Мыйзамдар токулат, токулат...

956 түтүндүн тагдырына түкүргөн ким?
Кыргызстандын аймагында Союздан белекке калган, кезегинде шаардагы жумушчулардын азык-түлүк көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган ондогон дача участкалары уюштурулган. Алардын бүгүнкү тагдыры не болду? Даяр ашка сугун арткандар барбы?
Бул проблеманы ордо калаабыздын Ош базарынан болгону 6 чакырым аралыкта турган "Дружба" дачасынын мисалында иликтеп көрөлү. Акыркы жылдарда бул жер "Дружба" жоопкерчилиги чектелген коому деп аталып келди. Анын башкармалыгын беш жылдан бери 68 жаштагы пенсионер, иштерман аял, улуту боюнча карачай, кыргызча түш жоруган Раиса Абдулхамитовна Шульгина жетектеп келе жатат.
Кыскача маалымат: "Дружба" дачасы 1952-жылы Фрунзедеги Ленин заводунун карамагында түзүлгөн. Мында 10 линия-көчө, үч көлмө, 956 участок, үч кампа, кеңсе, электр мамылары менен эки 630 жана 320 киловаттык подстанция бар. Аэропортту карай кеткен жолдун ылдый жагындагы саздак жерлер казылып кургатылып, бак тигүүгө канчалаган мээнет менен өздөштүрүлгөн. Муну дачада саналуу гана калган европа улутундагы ардагерлердин басымдуу бөлүгү баса белгилешет.
Учурда ички миграциянын айынан бул жерге Кыргызстандын алыскы облустарынан, атүгүл ирегелеш Өзбекстан менен Тажикстандагы улутташтарыбыз көчүп келишип, арзан нарктагы дачаларды сатып алышып, калаада иштеп күн кечиришүүдө.
Негизинен Р.Шульгина башкарган топ мыйзамдын чегинде иштеп, карыялардын деми менен эл байлыгын сактап калганын көрсөтө кетүү керек. Эженин ишине 2007-жылдын 30-сентябрында болгон отчеттук кайра шайлоо конференциясында делегаттардын дээрлик бардыгы жакшы баасын беришкен.
Азыркы заманда кайсы жерде байлык, бийлик, кызылдай акчалар болсо көзүн кызартып сугун арткандар, талап-тоноп жегиси келген мите курттар четинен чыга берет тура!Бишкектин капталындагы Пригородное айыл округунун башчысы, республикабыздагы түрк улуттук маданий борборунун жетекчиси Мурафаддин Сакимов жанаша турган майлуу дачанын жерлерин, байлыгын тартып алуунун планын түзүп, андагы мурда кылмыш жообуна тартылып, 1982-жылга дейре психо-неврологиялык диспансерде каттоодо турган Тамара Трегубова башында турган ушакчы, чыр аялдардын тобун тукуруп, коркутуп-үркүтүү жолу менен Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзам актыларына дал келбеген, адам укуктарын тебелеп-тепсеген арам иштерди жасады. Ал 2003-жылы эле башкармалыктын чечими менен дачага мүчөлүктөн чыгарылып жиберилген Т.Трегубованын түздөн түз көмөгү аркалуу элди козутуп, кол топтоп тынч жаткан жамаатты бөлүп-жарууга алып барды. Чоң жолдун боюндагы, шаарга жакын, мыкты жерлери бар коомду ээлеп алууну көздөп, 2007-жылдын 30-ноябрында жана 2008-жылдын 20-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан сунушталган "Достук" багбанчылык коомдук бирикмесинин участкасына айылдын статусун берүү жана аны Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Пригородный айылдык кеңешине кошуу жөнүндө Мыйзамга президент К.Бакиев 2008-жылдын 5-августунда кол койгон.
Сиздердин назарыңыздарды юридикалык бир ньюанска бургум келет. Биринчиден: "Достук" багбанчылык коомдук бирикмеси мыйзам чегинде жоюла элек. Экинчиден: бул бирикменин 956 участкасынын кайсынысына айылдын статусун берип жатканын болжош кыйын. Үчүнчүдөн, мындагы жашап жана иштеп жатышкан көпчүлүк калк-тын ой-пикири эске алынган жок. Муну А.Байысбекова, В.А.Лопаткин, В.А.Шилюк. Ш.Абдырахманов, Н.И.Тарева, С.Ырыскулов баштаган көптөгөн замандаштарыбыз тастыкташат.
Пригородное айыл округунун башчысы карапайым дачалыктардын башын айландырып каалоочулардын бардыгынын паспортторун каттоону, жаңыдан мектеп, оорукана куруп, жолдорду кеңейтүүнү, таза суу чыгарууну, ар бир үйгө бекер жаратылыш газын киргизүүнү убада кылып жиберген. Бүгүнгө чейин анысынын бири да аткарылбай калып кетти. Көрсө азыркы жергиликтүү бийликтин чыныгы жүзүн, алдамчылыгын ушундай сыноолордон байкаса болот турбайбы.
Дачанын байлыгына Аламүдүн райондук укук коргоо органдарынын асыресе прокурор менен ички иштер бөлүмүнүн жетекчилигинин кызыкчылыгы бар көрүнөт. 2008-жылдын ноябрында ички иштер кызматкери, тергөөчү Бермет Конушалиева айым эски жетекчиликти эл душмандарындай кеңседен кууп чыгышып, документтерди, кассадагы каражатты өзүм билемдикке салып, мыйзамсыз алып чыгып кетет. Ревизор-текшерүүчү экс төрайым менен бетме-бет бир ооз сүйлөшкөн эмес. Анан да убактылуу бийликке келген Т.Трегубованын Р.Шульгинанын атынан электр кубатына төлөмдөрдү кабыл алып жатышы адамгерчиликке да, мыйзамга да туура келбейт. Аламүдүн райондук укук коргоо органдары тарабынан ар кандай коркутуп үркүтүүлөр болгондуктан Раиса Абдулхамитовна ички иштер министри М.Конгантиевге жардам сурап кайрылууга аргасыз болду.Эгерде төрайым бир жеринен илешсе "бөрк ал десе, баш алгандар" улгайганына, ден-соолугуна карабастан эбак түрмөгө тыгып салышмак. Биздеги укук коргоочулардын, жергиликтүү бийлик төбөлдөрүнүн ишиндеги бир гана эпизод ушундай, окурман! Андан өзүңүз тыянак чыгарыңыз.

Адылжан ЖАЖАНОВ




  Азыркы жомок

Сатылбас Республика
Ак мөңгүлүү Ала-Тоого бөлөнгөн
Айланайын Ата-Журтум мекеним
Көкөлөтүп туусун кошо көтөрүп
Кыргыз болуп мен бактылуу экенмин

Орозбек Молдобаев,
сүрөткер-живописчи



Маселенин баары мончодо эле чечилди.
- Уах-уах, -деди англис. - Вай-вай, -деди кытай.
- Ооф, -деди америкалык. - Вах-вах, -деди түрк.
- Ой кандай жыргал сууга түшүү,- деди немис.
- Бул Республикада сууга түшүү башкача рахат, - деди француз.
- Бул Республиканын укмуш көлү бар дейсиң, - деди араб.
- Тим эле кыштыр-жайдыр сууга түшсөң болот.
- Оой, - деди англис. - Келгиле, ошол көлүн бир жылга арендага алабыз.
- Хе-хе, - деди америкалык. - Акчаң жетеби?
- Алар көлүн 999 триллионго да сатпайт.
- Сүйлөшөбүз да, - деди түрк. Эртеси бүткүл дүйнөнүн байлары Республиканын тарых музейине аукционго чогулушту. Алгач кепти Президенттин кеңешчиси алды.
- Бир жылга биздин көл 800 миллион долларга берилет, - деп жарыя кылды.
Америкалык уккан кулагына ишенбей, эси ооп калды. Ал алгачкы кеп кур дегенде 800 миллиарддан башталат го деп ойлогон. Эси ооп калган америкалыкка баары жабалактап суу чачып киришти. Көп сумма аталганы үчүн эси ооп калды, - деди кууланып кытай. Президенттин кеңешчиси оңтойсуз абалда калды.
- Биздин бир эле көлүбүз бар, - деди ал, ошол үчүн баасын өзгөчө жогору койгонбуз.
- Каап, - деп ичинен ойлоду ал.
- Президент айткан 500 миллионду эле атап койбой...
- Мен да ачкөз болуп кетпедимби.
Анан эле 801 миллион деген кыйкырык үндү укту. Президенттин кеңешчиси уккан кулагына ишенбей калды. Караса сол жактагы түрк тууганы экен.
Оой десе... Анан эле баа бир миллиндон улум-улам ашып эле көтөрүлө берди. Андан ашыкчага барышпады. Себеби, сүйлөшүп алышкан да. эсеп 999 миллион долларга жеткенде эсин жыйган америкалык аукционду токтотту. Баары тең үйлөрүнө тарап кетишти. Бул күнү ар кимиси аукциондун жыйынтыгын өз-өзүнчө жорушту. 999 миллион долларга көлдү арендага бере албаганы үчүн Президент жарлык менен өз кеңешчисин ошол эле күнү жумуштан алып таштады. Ал жарлык беркилерге ошол эле замат жетти. Ошондон улам америкалыктын башына чагылгандай ой келди.
- Эгерде булар, - деди ал, - миллиарддарга же триллионго эсептеше албаса...- анда, келгиле, керек болсо бүткүл ошол Республиканы сатып алалы.
Канча миллиардыңар жана триллионуңар бар? - деп сурады ал. Бардыгы кууланып, 999 триллион гана акча алып чыгышты.
Ошентип, америкалык, англис, немис, француз, кытай, арап, түрк- баары биригип, 999 триллионго бүткүл Республиканы баалашты. "Эртең аукциондо Көлдү толук сатып алабыз" деп Республиканын Президентине чабарман жиберишти. Республиканын президенти таң калып калды. "Кеңешчиңди бекер алып коюпмун" деп ой кылып, ал кайрадан өзүнө кеңешчисин алдырды. Кеңешчиси келди.
- Бул жакшы менен бүтпөй калды, - деди ал. Биз баарыбыз тең күнөөлүбүз. Сиз андан көрө бүт Республикадан издетип, Асанкайгы кеңешчини табыңыз да, ошондон акыл сураңыз. Асанкайгы кеңешчини тээ алыстан таап келишти. Кептин баарын уккандан кийин ал мындай деп айтты:
- Алар эми Көлдү эле эмес, бүтүндөй Республиканы сатып алууга аракет жасайт. Эсепсиз акча беришет. Менин тилимди алсаңар акчага сатпагыла. Алтынга дегиле, алар ошондо гана арам ойлорунан баш тартышат.
- А эгер акчага макул болсокчу? - деди Президент.
- Республиканын ар бир эстүү кызына, эстүү уулуна эч бир тең келе турган баа жок, - деди Асанкайгы кеңешчи.
- Ар биринин баасы бир жылдыз. Колдорунан келсе, ошол ар бир жылдызды асмандан алып беришсин. Кеп ошону менен бүттү. Ал эми берки тарапта бүткүл Республиканы сатып алуу үчүн кызуу даярдык жүрүп жатты.
- Эң эле арзан Республика экен, - деди электронщик-эсепчилер. - Бул элдин көпчүлүгү уруучул, жердешчил экен. Бул элдин көпчүлүгү бирине-бирине ичи тар, бири-бирин көрө албайт экен.
- Ал эм өзүңөр билесиңер, маңкурттар эң арзан товар.
- Кыскасы, биз буларды бир нече миллиардга эле сатып алабыз. Ошентип, эртеси күнү дагы бир аукционго келишти. Эсеп 999 триллионго жеткенде Республиканын Президенти, "Республиканы акчага сатпайм" деп чыкты. Анын бул сөзүн беркилер чымын чакканчалык да көрүшпөдү. "Алтынга да алабыз" деп канчалаган алтынды алар таразанын бир жагына үйүп ташташты. Канчалаган тонно гирлер да алтынды баса албай калды.
- Аукцион бүттү, - деди америкалык. Сатылып кеткен Республиканын Президенти бир заматта кумурскадай болуп кичирейгенсип калды. Аңгыча эле "Жок, бүткөн жок" деген чаңк эткен үн чыкты. Баары жалт карап калышты. Карашса эле Президенттин Асанкайгы кеңешчиси колуна музейдеги Бабалардын Ач албарс кылычын алып алыптыр. Ал келип, таразанын бир жагына Ач албарс кылычты таштап койду.
- Ой, кудай ай!
Ач албарс кылыч канчалаган тонна алтынды басып кетти.
- Офф, -деп Республиканын Президенти эсала түштү.
"Ата-Бабалар кылыч менен коргогон элди-жерди сатып алгыңар келген экен да" деп баарын тең кекете сүйлөдү Асанкайгы кеңешчи.

Смальтбек Темиралиев