Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Пайдалуу кеңеш

Жай. Күндүн пайдалуу, пайдасыз нурлары
Айланага ошентип жай мезгилинин саратаны кирип келди. Эшикте да, саясатта да аптап. Экинчи аптапты эмес, биринчиси жөнүндө айтсак төмөнкү кеңештер жардамын берээр деген ой менен окурмандарга сунуштап отурабыз.

Күндүн нурун туура пайдаланып, тегиз күйгүңүз келсе...
Адатта, күн, аба, суу адам ден-соолугунун жардамчысы болуп, адамдын көңүлүн көтөрөт. Бирок, ар нерсенин чеги болот эмеспи, күнгө алгач кактанууга 5-10 мүнөттөн баштап, аз-аздан көнүгүү керек. Болбосо, инфра-кызыл нурга бай, куйкаланган күндө ысык уруп же күйүк пайда болушу мүмкүн. Ысык күндүн астында тери кургап жана бырышып кетет. Айрыкча жашы өтүп калган адамдар менен онкологиялык, жүрөк, гипортония ж.б. ооруларга чалдыккандарга күнгө көп кактанууга болбойт. Ал турмак коркунучсуз шишик аталган кал, мең, сөөлдөр күн нурунан чоңоюп кетиши мүмкүн, ошондуктан:
??көлгө түшүп чыккандан кийин сөзсүз таза сууга жуунуу керек, себеби суудан кийин эт тез күйөт;
??эгер этиңиз күйүп, ачыша баштаса, денеңиздин күйгөн жерлерин вазелин, айран, стрептомицин майы менен майлап же картөшкөнү жука тилип алып басат;
??ал эми тери кургап бырышып кетпес үчүн майлоочу бетмай сүйкөйт;
??көздүн тегерегинде "каз таманы" сымал бырыштар көбөйүп кетпеши үчүн, күндөн сактоочу көз айнек кийет;
Бул жерде эң негизги айта турган сөз - күндүн ысыгына оорусу барлар жана сепкилдүү териси жактуу адамдарга көп кактанууга болбойт.
Күнгө эттин тегиз, сыйрылбай күйгөнү жакшы жана эл ичинде анын эбин билбегендер да көп. Этти сулуу, тегиз күйгүзүүнүн натыйжалуу жолу күнгө күйүүгө чыкканда туздуу суу куюлган (1 литр сууга 1 аш кашык туз эсебинде) идиш, бетти жапканга жеткидей бир чарчы даки алып алуу керек. Күнгө күйүү үчүн чыгарылган "Хелиолон" бет майы керек, ал ультра кызгылт нурларды жакшы өткөрөт да, ысыкты болсо кармап калат. Бул айрыкча эти назик, бат күйүп кетүүчү адамдарга жакшы.
Пляжга келээр менен бетмайды этке тегиз сүйкөп чыгат. Мындан кийин жатып алып күйүүнүн ордуна бүт дене ачык болуп, күн нурун тегиз тийгизүү үчүн басып, чуркап, топ ойноп дегендей, дайыма кыймылда болгону түзүк. Денени болсо туздуу суу менен суулап, ал эми көлдүн жээгине болсо улам түшүп чыгуу керек.
Качан чарчаганда туздуу суу сиңирилген дакини бетке жаап, кумда бир аз жатуу керек. Ошентип, этке бетмай да сиңип, тегиз күйөт. Күнгө чыгаардын алдында бир аз туздуу нерсе жеп, лимон кошулган муздак чай ичип алуу абдан пайдалуу.
Жайкысын күндүн ысыгынан алсырап же өтө чарчап келгенде уктабаңыз
Күндүн ысыгынан алсырап же өтө чарчаган убакта күндүз уктабаганга аракет кылыңыз. Себеби, денеңизди жанчып салгандай болуп, кыйналып каласыз жана түнкү уйкуңуз бузулат. Уйкуңуз келип, алсырап жаткан мезгилде, спортто же медицинада эмгектенген адистер иштен чарчап кайткан адамдарга сергектенүү менен иш жөндөмдүүлүгүн арттырууну жөпжөнөкөй бирок, таасирдүү ыкмаларын сунуш этишет.
Күндүн ысыгында кайттыңыз дейли, дароо бөлмөнү желдетип, үйгө кийүүчү кийимдерди которуп кийиңиз. Колдоруңуз менен бир нече бошоңдотуучу кыймылдарды жасап келиңиз. Анан далыңыз менен түз жерге жатып, булчуңдарды бошоңдотуңуз да, дем алуу тереңдигин күчөтпөй, көзүңүздү жумуп, бир калыпта дем алыңыз. Дем алуу кыймылынын ритмикасын жөн эле саноо жолу менен жүргүзүңүз.
Мисалы: дем алуу 1-2, дем чыгаруу 1, 2, 3. Ушундай дем алуунун натыйжасында 5-19 мүнөт өткөндөн кийин, нерв системасында тормуздоо жүрүп, адам өзүн уйку-соо арасында сезет. Бирок, жүрөк кан тамыры, дем алуу, тамак сиңирүү системасынын активдүүлүгү басаңдап вегататив борборунда тормуздоо прцессинин башталганын айгинелейт. Бул процедура 20-30 мүнөт созулат. Ушундан кийин таза абага бир аз чыгып, анан душка түшүп алсаңыз, өзүңүздү активдүү жана сергек сезесиз. Мындай дем алуунун колдонгон адамдарга байкоо жүргүзгөндө баардыгы тең өзүн жакшы сезип, сергектенип, эмгекке жөндөмдүүлүгү жогорулап жана ден соолугу дагы чын болоору далилденген.

Чиркейлерден сактануу
Чиркейлер жай айларынын күн бүркөлүп турган учурларында, өзгөчө кечки салкында чагат. Ал эми токойлуу жана саздак жерлерде эртең менентен кечке чейин эле ызылдап жүрүшөт.
Чиркей негизи түтүндөн качат. Ошон үчүн турак-жайдын эшигинин алдына же отурган жердин айланасына бир нерсе жагып, түтөтүү менен алардан сактанууга болот.
Турак-жайлардын эшик, терезесине ар дайым жука кездеме, тор марлиден тагып койсо пайдалуу болот. Аларга ДЭТА, диметилфталат, индалон, реппелин-альфа дарылардан сээп койсо, чиркейлер таптакыр жолобойт. Бул дарылардын таасири болсо 7-10 күнгө чейин сакталат. Ал эми жашаган жайга кирип кеткен чиркейден кутулуу үчүн аэрозол баллонунда чыгарылуучу дихлофосту чачуу керек. (тамак-аш, гүлдөрдү жаап же чыгарып коюу менен).
Буга да болбой эле чиркей бөлмөдө көп болуп кетсе, аны жок кылыш үчүн жыгачтын чогуна кумшекер сээп же болбосо кактын сиропуна каныктырылып, кургатылган кагазды күйгүзүү керек жана катуу ысыган көмөчтанга канфораны сээп, бир аздан соң эшикти ачса, бир да чиркей калбайт.
Палаткалардын сыртынан жарым метрге чейин репеллент деп аталган суюктукту чачуу натыйжалуу болот. Эшиктин астын болсо, ушул суюктук менен тазалап туруу пайдалуу.
Чиркейлүү ачык талаага чыгарда бети-колго, дененин ачык жерлерине жана кийимге ДЭТА же чиркейге каршы чыгарылуучу башка бир суюктуктардан сүйкөнүп алуу жакшы жардам берет. Аларга каршы кийе турган атайын кийимдер да чыгарылат. Вазелинди эритип туруп, ага нафталин, одеколондон кошуп, аралаштырып, кийин акталбаган күн карама майынан кошуп туруп, дененин ачык жерлерин майлап алса дагы чиркей жолобойт. Ошондой эле онис майы да жарайт.

Бутка кам көрүү
Жайында көп учурда аркасы ачык бут кийимдерди кийишет. Ошондон улам согончогу кургап баштайт. Андан дагы жумуш убагы абада өтсө, согончок суу, чаң шамал таасиринен жарылып, жагымсыз ачыштырып оорушу мүмкүн. Ошондуктан бутту күн сайын жылуу сууда щетка менен самындап жууп, анан майлуу бетмайдан майлап, массаждайт. Ал эми жарылып кеткен жерлерди жогоркудай жуугандан кийин кургатып сүртүп, анан май ваннасын жасайт. (суу майды жылытып, кездемеге сиңирип алып басат), жарылып кеткен жерлерди алдын- ала 13%дуу водород перекиси менен иштетип алуу керек. Майланган, массаждалган бутка жатаарда жиптен токулган жука байпак кийип уктайт.
Бут тердүү жана шыбоолуу болсо, жуулгандан кийин уксустуу сууга (1л сууга 2 аш кашык уксус) салып ванна жасайт. Бут кийимдин ичин да ушул эритме менен сүртүп, байпакты бутту кургаткан түзүк.
Кээ бирөө шыбоону кетирет деп буттарын узак убакытка муздак сууга салышат. Бул туура эмес, мындан буттун кан тамырларына суук тийгизип алууга мүмкүн. Ыңгайлуу бут кийим менен модалуу бут кийимди салыштырып келгенде, биз дайыма модалуусун тандап алабыз. Бирок бийик такалуу ,ичке баштуу бут кийим бутту бат чарчатат. Көпчүлүгү жумушуна жараша майтамандуулукту, вена кан тамырынын кеңейишин, чор пайда кылып алышат.

Демек эмне кылуу керек?
Демек станокто, чач тарачта, дүкөн прилавкасында иштегендер (ж.б.у.с) жумуш ордуна келер замат, жолдо кийген бут кийимин дароо чечип ишине жараша жеңил, ыңгайлуу, ичи кургак бут кийим менен алмаштырып кийүүсү зарыл. Буттун өзүнө болсо такай кам көрүү керек. Бутту күнүгө жылуу же жылымык сууда жууп, сүлгү менен кургатып, бут үчүн чыгарылган атайын бетмайды сүйкөйт. Катуу, түктүү сүлгү менен согончок жана бармактардан өйдө карай тизеге чейин күчтүү кыймыл менен, ал эми тизе менен санды жеңилирээк кыймыл менен сүртүп массаждайт. Күнү бою бутта иштеген иште болсоңуз:- иштен кийин чарчаган бутту эс алдыруунун төмөнкүдөй жолдору бар: Бутту жалгыз (мякта) экстрактынын музу менен сүртөт же кескин өзгөрүүчү ванна жасайт, маселен бутту 5 мүнөт ысык сууга, 10 секунд муздак сууга алмак-салмак бир нече мертебе салуу керек.
Бут чарчагандан кийин дуулдай баштаса жалгыз, бузинанын аралашкан кайнатмасына салып, массаж жасаса, жакшы натыйжа берет. Ваннадан кийин "Эффект" аттуу бет май менен майлайт.
Согончок катып же жарыла баштаса, ар кеч соода ваннасын жасайт.
Согончок мүйүздөй катып кетсе эки күндө бир мертебе, бутту жуугандан кийин, согончок али ным кезинде самындап калың жаап, 5-10 мүнөт кармап, анан ремза менен сүртүп самындап жууйт.
Кургатып бетмай сүйкөйт. Тизенин териси катууланып кетсе, өсүмдүк майына апельсин же лимон маңызын кошуп (10:1), сүртөт да 20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп, майлуу бетмай сүйкөп коёт. Бут тердегенде күн сайын жатаарда төмөнкүдөй ванна жасаган пайдалуу: 50-100г эмен кабыгын 3-5л сууга кайнатып, жылымык кезинде бутту майлайт. Сууга туз же уксус кошуп ванна жасаса да болот. Ваннадан кийин кургата сүртүп, тальк сээп же буттун бетмайын сүртөт.
Чарчап, шишиген бутту муздак суу менен жууп кургатып, бетмай сүртүп, андан кийин жылаңайлак басып жүрүү жакшы. Деги эле жайкысын огороддо, сууга түшүүчү жайларда, үйдө, ысык кум, топуракта да жылаңайлак жүрүү пайдалуу.

Бетке пайда болгон сепкилди билдирбөө үчүн
Бетти жаңы уютулган айран менен жууган жакшы. Сүт кислотасы беттин өңүн агартат да, азыраак билинген сепкилдер байкалбай калат.
Лимон кислотасын пайдалануу да жакшы. 2-3 граммын жарым стакан сууга салып бетти жууйт.
Ширеси агартуучу касиетке ээ кулпунайды, кызылгатты, калинаны колдонсо болот. Помидор менен бадыраңды эзип, боткосун бетке сүртсө да жакшы натыйжасын берет. Каакымдын жалбырактарын эт майдалагычтан өткөзүп, ширесин сыгып алып, аны менен бетти 3-4 маал сүртүү керек.

Күбөгө каршы каражаттар
Бир эле күбө жыл бою 42 килограмм жүндөн токулган затты жеп кое алат экен. Ошондуктан жазында кышкы кийимдерди- айрыкча, жүн, тери буюмдарын күбө түшпөгөндөй күтүү зарыл. Анын үстүнө күбө дагы чымын сыяктуу өтө тездик менен көбөйөт. Ал жумурткалагандан кийин жазындасы 4-5 күндө ,кышында 3-4 жумада эле куртка айланып кетет.
Күбө көбүнчө, жел тийбеген, чаң баскан, караңгы бурчтарга байырлайт. Мына ошондуктан үйдөгү ошондой жерлерди калтырбай тазалап туруу зарыл. Баарынан да күбө курту майлуу тактарды жакшы көрөт, ошон үчүн сактоочу буюмдарды адегенде күнгө жайып, тагын кетирип, тазалап алуу керек.
Күбөнү жоюунун ар түрдүү жолдору бар. Кийимдин өзүн жана күбө үчүн ыңгайлуу болуп эсептелинүүчү жакасынын алдын колтуктарды, чөнтөктөрдү, дыкаттык менен тазалап, майдын тактарын кетирип алгандан кийин, кийимдин арасына нафталинди, тамекини, кир самынды жука чүпүрөккө ороп кийимдин аркасына коюп койсо, күбө түшпөйт. Кийим салган сандык же чемоданды кез-кез желдетип, ичине салган уулуу заттарды алмаштырып туруу керек.
Булардын тышкары, жаңгактын, шыбактын, сары чай чөптүн (зверебой), тамекинин жалбырактары дагы күбөнүн куртуна каршы күрөшүүгө жарайт.
Көпчүлүк адамдар күбөгө каршы уксусту ийгиликтүү колдонуп жүрүшөт, ал үчүн кызыл кирпичти абдан ысыстып туруп, ал баткандай идишке салат да күбө пайда болгон бурчка коюп, үстүнөн уксус себет. Уксустун буусу күбө куртун толугу менен жоготот.

Айнагүл Акунова
Дилбара Жанузакова
КМУнун журналистика факультетинин студенттери





кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"
email • архив • редакция 
26-июнь, 2009-ж.:
1-бет
Суунун башы сулайман...
2-бет
"жалгыз көзүр" же Камбарата ГЭСин өзүбүз кура албай калдыкпы?
3-бет
Шайлоого 26 күн калды
4-бет
23- июль президенттик шайлоо күнү
5-бет
Исмаил Исаков:
"президенттин сөзү канчалык деңгээлде чындыкка жатат"

6-бет
Снова "ганси"
7-бет
Ала-Тоонун борборунда Манастын душмандары неге орун алды?
8-бет
ЭМНЕ ҮЧҮН АТАМБАЕВ?
9-бет
"Кыргызстан жалгыз тумар мойнумда, сенден башка мекеним жок дүйнөдө"
10-бет
Тажикстанда экс-министр өлдү
11-бет
Өзөктү өрттөп барат бир сезим, урпактардын келечеги көрүнбөй
12-бет
90 жаш Усубалиев
13-бет
ДААВАТЧЫЛАР же алардын артында кимдер турат?
14-бет
Жай. Күндүн пайдалуу, пайдасыз нурлары
16-бет
Шоу дүйнөсүндө










??.??