Адам эмес, заман тандаңыз

Өмүрбек Текебаев, "Ата Мекен" партиясынын төрагасы:
"Биздикилер жеке менчиктин, жеке кызыкчылыктын сыйкырдуу күчүнө ишенип отурушат"
- Өмүрбек Чиркешович, жакында Сиздерди Орусиянын борборунда болуп келди деп уктук. Москвага болгон иш сапарыңыздар жемиштүү болдубу?
- "Адилет Россия" партиясынын 4-сьездине "Ата Мекен" партиясынын делегациясы катышып келди. Сьездин алдында социалисттердин форуму болду. Ага 28 өлкөнүн өкүлдөрү катышты. "Адилет Россия" партиясы өзүнүн жаңы программасын кабыл алып, идеологиясын "Жаңы социализм" деп атады. Биз 1996-жылы партияга социалисттик деген аныктама кошуп, 2000-жылкы президенттик шайлоодо "Жаңы социализм" деген идеяны көтөрүп, "Адам эмес, заман тандаңыз" деп чыкканбыз. Ошондон бери КМШ өлкөлөрүнүн элитасында аң-сезимдик өзгөрүүлөр болуп отуруп, бүгүн Россиядагы экинин бири болгон партиясы өзүнүн идеологиясын ушул багытта тактады. "Справедливый Россия" менен "Ата Мекен" партиясы былтыр социнтерндын мүчөсү болгонбуз. Миронов бул уюмга мүчө болушун сыймыктануу менен айткан. Ушундай чоң партия сыймыктанган эл аралык уюмда "Ата Мекендин" мүчө болушу идеологиясын так аныктагандыгын билдирет. Орто Азиядан бир гана "Ата Мекен" партиясы аталган уюмга мүчө.
- Либералисттердин идеологиясы алгылыксыз деген менен биздикилер аны туу көтөрүп жатпайбы?
- 1970-жылдары Тедчеризм, Рейганизм деген жаңы либералдык саясаттын соодасы жүрүп турган мезгилде, СССР тозуп, дүйнөлүк социалисттик лагерь кыйрап, рынок мыйзамы ыйык сезилип, туу катары көтөрүлгөн. Бирок, акыркы он жылда рыноктук фундаментализм универсалдуу эместигин көргөздү. Тилекке каршы ошол көз караштан биздин жетекчилер чыгалбай жатат. Азыр бизде экономикадагы жеке менчиктин, жеке кызыкчылыктын сыйкырдуу керемет күчү жөнүндөгү мифке ишенип отурушат. Бакиев былтыркы элге кайрылуусунда "Энергетика тармагын сатыш керек. Мамлекет аны башкара албайт, жеке менчик башкарыш керек" деген. "Акжол" партиясы келгенден бери "Түндүк электрону", "Бишкек газды", ТЭЦти, "Бишкек жылуулук тармагын" сатканга уруксат берди. Жакында "Бишкек суу тармагын" сатканга уруксат берди. Булардан сырткары жер байлыктарын, кендерди сатканга уруксат берип отурушат. Мына ошентип талкаланган идеологияны Бакиев андан ары улантып отурат. Рыноктук идеологиянын мекени болгон Американын президенттери да "Тооба" деп жиберишти. Ачкөз сасык көпөс капитал же жеке кызыкчылык жалпы кызыкчылыкка үстөмдүк кылбаш керек экен деген социалисттик терминологияны Европа жана Америкадагы оңчул партиялардын лидерлери дагы айта баштады. Экономика адам үчүн болуш керек, байлык, бизнес элге кызмат кылыш керек, жеке байлык үчүн баары коммерциялизация болбош керек деп жатышат.
- Коммерциализация кайсы тармактарда болушу керек?
- Коммерциялизация экономикада гана болушу шарт, коомдо болбошу керек. Бизде болсо бардык жерди каптады. Билимде, ден соолукта, маданиятта, жөнөкөй адамдык мамилелерде дагы "Пулуң болсо кулуңмун" деген шылуундарга жүгүнгөн базар прицибин орнотушту. Мына ушул идеологияга каршы жаңы демократиялык социализм идеологиясы кайрадан бутуна туруп баштады. 1998-жылдагы Азиядагы каржы кризис жана 2008-жылдан бери болуп жаткан дүйнөлүк каржы жана экономикалык кризис, рыноктук принциптин универсалдуу керемет күчү бар деген мифти талкалады. Коммунисттик идеология талкалангандай эле, бул дагы оңой талкаланды. Ошондуктан "Адилеттүүлүк" деген сөз алдыга чыгып жатат. Жаңы социализм идеологиясы бүткүл дүйнө боюнча күчөп жатат. Негизги принциптери: "Эркиндик, Теңдик, Адилеттүүлүк". Социализм идеологиясы саясий гана идеология эмес, этикалык окуу. Бул ишенимге негизделген. Адам өзү ошого ишенбесе, ынанбаса идеология болбойт. Муну солчул дейт. Ал эми оңчул идеология адамдын жеке кызыкчылыгына таянат. Эптеген эки ичесиң, максималдуу пайда тапсаң байыйсың деген принцип. Бул бүгүн болуп жатат. Социализм идеологиясы буга караганда татаалыраак. Биринчи адамдын өзүн ынандырыш шарт. Аларды ишендириш керек. "Ишеним" деген дүйнөлүк бардык диндердин негизин түзөт. Ал жерде Кудайга жана ал айтып кеткен принциптерге эл ишениш керек. Биздин "Жаңы социалисттик" идеологияны дин ишенимдерине тутумдаш жүргүзсө болот.
- Сиз курултайда кай багытты камтыган сөз сүйлөдүңүз?
- Менин докладым, "Орто Азияга жаңы социал-демократия, радикализмге альтернатива" деген темада болду. Демократиялык-социализмдин эң негизги түшүнүгү бул - саясий демократия. Эгер саясий демократия болбосо, карапайым калк менен эч ким эсептешпейт. Элди мал айдагандай айдап, добушун өзү каалагандай чечет. Орто Азия өлкөлөрүнүн баарында кландык - үй-бүлөлүк, авторитардык башкаруу орногон. Бул өлкөлөрдө карапайым эмгекчил калктын укугун эске алуу деген болушу мүмкүн эмес. Жергиликтүү манабы өзүнчө, мамлекеттик деңгээлдеги манабы өзүнчө Борбор Азия өлкөлөрүн калчап отурат. Муну мен саясий радикализм, экстремизм жана саясий террор деп эсептейм. Буга альтернатива катары саясий демократия, конкуренция керек. Бул социал-демократтардын манифесттеринде "Саясий демократия адам укугун жана адамдын башка эркиндиктеринин негизин түзөт. Бул аба менен суудай эле коомго керек" деп жазылган. бул боюнча "Ата Мекен" партиясы ж.б. демократиялык күчтөр "Кыргызстандын өнүгүшүнүн жаңы саясий концепциясы" деген концепцияны бийликке сунуштаганбыз. Бул боюнча программа дагы бар.
- Орто Азиядагы дагы кандай өзөктүү проблемалар бар?
- Орто Азиядагы дагы бир чоң проблема- Ислам радикализми. Ислам радикализмине каршы биз жаңы социализм идеологиясын сунуштайбыз. Биз динге каршы эмеспиз, эриш-аркак иштейбиз. Негизибиз бир ишеним. Принциптери да бир. Соопчулук - тилектештик дегендик. Коом менен жашап, коомдун кызыкчылыгын жогору кой. Алсызга жардам бер ж.б. дегендер бардык динде бар, бизде бар. Бирок, мамлекет менен дин экиге бөлүнүш керек. Ар ким өзүнүн сферасында иш кылышы керек. Учурда Ислам мамлекетин түзөбүз деп мусулмандар радикалдашып жатканына ким күнөлүү (?) деген суроо коюлууда. Буга дин лидерлери же карапайым эл эмес, биринчи кезекте мамлекет күнөөлүү. Эгер мамлекет эл ынангандай адилеттүү идеология сунуштай албаса, жалган айтып уурдаса, элге жардам бербесе, адамдар таянар таяныч издейт да. Жыйынтыгында карапайым калк аны Исламдан таап жатат. Ислам бош калган жерди ээлеп жатат. Бул табияттын мыйзамы. Эгер система жок болсо эски нерселерге таянат.
- Исламдын күчөшүнө эмнелер түрткү болду?
- Исламдын күчөшүнүн үч фактору бар. Биринчиси "Самоидентификация". Союз урап, Орто Азия өлкөлөрү өзүнүн ким экендигин, башка элдерден эмнеси менен айырмалангандыгын тактоо маселеси чыкты. Ислам ушунда мамлекетти, коомду түзүүдө пайдубал болуп берди. Экинчиси Ислам дин гана эмес, гарждандык укуктук системасы бар жөндөөчү касиетке ээ. Бул шариятта каралган. Ислам динин тутунган элдин үрп-адаттары, каада-салттары динге аралашып, диндики катары кабыл алынып кете берген. Ошондуктан улуттун маданияты катары Ислам кабыл алынган. Союз талкаланганы менен кошо өкмөттүн социалдык саясаты жоголуп, эл мүңкүрөп турганда миңдеген жылдар сакталып келген эски "аварийный" система ишке киришти. Биздин Кыргызстанда бул - кландык-тууганчылдык институту. Адам өтсө тууган-уругу келип, ага материалдык жана моралдык жактан жардам берет. Калганы да билет, анын башына ушундай иш түшсө баардыгы келип жардам берет. Тууганың той кылса баардык туугандарың кошумча берет, сен дагы көңүлүңдөн чыгарып бересиң. Анткени абсолюттуу түрдө ишенесиң он, жыйырма жылдан кийин нотариусу, соту жок эле сага анын баары кайтат. Ооруканага жатсаң же түрмөгө түшсөң тууганың жок дегенде бир жолу кабар алып, тамагын алып барат. Тугандык-кландык институту - байыркы социалдык камсыздандыруу институту. Баласын ата-энеси багып чоңойткон, картайганда баласы ата-энесин асыраган. Бүгүнкү социалдык фонддун принциби. Демек, мамлекеттик система иштебей калганда унутулуп калган "запастагы" система иштей баштады. Мамлекеттин социалдык идеологиясы жок болгондуктан бул кеңейип, кеңейип отуруп, бош калган орунду ээлей баштады. Өз күчүн сезген кландык институт саясатка дагы тап берип, мамлекеттик иштерге таасир эте баштады. Ошентип, мамлекет жол көргөзө албай, идеологиясын бералбай, социалдык программасы жок болгондуктан биз эски түшүнүккө кетип, заманбап саясий системаны түзалбай калдык. Бул жерде каада-салттын, тууганчылыктын күнөөсү жок. Айла кеткенде, жогоруда аталган системалар иштебей калганда, үй-бүлөдө, турмуш-тиричиликте колдончу институт мамлекеттик деңгээлге көтөрүлдү. Ушул жерден элдин маданиятынын бир бөлүгү катары, ислам дагы социалдык жөлөк катары өз күчүн чыңаганга жетти. Бул жерде исламдын дагы күнөөсү жок. Коом алдастап калганда эски түшүнүктөргө таянды.
- Ушуларды чектөөнүн жолдору барбы?
- Жаңы социализм идеологиясы адамдын ишенимин жандандырып, тилектештик, адилеттүүлүк принциптерин мамлекеттик идеологияга көтөрөт. Ошондо кландык система кыскарып, өз ордун табат. Аш-той, өлүм-житим менен чектелет. Мамлекет пенсия, маяналарды өз учурунда берсе, жумуш орундар менен элди камсыз кылса, байыркы интитуттар анын ичинде дин өз ордун ээлейт. Эгер мамлекет адилеттүү идеологияны сунуштай албаса, исламды камап да, атып да токтото албайсың. Өз ишенимдеринен баш тартпай канчалаган Хиз-Бут-Тахир партиясынын өкүлдөрү камалганына, өлгөнүнө кайыл болуп жүрүшөт. Кээ бир өлкөлөрдү жашыруун куралдуу оппозицияга өтүшүп, Ооганстан, Пакистанга чейин барып, өз өлкөсүндөгү режимдер менен күрөшүп жатышат. Мен аларды туура же туура эмес деп айталбайм. Бирок, бул - туруктуулук. Өзүнүн идеясын ишке ашыруу үчүн өзүн курмандыкка чалуу - баа берүүгө татыктуу жорук.
- Суроону башка өңүттөн берсем, БЭКтин президенттикке көрсөткөн лидери А.Атамбаев түштүктү түрө кыдырып келди. Түштүктүн чыгаан уулу катары Сиздин карааныңыз алардын катарында эмнегедир көрүнбөдү. Себеби, эмнеде?
- Мен Москвада беш күн жүрүп келдим. Тилекке каршы бул күндөрү БЭКтин талапкери түштүктөгү жолугушуу учуруна туура келди. Ал жактагы ишчара дагы биз үчүн өтө маанилүү болду. Жалпы эле солчул кыймылдын бирдиктүү салтанаты болду. Алмаз Атамбаев жетектеген СДП менен бир багыттагы партиябыз. Ошондуктан жалпы биздин кыймылды колдогон ишчара болду десек туура болот. Биздин барып келишибиз СДПга, ошонун ичинде биздин талапкер Атамбаевге жардам бере турган саясий акция катары болду. Мындан аркы жолугушууларда чогуу болобуз.
- Москвадагы жолугушууларда АКШнын базасы Кыргызстандан чыкпай калышы туурасында сөздөр болдубу?
- Биз расмий түрдө Федерация Советинин төрагасы Миронов менен жолугуштук. Анда биз идеологиялык жана партия аралык кызматташуу жөнүндөгү маселени козгодук. Россиянын депутаттары, кызмат адамдары деликаттуу түрдө айланып өтүп жатышты. Анткени, ал кезде келишимдин майда-чүйдөсү белгисиз болчу. Кыргыз бийлигинин айтканы башкача болчу. Аскердик техникалар бул жерден өтпөйт деп жатышкан. Эки күндөн кийин гана Пентагондун өкүлү "Нак-та аскердик жүктөр ошол жерден өтөт, аны биздин аскер адамдары камсыз кылат" деди. Эми мындай ишти мамлекеттин расмий адамдары ачык айтпайт. Биздин бийликтей болуп, балп эткирбейт. Эл аралык мамилелерди алар кылдат жүргүзүшөт.

Маектешкен Зулпукаар Сапанов