Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  талапкер

ЭМНЕ ҮЧҮН АТАМБАЕВ?
АТАМБАЕВ - биздей эле адам. Ал мамлекетти башкаруу боюнча жогорку иш милдеттерин аткаруу үчүн белгилүү бир мөөнөткө шайлоочулар тарабынан жалданган ак-ниет, акылдуу, жупуну, калыс жана жоопкерчиликтүү кызматкер - элдик президент болот. Ал чиновниктердин ашкере чыгымдарды жумшашына бөгөт коёт (жеке турмушта жупуну болууну, кымбат баалуу буюмдарды алуудан баш тартууну талап кылат, чиновниктердин көп адамдарды чакырып, ысырапчылык менен ар кандай той-аш, майрамдарды өткөрүшүнө тыюу салат). Ал мамлекет эсебинен күзөткө алынган кызмат адамдарынын санын кыскартат, жогорку кызмат адамдарынын кызмат автомашиналарын МАИге коштотуу жүргүзүү практикасына чек коёт.

АТАМБАЕВ - Конституцияга катардагы жарандын укуктарын чиновниктердин кызыкчылыктарынан жогору койгон приоритетти бардык мыйзамдарга жана жол-жоболорго чиновниктер үчүн эмес, жарандар үчүн ыңгайлуу болгон түзөтүүлөрдү киргизет.

АТАМБАЕВ - мамлекеттик масштабдагы, айрыкча экономика чөйрөсүндөгү жетекчинин тажрыйбасына ээ. Ал жөнөкөй үй-бүлөдө өскөн. Ал өзүнүн адал эмгеги менен көп ийгиликтерге жетишкен. Кээде жаңылган, бирок эч кимди саткан эмес. Каталарын оңдой билет. Кечире да билет, бирок элдин эсебинен кечирбейт.
АТАМБАЕВ - портфель үчүн тырмышпайт. Президенттик бир гана мөөнөттү мыйзамдаштырууга убада берет.

АТАМБАЕВ - авторитаризмдин, үй-бүлөлүк башкаруунун, трайбализм менен регионализмдин ынанган душманы. Саясатта жана жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеген мезгилинде ал иштин "командалык" ыкмаларына таянып келди, ал эми анын командасына кесипкөйлүгү жана адеп-ахлактык сапаттары жогору адамдар гана тандалат.

АТАМБАЕВ - өлкөнү үй-бүлөлүк башкаруунун "акаевдик-бакиевдик" ыкмаларынан арылтат. Өзүнүн стратегиялык чечимдеринин, жарлыктарынын, мыйзамдардын, анын ичинде кадр маселелери боюнча долбоорлорун жакын туугандары менен талкуулабастан, мамлекеттик бийликтин түзүмдөрүнөн, региондордон жана жарандык коомдон 10-15 өкүлдөр кирген Координациялык кеңештин кароосуна алып чыгарып турат.

АТАМБАЕВ - коррупция менен мыйзамсыздыкты кантип ооздуктоону билет. Бул жат көрүнүштөргө каршы күрөштө ал негизги ролду жарандык коомго өткөрүп, анын ыйгарым укуктарын күчөтүш үчүн Жарандык контроль комитетин түзөт. Башкы прокуратура эмес, ушул жарандык комитет бардык укук коргоо органдарынын, анын ичинде прокуратуранын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишин координациялайт...

АТАМБАЕВ - өлкөнүн экономикасын керектүү нукка багыттап, жарандардын социалдык жактан колдолушун жана коопсуздугун камсыздай алат. Ал азыркы Президенттин чөйрөсүнүн көрсөткөн тоскоолдуктарынан улам өз кезегинде ишке ашыра албай калган олуттуу программалардын иштеп чыгуучусу болуп саналат.

АТАМБАЕВ - укук коргоо жана текшерүүчү түзүмдөрдүн жарандарын коркутпастан, жөнөкөй, мыйзамга баш ийген адамдардын укуктарын коргогондой омоктуу реформа жүргүзөт. Милициянын, прокуратуранын жана соттун адамкерчилигин арттырат; салык жана бажы кызматтарындагы коррупциялык схемаларды жоёт.

АТАМБАЕВ - эл биримдигинин идеясын көп жылдан бери колдоп келаткан адам. Региондор ортосундагы араздашууга алып келчү чагымдарга алданган жок. "Бириксек - колдон келет!" жалпы элдик кыймылынын жардамы менен күчтүү Кыргызстанды - эркин, жоопкерчиликтүү жана камсыздалган жарандардын өлкөсүн курууну сунуш кылат.

"БИРИКСЕК - КОЛУБУЗДАН БААРЫ КЕЛЕТ!"
Буга АТАМБАЕВ ишенет!




Результаты мониторинга: Предвыборная ситуация
в Кыргызстане
Исследовательская и консалтинговая фокус-группа SIAR провела мини исследования в мае-июне этого года на тему: Предвыборная ситуация в Кыргызстане!
Исследования проводились с респондентами во всех областях Кыргызстана по следующим категориям: взгляды на экономику, коррупцию, судебную систему, политиков и политические партии, международные отношения, демократию и выборы.
Результаты этого исследования подтверждают факт, что население страны нуждается в переменах.
От будущего президента население ожидает решительную борьбу с коррупцией во всех сферах жизни, восстановление утраченного доверия к государственным институтам, широкого привлечения молодых кадров с новыми идеями в управление и власть.
Наиболее часто в Кара-Балте, Кочкоре, Кызыл-Одыре, Баткене, Таласе, Нарыне, Боконбаеве люди отмечали необходимость перемен и новых идей. В целом респонденты в разных регионах также ожидают перемен и, что самое главное готовы к ним! Однако они отмечают, что в Кыргызстане должны придти лидеры, способные их осуществить. Вместе с тем, важно находить согласие с оппозицией.
По Кыргызстану в целом население готово и ждет перемен, новых идей, согласия.
Наиболее воспринятыми оказались несколько лозунгов:
Вместе мы можем, сделать перемены!
Вместе мы можем воплотить в реальность новые идеи!
Вместе мы сила!
Данные предоставлены исследовательским и консалтинговым агентством SIAR.







кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"
email • архив • редакция 
26-июнь, 2009-ж.:
1-бет
Суунун башы сулайман...
2-бет
"жалгыз көзүр" же Камбарата ГЭСин өзүбүз кура албай калдыкпы?
3-бет
Шайлоого 26 күн калды
4-бет
23- июль президенттик шайлоо күнү
5-бет
Исмаил Исаков:
"президенттин сөзү канчалык деңгээлде чындыкка жатат"

6-бет
Снова "ганси"
7-бет
Ала-Тоонун борборунда Манастын душмандары неге орун алды?
8-бет
ЭМНЕ ҮЧҮН АТАМБАЕВ?
9-бет
"Кыргызстан жалгыз тумар мойнумда, сенден башка мекеним жок дүйнөдө"
10-бет
Тажикстанда экс-министр өлдү
11-бет
Өзөктү өрттөп барат бир сезим, урпактардын келечеги көрүнбөй
12-бет
90 жаш Усубалиев
13-бет
ДААВАТЧЫЛАР же алардын артында кимдер турат?
14-бет
Жай. Күндүн пайдалуу, пайдасыз нурлары
16-бет
Шоу дүйнөсүндө










??.??