Шайлоо деген ар кандай, Шайтангүлдү алгандай…

талапкериңерди ШЫЙПАКТАБАЙ,
"ҮРҮП-КАППАЙ" КОЛДОСОҢОР БОЛБОЙБУ?!
Трактористтер менен трактирлер Бакиевди небак эле президент кылып шайлап алышты. Жанагы Бакиевди даңазалаган, адам түшүнүп болбос, өздөрүнө укмуштуудай "шедевр" сезилген рекламалык роликтин мисалында айтып жатам. Э айланайын, ошондой да келжирек ролик болобу, аныңды кайсы кыргыз түшүнүп куурады?! Андай эле мээлери жетпесе мен жардам бербейт белем, гонорарсыз эле… По секрету айтып коеюн, мен андай роликти жасасам, Бакиев эч качан өтпөйт! Тарс-турстун баары тамаша.
Ошентип, трактористтер Бакиевди президент кылып "тынышты". А эл болсо бир аз башкачараак ойдо. Президентине жанын бере жагынган атка минер, эшекке минерлерди кошпогондо аны шайлайм деген карапайым элди көрбөдүм, укпадым… болсо болгондур. "Бакиевге добушуңду бербесең балакет-бастанды көрүп каласың!" десе макул дейт да, кээ бири калптан.
Байкап жатабыз, Бакиев үчүн бүтүндөй башкаруу бийлиги иштеп жатат, Шайлоо кодексин "быш" деп койбой өз билгендерин кылып жатат, фактыласаң аягына чыга албайсың, алар шайлоо компаниясын 18-июнда эмес "Акжол" Кеңеши (Жогорку Кеңеш дегеним) шайлоо мөөнөтүн бекиткендин эртеси эле баштаган, биринчилерден болуп Айтибай Тагаев деген баштаган. Ошол күндөн баштап губернаторлор, акимдер, мэрлер, айыл өкмөттөрү күнү-түнү иштеп келет. Эпадам Атамбаевдин бир эле өкүлү ошентсе, аны шайлоого катыштырбай салышы бештен белгилүү болчу. Карасаң эй, бу бийлигиң каалаганын кылат экен!
Ысык-Көл облусунда да бийликтин шайлоо багытындагы иштери "…өтүгүмдү төргө илем" жолу менен шыдыр кетип барат. Карапайым элди коркутуп-үркүтмөй менен агитациялык иштерди жүргүзүп жатышат. Бу бийликтегилердин таптакыр эле мээси жокпу же зөөкүрдүгүнө жеңдирип жиберип жатабы, ныпым түшүнүп болбойт, агитация ишинде коркутуп-үркүтүү деген кылмыш иши катары каралат экенин эске албаганы эмнеси?! Жөн элди бир эсе коркутса, Атамбаевди жактаган активисттерди эки эсеби же эки жүз эсеби коркутуп жатышат. Мисалбы, о кокуй о-ой, мисал деген кара канчыктын кара капталынан. Тергеп-тескеп алыңыз.
Түп районундагы Кудургу айылынын тургуну Бегайым Бектурсунова деген айым Атамбаевди колдойт экен. Анан бу алты балалуу, күйөөсү авариядан майып болуп калган айымды Кудургу айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Эржанов деген: "Эгер Атамбаевге жан тартканыңды токтотпосоң, балдарыңа пособие бердирбей салам" дегенди баш кылып далайды айтып коркутат экен. Эмне, пособие дегенди ал айыл өкмөтү атасынан калтырган бекен же Бакиевдин чөнтөгүнөн берип жаткан бекен?! Мындай иттиктер толо.
Жети-Өгүз районундагы Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн башчысы Болот Сулайманов болсо Кабак айылындагы келиндерди: "Атамбаевди колдосоңор, үйүңөргө наркотик салдырып туруп, каматып таштайм" дейт экен. Бу деген сот жообуна тартылчу маселе. Жанагы оппозиция бир аз тескери сүйлөп койсо баса калчу "кыкыбысы" кайда карап жатат?! Мындайды алар көрбөйт, укпайт, алардын көрүү, угуу сезими оппозиция тарапка түздөлүп калган…
Барскоондо Атамбаевди колдоо штабы куугунтукталып, туура төрт жерге орун которуп, акыр-аягы Жети_Өгүз райондук штабынын башчысы Нурбүбү Кененбаеванын үйүн башпаанек кылып жатышат экен.
Жети-Өгүз районундагы Сару айылында кыздар Атамбаевге кол топтоп жүрсө, райондун бир көпкөн майору кыздардын жүрөгүн түшүргөн экен, камап туруп жоготом маанисинде. Ага андай укукту Бакиев бериппи, эмне же Конгантиевби?!

Атамбаевди шайлоо боюнча областтык штабынын пресс-борборунун маалыматы боюнча жогорудагыдай мисалдар толо. Ошондой эле бу пресс-борбордун изилдөөсү боюнча облустагы 243 шайлоо участкаларында иштеп жаткан 2100 адамдын 2,7 проценти гана БЭКке жан тарткан адамдар экен. Бакиев өзү баш болуп айтты эле го, бу тарапта теңчилик болот деп... дагы бир өрдөгү учуп жүрөт.
Бардык жердегилердей эле Көлдө: "Эгерде, сен Бакиевге каршы иштесең, Атамбаевди колдосоң, анда кызматы бар туугандарыңды, таяке-жээниңди кызматтан куудуртам, паччагыңды чыгарып таштайм…" сыяктуу коркутуп-үркүтүүлөр азыр "модада".
Кызматынын кулу болуп, жөнөкөй элди кордогондор качандыр бир сөзсүз жооп берет, сөзсүз!
Байкуш айыл өкмөт башчыларына, майда-барат чиновниктерге боорум ооруйт. Наркы-терки чапкылап, опол тоо иш бүткөрүп жүргөнсүп, Бакиевин ошол гана коргоп ала турансып шаңыраңдайт дейсиң, бир туруп күлкүң да келет, ушундай сонун жигиттерди кошоматчы кылып шыйпактатып салган бийлик системасын жек көрүп да кетесиң. Бакиев шайлангандан кийин ошол айыл өкмөт башчысынын же башкасынын үйүнө келип, кучактап туруп өөп, анан Акүйгө апкетет экен, чо-оң кызматка… Кара таштын!
Ооба, бийликте тургандан кийин бийлигин коргоп алышы керек. Бакиевдин командасындасыңбы, анын идеясын колдойсуңбу, маа демектен жаныңды берип корго, бирок оппозицияга ойсоктоп тийишпей, анан опузалабай колдо да. Эй, бийликтин шыйпаңдаган эргулу, сен элди коркуткандын ордуна Бакиевиңдин кыйындыгына, акылдуулугуна ишендир, Бакиев мыкты турмуш куруп берүүгө кудурети жетет деп ишендир. Ошондо гана эл ага добуш берет. Коркутканыңдан эч нерсе чыкпайт…Атамбаевден кетесиңби…?
Эртең Бакиеви да кетет,анан бу "эргулдар" кийинки президент үчүн жанын берет. "Биз Сиздин президент болоруңузду мурун эле билгенбиз, Бакиев татыксыз болчу, Сизди күтүп жүргөнбүз" дейт, көз жаш кылып. Бу кошоматчыларда ар деген болбойт, намыс деген болбойт. Жанагы "Мауглидеги" жолборстун жанында шыйпактаган чөөнү элестетет да турат. Эмне, Президентин шыйпактабай, накта эркекче коргосо, колдосо болбойбу?! Сөзсүз эле шыйпактап, берки тарапка карай "ырылдай үрүп-каап" коргош керек бекен?!

Өткөн жумада Караколдо Бакиевин шайлап алуу штабынын ачылыш аземи болду. Жакшы өттү дешти. Штаб областтык элге билим берүү башкармалыгынын мурунку имаратында. Акүйдөн кем эмес заңгырайт, кабат-кабат. Штабдын башында айтылуу Жетимишбаев турат. Бу иним азыр президенти үчүн жанын бериппи же бере жаздаппы, күнү-түнү чапкылап жүргөн кези. Бакиев дегени көзүн ачса бет маңдайында, көзүн жумса элесинде, уктаарда анын сүрөтүн жаздыгын астына салып алат дешет. Уйкусуз түйшүгү аны 150 граммга арыктатып таштады деген да сөз тарады. Эч нерсе эмес, патрону шайлоодо өтүп кетсе… баланчанчы даражадагы орден алса, Досболдун ордуна отурса, жоголгон алмак кеп бекен…
Атамбаевдин штабы болсо андан бир көчө ылдый, сыйпалап издебесең көзгө көрүнбөй турган эски имаратта.
Баса, Караколдогу мугалимдери окуучулардан акча соруп турган (бу маселени кийин шашпай баяндап беребиз) Токтогул Сатылганов атындагы интернат-лицей бар, мына ошол лицейге министрлигинен буйрук келди дейт "шайлоо бүтмөйүн бир дагы мугалим отпускага чыкпасын" деген. Бу кайсы закондо жазылган экен, Мусаевдинби?! Анда бир жөн…
Ар кадамы мыйзам бузуу менен шилтенген мамлекет болдук да калдык!
Менин карапайым шайлоочуга айтаар кеңешим бар: Силер айыл өкмөт башчысынын, аким-сакимдердин, жана башка бийлик жандууларга каршы сүйлөп, жаман көрүнбөгүлө, "паланчаны шайла" десе, "хоп, майли" деп кое бергиле, анан кабинага киргенден кийин тигилерге "пок, майли" деп туруп, көкүрөгүңөр айтканды шайлап салгыла да, ач кулактан тынч кулак кете бергиле. Жолдун жакшысы ушул. Айтышып, кармашып, жаман көрүнүп не керек, башка түйшүгүңөр да жетээр…

Баратбай АРАКЕЕВ