Шоу дүйнөсүндө

"Жылдыздар манежде" жыйынтыкталды
Анжелика жеңди
20-июнда "Жылдыздар манежде" долбоору болуп өттү. Өз өнөрлөрүн көргөзүп, жыйынтыктоочу турга чейин жеткен катышуучу жана машыктыруучу цирк өнөрпоздоруна атайын дипломдор ыйгарылды. Ошону менен бирге акчалай да сыйлыктарга ээ болушту. Айдай сулуу кызыбыз Анжелика "Жылдыздар манежде" долбоорунун жыйынтыктоочу турунда өз таланты менен баш байгенин ээси болуп, 100 000 сом акчалай сыйлыкты бөктөрүндү. Ошондой эле Маданият министрлигинин "Цирк ханышасы" алтын таажысы менен сыйланды. Анжелика марттык кылып, уткан акчасын катышуучуларга таратып, ашканын карылар үйү жана балдар үйүнө берээрин айтты. Куудул өнөрү менен элге таанылган Назира Жетигенова "Маданий иш-чараларды уюштурууга активдүү катышкандыгы үчүн" ИИМдин Ардак граммотасы жана 50 000 сом менен акчалай сыйланды.Жанета Бобкованын өнөрүн баалаган Туризм агенттигинин директору Турусбек Мамашев бириккен Араб эмиратына жолдомо ыйгарды. Ошондой эле Жанетанын жолдошу Денис Бобков автоунаа белек кылды. Жанета Бобкова 2-орунду ээлеп, 30 000 сом алды. Дагы бир катышуучу Аскатты күйөрмандары шатыраган кол чабуулар, кыйкырык-сүрөөн менен тосуп алды. Элдер Аскаттын өнөрүн баалап, толкунданып карап олтурушту. "Таразадай тактыкты" койгон калыстар тобуна зал ичиндеги элдер нараазы болушуп, бир топко чейин ызы-чуу салып колдоруна ичип отурган бөтөлкөлөрүн манежге карай ыргытышты. Аскат Эрбаев 3-орундун ээси болуп, 20 000миң сом менен сыйланды. Назик Исраилова ат жалында ойноп, аркы бетинен берки бетине бир өтүп, элди таң калтырды. Калыстар тобунун мүчөсү М.Тажиев мактап айтып бүталбай жатты. "Байтик-Ата" спорттук коому Назик дайыма канаты менен жүрсүн деп тулпар белек кылды. 141 упайды топтошу менен 2-орундун ээси 10 000 сом менен сыйланды. Назгүл Насиева 138 упай менен 10 000 сом акчалай сыйлыкка ээ болду. Эрмек Маматов да кур калбай 10 000 сом менен сыйланып, күйөрмандарынын кучак толо гүлүн алды. Адил Кайыпов көз боемчулук өнөрүн тартуулап, ал да 10 000 сомго ээ болду. Роза Азимбекова да 131 упай менен 10 000 сом акча сыйлыгына ээ болду.