Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Бириксек - колдон келет!

"Кыргызстан жалгыз тумар мойнумда, сенден башка мекеним жок дүйнөдө"
Бакыт Бешимов, ЖК депутаты, президенттикке талапкер А.Атамбаевдин шайлоо штабынын жетекчиси:

"Кыргыз эли жаңыланууну күтүп жатат"
Биз, Кыргызстандын коому таза болуусун тилейбиз. Жалпы эл да дал ушуну күтүп жатат. Кыргызстандын көз карандысыз мамлекет болгонунан бери 18 жыл өттү. 18 жылдан бери ар бир кыргызстандыктын жүрөгүндө "качан биз таза коом болобуз? Качан биз бири-бирибиз жөнүндө адамкерчиликтин негизинде гана ойлонобуз?" деген суроо туулат. Ошондуктан биздин максат жөнөкөй эле бирөөнү президенттикке алып баруу эмес. Коомубузду, элибизди жакшылыкка чакыралы деген ой менен шайлоого баратабыз. А.Акаев, К.Бакиевдер тарыхта калышсын. Алардын заманы өттү. Биз Кыргызстандын соңку тарыхында жаңы баракча ачышыбыз керек.
Эң биринчиден, Кыргызстандын байлыгы Кыргызстандыкы бойдон калышы керек. "Бала төрөп, эне болом" деген жаш айым "баламдын келечеги кандай болот?" деп ойлонбостон, "мекеним, коомум ошол баланын камын көрөт" деген ойдо болсун дейбиз. Жогорку билими бар такси айдоочулар "качанга чейин өз кесибим менен иштей албайм" деп ойлонбош керек. Биз кесиби бар адамдарды татыктуу жумуш орундары менен камсыз болсун дейбиз. Мектеп окуучулары базарларда араба тартып иштебестен, билим алсын, ата-энеси балдарын татыктуу бага алсын деп ойлойбуз. Дыйкандарыбыз кылган мээнетинин пайдасын алсын, мамлекет колдоо көрсөтүп, кам көрсүн деген пикирдебиз. ЖОЖдордогу студенттерибиз "экзаменге кайдан акча таап берем?" деп ойлонбошу керек. Биздин экономикалык көз карашыбыз, жөнөкөй адамдын кызыкчылыгына багытталган. Ошол карапайым адамдын маселеси чечилсин дейбиз. Муну чечкенге биздин күчүбүз жетет.
Мен Кыргызстандын ар бир жараны келе жаткан шайлоого жоопкерчиликтүү мамиле жасайт деп ишенем. Ошол эле учурда ар бир адам өзүнүн кадыр-баркын, укугун тебелетпейт деп ойлойм.

Жеңишке жетели!




Атамбаевдин борбордук штабынан
Москвадан кат
Биз, Атамбаевди колдойбуз!
Биз, эмгек мигранттары өлкөбүздөн канча чакырым алыста жүрсөк да, жаратылышы кооз, кереметтүү Кыргызстаныбызда болуп жаткан окуялардан кур эмеспиз. Өзгөчө азыр бизди алдыдагы президенттик шайлоо өнөктүгү терең ойлондурууда, ошондой эле ал шайлоодо биз Алмазбек Атамбаев үчүн добушубузду беребиз. Алмаз мырзанын 23-июлга чейин Москвага келип, биз менен жолугушуусун да күтүүдөбүз.

Азамат Шакиров,
эмгек мигранты, Москва шаары




Өлкөнүн экинчи борборунда
23-июнь күнү президенттикке талапкер А.Атамбаев өлкөнүн экинчи борбору болгон Ош шаарында болуп, шаардык, райондук, областтык штабдын активисттери менен жолугушту.

Эл аралык байкоочулар Атамбаевдин шайлоо компаниясына өзгөчө көңүл бурушууда
Бул боюнча мурдагы күнү штаб жетекчиси, ЖКнын депутаты Б.Бешимов менен ОБСЕнин эл аралык байкоочулары Иван Терси жана Ание Брони менен кызыктуу жолугушуу өткөрдү.

Ош Атамбаевди колдоодо
23-июнь күнү Ош шаарындагы Улуттук драмтеатрында 3 миңге чукул адам чогулуп, Бириккен оппозициянын талапкери А.Атамбаев менен жолугушту. Жолугушуу өтчү жайдан 500 метрче аралыкта атайы тоскоолдуктар көрүлүп, жолугушууга барбоо жөнүндө коркутуп-үркүтүүлөр болсо да, көпчүлүктү токтото алышкан жок. Ал жерде көбүнчө салык маселеси жөнүндө суроолор берилип, жооп катары А.Атамбаев элди ыгы жок салыктар менен муунтуп жаткан жаңы салык кодексине терс пикирин билдирди.
Жалпы сөз менен айтканда, канчалык тоскоолдуктар болбосун А.Атамбаевдин Түштүк жергесиндеги жолугушуусу көпчүлүктүн колдоосу менен ийгиликтүү уланууда.

Атамбаев Алайда
24-июнь күнү А.Атамбаевдин агитпоезди Ош облусунун Алай районуна кирип келди. Аны уккан аким Алмаз Осмонов таңкы саат 6да жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн, укук сакчыларын баш кылып чогултуп, Атамбаевдин эл менен жолугушуусун кандай да болсо үзгүлтүккө учуратып, элди үйлөрүнөн чыкпоо тууралуу көрсөтмөсүн берген экен. Бирок, тоо мүнөз Алай элин токтото алган жок. Тескерисинче, Гүлчө айылында миңдеген адамдар Атамбаевди тосуп алышты.




Көп түкүрсө көл болот
Бирдики - миңге, миңдики - түмөнгө
Ортосай айылынын тургуну 90дон ашкан Асанбаева Сакы эне өз пенсиясын Президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин шайлоо фондуна ыктыярдуу өткөрүп берди. "Мен биздин Алмазбек үчүн пенсиямдан акча бергенимдин себеби - ал биздин өлкөнүн башчысы болсо дейм. Ал президент болсо Кыргызстанда тынчтык, береке болот" дейт Сакы эне, борбордук штабдын басма сөз кызматынын берген суроосуна.
Ал эми 74 жаштагы Алыбаева Шаар апа да Алмазбек Атамбаевди колдоорун билдирип, төмөнкүлөрдү айтты: "Пенсиямдан 500 сом берип жатам, ал жакшы ишке - Алмазбек Атамбаевди колдогонго жумшалса. Себеби, Алмаз өлкөнү оңооруна ишенем. Ал бекеринен Москвада окуган эмес, мамлекет кандай болуш керек экенин, элдин турмушун оңогонду, нан кантип табыларын билет. Бийликке келсе, пара алганды токтотот, адилеттик орнотот. Атамбаевге окшогондор көп болсо, жашообуз жакшы болот эле".






кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"
email • архив • редакция 
26-июнь, 2009-ж.:
1-бет
Суунун башы сулайман...
2-бет
"жалгыз көзүр" же Камбарата ГЭСин өзүбүз кура албай калдыкпы?
3-бет
Шайлоого 26 күн калды
4-бет
23- июль президенттик шайлоо күнү
5-бет
Исмаил Исаков:
"президенттин сөзү канчалык деңгээлде чындыкка жатат"

6-бет
Снова "ганси"
7-бет
Ала-Тоонун борборунда Манастын душмандары неге орун алды?
8-бет
ЭМНЕ ҮЧҮН АТАМБАЕВ?
9-бет
"Кыргызстан жалгыз тумар мойнумда, сенден башка мекеним жок дүйнөдө"
10-бет
Тажикстанда экс-министр өлдү
11-бет
Өзөктү өрттөп барат бир сезим, урпактардын келечеги көрүнбөй
12-бет
90 жаш Усубалиев
13-бет
ДААВАТЧЫЛАР же алардын артында кимдер турат?
14-бет
Жай. Күндүн пайдалуу, пайдасыз нурлары
16-бет
Шоу дүйнөсүндө










??.??