жылдык мөөнөтү соңуна чыгып келаткан президент Виктор Ющенко бул мыйзамга каршы келет деп, Конституциялык Сотко арыз менен кайрылып, чечимди жокко чыгарган. Имиштерге караганда Ющенко президенттик жарышка түшпөйт.

Ингуш президентине кол салуу болду
Окуя Назран шаарынын жанында Президент Юнус - Бек Евкуров ишине бараткан учурда болгон. Жол боюндагы унаада отурган жанкечти өзүн жардырып жиберген. Анын менен кошо дагы үч киши жаракат алып, айдоочусу мерт болгон. Кол салуу үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек. Орус президенти Дмитрий Медведев мурда аскерий кызматта жүргөн Евкуровду Ингушетиянын жетекчилигине мындан сегиз ай мурда дайындаган.

Түндүк Кореянын ракеталык чабуулунун ким майтарат?
АКШнын Куралдуу күчтөрү Түндүк Кореянын ар кандай ракеталык чабуул аракеттерине жооп кайтарууга даяр экендигин Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама билдирди. Бирок президент Обама Түндүк Кореяга каршы согуштук аракеттердин ыктымалдыгы тууралуу сөз жүрүп жаткан жоктугун да баса белгиледи. Белгилей кетсек, Пхенян 25-майда жер алдында өзөктүк дүрмөт жардырып сынак өткөргөн. Бириккен Улуттар Уюмунун Пхенянга каршы киргизген катаал чектөөлөрүнө карабастан, Түндүк Корея алыскы аралыкка учуучу баллистикалык ракетаны Гавайи аралдарын көздөй учурууга камылга жасап жатканы айтылууда.

Грузия аскери Ооганстанга жөнөтүлөт
НАТОнун Ооганстандагы стабилдүүлүктү сактоого көмөктөшүү үчүн Грузиянын 500 аскери жөнөтүлмөй болду. Грузин батальону НАТОнун Ооганстандагы аскерлерине 2010-жылы кошулат. Эске сала кетсек, Тбилиси менен Киев бир нече жолу НАТОго кирүү жөнүндө өз аракеттерин билдиришкен. Бирок, аталган альянс эки өлкө толук кандуу мүчө болууга даяр эместигин айтышууда.

Саркози паранжыга каршы
Франциянын президенти Николя Саркози француз мусулман аялдарынын паранжы жамынуусун сынга алып, паранжы жамынуу аялдарды кулчулукка айлантып, алардын кадыр-баркын тебелеп жатканын айтты. Ошондой эле Франция паранжы жамынууга каршы мыйзамды кабыл алаарына үмүттөнгөндүгүн билдирип, бийликти Франциядагы мусулман коомчулугун, алардын салттарын сыйлоого жана исламга каршы "туура эмес согушка" катышуудан сактанууга чакырды.

WWW булактарынан




Каримов режимине 20 жыл толду
23-июнда Ислам Каримовдун Өзбекстанды башкарып келатканына 20 жыл толот. Коммунисттик партиянын 1-катчылыгына шайлангандан бери бийликти колунан чыгарбай бекем кармап келүүдө. 1991-жылы эгемен Өзбекстандын президенти болуп калган Каримовдун репрессивдүү режими өз өлкөсүнө гана эмес бүтүндөй Борбор Азия аймагына таасир тийгизип, анын жасаганы үлгү катары калыптанып келатат. 71 жашка чыккан Каримов Самарканд шаарында туулган. Ал - СССРдин кулашынан кийин бийликте калып, жаңы саясий режим кура алган Борбор Азиядагы эки лидердин бири. Экинчиси Казак президенти Нурсултан Назарбаев. Ал дагы бийликке келишине жакында 20 жыл толду. Каримовдун бийлиги Назарбаевдикине караганда куугунтук жана кандуу режим менен бекемделди. 1999 жана 2004-жылдары исламчыл топторго кысым күчөгөндө Өзбекстандын бир нече ири шаарларында жардыруулар орун алган. Тыюу салынган Өзбекстандын Ислам кыймылына каршы репрессиянын башталышы жарандарды коңшу өлкөлөргө агылышына, согушкер топтордун пайда болушуна алып келди. Нааразы болгон эл 2005-жылы Анжиян шаарында митингге чыгып, канга чулганган. Ири демонстрация учурунда куралдуу күчтөр ок чыгарып, өзбек расмий бийлиги ырастоосунда, 187 киши каза болгон. Алардын ичинде милиция жана аскер кызматкерлери да бар. Бирок укук коргоочулар өлгөндөрдүн саны мындан алда канча көп экенин айтып келишүүдө. Ал окуядан кийин жүздөгөн өзбек качкындары Кыргызстан аркылуу четөлкөлөргө чыгып кетти. Каримов кошуна өлкөлөрдүн президенттерине да сын айтып келүүдө. "1995-жылы Назарбаевди Конституцияны улам улам өзгөртө берет, элге көчөлөргө чыгып өз оюн билдирүүгө уруксат берилбейт" десе, бир нече жылдан кийин "академик башкарган өлкөнүн байкуш эли Өзбекстандан нан сатып алууга мажбур" деп, Аскар Акаевдин короосуна таш ыргыткан. Эмки кыргыз жана тажик президенттерине сын айтып эле отурбастан, моралдык кысым көрсөтүүгө өткөнү байкала баштады. Газ жана чегара жаатында кырдаал учурда абдан курчуп турган кез.





кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"
email • архив • редакция 
26-июнь, 2009-ж.:
1-бет
Суунун башы сулайман...
2-бет
"жалгыз көзүр" же Камбарата ГЭСин өзүбүз кура албай калдыкпы?
3-бет
Шайлоого 26 күн калды
4-бет
23- июль президенттик шайлоо күнү
5-бет
Исмаил Исаков:
"президенттин сөзү канчалык деңгээлде чындыкка жатат"

6-бет
Снова "ганси"
7-бет
Ала-Тоонун борборунда Манастын душмандары неге орун алды?
8-бет
ЭМНЕ ҮЧҮН АТАМБАЕВ?
9-бет
"Кыргызстан жалгыз тумар мойнумда, сенден башка мекеним жок дүйнөдө"
10-бет
Тажикстанда экс-министр өлдү
11-бет
Өзөктү өрттөп барат бир сезим, урпактардын келечеги көрүнбөй
12-бет
90 жаш Усубалиев
13-бет
ДААВАТЧЫЛАР же алардын артында кимдер турат?
14-бет
Жай. Күндүн пайдалуу, пайдасыз нурлары
16-бет
Шоу дүйнөсүндө










??.??