Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Ак чүч!

"жалгыз көзүр" же Камбарата ГЭСин өзүбүз кура албай калдыкпы?
Өткөн жумада интернет булактарында Камбарата-2 ГЭСин мамлекеттин курууга кудурети жетпейт деген кабар пайда болду. Ал кабарды угуп, оозубуз Ошту эмес, Акүйдү карап калды. Ошентсе да ишенип, ишенбей адегенде К.Бакиевдин президенттик шайлоонун алдындагы пияр акцияда негизги картасы катары колдонулуп, "Биринчи улуттук долбоор", "Өз күчүбүз менен курабыз!" деген шайлоо кампаниясындагы шатыра шатман түшүп жаткан "көзүрүн" дагы кайсы "акылдуу" чиновник кыйратты деген ой келди. Эгер мунун баары чын болгон күндө да, минтип эшикте "бороон болуп" жатканда, антип кура албай калган күндө да, ал жөнүндө айтпай кое туруу керек эле го. Кур дегенде шайлоо бүткөнчө. Анда эмне, бул чиновниктердин Бакиевге каршы атайылап жасаган диверсиясыбы? Же башка себеби барбы? Муну айтканым, буга чейин "биз кылым курулушун куруп жатабыз. Аны өз күчүбүз менен курабыз. Эски бийлик анте алган эмес" деген сыяктуу "барабан" кагып жаткан мамлекеттик бийликтин айтканы калп болуп жатышы азыркы ажого деле аброй алып келбейт го. Бул эки жерде эки төрт дегендей эле кеп. (Эски бийлик демекчи, убагында Камбарата ГЭСин алгач түптөөдө ошол фундаментке Акаев алтын саатын чечип калтырган деп айтылып келет эл оозунда). Айрыкча аны өзүбүз кура албай калдык деген дал ушул маселенин шайлоо алдында калкып чыгышы бийликтин абалын оордотуп, керек болсо коомчулук алдында президентти жалганчы катары көрсөтөрү турган иш.
Ошентип, арадан 24 саат өтпөй Камбарата-2 маселесинин айланасында интернет булактарында жогоркудай маалымат кайрадан пайда болду. Ал маалыматтын мазмунун сыгып алсак мындай: Мамлекеттин каражаты менен курулуп жаткан Камбарата-2 эми акционердик коомго айландырылмак болуптур. Себеби, каражат тартыш болуп, өзүбүз кура албай турган соң, менчик колго өткөрүү керек экен. Анан инвестиция тартууга жол ачылат имиш. Муну эгер түптүз түшүнсөк, "прихватизациянын мастерлери" бул ГЭСке куюлган бюджеттин акчаларына жаңы ээлик кылуучуларды таап берип, натыйжада эл адатынча алданып калышы мүмкүн эмей эмне. А мындай учурда "эгерде менчиктештирип кетүү максаты болсо башынан эле менчик ээлеринин күчү менен курбай, эмне үчүн элди алдап, мамлекеттин акчасын салдык?" деген суроо да туулбай койбойт. Бул жөнүндө азыр ошол эле саясий серепчилер арасында түркүн-түстүү айтылган айың кептерге кулак төшөсөң, алардан шайлоонун чатакка айланып кетишинен чочуркаган үй-бүлөгө жакын күчтөр шашмалык кылып, ажонун карьерасын да тобокелге салып жибергенсигенби деген имиштерди угуп, эмне болуп кеткенине ишенбей да кетет экенсиң. Ушул эле "укмуш жүрүштөргө" андан ары үңүлүп көрсөң, суу энергетикасынын перспективасына көз арткан тараптар кандай жол менен болсо да бул "алтын жумуртка туучу мекиянды" эл аралык, чет элдик өнөктөштөрдүн аты менен кайра ала алгыс кылып басып алууну көздөп жатышкан сыяктуу. Ушундайбы же андай эмеспи, бирок, "суу башында Сулайман" болгусу келген шум топ дейбизби аталган маселени парламентке алып чыгышты. "Чү!" дегенде эле Жогорку Кеңештин Отун энергетика жана жер байлыктары боюнча комитетинин өткөн шейшемби күнкү жыйынында Энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары Акылбек Түмөнбаев чет жактан инвестор тартмайынча Камбарата-2нин курулушу аягына чыкпаарын божурап кирсе болобу. Замминистр андан аркы сөзүндө Камбаратаны акционердик коомго да айлантып жиберди. Анын ошол "акылдуу" маалыматында андай ишкананы түзүүчүлөр катары "Электр станциялар" ААКсы жана кыргыз өкмөтү эсептелет экен. Ишкананын уставдык капиталы 3млрд. 285 сомду түзүп, анын ичинен 2млрд. 950 сому республикалык бюджеттен, калган бөлүгү курулушка чегерилген двиденттердин мамлекеттик үлүшүнүн эсебинен берилет имиш. Кыйын болсоң түшүнүп ал. Муну Баратбай Аракеевдин тили менен айтканда "накта гарнир" десек болот. Бирок, бул туурасында акыл чөйчөгүндө дарамети бар айрым А.Арабаев сыяктуу "акжолчулар" мындай аракеттин ажого зыяны тиерин сезиппи, зам министрге "самминистр" өзү келсин маанайында аткес кылышты. Тигилер маселени кайрадан көтөрүп, Жогорку Кеңештен кагуу жеп, ойлогондору оңуна чыкпай калышкандары кызык болду.
"Башкаруучу партиянын" мындай чечкиндүү позициясы "кожоюндары" менен коомчулуктун, ал тургай "акжолчулардын" өздөрүнүн да ооздорун ачтырып, таң калтырды окшойт. Бул неси, "акжолчулар" баарибир күзүндө парламент тарайт. Кур дегенде ушул жолу абийирибизди сактап калалы дешкениби? Же жогорку жорук, жетекчиси К.Бакиевдин шайлоо өнөктүгүнө терс таасирин тийгизерин сезгенден улам жасалган аракеттериби?
Айтор, азырынча "алып жутаарлардын" акционерлештирүү аракети өткөн жок.
Мындан аркы жагы кандай болот? Кокус Камбарата ГЭСинин менчиктештирүү аракеттери токтобостон улантылса, анда мунун артында эч нерсени көзгө илбей турган күчтөрдүн тургандыгын билдирет. Андыктан Камбарата менчиктелсе, ага ким ээ болгону коомчулукка табышмак деле болбойт окшойт. Себеби, бүгүнкү Кыргызстанда баарын күтсө болот.

Нурдин Асанов




  "Алымкан" саясатта

"Ганси" кетпейт
Оо, убагында, убагында деп коебуз, эки ай мурун эле катуу күпүлдөгөнбүз. Өлкө башчысы К. Бакиев Бишкектен эмес, Москвадан "Ганси" аба базасы Кыргызстандан чыгарылат дегенде. Ошол эле замат Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров "это ,гордость" деген эле. Анан, аны азыркы парламентибиз да тездик менен кабыл алып, Ак үйдө да, Көк үйдө да, ал тургай Кремльде да "Ганси, кетсин!" эле болуп калган. Ошондой "эрдигибиз" үчүнбү, Оруссиядан олчойгон акча бөлүндү. Ошентип ,18- августта Сэм байкелер келген жагына кетмек болушту. Өлкө жетекчиси менен өлкө мыйзамынын кебине таянсак ушундай болмок.
Бирок, ортодо Кыргызстанды "пайдаланып", Оруссия АКШ менен "соодалашып", олчойгон жумушун бүтүрүп алыштыбы же башка себептер таасир эттиби, өлкөбүз биринчи позициябыздан экинчисине секирип, өзүбүздө эле эмес, тышкы саясатта да эл аралык коомчулуктун оозун ачырып, 22-июнда "кетет" деген тарап менен жаңы келишимге кол коюп салдык. Аны азыр бийлик ар түрдүү боектор менен түшүндүрүүдө. Кыскасы, ортосунан оюп айтканда, "Ганси" калды, транзиттик-логистикалык база деп дипломатиялык өзгөрүү жасамыш эткен ат менен.






кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"
email • архив • редакция 
26-июнь, 2009-ж.:
1-бет
Суунун башы сулайман...
2-бет
"жалгыз көзүр" же Камбарата ГЭСин өзүбүз кура албай калдыкпы?
3-бет
Шайлоого 26 күн калды
4-бет
23- июль президенттик шайлоо күнү
5-бет
Исмаил Исаков:
"президенттин сөзү канчалык деңгээлде чындыкка жатат"

6-бет
Снова "ганси"
7-бет
Ала-Тоонун борборунда Манастын душмандары неге орун алды?
8-бет
ЭМНЕ ҮЧҮН АТАМБАЕВ?
9-бет
"Кыргызстан жалгыз тумар мойнумда, сенден башка мекеним жок дүйнөдө"
10-бет
Тажикстанда экс-министр өлдү
11-бет
Өзөктү өрттөп барат бир сезим, урпактардын келечеги көрүнбөй
12-бет
90 жаш Усубалиев
13-бет
ДААВАТЧЫЛАР же алардын артында кимдер турат?
14-бет
Жай. Күндүн пайдалуу, пайдасыз нурлары
16-бет
Шоу дүйнөсүндө










??.??