Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Дин

ДААВАТЧЫЛАР же алардын артында кимдер турат?
Учурда каржы каатчылыгын кой, өлкөдө теология кризиси да сүрдөнүп турат. Мунун себеби жөнөкөй эле: дин эксперттеринин, дин логикасынын тагыраак айтканда, дин интеллигенциясынын такыр эле жоктугу же диний илимдин тайкылыгы. Жада калса жөнөкөй диний маселелерде да чайналган, одоно каталыктар кетүүдө. Диний маселеде да, материалдык маселеде да Ислам өлкөлөрүнүн көзүн карап жалдыроо, алардын берген садагасы үчүн кошомат кылуу жана алардын туура да, туура эмес да "көрсөтмөлөрүн" үлгү катары тутунуу - биздин өлкөнүн басымдуу динчилдерине таандык кадимки көрүнүштөй. Руханий араңжан адам жан-дүйнөсүнүн жардылыгынын айынан өйдө көрүнгөндүн баарынын алдында бүжүрөйт эмеспи. Демек, бул анын алсыздыгы, билимсиздиги.
Бүгүн чет өлкөлөрдөн жүздөгөн балдарыбыз беш-он жылдап ислам жогорку окуу жайларын окуп келгенине карабай, биздин диний-ишеним дүйнөбүз эмнегедир боор оорурлук ахвалда. Убагында ислам дининен бир топ илимдердин негизи түптөлгөнүн көпчүлүк билет. Ал эми бүгүнчү, а түгүл биздин ички дүйнөбүз-ишенимибиз белгилүү бир адамдарга көз каранды болуп калгандай, дегеним "арабтар айтты же пакистандыктар айтты" болуп ошолордун Курандан оолактап кеткен кебин оозубузга салып отурабыз.
Акыркы жылдары өлкөгө ар тараптан агылып келген ар кандай диний багыттардын саны ашыкча эле көп. Аларды максаттарын так, таамай аныктай турган адис-тердин жоктугунан ар кандай көйгөйлөр жаралып да келет. Диний башкармачылык бирөөнүн ишин кой, жеке өздөрүнүн ишмердүүлүгүнүн нугун; мыйзамдуу жана мыйзамсыз түшүнүктөрдү так аныктай албай жатышкандай.
Ал эми дин агенттиги аракеттенгенсийт, бирок айрым лоялдуулуктун маанисин терең түшүнө албаган, өтүмү жок, бир жактуу адистердин айынан өз алдынчалуулукка ээ боло албагандай. Бирок, эмнегедир акыркы күнү дин агенттигинин директору Каныбек Осмоналиев "Аргументы и Факты" (№18, 2009) "Опасные метастазы веры" интервьюсунда дааватчылар-"Таблиги Жамаат" тууралуу абдан бир батыл оюн туура билдириптир. Тагыраак айтканда, чындыктын бетинен тайсалдабай ачыгын айтыптыр. Демек, бул бир жылыш.
Адегенде кепти дааватчылардын мыйзамдуулугу боюнча уласак. Муфтияттагы даават бөлүмүнүн жетекчиси айтат: "…Таблиги жамаати", но они все работают согласно новому разработанному положению, всем законам и правилам..", - дейт. Төмөндө бул сөз канчалык деңгээлде туура же мыйзамдуу экенине көңүл бурсак.
"Таблиги жамаати" 1920-жылы (1927-жыл деп да жүрүшөт) уюм катары ДЕОБАНДИ агымынан чыккан Мавлана Ильяс Кандхелевий тарабынан түзүлгөн. Интернет булактарындагы Европа өлкөлөрүндө жүздөгөн адамдардын камак учурунда жоопторунда "Таблиги Жамаат" уюму аркылуу ар кандай кылмыштарга кирептер болгонун мисалдабай эле коелу. Таблиги жамааттын негиздөөчүсү Мухаммад Ильяс Кандхелевий башында Деобанди агымынын көрүнүктүү мүчөсү болгон. Деобанди агымы ваххабиянын идеясына жакын болгондугунан "деобанди-ваххабия" деп да атагандар бар.
Көрүнүп тургандай, буларды кантип чет мамлекеттик диний уюм эмес дейбиз? Эгер андай болсо, дин мыйзамынын 2-глава, 8-берене, 2-пункттунда: "Дин иштери боюнча мамлекеттик органдын эсепке алуу каттоосу жок диний уюмдардын иш-аракетине жана иштешине ушул Мыйзамга ылайык тыюу салынат. Каттоодон өтпөгөн диний уюмдун атынан ишти жүзөгө ашырган адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат", - деген жобосу бузулуп жаткан жокпу?
Эми булардын мыйзамдуулугу боюнча Дин агенттигинин директору К. Осмоналиев: "Таблиги джамаат" у нас как религиозная организация учетную регистрацию не прошла", - деп айтат. Демек, дааватчылар бир топ жылдан бери өлкөдө жүргөнүнө караганда, мыйзамсыз иштеп келгенби? Жогоруда даават жетекчисинин мыйзам боюнча иштейбиз дегенин кандай түшүнөбүз?. Каттоодон өтпөй мыйзамды бир бузса, экинчиден дааватчылардын арасында мал уурдагандар тобу да пайда болуп жатат. "Кылмыш жана жаза" газетасында чыккан (№15, 2009) "Селдесине чок түшкөн молдокелер" макаласында мындай: "Эми Куранды конституциядан жогору койгон молдокелерибиз ошол ишенимден пайдаланышып, өздөрү мал уурулук жасаган фактылар каттала баштаганы… Алар таң эртеден даабатчылыкка шылтоолоп эл кыдырышып, кимдин канча малы бар экенин, кайда кармашарын байкашып, түн ичинде уурдап турушкан…", - деп жазылган.
Учурунда Ысык-Көл областынын губернатору да дааватчылардын ишмердүүлүгүн токтотууга чара көрдү эле, бирок айрым дааватчылар "бизди Алладан башка эч ким токтото албайт" деп жүргөндөрүнө да күбө болгонбуз. Ушул мыйзамды угуучулукпу?..
Ал эми каттоодон өтпөй жүргөнүн эмне дейбиз. К Осмоналиев мындай айтат: "…Но они увиливают. Теперь выясняется, что за движением стоят очень большие силы, способные влиять на наше общество", - дегени толук чындык өңдөнөт. Басым менен кайсы бир жерде өздөрүнө жол ачуу, мыйзам менен эсептешпөө жана эл арасында антипатия жаратуу Исламдын ыкмасы эмес.
Ал эми Муфтий Муратаалы ажы Жуманов: "…таблиг жамааты, даават жамааты деп ошолордун карамагынан келгендер бар. Аларды биз чакырууда бул жакта иш жүргүзүүдө толук көзөмөл жүргүзүлүп атат… Дааваттын түпкүлүгүндө негизги нускасында экстремисттик же террористтик мындай көргөзмө анын жыты жок бул жерде…",- деп Таблиги Жамаат Тажикстанда, Түркменстанда жана Өзбекстанда экстремисттик-террористтик уюм катары таанылганына карабай аларды коргойт. Эгер толук көзөмөл жүргүзүлсө эмне ушу кезге чейин каттоодон өтпөйт? Эмнеге КР прокуратурасы Биринчи май райондук сотуна дааватчыларды экстремисттик-террористтик уюмдардын катарына кошуу үчүн доо арызы менен кайрылган? (Бирок анысы кайра алдырылды деп угабыз)
Ал эми эң кызыгы Муфтий өзүнө жакпагандарга каапыр деген токтом чыгарып келгенин диний маалыматы барлардын ар кими билет. Ошондон улам эске тута кетүүчү нерсе: Медина жана Меккенин 32 уламасы тарабынан 1982-жылы, 29-октябрда Африкада (Дарбен)"таблиги жамаатты" (дааватчыларды) каапыр деген фатва-токтом чыгарылган болчу. Англис тилиндеги ошол фатвадан келтиремин: "… this is to inform you tnat tablieg jamaa leaders nave been branded kaafier (umbel by 32 makka and medina ulema… (isauod by tne ahle sunnat va jamat viteanage 29, October 1982 17 durben street viteanage)". Демек, андай болсо, Муфтий каапыр жана экстремисттик жамаатты коргоп келет деп түшүнөбүзбү?.
Чынында учурда өлкөнүн кайсы жерине барбагын дааватчылардан тажап бүтүшкөнүн, алар тууралуу терс гана пикир айтылаарын ар ким билет. Бул элдин кудайды тааныбастыгы эмес, тескерисинче дааватчылар өздөрүн талапка ылайык алып жүрө албастыгы, билимсиздигинин айынан элдин көп бөлүгү алардан качууда. Эгер жогорку интелектуалдык, тыкандык жана илимдүүлүк орун алганда, албетте эл жапырт эле колдомок.
Болбосо, басма сөздөрдөн даават деп үй-оокатын айлап таштап, дааватка кетип жаткандардын жакындарынын нааразылыктарын билдиргендер да жок эмес. К. Осмоналиев: "Таких случаев немало К нам так же звонят и презжают с просбами о помоши..", - деп айтат. Өзгөчө, талаачылык жумуштары башталганда, үй-бүлөнү бага турган эркектерибиз даават кылмакчыбыз болуп, "үй-оокатты Кудайга табыштадык" болуп эл-жер кыдырып кетишет. Бул эмне ороктон качкандыкпы? Бирок, КМДБнын даават бөлүмүнүн жетекчиси Р. Эратов: "Как можно сказать, что этот мужчина поступил неправильно, если он не нарушил наших правил…", - дейт. Бул эмне деген "наших правил" эреже, же үй-жайды таштап, билимсиздердин отрядын ээрчип кете берүү дегендикпи? Дегеле, эмгек кайнап турганда даават кылып кет деген исламдын кайсы буйругу бар?
Дааватка чыгып келип, жакындарына "ал андай эмес, бул мындай эмес" өңдүү жагымсыз адаттарды үйрөнүп келгендер да аз эмес. Мындан да арыздангандар бар. А түгүл жакында "Обон" (12-июнь, 20009) газетасында К. Осмоналиев: "Таблиги Жамаати" жаштарды мектепке барбай шарият жолунда жашоого үгүттөп жатат", - деп айтканын жазат.
Тилекке каршы, керек болсо, дааватчылардын жагымсыз көрүнүштөрүнөн улам, көп адамдар Ислам дини ушундай таза эмес, жомоктордон турган сабатсыз дин турбайбы деп тетири карагандар да жок эмес.
Эми кепти дааватчылар өз борбору жайгашкан очогуна бурсак. "Таблиги жамааттын" борбору Пакистанда. Ал жактан окуп келгендер да жок эмес. Алардын илимий, дүйнө тааным деңгээли канчалык экендигин ар ким билет. Эми ошолор биз үлгү алаарлыктай "бирдеме" алып келиштиби? Дегеним, кыргыздар четке кага албагандай, өзүнө сиңирип кете тургандай, адамзатынын руханий өнүгүшүнө салымын кошо алгыдай таалимин сунушташтыбы? Жок, андай болбой, анын тетириси болууда, Пакистанда 150 миллиондон ашуун калк бар, Ислам өлкөсү аталат, а бирок ал жакта күндө жардыруу, киши өлтүрүү катталууда. Учурда талибандар менен канча күндөн бери согуш болууда. Анын айынан миллиондогон бейкүнөө адамдар да азап тартууда. А дегенде, ошолорго ислам таалимин жеткирип келсе, албетте алардын пайдалуу жактарын алат белек.
Дагы дин агенттигинин директору К. Осмоналиев: "Есть данные о том, что осенью 1999 года они устроили в столице Пакистана (г. Карачи) вербовочный пункт с целью набора и направления добровольцев - граждан Пакистана, афганских и таджикских беженцев - для участия в боевых действиях на Северном Кавказе на стороне незаконных бандформирований. Аналогичную работу проводил филиал организации в Боснии и Герцеговине…", - деп "АиФ" газетасында айтат.
Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясынын философия жана саясий-укуктук изилдөө институтунун "Гуманитарные проблемы современности" (жаш окумуштуулардын илимий эмгектери, 10-выпуск, Бишкек-2009) чыгарылышында Арабаев И. атындагы КГУ, ИИСПОнун Кыргызстан тарыхы жана этнология кафедрасынын доценти, тарых илимдеринин кандидаты Курбанова Н.У. өзүнүн "Проявление религиозного экстремизма в Узбекстане" аттуу илимий эмгегинде мындай жазат: "Ещё в 1989-г. в Намангане был создан филиал ташкентской партии "Ислом уйгониш хизби" (партия исламского возрождение), Т Юлдашевым И ДЖ. Ходжиевым, которые до этого являлись членами экстремистского общества "Таблих" (Таблиг Жамаати-Даават-Э.А).... "Ислом уйгониш хизби", "Товба", "Адолат", "Таблих" в Узбекстане провозгасили обүей задачей одну цель - создание теократического государства и установление "Исламских порядков". … Своей цели они хотели добиться путем проведения антиправительственных митингов и забастовок, пытались оказывать давление на власти"… "Таблих", "Ислам маркози" стали называть "ислам лашкарлари" (ислам желдеттери-Э.А.)…", - деп Т. Юлдашев таблихчи-дааватчы болгонун жана таблиг экстремисттик уюм экендигин жазат.
Мына "Таблиги Жамааттын" тарыхында, артында жана ичинде эмнелер гана жатканын аңдаңыз. Ал эми анын сырткы көрүнүшү, билим деңгээли кандай экендигин өзүңүздөр билесиздер. Ошондуктан, буларды көңүлгө албай койбосо болбойт…

Эрнест Абдрахман

Редакциядан: Андай эмес, мындай деген экинчи тараптын пикири болсо ММК мыйзамынын негизинде аларга да гезит бетинен орун берүүгө даярбыз





кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"
email • архив • редакция 
26-июнь, 2009-ж.:
1-бет
Суунун башы сулайман...
2-бет
"жалгыз көзүр" же Камбарата ГЭСин өзүбүз кура албай калдыкпы?
3-бет
Шайлоого 26 күн калды
4-бет
23- июль президенттик шайлоо күнү
5-бет
Исмаил Исаков:
"президенттин сөзү канчалык деңгээлде чындыкка жатат"

6-бет
Снова "ганси"
7-бет
Ала-Тоонун борборунда Манастын душмандары неге орун алды?
8-бет
ЭМНЕ ҮЧҮН АТАМБАЕВ?
9-бет
"Кыргызстан жалгыз тумар мойнумда, сенден башка мекеним жок дүйнөдө"
10-бет
Тажикстанда экс-министр өлдү
11-бет
Өзөктү өрттөп барат бир сезим, урпактардын келечеги көрүнбөй
12-бет
90 жаш Усубалиев
13-бет
ДААВАТЧЫЛАР же алардын артында кимдер турат?
14-бет
Жай. Күндүн пайдалуу, пайдасыз нурлары
16-бет
Шоу дүйнөсүндө










??.??