Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Шумдугуң кур!

Ала-Тоонун борборунда Манастын душмандары неге орун алды?
Ушундай да маңкурттук болобу? Элдин руханий дүйнөсүнө ким мынчалык караөзгөйлүк кылды? Дегенибиз, жакында эле Кыргызстандын борборунун чок ортосуна, Мамлекеттик административдик өкмөт үйүнүн бет алдында "Манас" эпосундагы каармандардын ичинен кытай-манжурлардын ханы Коңурбай жана Нескаранын айкели орнотулган. Бирок, коомчулуктагы катуу нааразычылыктан улам Бишкек мэриясы алып салууга аргасыз болду. Нескара эле эмес, ал жерде Жолой, Шыпшайдар деген Манас баатырдын түбүнө жеткен кыргыздын душмандарынын айкелдери да орнотулган. Буга ким күнөөлүү? Улуттук ар намыс деген таптакыр эле маңкуртчулукка айланып кеттиби бизде. Деги өлкөдө эмне болуп жатат? Ушул ойлордун өңүтүндө улуттук интеллигенция өкүлдөрүнө собол салдык.

Манас, Манас болгону
Алты сан аман турганда,
Ыйык кыргыз жеримди,
Душмандын буту баскыча,
Асыл кыргыз элимди,
Тебелетип бөтөнгө,
Кор кылып карап жаткыча,
Туулбай туна чөгөйүн,
Тирүү жүрбөй өлөйүн,
Аткарбасам антымды,
Төшү түктүү Жер урсун!
Төбөсү бийик көк урсун!
Көкө теңир өзү урсун!!!

Айкөл Манас

Байас Турал,
Жазуучулар союзунун төрагасы:
"Бул улутка каршы саясат"

- Ала-Тоо аянтына эстеликтер коюлуп жаткан учурда көрүп абдан кубангам. Мен барган учурда Бакай атабыздыкын коюп жаткан болчу. Ал жердегилерден Манас эпосундагы улуу каармандар коюлат дегенин угуп, абдан чоң сүйүнүч пайда болгон. Эки күндөн кийин бир тарабына кыргыздын, экинчи тарабына калмак-кытайдын баатырларын койдуруптур деп угуп, барып карасак чындап эле ошондой экен. Нескара, Жолой, Шыпшайдар ж.б. турат. Мен бул эстеликтердин коюлушунун идеясына да түшүнбөй калдым. Эгер ушул эстеликтер бала-бакчада Манас эпосторунун каармандары деп коюлса, эч кандай сөз болмок эмес. Маселенин, нааразычылыктын баардыгы борборубуздун борбордук аянтына коюлгандыгында болуп жатат. Айрымдар атайын жасалган иш деп жатышат. Эгер алардын айтканы чын болсо, анда кыргыз элинин ичинде душмандык ойдогу көркөм өнөр ээлери бар экендигин билдирет. Билбей жасалды дегенге толук ынанбай турам. Анткени, ошончолук деңгээлдеги иш билбей калып жасалышы мүмкүн эмес. Кандай болгон күндө да жасалышынын өзү эле улутка каршы саясат.
Айкелдер маселесине келгенде көңүл толбогон жагдайлар көп. Айрыкча борбордун чок ортосуна орнотулган айкел аркылуу кыргыз улуту канчалык деңгээлде улуттук аң-сезиминин пастыгын, улуттук эс-тутумубуздан ажырап калгандыгыбызды жана канчалык деңгээлдеги улут экендигибизди көргөзүп турат. Мен Тажикстанда иштеп жүргөндө тажиктердин Сабзали Шарипов деген мыкты сүрөтчүсү менен жакындан танышып калгам. Ошол киши чакыруу менен ушул жакка келип калыптыр. Мен аны коноктоп, борбордон өтүп баратсак, "Бул эмне деген символ, силердин эпос, мифтерде канаттуу аялдар барбы? Менин билишимче бул библия каарманы" деп калды. Мен кыргызда канаттуу аял деген каарман жок экенин, бирок, Айчүрөк деген апабыз аккууга айланып учканы айтылганын айтып бердим. Сиз айткандай семит элдерине тиешелүү каарман, биздин борборго кантип коюлуп калганына түшүнбөйбүз дедим. Ушинтип бирөөлөр сураса да жооп бералбайсың. Ага караганда Лениндин турушу бир топ жөндүү болчу. Аны алгандан кийин улуттун жүзүн көрсөткөн символ турушу керек эле. Ушуну айтып бүталбай жаткан учурда анын бетмаңдайына кыргыздын улуу эпосундагы оң жана терс каармандарынын айкелин тургузганы биз үчүн такыр түшүнүксүз болуп калды. Экинчиден, эли-журтубуз кыйналып турган учурда канча каражатты жөн эле сапырып жиберишти. Негизи эле акыркы учурда биздин маданиятыбызды моңголдоштуруу-калмакташтыруу тенденция башталды. Муну улуттук кийимдерден дагы көрүп жүрөм. Артисттер этеги тилик белдемчилерди кийе баштады. Кыргыздардын белдемчилеринин этеги туюк болгон. Этеги тилик моңгол-калмак элдери кийишкен. Баш кийимдер дагы модага айланып, кыргыз-кыпчакка тиешелүү нукура шөөкүлөлөр-такыялар жоголуп, моңгол-калмактары кийген тебетей, калпактарга өтүп жатканын байкап жатам. Булар өздөрү билбей кирүүдө же тымызын ошондой кылынып жатат. Биз улут үчүн кам көрүшүбүз керек. Улут дегенди кең маанисинде жалпы Кыргызстанды, тар маанисинде кыргыз атын алып келаткан этносту түшүнүшүбүз кажет. Анткени, кыргыз атын алып келаткан этнос мамлекет түзүүчү эл болуп саналат. Экинчиден, кыргыз атын алып келаткан этнос кыргыз мамлекетин түзүп турган өзөк. Биз ушул өзөккө кам көрмөйүнчө жана ушул өзөккө кызмат кылмайынча кыргыз мамлекетин да, жалпы кыргыз элине да кызмат кылалбайбыз.

Кусейин Исаев, мударис:
"Аталган чуу Сыдыковдун катачылыгы"

- Борбордук аянттагы эстеликтердин коюлушу кыргыз коомчулугун жана "мен кыргызмын" деген мекенчил улан-кыздардын жан дүйнөсүнө будуң салды. Кыргыздын философиясы, тарыхы, энциклопедиясын камтыган Манастын душмандарынын эстелигинин коюлушу бийликтин өтө чоң катачылыгы болду. Ал жерде Шыпшайдар, Нескара, Жолой, Мадыкан дегендердин эстелиги турду. Муну койгондугунун үч себеби болду деп айта алам. Биринчиси - билимсиздик; булардын бири дагы Манасты окуган эмес, билбейт. Үстүртөн сүйлөп көнгөн адамдардын кылганы. Экинчиси - кайдыгерлик; бизди башкарып турган шаар жетекчилиги жана ошол Кыргыз Республикасынын эл баатыры, атактуу скульптор Тургунбек Садыковдун кетирген катаачылыктары.
Ушуга байланыштуу дагы бир маселе бар. Мен Оттавада, Шанхайда, Канаданын, Европанын шаарларында болдум. Баардык жерде эски анан жаңы шаар деген бар. Туристтер барганда ошону көргөзүшөт. Биз болсо кыргыздардын бир канча мууну өскөн эски шаарды калтырганга жараган жокпуз. Кыргыздын 1920-1930-жылдардагы борбору бүгүнкү ассамблея жайгашкан имарат. Көрктөндүрүп абдан жакшы салган. 1930-жылдардын аягында ошонун маңдайында абдан мыкты имарат курулуп, ошол кездеги Жогорку Кеңештин президиуму отурган. Аны азыр Америка университетине берип коюшту. Бул менин зээнимди кейитет. Анткени, ал имараттар биздин тарыхий эстеликтер. Экинчиден, ыйык жерибизден орун алган америкалыктар ушул кезге чейин бир дагы жаңы имарат салышкан жок. Алардын анча-мынча акчасына азгырылып, кыргыз өкмөтү чечкиндүү талап да коё албай келүүдө. Россия мамлекети дагы имарат салбай, Кыргыз-Славян университети Кыргызстандыкын гана пайдаланып келе жатат. Аларга караганда Түрк мамлекети бир туугандык кылды. Жер алып, дүйнөлүк деңгээлдеги студенттердин шаарчасын салабыз деп жатышат. Бул үч мамлекеттин бизге жасаган мамилеси. Ал эми 1970-жылдарда азыркы Жогорку Кеңеш отурган имарат курулган. 90-жылдарда азыркы өкмөт жана президент отурган имарат салынды. Имарат эстеликтерибиздин тарыхы ушундай. Чет өлкөгө барсаңыз ушинтип көргөзүп, айтып беришет. А биз эмнени көргөзөбүз? Анан да Бишкектин борборун оңдойбуз деп, биздин эски борборду бузуп жатканы акылсыздык. Алысты көрө албаган саясат деп билем. Дегеним, Ала-Тоо аянтында биздин бала чагыбыз, сүйүүбүз, жаштыгыбыз өткөн жер. Аны жок кылышууда. Экинчиден, Бишкектин өпкөсү өлүп жатат. Совет доорунда улуу муундун эмгеги менен Бишкек шаарынын түштүк жагына бир канча миң гектар бак өстүрүлгөн. Азыр шакек жолун салабыз деп, Байтик көчөсү менен Манас көчөсүнүн ортосундагы бактардын баарын грейдер менен кесип, кыркып салышты. Бул үч жыл мурун башталган. Ошондо мэр А.Ногоевден жок дегенде арыктарды ордуна келтирип койбойсуздарбы деп суранган элек. Анын кесепетинен баардык тал-теректер, карагай, арчалар өлдү. Эми өрүктөр куурап жатат.
Алар душмандарынын айкелдерин борборго коюп жатканын өздөрү дагы билбейт. Эмне үчүн? Анткени, кыргыздын философиясын, көчмөндөрдүн Теңирлик философиясын билишпейт. Энесай жазууларындагы биринчи сөз "Теңир" деген сөз. Экинчиси, "арбак" деген сөз. Ислам динине чейин эле арбакты сыйла деп келишкен. Арбак ыраазы болбосо сен оңолбойсуң деген. Демек, биз эмне кылышыбыз керек? Биз кыргыздын философиясын, каада-салтын эмчектен баштап тарбиялашыбыз керек болуп турат. Көчмөндөр доорунда жаралган байлыктарды кайра кайтарышыбыз керек. Эпосторго, макал-лакаптарга, комуз күүлөрүнө, санжырага балдарды сугарып өстүрүшүбүз учурдун талабы. Боз үйдүн жасалышы эле эмне деген керемет. Нобель сыйлыгын алган математиктердин эсептөөлөрүнөн да бийик турат. Көчкөнгө ылайыктуу, жайкысын салкын, кышкысын жылуу. Ушунун баарын өздөштүрсөк кыргыз укмуштуудай акылдуу, ойчул, даанышман деген түшүнүккө келебиз. Муну менен баланы жаштайынан тарбияласак мекенчи, кыргызчы балдар өзүнөн өзү өсүп чыгат. А, мындай болбой жатканына коом күнөлүү. Экинчиден ошол коомду башкарып жүргөн улуулар күнөлүү. Ошолордун кайдыгерлигинен, шалаакылыгынан, жалкоолугунан, жаңыча билим берүү, адамды калыптандыруу ушу кезге чейин иштелбей келди. Ушул маселелерди чечмейинче, башка бирөөлөрдүн кулу болуп кала беребиз.

Мелис Абакиров, жазуучу:
"Улуттук идеология иштебесе көргөнүбүз ушул"

- Бишкек шаарынын ар бир багы, аккан суусу, көчөсү мени кызыктырат. Анткени, "Фрунзем жашыл шаарым" деген учурда балалык чагым, жаштыгым өткөн. Ошондуктан шаардын ар бир жаңылыгы мени кайдыгер калтырбайт. Эстелик жөнүндө сөз болгондо Филармониянын алдында турган Манастын эстелигин көргөндө жетине албай сүйүнөм. Кыргыздын духун, рухун чагылдырып турат. Эркиндик багындагы эстеликтердин баарын кыдырып көрүп турам. Алгач Ж.Бөкөнбаевдин эле эстелиги бар болчу. Кийин көбөйүп кетти. Эки, үч ай премьер болгон адамдыкын дагы койдуруп коюшту. Кыргызга чоң эмгек калтырган улуу инсан Түгөлбай Сыдыкбековдун эстелиги турбай, үч айлык премьердин эстелигинин туруп калганына жаным кашайган кишилердин биримин. Эстелик коюунун принциптерин, кимге, кандай адамдарга коёбуз дегенди да билбейбиз. Кыргыз элине, кийинки муунга пайдасы тие турган иш жасадыбы деп баалашыбыз шарт. Ал бир эки тууганынын же убактылуу келип кеткен өкмөттүн демилгеси менен жасалбашы керек. Эстелик коюу дөөлөттөрү өтө кылдат карала турган маселе. Көрүнгөндүн эстелигин көрүнгөн жерге койбошубуз керек. Өзгөчө акыркы кездерде бул нерсе абдан күч алып кетти. Кокту-колоттун баатырларына коё баштадык. Алардын көбү жоо чапкан баатыр эмес. Мунун баары жалпы улуттук маселенин жоктугунан келип чыгууда. Ушунун эң бир начар бир үлгүсү борбордук аянтка коюлган эстеликтер болду. Эң жаманы президенттин, өкмөт башчылардын катышуусунда элге жарыя кылып, салтанат менен ачылышы мени кыргыз катары намысымды тебеледи. Ачылган күндүн эртеси эле келип карасам, Коңурбай, Жолой, Шыпшайдар, Нескаранын эстеликтери турат. Жанымда бир топ жазуучулар бар болчу, аларга минтип айттым: Эгерде Москвадагы Кызыл аянтка Чыңгызхандын, Темирландын, Напалеондун же Гитлердин эстелигин орнотуп койсо, орус эли кандай кабыл алат эле? Кыргыз эли ушунчалык маңкурттукка барып калдыкпы? Бийликтин алдыга алып кетчү идеологиясы, саясаты, келечек муунга калтыра турган эстеликтерибиз ушул болсо - кыргыздын кырылганы. Кыргыздын жок болгону ошол.

Жазып алган
Зулпукаар САПАНОВ





кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"
email • архив • редакция 
26-июнь, 2009-ж.:
1-бет
Суунун башы сулайман...
2-бет
"жалгыз көзүр" же Камбарата ГЭСин өзүбүз кура албай калдыкпы?
3-бет
Шайлоого 26 күн калды
4-бет
23- июль президенттик шайлоо күнү
5-бет
Исмаил Исаков:
"президенттин сөзү канчалык деңгээлде чындыкка жатат"

6-бет
Снова "ганси"
7-бет
Ала-Тоонун борборунда Манастын душмандары неге орун алды?
8-бет
ЭМНЕ ҮЧҮН АТАМБАЕВ?
9-бет
"Кыргызстан жалгыз тумар мойнумда, сенден башка мекеним жок дүйнөдө"
10-бет
Тажикстанда экс-министр өлдү
11-бет
Өзөктү өрттөп барат бир сезим, урпактардын келечеги көрүнбөй
12-бет
90 жаш Усубалиев
13-бет
ДААВАТЧЫЛАР же алардын артында кимдер турат?
14-бет
Жай. Күндүн пайдалуу, пайдасыз нурлары
16-бет
Шоу дүйнөсүндө










??.??