Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

23- июль президенттик шайлоо күнү
Бириңерден бириң эр...
Өткөн аптанын этегинде талапкерлердин мамлекеттик теле жана радиосунда дебаттары жана элге жеке кайрылуулары аныкталды.

БШКнын чүчүкулак кармоо ыкмасы аркылуу төмөнкүчө бөлүндү:

УТРКда теледебат тартиби:
14-июль:
Курманбек Бакиев-
Токтайым Үмөталиева
15-июль:
Алмазбек Атамбаев-
Темир Сариев
(Ал эми Ж. Назаралиев- Н. Мотуев дебаты болбой калды. Анын себеби Ж. Назаралиев "Менин Нурланга бере турган суроом жок"- деп, баш тарканын БШК билдирди")

Радиодо:
8-июль:
Жеңишбек Назаралиев-
Токтайым Үмөталиева
9-июль:
Курманбек Бакиев-
Нурлан Мотуев
10- июль:
Алмазбек Атамбаев -
Темир Сариев

УТРКда жеке кайрылуу менен:
30- июнь Токтайым Үмөталиева
1-июль Жеңишбек Назаралиев
2-июль Темир Сариев
3-июль Алмазбек Атамбаев
6-июль Курманбек Бакиев

Радиодо
29-июнь Жеңишбек Назаралиев
30-июнь Курманбек Бакиев
3-июль Темир Сариев
6-июль Алмазбек Атамбаев




Бир бүркүм
АКШ базасын чыгаруу кыймылы Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдойт
"Америкалык аскерий базаны Кыргызстандан чыгаруу" кыймылынын координациялык кеңеши бүгүн парламент депутаттарына транзиттик борбор түзүү келишими жөнүндө мыйзам долбоорун колдобоону өтүнгөн кайрылуу таратышат. Кайрылууда "Бул жаңы келишим - АКШнын көз боёмочулугу. Алар Кыргызстандын атуулун өлтүргөн өздөрүнүн жоокерин дагы эле жазалай элек. Америкалыктар Борбор Азиядагы мамлекеттерди коркутуу максатында Пакистан менен Ооганстандагы кырдаал-ды атайын курчутуп жиберди"-деп билдирди аталган кыймылдын мүчөсү "Сергей Радонежский жана Айкөл Манас" корунун башчысы Игорь Трофимов.

Талапкерлер шайлоочулар менен жолугушууда
Президенттикке Бириккен элдик кыймылдын бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаев бүгүн Ноокат районунда шайлоочулар менен жолугушуп, андан ары Баткен жергесине сапар тартышы күтүлүүдө. Ал эми "Акшумкардан" президенттикке талапкер Темир Сариев Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жана Каракол шаарында жолугушууларды өткөрөт. Талапкер Курманбек Бакиев болсо кечээ Чүй облусунун Ысык-Ата, Кемин, Аламүдүн райондорунда жана Кант, Токмок шаарларында шайлоочулар менен жолугушту.

C. Аргынбаев, Э. Бөлөкбаев жана
У. Рыскуловдун жердештери Президентке кайрылуу жолдошту

Нургүл Аргынбаеванын маалыматына караганда, Петровкадагы башаламандыктын уюштуруучулары катары камакка алынгандардын жердештери Президентке жана Акыйкатчыга кайрылуу жолдошту. Кайрылууда саясатчы Эркин Бөлөкбаев жана жергиликтүү лидерлер Сапар Аргынбаев менен Уран Рыскуловго саясий куугунтук жасалып, ал эми алардын туугандарына жергиликтүү бийлик тарабынан кысым көрсөтүлүп жатканы жазылган. Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 26-апрель күнү Петровка айылында төрт жашар кыздын зордукталышына байланыштуу башаламандык орун алган. Аталган окуянын негизги уюштуруучулары катары саясатчы Эркин Бөлөкбаев, "Болуш" бирикмесинин башчысы Сапар Аргынбаев жана жергиликтүү лидер Уран Рыскулов камакка алынган.



Темирбек Кошоев акыркы сапарга узатылды
Белгилүү мамлекеттик, саясий жана коомдук ишмер Темирбек Кошоев 1931-жылы Кемин районунда туулган. 30 жыл боюнча мамлекеттик жана партиялык кызматтарда болуп, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин төрагасы кызматына чейин жеткен. Темирбек Кошоев менен коштошуу бүгүн Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өттү.

"Айгай" гезитинин жамааты да маркумдун туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.




  Окурман сөз сурайт

Бакиев накта президентпи?
Үгүт насаат иштери башталганы КТРдин программасында "Шайлоо 2009" деген атайын үгүт ишине арналган телероликтер көрсөтүлө баштады. Албетте, бул мыйзам чегиндеги иш. Бирок, менин айтайын дегеним такыр башка. Мен Бакиевдин күйөрманы болбосом да өлкөбүздүн президенти экенин тана албайм. Айтайын дегеним аны кимдир бирөөлөр же ошол эле айланасындагылар атайылап кадыр баркын төмөндөтүп жаткандай туюм пайда болчу болду менде. Же президентти үндөп, сүрөп жаткан политехнологдорунун болгон деңгээли ошолбу? Күйгөнүм бул, КТРден ошол "Шайлоо 2009" көрсөтүлө баштаганда төртүнчү класста окуган неберем айтып атпайбы мага, "Чоң эне, азыр цирк клоундарынын оюнундай болгон реклама кетсе ал- Бакиевдики"дейт. Жаман боло түштүм. Ошондон улам чындап эле үгүт иштериндеги башка талапкердин да роликтерин кунт коюу менен көрө баштадым. Анан аларды салыштырып, өз көзүм менен көргөн соң неберемдикиндей ой мага келди.
Эми карап көрүңүз, ошол "Бакиев биздин президент" деген роликте солдаттын шапкесин кийип алып балага укол саят, анан да эми бир укол " калды дейт. Дегеле психологиялык түшүнүктө "укол" деген сөздүн өзү аң сезимге жылуу нерсе тартуулабайт. Анан ошол каарман аскер шапкесин чечип, өрт өчүргүчтүкүн киет, текченин жанында дагы бир итпи, аюбу кайсы бир жаныбардын маскасы турат. Логика боюнча каарман аны да киет окшойт. Анан барып, "Бакиев биздин президент" деп коет. Ушундай да пас реклама болобу?
Дагы бири шаар караңгы. Көп кабат үй. Бөлмөнүн жарыгын кичинекей бала күйгүзсө, бөлмө ичинде толтура балдар шапар тээп киришет. Анан да берки бөлмөдөн ата менен эне окшобойбу, алар да "Бакиев биздин президент" деп коет. Менимче бул жерде үгүт эмес, тарбиялык касиет да көрүнбөйт.
Түн ичинде анча бала ал үйдө эмне кылып жүрүшөт? Эгерде кичинекей бала жарыкты күйгүзбөсө эмне болот эле?
Дагы бири дыйкан, механизатор болобу, элет эли эч качан цирк маскарапозуна окшобойт. Жүрүм-туруму да алардыкындай эмес. Ага болбой эле неберем айткандай кудум цирк аренасында жүргөн "клоундардай" боенгон үч жигит пайда болот да, көп өтпөй адыраңдаган трактирлер жарышып жөнөйт. Ал жерде да "Бакиев биздин президент" деп коет. Бул неси? Балким мен түшүнбөй жатат окшойм десем, кошуналарым да ушул пикирди айтат. Туура эмес айтсам, сөзүмдү кайра алам. Бирок ,менин пикиримде президент жөнүндө салмактуу, Ала-Тоо, Ысык-Көл, Сулайман Тоо, Манас Атанын күмбөзү дейбизби ошолордун фонунда же социалдык, маданий, экономикалык маселелер жөнүндө камтылган роликтер даярдалса болмок. Ушулардын баарын көрүп туруп, менде ой пайда болот. Б. Назаралиев жазгандай президент айланасына кимдерди топтоп алган? Эч түшүнүксүз. Балким, ал роликтердин мазмуну андай эмес, мындай деп ММКлар аркылуу ошол политехнологдор түшүндүрүп берээр.

Салима Бакасова,
Эмгек ардагери, мугалим, Бишкек шаары




  Маалымат айдыңында

"Ачык саясат" колдон-колго өтүп, "Учур" жабылабы?
24-июнь күнү Бишкек шаардык сотунда "Учур", "Ачык саясат" гезиттеринин иши каралды. "Учур" гезитин 3 млн. сомго жыккан биринчи инстанциядагы "адилетсиз" чечимди шаардык сот күчүндө калтырып, гезиттин апеляциялык арызы канааттандырылган жок. "Учурчулардын" албетте, бир жыл ичинде Жогорку сотко кайрылууга укугу бар. Ал эми мыйзамга ылайык, өкүм экинчи инстанцияда кабыл алынганына байланыштуу күчүнө кирээрин эске алсак, гезит чыкпай калуу коркунучунда.
Ал эми "Ачык саясат" гезитинин жаңы редактору Рыскелди Момбековдун Бишкек райондор аралык экономикалык сотунун аныктамасын жокко чыгаруу боюнча апеляциялык арызын караган Бишкек шаардык соту Р. Момбековдун арызын канагаттандырбай, биринчи инстанциянын аныктамасын күчүндө калтырды. Эсиңиздерде болсо, биринчи соттун аныктамасы мурунку редактор Бабырбек Жээнбековдун доосун гезит ээсинин Бабырбековду кызматтан алып, Момбековду редакторлукка дайындаган буйруктарды жокко чыгарып, Бабырбеков менен гезит ээсинин үч жылга түзүлгөн келишимин жарактуу деп тапкан. Ошондой эле Жээнбековдун гезит ээси менен келишиминен чыккан карама-каршылыктар боюнча доосу сотто каралып, чечим чыгарылганга чейин гезит ээси менен жаңы редакторго Бабырбек Жээнбековдун редакторлук милдетин аткаруусуна кийлигишип, тоскоолдук кылуусуна да тыюу салган эле. Эми ал аныктаманы экинчи инстанция күчүндө калтырганына байланыштуу гезитти чыгаруу укугу кайрадан Бабырбек Жээнбековго өттү десек да болот. Ал эми иш жүзүндө "Ачык саясат" кимдин аты менен чыгат, аны гезит жарык көргөндө көрө жатаарбыз.

Темирбек МУКТАРОВ





кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"
email • архив • редакция 
26-июнь, 2009-ж.:
1-бет
Суунун башы сулайман...
2-бет
"жалгыз көзүр" же Камбарата ГЭСин өзүбүз кура албай калдыкпы?
3-бет
Шайлоого 26 күн калды
4-бет
23- июль президенттик шайлоо күнү
5-бет
Исмаил Исаков:
"президенттин сөзү канчалык деңгээлде чындыкка жатат"

6-бет
Снова "ганси"
7-бет
Ала-Тоонун борборунда Манастын душмандары неге орун алды?
8-бет
ЭМНЕ ҮЧҮН АТАМБАЕВ?
9-бет
"Кыргызстан жалгыз тумар мойнумда, сенден башка мекеним жок дүйнөдө"
10-бет
Тажикстанда экс-министр өлдү
11-бет
Өзөктү өрттөп барат бир сезим, урпактардын келечеги көрүнбөй
12-бет
90 жаш Усубалиев
13-бет
ДААВАТЧЫЛАР же алардын артында кимдер турат?
14-бет
Жай. Күндүн пайдалуу, пайдасыз нурлары
16-бет
Шоу дүйнөсүндө










??.??