Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  элдик генерал эмне дейт?

Исмаил Исаков:
"президенттин сөзү канчалык деңгээлде чындыкка жатат"
- Исмаил ага, Кыргызстандын ички саясатына кандай баа бере аласыз?
- Ички саясат дагы тышкы саясаттай туруксуз, ачык, түшүнүктүү болбой жатат.
Албетте, социалдык маселелерди чечүү үчүн өздөрүнүн билиминин, деңгээлинин, түшүнүгүнүн негизинде бир топ аракеттер бар, ошого карабастан элди алдоо, бөлүү, куугунтуктоо, коркутуу, маскаралоо жана кордоо саясаты күчөөдө.
Өзүңүздөр жакшы билесиздер, күбө да болдуңуздар, Президент Бакиев 2005-жылы элге: "Эч качан үй-бүлөлүк башкарууга жол бербеймин, туугандарым аралашпайт, коррупция өнүгүп кетиптир, ага бөгөт коёмун, жарандарга жумуш ордун ачып, өз элинде, жеринде, айылында иштегенге шарт түзөмүн"-деген. Мына, төрт жыл көз ачып жумгуча өтүп кетти, жаңы президенттик шайлоо дагы башталды. Жыйынтыгы кандай? Элге берген убадалар аткарылдыбы?
Кайрадан үй-бүлөлүк башкаруу ого бетер күчөдү, анысы аз келгенсип "кландык башкаруу" деген жаңы сөз кошулду, бийлик ишине криминалдар кийлигише баштады. Алар бийликтин курамына айланууда. Коррупцияга бөгөт коюлгандын ордуна анын гүлдөшүнө, өнүгүшүнө шарт түзүлдү. Жыйынтыгында, Кыргызстан эң коррупцияланган өлкөлөрдүн арасынан төртүнчү орунду ээледи.
Эң өкүнүчтүүсү, элдин биримдигин, ынтымагын сактагандын ордуна: "Мени колдогондор жана мага каршы өз ой-пикирин айткандар"-деп элди экиге бөлдү. Элдин экинчи бөлүгүнө бийлик бүгүнкү күнү өзгөчө мамиле кылууда, тагыраак айтканда, алардын урук-туугандарын, бала-чакаларын куугунттукка алып, коркутуп, урдуруп, жумуштарынан айдаттырып, жасалма кылмыш иштерин козготуп, эгерде шылтоо табылса каматтырып коюуга дагы барып жатышат. Ошентип, адамдын оюна келбеген, ыплас жолдорго түшүп, алдоо, коркутуу жана куугунтуктоо саясатын күчөтүүдө.
Буга мисал катары, "Ата-Мекен", "Соц Дем" партияларына региондук жетекчилерине, катардагы активдүү мүчөлөрүнө жасаган мыйзамсыз иш-аракеттери, өткөн жылдагы "Жаңы Кыргызстан" партиясынын Ош облустук координаторуна болгон "кол көтөрүү".
"Ак Жол" партиясынан башка партиялардын региондук жыйындарын өткөрүүдөгү бийликтин одоно мыйзамдарды бузуу мамилеси, тоскоолдуктары.
А. Жекшенкуловдун, Э. Булекбаевдин, С.Аргымбаевдин камалышы, Түп "окуялары", менин үстүмөн "жасалма" иш козголушу жана башкалар.
Электроэнергиянын кесепетинен кээ бир ишканалар жабылып, токтоп, жарандарыбыз жумушсуз калышып жана "үй-бүлөнүн" кысымына чыдабай, куугунтуктун айынан жарандарыбыздын активдүү бөлүгү чет өлкөлөргө кеткенге мажбур болушту. Алардын арасынан кээ бирлери Ата-Мекенин түбөлүккө таштап кетүүдө.
1-июнда Президент К. Бакиев Ала-Тоо аянтына барып, оңдолгон фонтандарды, анын жанына коюлган отургучтарды жана "Манас" эпосундагы каармандардын - Семетей, Сейтек, Бакай, Кошой жана башкалар менен бирге кыргыз душмандарынын - Нескара, Жолой, Шыпшайдар, Коңурбайлардын эстеликтерин ачууга катышты. Бул жерде баса белгилеп кетчү нерсе, мамлекеттик бийлик органдарынын кээ бир жетекчилеринин өздөрүнүн милдеттерин аткаруусу. Президенттин бараарын билген, анын иш - планын түзүп, көзөмөлгө алган администрациясы жооптуу отделдери, министрлиги, идеологияны тейлей турган "эргулдар" эмне кылып жүрүшкөн? Алдыртан барып, өз көздөрү менен көрүшүп, ийне- жибине чейин аныктап, сапатын да текшерип, алардын ачылышына катышыш Президенттин деңгээлиндеги ишпи же шаар башчыларынын, шаарды жакшыртуу, гүлдөтүү, тазалоо күндөлүк милдетиби, баарын тактап, анан Президентке айтыш керек эле да. Алар эшек такалап жүрүшкөнбү? Же алардын ою, күнүмдүк иши оппозициялык маанайдагы, каршы пикир айткан жарандарды коркутуу, токмоктотуу же ооздорун эптеп-септеп бастыруу беле? Же атайын кыргыз элин маскаралоо жана кордоо беле? Эгерде андай болбосо жогорудагы мен тизмелеп кеткен жетекчилердин жок дегенде бирөөсү Президентке кирип: "Барбаңыз, уят болуп каласыз. Шаар башчылары ката кетирип коюптур, тез аранын ичинде элге көрдүрбөй алдырыш керек, жалпы улутубузду маскаралап алабыз" деп токтотконго аракет кылыш керек эле да. Андай болгон жок. Демек, баардыгынын саясаты бирдей. Ал өз элин маскаралоо жана кордоо. Шайлообек Дүйшеев: "Күйбөгөн жериңди күл кылган бийликтин жоругу, кыргыздын "түгөнүп" баратканын айгинелейт"-деп абдан туура айтыптыр.
Кыргыздар ушундай акыбалда биригишип, бири-бирине болгон нааразычылыктарды унутушуп, адилеттүүлүк үчүн күрөшкө чыгып, душмандарынын сазайын бергендери кылымдар бою далилденип келе жатат. Мына, азыр дагы адилет заманды орнотуу учуру келгенсип калды. Баш мыйзамда бийликтин жалгыз бир булагы экендиги 1-берененин 3-бөлүгүндө бекитилген. Чындыгында азыркы күндө саясат туура эмес жүрүп жатат. Мыйзамды бийлик органдарынын жетекчилери одоно бузууда, өзүм билемдик күчөдү.
Аларды бир гана эл ордуна коёт. Ошондуктан, биз добушубузду туура эмес саясат жүргүзгөндөргө, мыйзам бузгандарга, зөөкүрлүк кылгандарга бербей койсок болду.
Өзүнөн-өзү оңолот. Элин мазактаган, кордогон, өзүм билемдик иш токтолот, ушуга акылыбыз жетээр.

- Шайлоо акыйкат өтүшү үчүн кандай аракеттер көрүлсө дейсиз?
- Шайлоону акыйкат, таза өткөрүү үчүн жасай турган аракеттердин убагы өтүп кеткен. Азыркы шайлоо өлкөдөгү мурунку шайлоолорго салыштырмалуу өтө ыплас, таза эмес өтөт. Себеби, "чу" дегенде эле туура эмес баштадык. Кантип?
Конституциялык норма боюнча президенттик мөөнөт беш жыл. Андан башка шайлоо Кодексинин 58-беренесинин 4-бөлүгүндө: "Президенттик шайлоо мөөнөтү бүткөн айдын биринчи дем алышында өткөрүлөт" деп жазылган. Мына, эки норма тең бузулган. Бекеринен: "Атка мингенде эле кыйшык олтурду"-деп айтылбаса керек. Башталышында эле одоно бузуу менен баштасак, каяктагы таза, акыйкат шайлоо?
Буларга кошумча, жай айынынын так ортосуна шайлоонун коюлганы-элдердин көпчүлүгү отпускада, жайлоодо, талаада боло турган учуру. Шайлоочуларыбыз көпчүлүгү турмуштун айынан чет өлкөлөрдө жүрсө, өзүңөр эле эсептеп көргүлө, болгону шайлоого шайлоочулардын 25-40 пайызы араң катышышы мүмкүн. Албетте, бийлик 40 пайыздын ордуна "60-70 пайыз келди" деп жазганга аракет кылат. Чатак ошондон чыгат.
Азыр бир гана жол калды. Ал -ар бир шайлоо участкасында добуш берүүчү шайлоо-чулар эч нерсеге алданбай, напсилеринин, кызматтарынын кулу болбой, өзүлөрүнүн бала-чакаларынын келечегин ойлоп, өлкөнүн демократиялык нукта өсүшүнө салымдарын кошуу менен өздөрү, кимдер келип добуш беришкендерин, кимдер жок экенин эсепке алышып, тандаган талапкерге чын дили менен добуш беришип, добуштарын сактап калыш үчүн шайлоо бүтөөр замат комиссиянын ишин көзөмөлгө алышып, урналарды алмашканга, "оптом" бюллетендерди таштагандарга жол бербесе, так эсебин алып, протоколдордун көчүрмөсүн колдоруна алып, бир көчүрмөсүн илдирип, андан кийин жогору жакка маалымат бердириши.
Эгерде биз өз добушубузду сактай албасак, добуш бергенден не пайда. Анда "Мамлекеттин жараныбыз, адамыбыз" деп кантип айтабыз? Ким менен сүйлөшпөйсүң, баардыгы: "Бул үй-бүлөлүк, кландык, крминалдык бийлик жетээр жерине жетмек түгүл ашып-ташып кетти…" дешет. Мына, бийликтин кожоюну үй-бүлө эмес, эл экенин көрсөтө турган убакыт келди. Сен акыйкат үчүн турсаң, мен акыйкат үчүн турсам, өлкөдө сөзсүз акыйкат бийлик орнотулат.

- "Бириксек колдон келет!" урааны канчалык деңгээлде иш жүзүнө ашат деп ойлойсуз?
- Албетте, биз бириксек, баары колдон келет. Ошондуктан ураан бир эле А. Атамбаевдики эмес, ураан БЭКтин дагы программасы. Бүгүнкү күндө өлкөдөгү акыбал элди бир нукка түртүп жатат. Ал нук А. Атамбаевдин командасы, анын программасы, үй-бүлөлүк башкаруудан баш тартуу.
Мен терең ишенем, реалдуу түрдө добуштун көпчүлүгүн эл А. Атамбаевге берет. Эгерде эл берген добуштарды сактай алсак, бир эле оппозициялык күчтөр эмес, жалпыбыз биргелешсек, анда ураан толугу менен ишке ашат. Дагы үй-бүлөлүк, кландык башкаруу деген сөздөр өзүнөн-өзү жоюлат. Ошондо айтылган сөз жасалган иштер менен бирдей болот.
Президент К. Бакиев түштүктө эл менен болгон жолугушуусунда: "Мурун депутат болуп келүү үчүн, кызматка кирүү үчүн 30-50-миң доллар берчү эле. Азыр андай таптакыр жок" деп айтты.
Президенттин сөзү канчалык деңгээлде чындыкка жатат? "Ак Жол" фракциясынын депутаттары, алардын жакын туугандары ушул сөздү кандай кабыл алышты экен?
Эл арасында эле эмес, тууган-уруктарынын арсында алардын берген акчаларынын суммасы беш-алты эсе (Президент айткандан) көп деген сөздөр айтылып жатпайбы.
Азыркы учурда аким, губернатордун, сот, прокуратурасынын жана башкалардын ставкасы жок бекен? "Катардагы ГАИнин кызматкери болуш үчүн 3 миң доллардан көп бериш керек" деген сөздөрдү ким жокко чыгара алат? Мейли, баардыгы жалган болсун, анда эмне үчүн аким, губернаторлору өздөрүнүн кызмат орду үчүн элин бөлгөнгө, тууган-уругуна кас болгонго, мыйзамдарды одоно бузганга барып, элдин каргышына калып жатышат? Эмне үчүн анда Кыргызстан эң коррупцияга айланган өлкөлөрдүн арасында алдыңкы 4-орунга чыкты? Кайсы себептер менен?
Ооруну жашырсаң, арты жаман болоорун баарыбыз билебиз. Эмне үчүн ооруну жашырып, өлкөдөгү "коррупция" оорусун күчөтөбүз? Атамбаевдин ураанында өлкөдөгү ооруну хирургдай кесип, дарылап, жакшынакай кылып, сакайтканга шарт түзө турган жоболор көрсөтүлгөн, дагы иш жүзүндө да аткарылуусу көрсөтүлгөн.

- Айтсаңыз, президенттикке талапкерликтен баш тартууңуздун себеби эмнеде болду?
- Менин талапкерликтен баш тарткандыгымдын эң негизги себеби, Бириккен Элдик Кыймылынын чечимдерин аткаруу болду. Жакшы билесиздер, 27-мартта жер-жерлерде өткөн митингдерде жалпы элдин каалоосу, мүдөөсү бир талапкерди алып чыгуу болучу. Саясий бюродо дагы ошондой чечим кабыл алган болчубуз. БЭКтин акыркы жыйынында А.Атамбаев жөнүндө БЭКтин атынан жалгыз лидер катары чечим алынган эле. Алмаздын жетекчи, адамдык, иш билгич касиетин эске алуу менен ал премьер-министр, мен коргоо министри катары бирге иштешип, анын жөнөкөйлүгүн, өзүнүн ишин так аткарып, министрлерден талапты элдин кызыкчылыгынын негизинде койгон, өлкөнүн экономикасын ошол учурда өстүрө алганын билген адам катары, андан башка 2005-жылы Акаевди кетирүүдө элди Түндүк-Түштүккө бөлбөй, эбегейсиз чоң эмгегин баалап, мен өз талапкерлигимди алганмын. Албетте, менин жактоочуларым, өзгөчө Түштүк эли башында: "Туура эмес кылдың" деген сөздөрдү айтышкан болучу. Кийинчерээк жагдайларды толук түшүнгөндөн кийин: "Туура кылган экенсиң" дешип айта башташты. Бирок, кээ бир саясатчылар бүгүнкү бийликтин жем жегендердин арасынан, менин А.Атамбаев үчүн талапкерлигимди алгандыгымды элди Түштүк-Түндүккө бөлүүнү ыплас, коркунучтуу саясат жүргүзүп жатышат.

- Кандай?
- Мына, биз бийликке араң келсек, түндүктүктөр дагы бийликти алганы жатышат. Эгерде биз уттурсак, анда мындан кийин эч качан бийликти ала албайбыз саясатын жүргүзө башташты. Бул өтө коркунучтуу, дагы кайталап коёюн, ыплас, жалпы элдин кызыкчылын ойлобогон, өздөрүнүн гана кызыкчылын ойлогон туура эмес саясат.
Мен ошондой сокур саясатчылардын "маскаларын" чечип, жалпы элибизди Түндүк-Түштүккө бөлдүрбөй, түбүбүз бир, бир туугандын балдары экендигибизди эске алуу менен мага ишенгендер, мени билгендер толугу менен менин жолумду жолдоп, А.Атамбаевди колдоп чыгаарына ишенем.
Элге жалган айтпоо, элдин турмушун жакшыртуу, мыйзамдуулукту тутуу, коррупция менен кылмышкерликке бөгөт коюу. Эң негизгиси, үй-бүлөлүк башкарууга мындан кийин жол бербөө, өзүбүздүн атуулдарды, жерибизди ыйык коргоп, сактоо - биздин негизги максатыбыз деп билебиз.

Суроо салган Нурзада Осмонова
"пресс-kg" гезитинен





кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"
email • архив • редакция 
26-июнь, 2009-ж.:
1-бет
Суунун башы сулайман...
2-бет
"жалгыз көзүр" же Камбарата ГЭСин өзүбүз кура албай калдыкпы?
3-бет
Шайлоого 26 күн калды
4-бет
23- июль президенттик шайлоо күнү
5-бет
Исмаил Исаков:
"президенттин сөзү канчалык деңгээлде чындыкка жатат"

6-бет
Снова "ганси"
7-бет
Ала-Тоонун борборунда Манастын душмандары неге орун алды?
8-бет
ЭМНЕ ҮЧҮН АТАМБАЕВ?
9-бет
"Кыргызстан жалгыз тумар мойнумда, сенден башка мекеним жок дүйнөдө"
10-бет
Тажикстанда экс-министр өлдү
11-бет
Өзөктү өрттөп барат бир сезим, урпактардын келечеги көрүнбөй
12-бет
90 жаш Усубалиев
13-бет
ДААВАТЧЫЛАР же алардын артында кимдер турат?
14-бет
Жай. Күндүн пайдалуу, пайдасыз нурлары
16-бет
Шоу дүйнөсүндө










??.??