|
Кыргыз гезиттери Кыргызский газеты |
Кыргыз китеп |
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Ырчы жоголду 27-июль күнү саат 22:30 чендерде Таластын Бакай-Ата районунда жүргөн жеринен ырчыны белгисиз бирөөлөр автоунаага күч менен салып, алып кетишкен. Бул тууралуу Сагынбек Момбеков чөнтөк телефону аркылуу үй-бүлөсүнө айтып үлгүргөн. Андан кийин ырчы менен байланыш болгон эмес. Сагынбек Момбековдун туугандары жана оппозиция анын дайынсыз жоголушун саясий себептер менен байланыштырып, буга бийлик жоопкер деп айтышууда. Ал эми Ички иштер министрлигинин күзөт кызматы мындай кабардан таптакыр кабарсыз экендигин маалымдады. Айтмакчы, ырчы Сагынбек Момбеков оппозициялык кыймылга мүчө болуп, бийликтин аракеттерин ачуу сынга алган саясий ырларды ырдап жүргөн. Гиннес демекчи 74 жаштагы студент окуусун аяктады Батыр Жалиев өзүнөн дээрлик 51 жаш кичүү улан-кыздар менен жогорку окуу жайын аяктап, эң улгайган студент катары Кыргызстандын тарыхында калды. Эң улуу студенттин ой пикирлерин "Азаттык" ортого салды. - Батыр аксакал, саламатсызбы? Биринчиден, мамлекеттик сынакты ийгиликтүү тапшырышыңыз менен куттуктайбыз! Бааларыңыз кандай болду? - Рахмат. Бааларым тууралуу айтсам, окууну бүткөнчө бардык эле сабактардан "эң жакшы" деген баа алдым. Ошого жараша дипломдук ишимди да өтө тыкандык менен жазып, тынбай окуп, аягында аны да бешке тапшырдым. Эми дипломумду күтүп жатам. Шайлоодон кийин беришет окшойт. - Айтсаңыз, кандайча жашыңыз жетимиштен ашкандан кийин студент болуп калдыңыз? - Өзүңөргө белгилүү, биз Советтер Союзу учурунда окуп, сүрөтчүлүк адистигин бүтүргөнүбүз менен орто билимдүү болуп калганбыз. Анан дагы бир максатым бизге окшогон улгайган адамдар окуса балдарга, жаштарга таасири тийеби деген ой. Себеби жаштар "ушул 75ке таяп калган кишилер окуп жүрсө, биз эмне кылып жүрөбүз" деп намыстанабы деген ой. Билим алуу, окуу өзүнчө бир касиет экен. Мындан өткөн кызыктуу турмуш жок. Окууну дагы улантсаң болот, бирок бизге ылайыктуу окуу калбай калгандай. Жаш балдар-кыздар менен окудум, неберелерим менен тең. - Сабакты көп калтырган учурларыңыз болбодубу? - Жок. Тескерисинче такай сабакка бардым. Мен барган сайын бардык студенттердин да кызыгуусу артып жатты. - Батыр агай, өзүңүз "неберелерим менен тең балдар-кыздар менен окудум" деп белгилеп өтпөдүңүзбү. Ошолор менен студенттик күндөрүңүз кандай өттү? - Чындыгында алар менен окуштун, замандаш болуштун өзү кызык болду. Алардын түшүнүгү башкача, меники башкача дегендей. Бирок баары бир алар билгенди үйрөнүшкө аргасыз болдук да. Алар менден үйрөнүштү, мен алардан үйрөндүм. Бирок намыстанып жүрүп, алар менен барабар эле окудум. - Дал ошол курсташтарыңыздын, досторуңуздун же үй-бүлөңүздүн сиздин студент болушуңузга көз карашы кандай болду? - Үй-бүлөм каршы чыккан жок. Жоро-жолдошторум айтышты: "Батыр, сен кыргыз эл сүрөтчүсү болсоң окуп эмне кыласың?" дешти. Кээлери "окууну бүтсөң эле сага көп айлык төлөчү иш бар бекен" дешти. Мен "окуш керек, баары бир окуш керек" дедим. - Сиз деле билет болушуңуз керек, ЖОЖдордо экзамен убагында "акча сунуштамай, пара бермей" өнөкөтү бар го. Ушул өнөкөттү сиз да башыңыздан өткөрдүңүзбү? - Мен окууну бүткөнчө пара бергендерди такыр көрө албай койдум. Атайылап карап жүрдүм, параны кантип беришет экен, мугалимдер кантип алышат экен деп. Көргөн жокмун. Угуп калам, ошондой жөрөлгө бар экенин. Эми жаштарыбыз окуй албай пара берип, ошентип бара берип эптеп жүрүшсө бул деген окуу эмес да. Ал деген окуу жай эмес. - Көпчүлүк окурмандар таң калса керек, "74 жаштагы адамга диплом алуу зарылбы?" деп. Эми, алган дипломуңуздун сизге кандай пайдасы тийет? - Биздин мусулманчылыкта ушундай да, пайданы гана көздөйбүз. Дипломумдун балдарыма, неберелериме, элге пайдасы тийет. Иште же башка жакта айтып калышчу мени, бул киши орто билимдүү да деп. Эми "жогорку билимдүүмүн, жогорку маалыматтуу" деген сөздүн өзү мага чоң жетишкендик. Жаштар ушуну эч качан эсинен чыгарбашы керек. - Батыр агай, сиз улгайганда студент болуп, студенттик турмуштун баркын жакшы билсеңиз керек. Азыркы студенттер сиздин купулуңузга толобу? Көз карашыңыз кандай? - Союз ыдырагандан бери биздин көпчүлүк жаштарыбыз четке кетип калышпадыбы. Алар ал жактан көбүрөөк акча табып, окууну эч ким барктабай калды. Алар ойлошот "окубасаң деле машине аласың, үй аласың" деп. Бирок акыркы учурда билимдүү, илимдүү болбосоң иш табышың кыйын болуп калды. Ишке албайт билимсиздерди. Анан окуусуз, билимсиз болсоң турмуштан эч кандай ырахат ала албайсың! Мен окуп жүргөндө кээде жаштарга капа болуп кетчүмүн. Сабакка аябай кызыгып, бүгүн бир жакшы нерсе үйрөнөлү деп барсаң, аудиторияда бир дагы студент жок болуп чыгат. Өзүң каласың. Анан ойлоп, "мейли бүгүнкүлөр мындай болсун, эртеңкилер балким жакшы окушар" деген үмүт менен жүрө берчүмүн. Аз күн мурда эле экзамендерин жалаң бешке тапшырган 74 жаштагы Батыр аксакал быйыл Ош технологиялык университетинин "Декаративдүү колдонмо чыгармачылык" адистигин аяктап жатат. Чет жактык боордоштордон Сары-Колдо ат чабыш Тажикстандын Мургабында 18-19-июлда ат чабыш болду. Ат оюндары аймактын эгемен тарыхында жыйырма жылдай убактан бери биринчи жолу өткөрүлдү. Ат чабышта Акылбек Эшиев аттуу чабандестин аты чабылгандардын арасында эң мыкты деп табылып, баш байгени жеңип алды. Мургабдын шартында аттардын чыдамкайлыгы абдан маанилүү. Райондо он төрт миңдей адам жашайт. Алардын сексенден ашык пайызы кыргыздар. Кыргыздар басымдуулук кылган бул аймакта азыр болгону жүзгө жетпеген ат бар. Жергиликтүү эл өтө бийик тоолуу аймакка аттар чыдабай тез эле өлүп калгандыктан көп бакпай калышкан. "Кыргыз аты" мекемесинин жетекчиси, француз айым Жаклин Рипар чыныгы кыргыз аттары болгондо мындай аймактарда кадыресе жашап кете алаарын айтат. Союздун тушунда кыргыз жылкысы башка түрдөгү аттар менен аргындашып, тоо-ташка жарамдуулары дээрлик калбай калган. Мургабдагы фестивалда жалпысынан он алты ат чабылды. Биринчи айлампадан кийин аттардын абалы текшерилип, экинчи турга кое берилди. Аттардын биринчи келгени эмес, күүлүкпөй-чаалыкпай чуркаганы байге алды. Фестивалда ошондой эле "Көк бөрү" "Тыйын эңмей", "Кыз куумай" сыяктуу улуттук оюндар болду. Ыр-күүлөр жаңырып, Сары-Колдун жыйырма жылдан бери тунжурап турган тоо-талаасы шаңга бөлөндү. Көп жылдардан бери аттар чабылбай, айрыкча жаш муундун от ойнотууну унута баштаганы байкалып турду. Бир топтон бери Кыргызстанда жашап, кыргыз кызына үйлөнүп, улуттун оюндарын жакшы билип калган белгиялык Хюг аттуу адам атүгүл тыйын эңип жаткандарга ат үзөңгүсүн өйдөрөк тартуу керектигин үйрөтүп жүрдү. Фестиваль чынында эле жергиликтүү элге абдан жагып турду. Мургабдын акими Майрамбек Тойчиев эл үчүн чыныгы майрам болгонун фестивалдын соңунда белгилеп өттү: - Баардык жерде калк каржалып, кыйналып турган мезгилде аз да болсо алаксытып, элдин маанайын көтөрүп, руханий жактан колдоо болду. Экинчи жактан, бизде унутулуп бараткан ат ойнотуу өнөрү, комуз өнөрү, төкмө акындык өнөрү, мына ушулардын баары кайра жаралуусуна өбөлгө түзө турган жакшы саамалык болду деп эсептейм. Мургабдык чабандестер буга чейин Кыргызстанда "Кыргыз аты" мекемеси уюштурган ат чабыш фестивалына эки-үч жолу чакырылган. Кыргыз аттарын даңазалоо, унутулуп бараткан ат оюндарын жандантуу үчүн аталган мекеменин жетекчиси Жаклин Рипар бул ирет Мургабда өткөрүүнү чечкен. Жаклин Рипар аймакта ат ойнотуу кайрадан салтка айландыруу үчүн эмдиги жылы да фестиваль уюштурууга жардам берерин, фестивалды жыл сайын өткөрүп турууга көмөктөшөөрүн билдирди. Анын айтымында, ат оюндары улуттук маданиятты гана жандантууга өбөлгө болбостон, экотуризмди, аны менен кошо аймактын экономикасынын өнүгүшүнө чоң салым кошот. Ат чабыш фестивалы быйыл төрт жолу өтөт. Мургабда уюштурулгандан кийин август айынын башында Памир-Алай жергесиндеги Ленин чокусунун этегинде болот. Андан кийин октябрда Токтогулда болуп, ат оюндары көлдүн Барскоонунда ноябрь айында жыйынтыкталат.
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
Кызык макала
|
|
|
| ||||||||||||||