Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Шайлоого 26 күн калды

"Азаттык" үналгысынан
БЭКтин талапкери өзүнүн коопсуздугуна коркунуч бар экенин белгиледи
Президенттик шайлоого аттанган Кыргызстандын Бириккен оппозициясынын талапкери А.Атамбаев өлкөнүн Ош областында шайлоочулары менен жолугушуу маалында өзүнүн коопсуздугуна коркунуч бар экенин баса белгилеп, үй-бүлөсүн алыска, коопсуз жакка жөнөткөндүгүн айтып, өзү жөнүндө "23-июлга жетемби- жетпеймби, айтуу кыйын" деп билдирди.
Мындан тышкары Алмазбек Атамбаев депутат Руслан Шабатоевдин тирүү эместигин, ал эбак криминалдашкан бийликтин курмандыгына чалынгандыгын, о.э. Жогорку Кеңештин депутатын ким өлтүргөндүгүн билишээрин аныктады. Ага улай парламенттин өкүлү Жусупжан Жээнбековго уулунун дайынсыз жоголгондугунун оор болгондугун белгилеп, бирок, партиялашы эки жээкте чарпылгандыгы, принципсиздиги жана туруксуздугу үчүн мандатынан ажырагандыгын маалымдады.
Р.S. Ж.Жээнбеков Жогорку Кеңештеги социал-демократтар партиясынан депутат болуп шайланып, кайра мандатын өткөргөн үчүнчү депутат. Биринчиси болуп партиянын дагы бир мүчөсү Ө.Бабанов бийликке кеткени анын досу Р.Ирсалиев депутаттык мандатын да, партиясын да таштаган. Экинчиси, ММКлар жазгандай, оор, чечүүчү мезгилде депутаттык мандатын таштай качып, эртеси анысын Токтогулдагы Чычкан капчыгайында шаан-шөкөт өткөрүп, "Акжол" партиясынын депутаттары менен белгилеген Осмонбек Артыкбаев болгон.




Шайлоо барагынан
Эл добушун коргоо үчүн 100 миң киши чыгат
Азыр өкмөттүк маалымат каражаттарынын маалыматтарына жана бийлик чиновниктеринин эл алдында күпүлдөгөн сөздөрүнө таянсак, шайлоо шайма-шай калыс, "таптаза" өтчүдөй түр көрүнөт. Бирок, ошол эле учурда айтылгандарды турмуш чындыгында карай турган болсоң, таптакыр башка картина. Мисалыбы? Мисалы, учурда Кыргызстандын бардык булуң-бурчунда бир гана талапкерге шарт түзүлүп, ал эми өзгөчө оппозициянын атынан көрсөтүлгөн талапкерге өтө эле ашыкча "дүжүрлөнүү" менен жасалган бут тосуулар бардык жерде кайталанууда. Ал тургай бийлик жасакерлери конституцияда бакыйып көрсөтүлгөн кол тийбестик укугуна да кол салышып, карапайым эл эмес, эл депутатына да кол көтөргөндөр болду.
Таласта эл менен жолугушууга баратса, Ажого ачык, ак сурообузду беребиз деген 28 адамды эч себепсиз камап салышты. Ушул сыяктуу фактылар күн өткөн сайын көбөйүүдө. Демек, мындай учурда калыс, таза шайлоо жөнүндө элестетүү да мүмкүн эместей.
Ушул өңүттөрдөн уламбы өлкөнүн Бириккен оппозициясынын атынан көрсөтүлгөн талапкер Алмаз Атамбаев Жалал-Абад жана Ош облусунун шайлооочулары менен жолугушууда: 23-июль күнү шайлоо бюллетендерин саноо үчүн 100 миң адамды алып чыгаарын билдирди.

Эгер жаңылбасак республика боюнча 2284 шайлоо участкасы бар. Биринде аз, биринде көп. Демек, ар бир шайлоо урнасын ал күнү канча киши кайтарып тураарын эсептеп көрүңүзчү. Бали!




Вот это, компот
"Атамбаев готов выписать премию Иссыкульским чиновникам"
Жакында эле, 31- майда, Ысык-Көлдө Бириккен Элдик Кыймыл эл менен жолугушуп, алдыдагы келе жаткан шайлоону таза калыс өткөзүү тууралуу талкуу уюштуралы десе, бийлик каршы чыгып, элди кысмакка алып, конституциялык укуктарын бузуп, чогулуш өткөрүүгө тыюу салып, сөз эркиндигин, адам укуктарын басмырлап, четинен камап, коркутуп үркүтүү жолуна түштү.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ашыкча жагынууга өтүп, ата бабадан бери келе жаткан каада-салтты бузуп, башка региондордон курултайга келген меймандарды конок тосуп жаткан үйлөрдөн кубалап чыгып, милийсалар "крыша" болгон ажаан катындар, арсыз мас зөөкүрлөр менен криминалдардын кошундусуна талатып, "үч уктаса түшкө кирбей турган" жорук жасашты. Бул жөнүндө азыр бүтүн Кыргызстанга тарап, унутулгус айың- кепке айланып кетти.
Натыйжасында облустун бетине көө жабылып, эч нерсеге тиешеси жок карапайым көлдүн эли жалпы кыргызга жаманатты болуп отурат. "Бөрк ал десе баш алган" жергиликтүү бийлик кызмат ордун сактап калыш үчүн ушундай ыпыластыкка барып, ата-бабадан бери келе жаткан каада-салтка шек келтирип, өздөрү эле эмес, жалпы бир өрөөндүн элин жер каратты. Өкүнүчтүүсү Ысык-Көлдөгүдөй жорукту "бөрк ал десе баш алгандар" баардык региондордо колдонуп жатат. Буга, генерал Исмаил Исаков Алайда маркумдарга куран окутуп жатса, батага келген адамдарды кафеден кууп чыгып, астырган казанындагы тамагын төктүрүшсө, түштүктө оппозиция өкүлдөрүн коноктоп жаткан Анвар Артыковдун үйүнө кирип келишип, конокторуңду үйүңдөн чыгар деп чатак салган жоруктары далил.
Баса айтмакчы, Ысык-Көлдөгү чатактан бир жума өтпөй К.Бакиев Көлгө барса, ал жерде аны баягы эле Түптө, Аксууда салтты көзгө илбей, конокторду үйдөн кубалаган мас катындар менен провакаторлор, салт бузган маңкурттар көлдүн кадырлуу адамдарынын ролун ойноп "дүжүрлөнүп", президентти тегеректеп жанында жүрүштү. Ал жолугушууну КТР кайра- кайра көрсөтүп, аны көргөн эл кыжырданып, натыйжасында президент жек көрүндү болду. Баарыдан да Курманбек Салиевич алар менен чогуу конок кубалашып жаман атты болсо бир жөн. Алардын ким экенин ал кайдан билет? Кылган иштери үчүн беттери кызаруу ойлоруна кирип чыкпаган жергиликтүү чиновниктер кыйратып салдык маанайында корстон болуп, бийликтен сый ургал күтүп отурушкан "маңкурттарды" президент менен жоро-бозодогудай аралаштырып салышпадыбы, түгөттүкү.
Көлдө эле эмес, дегеле дээрлик баардык жердеги жергиликтүү чиновниктер бийликти колдойбуз деп, кылган иштери тетирисинче Бакиевдин абийирине доо кетирип, аны элге жек көрүндү кылып жатат. Же андай эмеспи?
"Дүжүрлөрдүн" ашыкча аракетинен оппозицияга эле утуш болду. Ошондон уламбы, чын- төгүнүн аныктай албадык, ошондой бекер "пиар" үчүн Атамбаев Көл чиновниктерине "премия" берет экен деген сөз тарады....

Темирбек Муктаров




  Ак теректен, көк терек

Кайран "генералым"
Баарыбыздын эсибизде, 2007-жыл, апрель митинги. Анда Ф. Кулов "Бириккен фронтту" түзүп, митингге саналуу күндөр калганда "Бакиев жакында бийликтен кетет" деген билдирүүсүн жасап, ал тургай ал күндүн датасын да божурап салган эле. Анан, чоң үмүт менен карапайым эл ага ишенип, аны колдоп көчөгө чыккан. Өлкөдө ошондо түндүк-түштүк маселеси өтө курчуп, Кыргызстан граждандык согуш отунун тутанып кетүүсүнө чейин жетип калган эле. Бирок,"элдик" деген генерал аягында "бункеринде" бугуп жатып алып, күнөөсүз эл болсо бийлик тарабынан аянттан куулуп, Куловго ишенип боз үйлөрүн көтөрүп келип тиккен көпчүлүк күнөөгө батып, карапайым эл ошол митингдин күнөөкөрлөрү аталып, айрымдары кесилип, ал эми Кулов баш болгон "эркечтер" бийликтен сый ургал алып, анын жан жөкөрлөрү да кызмат алып, бүгүнкү күндө да иштеп жүрөт. Натыйжада 2007- жылдын апрель митинги кыргыз тарыхында оппозициянын ойрон болушу, сатылчулардын сатылган мезгили катары, эл ишениминен кеткен күн болуп жазылып калды. Андан бери көп деле мезгил өтпөй кимдин ким экенин көрсөттү. Балким, бул дагы эгемендүү кыргыз мамлекети үчүн керектүү, тагдыр сыноосу болгондур. Бул эми өткөн күн болсун.

Баса, 19-июнь күнү, Бишкекте "Ар Намыс" партиясынын кезектеги курултайы болуп өттү. "Ар Намыс" алдыдагы шайлоодо К. Бакиевдин талапкерлигин колдоорун билдирди. Кимди ким колдойт, албетте бул ар кимдин өз эрки деңизчи. Бирок, эмне үчүн "Ар намыс" Бакиевди колдоду? Суроого ошол эле курултайда жооп алынды. Анда Ф. Кулов өз сөзүндө, али өлө элек аюнун терисин соодалашкан арсыз мергенчи сымал күзүндөгү парламенттик шайлоодо "Ар Намыс" партиясы да керектүү мандаттарга ээ болоорун жар салды. Ат тезегин кургатпай, ошол эле замат саясий серепчилер "бул колдоо- парламенттик мандат үчүн соодалашуу" деген пикирлерин айтып чыгышты. Эң аянычтуусу "элдик" деген генералдын карапайым элдин арасында кадыр-баркы ушунчалык түшүп, бир кезде аны колдогон ошол элден эмес, бийликтен колдоо күтүп калганы аянычтуу.
Казактардын "Кыз Жибек" деген фильми бар. Ошондо казактын карт бөрү баатыры Бекежан Жибектин сүйүүсүнө арзый албай, аны арам жол менен өзүнө кайрып алгысы келип, бүгүн-эртең баш кошуу алдында турган казактын дагы бир жаш баатыры Төлөгөнгө: "Жибегиң сени күтүп жатат, жөнө"деп алдап узатып, артынан атып түшүрөт. Ошондо Төлөгөндүн төшүнөн артынан сайылган жаанын жебеси чыгып баратканда, мыскылдуу карап турган Бекежанга минтип айткан жери бар: "Кайран гана казагым, кылаар жакшылыгың ушул беле?"деп.
Анын сыңарындай кайран генералым ,саясаттагы болгон дараметиң ушул беле?
Капар Асылов
Бишкек шаары





кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"
email • архив • редакция 
26-июнь, 2009-ж.:
1-бет
Суунун башы сулайман...
2-бет
"жалгыз көзүр" же Камбарата ГЭСин өзүбүз кура албай калдыкпы?
3-бет
Шайлоого 26 күн калды
4-бет
23- июль президенттик шайлоо күнү
5-бет
Исмаил Исаков:
"президенттин сөзү канчалык деңгээлде чындыкка жатат"

6-бет
Снова "ганси"
7-бет
Ала-Тоонун борборунда Манастын душмандары неге орун алды?
8-бет
ЭМНЕ ҮЧҮН АТАМБАЕВ?
9-бет
"Кыргызстан жалгыз тумар мойнумда, сенден башка мекеним жок дүйнөдө"
10-бет
Тажикстанда экс-министр өлдү
11-бет
Өзөктү өрттөп барат бир сезим, урпактардын келечеги көрүнбөй
12-бет
90 жаш Усубалиев
13-бет
ДААВАТЧЫЛАР же алардын артында кимдер турат?
14-бет
Жай. Күндүн пайдалуу, пайдасыз нурлары
16-бет
Шоу дүйнөсүндө










??.??