Жарык күйөт, өчөт

Мажит светти өчүр же энергетиканы эңшерген кимдер?
2005-жылдын 24-мартында өлкөдө төңкөрүш жасалып, берген убадаларына ишенген эл, азыркы президент Бакиевди президенттик такка отургузушкан. Тилекке каршы, Бакиев жана анын командасы төрт жылда ким экендигин көрсөттү. Революция жасаган элдин максаттарын аткарбады. Үй-бүлөлүк кландык башкарууну мурункудан да аша өркүндөтүп, коррупцияны баардык тармакта гүлдөтүп, өстүрүп-өөрчүттү. Анын ичинде энергетика тармагын сызга отургузуп, обу жок коррупциянын айынан элди караңгыда калтырды. Тагыраак айтканда, Бакиев келгени калк жарыксыз калды. Жайдын келиши менен бул көйгөй унутула түшкөнү болбосо, күз келээри менен маал-маалы өчүрүүлөр кайра башталаары турулуу. Муну бийлик да танбастан теледен айтып келүүдө. Дегеле аталган көйгөйдөн төрт, беш жылга чейин кутулууга болбостугун эксперттер какшап айтышууда. Эгер коромжусуз пайдаланса төрт, беш жылда Токтогул суу сактагычы өз калыбына келээрин эскертишүүдө. Бирок, андайды 18 жылдан бери коррупциянын очогуна айланткан бүгүнкү бийликтин энергетиктери жасаарына ишеним аз. Ошондуктан эл арасында "сууну сатып жиберген" деген сөз да бекеринен айтылып жаткан жок. Биз да айтылган имиш сөздөрдүн чын-төгүнүн иликтеп, бир топ убара тарттык. Тармакты терең билген адистер менен баарлашып, көйгөйдүн бир чекесин ачкандай болдук. Көрсө, энергетика тармагындагы шылуундар миллиондогон эмес, миллиарддаган акчага туйтунуп жатыптыр. Кепти ошондон баштайлы.

Электр энергиясы эң көп керектелүүчү учур кыш мезгилине туш келээри баарыбызга маалым. Ошол кыш маалындагы кыраан чилдеде өлкө суткесине 14,4 миллион кВт/саат энергия керектейт. Муну бир айга көбөйткөндө 432 миллион кВт/саат, аны кыштын 5 айына айландырганда 2 млрд. 160 миллион кВт/саат энергия керек экен. Бул кышкысын. Ал эми жалпы Кыргызстанды бир жылга камсыздоо үчүн 14 млрд. кВт/саат энергия керек болот. Анын 12 млрд. кВт/саат энергиясын Токтогул ГЭСи, 2 млрд. кВт/саат энергиясын ТЭЦ иштеп чыгышы керектиги мыйзамда көрсөтүлгөн. Ошондо баары болуп 14 млрд. энергия өндүрүлүп, өлкөнүн керектөөсүн толук камсыздайт. Айтылгандай ТЭЦ суткесине 14 миллион кВт/саат өндүрүп берсе, бир айда 420 миллион энергия чыгарат. Муну жогоруда айтып өткөн кыштын 5 айына көбөйткөндө 2 миллиард 100 миллион кВт/саат энергияга айланат. Тилекке каршы, Бишкек ТЭЦи акыркы (2005-жылдан бери карай) жылдары аталган энергияны өндүргөн эмес. Бир жылына, маселен 2007-жылдан 2008-жылга караган кыш айында ТЭЦ болгону суткесине 3 миллион кВт/саат гана энергия өндүрүптүр. Башкача айтканда, өз мойнуна жүктөлгөн энергетиканы иштеп чыкпаптыр. Албетте мында, калган энергияны өлкө кайдан тапты деген суроо туулат. Дал ушул жерден миллиондун эмес, миллиардаган сомдорду соргон коррупциянын учугу башталат.
Анткени, ТЭЦтен бир кВт энергия өндүрүү үчүн 1 сом 10 тыйын кетет. Кымбат болгону баарына белгилүү отун, мазут ж.б. сатып алынат. Ал эми Токтогул ГЭСи бир кВт энергияны 5 эле тыйындан өндүрүп берет. ТЭЦтен 1 сом 5 тыйын арзан чыгарат. Эми ушуну санайлы: Токтогул ГЭСи өндүргөн 12 млрд. кВт/саат энергияны 5 тыйындан сатканда 600 миллион сом болот. Ал эми ТЭЦ өндүргөн 2 млрд. кВт/саат энергияны 1 сом 10 тыйындан сатса 2 млрд. 200 миллион сом болот. Экөөсүн кошкондо 2 млрд. 800 миллион сом болот. Ички керектөөгө кеткен 14 млрд. кВт/саат энергия 20 тыйындан сатылганда дал ушул сумма 2 млрд. 800 миллион келип чыгат. ОАО электр станциясы бөлүштүрүүчү компанияларга 20 тыйындан берип, мыйзам боюнча элден аталган акчаны чогултуп алат. Дагы бир жолу айтып коёлу, ОАО электр станциясы элге 20 тыйындан сатып, калктын чөнтөгүнөн 2 млрд. 800 млн. сом чогултуп алат.
Бирок, биз жогоруда ТЭЦ мойнуна жүктөлгөн 2 млрд. кВт/саат энергия өндүрбөй, болгону кыштын беш айында 500 миллион энергия өндүргөнүн айттык. Калган 1 млрд. 500 миллион кВт/саат энергия өндүрүү байкуш Токтогул ГЭСине жүктөлгөн. Эмне үчүн? (Жогоруда көрсөтүлгөндөй андан өндүргөн энергия арзан болгондугу үчүн) Жыйынтыгында Токтогул ГЭСи өз нормасынан көп иштеп, 13 миллиард 500 миллион кВт/саат энергия өндүрүп жатыптыр. Өндүрсө эмнекен деп кол шилтеп коюшубуз да мүмкүн. Бирок, эмне үчүн ушундай болду деген суроону андан ары изилдей келсең, момундай жоопту аласың.
ОАО электр станциясы ТЭЦтен 500 миллион энергияны өндүрүп алуу үчүн 550 миллион сом, Токтогул ГЭСинен 13 млрд. 500 миллион энергияга өндүрүш үчүн 675 миллион сом кетирген. Экөөсүн кошкондо жалпы 1 млрд. 225 миллион сом коротуптур. Ал эми элден мыйзамга ылайык чогулткан 2 млрд. 800 миллион сомдон коромжу болгон 1 млрд. 225 миллион сомду алганда ортодо 1 млрд. 575 миллион сом калат экен. Жөнөкөй адамдын түшүнө кирбеген сумма. Мынча акча кайда кетти? Ортодогу миллиарддар кимдин чөнтөгүнө түштү? Байкуш элдин жон терисинен сыйрылган акчаларды ким сапырды деген суроолор жоопсуз калып келет.
Ушу жерден калктын турмушуна кедергисин тийгизип, күз келээри менен тоюн, жакшылык-жамандыгын караңгыда өткөрүп жаткан светти маал-маалы менен өчүрүлүшүнүн чекеси ачыкка чыгат. Дегеним, аталган пайданы чөнтөккө салууну көздөгөн азаматтар Токтогул ГЭСинен 1млрд. 500млн. кВт/саат энергияны ашык өндүрүп, сатканда - суу сактагычтан кеминде 2 млрд.куб суу агып чыгып кеткен. Көрсө, мыйзам боюнча ТЭЦтен 1 сом 10 тыйындан чыга турган токту, Токтогул ГЭСинен 5 тыйындан өндүрүп, элге 20 тыйындан сатып, сууну агызып келишиптир.
Бул өлкө ичиндеги энергомафиянын бир гана барагы. Биз аны жалпы жонунан гана эсептедик. Ал эми сыртка сатылып жаткан энергиялардын акчасы казынага түшөбү же түшпөйбү аны билген бирөө жок. Сыртка сатылган энергиялар жалаң чет элдик компаниялар аркылуу кетет экен. Аларды кыргыз өкмөтү көзөмөлдөбөйт. Албетте, ал компаниялар кайсы бир чиновниктики же ака-үканики экени белгилүү. Бул коррупциянын тамыры кыркылсын деп революция жасаган элдин үмүтү акталбаганынын бир далили. Айрыкча энергетика сатылбасын дегенде эл тикеден тик турган. Тилекке каршы, эл колдоосу менен келген бийлик аны аткарбай, Теңирден тескээри кетти. Энергетиканы азыр саталбай отурат. Калтын чөнтөгү менен курулуп жаткан Камбарата ГЭСин дагы жакында акционерлештирип, менчикке берүү жолун ачып койду. Анда эмне үчүн башында эле беришкен жок дегендер көбөйдү. Эмне үчүн элдин акчасын курдуруп, бүтөөрүнө аз калганда акционерлештирип отурат? деген сыяктуу суроолор да арбын айтыла баштады.
Өлкө энергетиктеринин расмий жоопторун көрүп, дагы таң каласың. Эсептери туура эмес. Ортодогу айырмачылыктарды көрүп оозуң Ошту карайт. Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Бешимовдун 2008-жылдын 27-июнунда берген суроосуна Өнөр-жай, энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары А.Түмөнбаев жооп бериптир. Б.Бешимовдун "2005-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстан канча электрэнергия өндүрөт жана сарптайт?" деген биринчи суроосуна, А. Түмөнбаев минтет:
- 2005-жылы 14,891 млрд. кВт/саат энергия өндүрүлүп, анын 2,661 млрд. кВт/саат экспорттоп, 7,095 миллиардын өлкө өзү керектеген. (Ортодо 5,135 млрд. кВт/саат энергия жок).
2006-жылы 14,486 млрд. кВт/саат энергия өндүрүлүп, анын 2,460 миллиарды экспорттолуп, 7, 185 кВт/сааты ички керектөөгө жумшалган. (Бул жылдан 4,841 млрд кВт/саат энергия жок).
2007-жылы 14,800 млрд. кВт/саат энергия өндүрүлүп, анын 2,379 миллиарды экспортко кетип, 7,695и импорттолгон. (Бул жылдан 4,726 млрд. кВт/саат энергия жок. Буларды 62 тыйындан айландырып көрүңүз?).
Б.Бешимовдун: "2005-жылдан баштап Кыргыз Республикасы канча кВт/саат энергияны кайсы өлкөлөргө саткан?" деген экинчи суроосуна, А.Түмөнбаев:
- 2005-жылы Казакстан 1,483 млрд кВт/саат, Тажикстан 155,4 млн. кВт/саат, Кытай 1,3 кВт/саат жана Россия 936 млн. кВт/саат болуп, жалпы 2,576 млрд. кВт/саат энергия экспорттолгон.
Министрдин орун басары жогоруда эле 2005-жылдагы экспортту башкача көрсөтсө, мунусунда башкача айткан. Ал эми ар бир өлкөгө берилген энергияны эсептесең башка сан чыгат. Мейли деп, жогоруда белгилеген сан менен төмөндөгүнү санай келсең, 85 млн. кВт/саат энергия жок болуп кетет. Аны өздөрү айткан 38 тыйындан эле эсептесең, 32 миллион сом болот.
Мындай айырмачылык 2006-жылдан дагы чыгат. Биринчи суроого четөлкөгө 2,460 млрд. кВт/саат экспорттолду деп жооп берсе, экинчи жообунда 2,437 млрд. деп жооп берген. Экөөсүнүн ортосундагы айырмачылык 23 млн. кВт/саат энергия. Муну ошол жылдагы 48 тыйындык баага чыцкканда 9,66 миллион сом болот.
Мындай башаламандык бир эле энергетика тармагында болуп жаткан жок. Баардык тармакты каптаган. Минтип кете берсек, акыры кайда барабыз? Кыргыз!

Памир МАНАС