Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
   Кыргызский газеты
Кыргыз китеп
ggle_v

Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

  Орус жазмакерлери эмне дейт?

Кыргыз шайлоосунун жыйынтыгы анык болуп калды
Көпчүлүк саясый долбоорлордун авторлору өз аракеттери өздөрү үчүн кандай натыйжаларды алып келерин көп учурда боолгобой калышат. Кыргызстандын Президенти жай чилдесине - 23-июлга президенттик шайлоо коюп, жеңиш чөнтөктө деп ойлогон. Адегенде, иштин телегейи тегиз болгонсуду: Орусиянын 450 млн. доллар кредити өз маалында түштү, К. Бакиев пенсияны 50%га көтөргөнүн дароо жарыялады.
Бул өлкөдө пенсионерлердин саны жарым миллиондон ашык экенин эске алсак, шайлоо мезгилинде жасалган бул кадам жарды өлкөнүн ансыз да уурдалып-тонолуп жаткан бюджети үчүн көтөрө алгыс жүк болмокчу. Ага бюджеттен кошумча 10 млрд. кыргыз сому талап кылынат. Ошол эле учурда финансы министри бюджет быйыл 5 млрд. сом кем аларын билдирди.
Финасистер болсо шайлоого жумшалчу ири каражаттар бул өлкөдөгү каржы абалын биротоло бүлүнтүүгө алып келери тууралу ич арада сөз кылышууда. Ал эми экинчи жээкте башкы атаандашы А.Атамбаевдин чабуулунан сестенген Президент К.Бакиев басыгын ылдамдатты. Өлкөнүн облустарын кайра-кайра айланып кыдырып, катуу билдирүүлөрдү жасап, "асмандагы айды" убада кылып, тынчы кете баштагандай. Өлкөнүн чиновниктеринин армиясы анын артынан кыдырып жүрүшөт, Президент өзү чакан өлкөдө жеке учагы менен учуп, көп каражаттарды чыгымдоодо.
Бул өлкөнүн финансы рыногуна кылдат көңүл бурсак, таңкалычтуу нерселерге туш келебиз. Мисалы, 26-июндан 3-июлга чейинки мезгилде Кыргызстанда банктан сырткары жүргөн акча 1 286,6 млн сомго көбөйдү. Ошол эле учурда коммерциялык банктардын депозиттери ыкчам азаюуда. Балким, кимдир-бирөө баңги зат саткандан түшкөн кирешелерин акча жүгүртүүгө салган жокпу? Бул региондо Афганистандан ири өлчөмдөгү баңги затты мамлекеттин өкүлдөрү гана ташый алышат деген айың кептер айтыла калып жүрөт.
Биздин көз карашта Президенттик шайлоонун аяк жагында К. Бакиев тышкы саясатта өзүн ыраатсыз жана өзүнө өзү ишенбеген лидер катары көрсөттү. Азыркы кезде аналитиктер Президенттин бир эле маселе боюнча бирде америкалыктарга, бирде орустарга, бирде өзбектерге багытталган сөздөрүнөн мыскылдап, үзүндү келтиришүүдө. Дегеле, кыргыздын тышкы саясатында чечимдер кайда жаралат? Ошол эле учурда ар кандай болжолдоолорго карабастан кыргыз оппозициясы күчөгөндөн күчөөдө.
Эксперттер оппозициянын тактикалык ыкмаларындагы жаңылыктарды жана идеологиялык ишти билгиликтүү жүргүзүп жатканын белгилешүүдө. Президенттин штабынын табитсиз, кунарсыз ураандарына салыштырмалуу оппозициянын шайлоо технологиялары заманбаптыгы, кыйла ишенимдүүлүгү, жагымдуулугу менен айырмаланууда. Оппозициянын талапкеринин штабы Интернет-мейкиндигинде кыргыз колдонуучу үчүн жеткиликтүү орунду бекем ээледи.
К.Бакиевдин эфир убактысындагы бир кыйла артыкчылыктарына карабастан, оппозиция шайлоочуларды өзүнө тартуучу идеялар менен буруп алды. "Бириксек - колдон келет!" чакырыгы чындыгында ийгиликтүү табылга. Айыл жерлериндеги калк, кыязы, оппозицияны гана колдоп жатышат.
Кыскасын айтканда, кыргыз шайлоосунун жыйынтыгы анык болуп калды. Чындыгында Кыргызстанда көп адамдар азыркы Президенттен тажашкан түрлөрү күч. 2005-жылдагы түстүү революциядан кийин ал толгон-токой убада берген, аны шайлоочулар алигиче унутуша элек. "Ал убадасын аткарган жок" дешет бардык жерде. Айрым ийгиликсиз митингилерден жана сатылып кеткен кээ бир өкүлдөрүнөн кийин адамдар оппозицияга ишенбей баратышкан. Бирок, оппозиция биригип, кемчиликтеринен арылып, шайлоодо тарапкерлерди өзүнө тартып, ишенимдүү чыгууда. Ал күтүүсүз жаңылыктарды алып келеринде шек жок.
Баса, шайлоо жыйынтыгы өзү күткөндөй болбосо, Президент К. Бакиев өлкөгө өзгөчө абал киргизиши мүмкүн. Тажикстандагы жаңжал, Синьцзяндагы кырдаал окуялардын ушундай жүрүшү үчүн негиз берет. Бирок анда ал өзүн абдан коркунучтуу абалга такап коёт...

Виктор Тарасюк
http://forum-msk.org




  Сөз сурайм

Добушубузду уурдатпайлы
Кылым карыткан көчмөн кыргыз эли миңдеген жылдар бою Евразия чөлкөмүндө көчүп - конуп, ошол катаал замандагы катарлаш элдер менен тең ата жашап, бирде туусу жер жүзүнө желбиреп, Улуу Кыргыз каганатын түзүп көкөлөп, бирде чөгүп, жеңилүүнүн ызасын көрүп, эчендеген элдердей жоюлуп, жок болуп кетпей, Ала-Тоодо өз алдынча мамлекет болуп турганыбыз - бабалар бизге калтырган баа жеткис чексиз бакыт.

Тилекке каршы ошол дүйнөнү дүңгүрөткөн кыргыздын урпактары бүгүн эс акылын жыя албай, чалды-куйду өмүр сүрүп, ата-бабалардан калган каада- салттарды унутуп, нарк насилинен ажырап бара жаткансыйт. Эмнегедир биз адалдык менен адилеттүүлүктү туу тутпай, ач көздүк менен арамзалыктын кулу болуп калдык. Чындык чыркырап жатса, колдобостон кошоматчылыктын күнүн кечирип, "коёнго" айландык. Элим деген эрендерди колдогондун ордуна, тамак менен уруп, кесир кылып кордоп, үйүбүздөн коногубузду кубаладык. Элдин энчисин тоноп, жерин саткандарды кой-ай дей албай кор болдук. Эсибизди жыйбасак мамлекеттүүлүгүбүздү жоготоорубуз да айкын болуп калды.
Бириккен Элдик Кыймылдын (БЭК) бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаев "БИРИКСЕК- КОЛДОН КЕЛЕТ" деген ураан менен өлкөдө адилеттүү бийлик орнотууну сунуштап, Кыргызстандын түштүгүн, түндүгүн түрө кыдырып, жалпы элдик колдоого ээ болууда. Жалал-Абаддан башталган Атамбаевдин үгүт кербени Ысык-Көл, Нарын, Талас жергесинде жалпы элдик колдоого айланып кетти. Мындайча айтканда, элдин дээрлик көпчүлүгү өз добуштарын Алмазбек Атамбаевге берээри бештен белгилүү болуп, азыркы жек көрүндү болуп калган бийликтен кутулгулары келгени айкындалууда. Бирок, бийликти баюу үчүн гана керектеген сымал аракеттеги бийлик добуштарды уурдап, бийлигин сактап калууга жандалбастоодо. Кайдыгерликке малынгандар, биздин колдон эмне келмек эле дегенсип шылкыйышат. Эгер биз, дагы бир жолу булардын ыпластык шайлоосуна жол берип, өткөн парламенттик шайлоодогудай добуштарыбызды уурдатсак, анда жеңиш жөнүндө сөз кылуунун кереги жок. Болочок муундардын алдындагы жоопкерчиликти сезчү мезгил келди.
Кыскасы, азыркыдай кыйын кезеңде, элдин добушун уурдатпай сактап калуу маселеси өтө актуалдуу болуп турат. Демек, добуштарды урдатпоо үчүн жалпы эл биригип, көзөмөл кылуусу кажет.
Ушундай катаал кырдаалда, мен кыргыздын бир кичинекей кызы, аталарга, апаларга, байкелерге, эжелерге кайрылам, алдыда келе жаткан өлкө башчысын шайлоо өнөктүгүндө күнүмдүк жумуштарыңарды токтотуп, кыргыз мамлекетинин келечегин, тагдырын чечүүгө катышсаңыздар. Аракка, акчага сатылбай, корпой-үркпөй, өз добушуңуздарды уурдатпас үчүн тикеден тик туруңуздар.

Мээрим
ШАМЫРКАНОВА




  Алайда

Келдибеков келди, Султанов эми келет
12-июлда өлкөнүн башкы салыкчысы А.Келдибеков Алай районунун Коңурдөбө, Корул, Жошолу айылдарынын шайлоочуларын райондун жетекчилеринин жардамы менен чогултуп (алардын жардамысыз эл чогултуу кыйын эмеспи), волейбол жана ордо оюндары боюнча мелдеш өткөрдү. Семиз жылкы союлуп, баш байгеге 20 миң сом, экинчисине 15 миң сом, андан кийинкисине 10 миң сом акча сайылды. Жакынкы күндөрү дагы бир Алайдын кулуну, финансы министри М.Султановдун да келиши күтүлүүдө. Анын канча жылкы союп, кайсы оюндарды өткөрүп байгеге эмне коеру белгисиз. Бирок А. Келдибеков сыяктуу эле М.Султановдун да айыл-апага жасаган күтүүсүз да, күтүлгөн да сапарларынын, марттыктарынын төркүнү айтпаса да түшүнүктүү.
Ошол эле күнү Гүлчө айылынын маданият үйүндө БШК тарабынан уюштурулган президенттикке талапкерлер жана алардын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга президенттикке талапкер Т.Үмөталиева өзү, А.Атамбаевдин атынан Алай райондук штаб башчысы М.Мусаев, К.Бакиевдин атынан А.Базарбаев өкүл катары катышты. Жолугушууну райондук шайлоо комиссиясынын төрагасы ачып, сөз кезегин алфавит боюнча беребиз деп оозун жыйгыча, Т.Үмөталиева араңарда жалгыз аял талапкер мен болсом, кыргызда аялды сыйлап келген, алгачкы сөздү мага бергиле, деп сөз алды. Шайлоочулардын биринин "Азыр Кыргызстанда үй-бүлөлүк башкаруу барбы" деген суроосуна талапкер үйбүлөлүк башкаруу бар экендигин, азыркы президенттин жакын туугандары маанилүү мамлекеттик креслолордо мыйзамсыз түрдө отурганын айтты. Жолугушуунун алып баруучусу макулдашылган алфавит боюнча баштайбыз деген тартибин бузуп, экинчи сөздү К.Бакиевдин өкүлүнө берди. Анын узун сабак баяндамасы анча түшүнүктүү болбогондуктанбы, айтор, залдагылар тарабынан бир да суроо берилбеди. Ал эми үчүнчү болуп сөз алган М.Мусаев талапкер А.Атамбаевдин программасын жеткиликтүү, кыскача айтып берди. Залдан "силер эгер жеңбей калсаңар, шайлоодон кийин, элди көтөрөбүз депсиңер, аны кантип ишке ашырасынар" деген суроосуна, М.Мусаев "Эгер шайлоо таза өтпөсө, биз элди көтөрбөйбүз, эл өзү көтөрүлөт" деп жооп берди.

К.Асылбаев
Алай району




  КАРЫЯ кеп айтат

Бийлик өзгөрөбү?
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Атамбаевдин Жалал-Абад шаарындагы штабына Сузак районунун Кара-Дарыя айыл округунан 77 жаштагы эмгек ардагери Ганыбаев Капар атайын момундай кабар айтат.

Капар аксакалдын боло турган окуяны алдын ала айтуучу көзү ачык касиети бар экен. Алардын кээ бирлеринен мисал келтирсек: СССРди жетектеген Н.Хрущевдун бийликтен кетээрин 3 ай мурун айтса, А.Акаевдин бийликтен кетээрин 1 жыл мурда эле айткан экен. Азыр болсо ага Алмазбек Атамбаев жакында бийликке келе тургандыгы жөнүндө аян келген. "Алмазбек түшүмдө жеңил авто унаада олтуруп алыптыр, сыртта жамгыр жаап жатат. Мен барып ... - Эй Алмазбек, сенин ордуң бул жерде эмес, тээтиги жерде... - деп жети кабаттуу имаратты көргөздүм" - дейт карыя. - Кудай буйруса, Алмазбек Атамбаев президент болот. Менин алдын ала айткандарым дайыма туура чыгып келе жатат..."
Т. Качкынов





ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"
email • архив • редакция 
31-июль, 2009-ж.:
1-бет
КИМДИ КИМ "КИДАТЬ" ЭТТИ?
2-бет
Адашкан эл, алданган үмүттөр
3-бет
Митинг, нааразычылык акциясы
4-бет
Алмазбек Атамбаев:
"Бийлик "жеңишти" уурдап алды"

5-бет
Бакиев курманбек 60ка чыгат
6-бет
Аркы жээкте
7-бет
Гиннес демекчи
8-бет
Эң, Эң, Эң...
10-бет
Кыргыз шайлоосунун жыйынтыгы анык болуп калды
11-бет
Кыргызстан өнүккөн өлкө болууга акылуу
12-бет
Шайлоонун шайтан оюндарынан
13-бет
Шакирттен устатка
Насаатчыны эскерүү

14-бет
Жараткандын жакшы сөзү - кайрымдуулук

ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования

Орусча - по-русски:
 •  Бесплатные уроки...
 •  Про кырг._раскладку
 •  Про кырг._шрифты
 •  Про меня

Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?


Гезиттердеги кызык макалалардын топтому
Кызык макала
Курандын да, Манастын да атын булгап...
Өлкөбүз "көкмээлер аралчасына" айланабы?
Дин жана дил:
1-макала
2-макала
3-макала
Чыңгыздын айымдары:
1-макала
2-макала
3-макала
4-макала
5-макала
6-макала


bottom
Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызак:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!