ЦИКтеги "циктер"

Т.Исмаилова БШК төрагалыгынан неге баш тартты?
Убактылуу өкмөт алдыдагы референдум жана шайлоолорду өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын утурумдук жаңы курамын дайындоо эрежелерин жана анын иштөө тартибин аныктай албай убара. Мындай туңгуюктук айрым жарандык коом өкүлдөрүнүн жана саясатчылардын сынына кабылды.
Убактылуу өкмөттүн демилгеси менен БШК курамы 19 адамдан туруп, анын жетөө саясий партиялардан, алты мүчөсү бейөкмөт уюмдардан жана калган алты адам Бириккен улуттар уюмунун өкүлдөрүнөн турмакчы. Мындай кадам сыртынан тең салмактуу көрүнгөнү менен, иш жүзүндө ири саясий оюнчулардын БШК курамына өз адамдарын киргизип калуу аракетин күчөттү. Анткени мүчөлүккө тандоонун ачык-айкын чаралары такталган эмес.
Мындай мыйзамдык эрежелерге эмес, өз ара түшүнүктөргө негизделген шарт Төлөйкан Исмаилованын БШК төрайымдыгынан баш тартуусуна себеп болду. Анын айтымында, шайлоо калыстарына саясий күчтөрдүн кызыкчылыгынын таңууланышы жакшылыкка алып келбейт:
- БШК мүчөлүгүнө сөзсүз түрдө процедуралардан ачык-айкын өтүп, мурунку шайлоолордогу бурмалоолорго катышпаган таза адамдар келиши керек. Анткени сиздер көрдүңүздөр, сунушталып жаткан мүчөлөрдүн ичинде Акаевдин, Бакиевдин тушундагы шайлоолордогу шайлоо жыйынтыктарын бурмалоолорго катышкан Акматов мырза, Бапанова айым, Галия айым бар. Алардын баары мындан мурунку парламенттик жана президенттик шайлоолордо коррупциялык иш-аракеттерге жана бурмалоолорго катышкан адамдар. Мына ошондуктан мындан ары таза шайлоолорду кааласак ал жакка таза адамдарды ачык-айкын шайлап алышыбыз керек болчу. Ошондой эле Убактылуу БШКнын иштөө жобосу мыйзамдык эрежелерге таянган атайын экспертизадан өтүүгө тийиш дейт, Т.Исмаилова

Кубанычбек Жолдошев




Өмүрбек СуВаналиев:
"Жең ичинен жагымсыз иштер болуп жатат"
Өмүрбек Суваналиев Убактылуу өкмөттө олтурган үч саясий партия жетекчилери ар кимиси өз алдынча өздөрүнө ыңгайлуу, алдыдагы шайлоодо иштеп бере турган адамдарды жең ичинен Борбордук шайлоо комиссиясына киргизүүгө далбас уруп жатат деп эсептейт. Анын пикиринде, мындай көрүнүштөр шайлоо маалында аягы көрүнбөгөн талаш-тартыштарга жана чыр-чатактарга алып келиши мүмкүн. Мына ошондуктан эски шайлоо машинасын толугу менен алмаштыруу зарылдыгы келип чыгууда.
- Төлөйкан Исмаилова жакшы айтты. Мүмкүн ал кийин деле бул кызматка бараттыр. Бирок дайындоо эрежелерин так аныктабай туруп, мага жең ичинен бул кызматты сунуштабагыла деп айтты. "Мен жең ичинен силер тарапта болбойм, мен калыс туруп, эл тарапта болом" дегени башкаларга да үлгү болуш керек, Каттани.
"Жарандар коррупцияга каршы" уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова БШК төрайымдыгынан баш тарткандан кийин Убактылуу өкмөт бейөкмөт уюмдарга кайрадан кайрылып, алар биригип туруп, бирдиктүү талапкер көрсөтүүнү сунуштады. А бирок, мүчөлүккө тандоо критерийлери дагы деле болсо көңүл сырттында калды дешет бир катар талдоочулар. Алардын айтымында, БШК мүчөлөрүн тандоо адилетүү болушу үчүн, аларды көрсөтүү, колго салуу жана бекитүү механизмдери так иштелип чыгууга тийиш эле. Бирок, мындай аракеттер байкалбады.
P.S. Мурдагы күнү БШКнын жаңы төрагасынын милдетин аткаруучу болуп А.Сариев дайындалды.




  "Ит күлүгүн түлкү сүйбөй..."

2005-жылы Урмат Барктабасовду кимдер "кидать" эткен
же убактылуу өкмөт анын кайтып келишине неге каршы?
Мен адвокат катары Урмат Барктабасовдун ишин жаап берүүсүн өтүнүп 22-апрелде генералдык прокурордун милдетин аткаруучуга кайрылдым. Себеби,азыр Кыргызстан Бакиевдин үй-бүлөлүк бийлигинен кутулуп, өлкөбүз жаңылануу жолуна, демократиялык багытка кадам салат деген убактылуу өкмөттөгүлөрдүн айтып жаткандарына таасирленгем. Анан калса ошол Бакиевдин бийлигинин тушунда бүгүнкү убактылуу өкмөттүн курамындагы Э. Байсалов, К. Кадыров, дегендер, жаңы бийликтин кароосунда болбосо да, Ала-Тоосуна кайтып келген Р. Жээнбековго да эски бийлик тарабынан кылмыш иши козголгон. Ал эми Урмат Барктабасов болсо 2005-жылы эң биринчилерден болуп Бакиевдин бийлигине ачык каршы чыккандыгы үчүн, өлкөдөн чыгууга мажбур болгон. Курманбек Салиевичтин өлкөнү башкарууга жөндөмдүүлүгү жок экенин ошондо эле айтып чыккан. Жакында ушул суроолор менен Башкы прокуратурага кайрылсам, алар айтты, "У. Барктабасов 2005-жылы төнкөрүш жасоого аракет кылган, ага иш козголгон. Келсе дароо камалат" деп. Мындай жоопко түшүнө албадым. 2005-жылы Урматтын Бишкек шаарындагы Правда көчөсүндө жайгашкан борбордук кеңсесинде Өмүрбек Текебаев, ДүйшөнЧотонов, Мелис Эшимканов жана Ө. Текебаевдин жардамчысы Райкан аттуу жигиттер келип, Урмат менен жолугушат. Жолугушууда баары У.Барктабасовду колдомокчу болушат.Феликс Кулов дагы Урматка Ж.Казакбаев деген кишисин жөнөтүп, У. Барктабасовду колдоого аларын айтат. Ал эми 17-июнга бир күн калган, 16-июнь күнү Мукар Чолпонбаев "Азыр эле Феликс менен сүйлөштүм, милиция да, депутаттар дагы биз тарапка өтөт"деген маалыматты Урматка билдирет. Анан калса кыска убакыттын ичинде Урматтын жасаган иштерине көпчүлүк таасирленип турган. Бир чети мамлекеттик тил боюнча комиссиядагы анын айткан таамай ойлорунан улам, көпчүлүк ого бетер колдоого алып турган. Тез эле, Бакиевчилер да кайдагы бир жасалма "документти"көтөрүп чыгып, У. Барктабасовдун өлкөнүн президенттигине ат салышууга болгон талапкерлигин алып салышат. Мындай көрүнүшкө нааразы болгон көпчүлүк Бишкекти көздөй агылып келе баштайт. Ошентип, 17-июндагы окуя болот. Ажо Бакиев кечинде теледен чыгып, "Мен Ак үйдү колума курал алып коргойм. Өзүм да мыкты атам" деп, бүт Кыргызстандын элинин оозун ачырат. (Анысын 7-апрелде далилдеди). Өкүнүчтүүсү,17-июндагы окуядан кийин жогорку "колдоочулар" көздөн кайым болот. Жумшагыраак айтканда унчукпай туруп беришет. Урматтын өмүрүнө коркунуч туулат. Бийлик жасоолдорунун аракетинде кеңсеси, квартирасы тонолот. Ошентип, Барктабасов өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болот. Кызыгы, арадан бир ай убакыт өткөндөн кийин Урматка К. Бакиевдин баласы чалып, министрлик орун жана да он миллион доллар сунуштап, Өмүрбек Текебаев, Феликс Кулов, Мелис Эшимкановдорду ашкерелеген маалымат бериңиз деп, ортомчу жиберет.У.Барктабасов болсо: "Алар мени сатып кеткендир, бирок, мен аларга жамандык кылгым келбейт"деген жообун айтып, 17-июнь окуясы боюнча бардык күнөөнү өз мойнуна алат. Эч кимисине шек келтирбей, керек болсо аларды камактан алып калган экен. Таңкалыштуусу, окко тике туруп, эл алып берген бийликтин башында турган айрым мырзалардын Барктабасов келсе дароо камакка алабыз дегендерине түшүнө албай турам. Бул чындыкты кыргыз эли билсин, элге айткыла деп атат, Урмат. Туура, азыр чындык айтыла турган учур. Бүгүнкүлөр чындап эле бийлик үчүн эмес, эл үчүн иштеп берем дешсе акыйкат сөз айтылыш керек. Кимдин ким экендигин эл билиш керек. У. Барктабасов ушул 5 жыл аралыгында чет өлкөдө жөн эле олтуруп албастан, Бакиевдин бийлигине каршы иштерин ачык эле жүргүзүп келген. "Бакиевге ачык кат" деген баракчалар, "Келечегиң - биримдикте кыргызым", " Мен кайтып барчу жолду табам" деген аталыштагы китепчелер ал кездеги тоскоолдукка карабай, республикабыздын баардык жагына таратылып келген. Ага эл күбө. Ал эми убактылуу өкмөттүн, генералдык прокурордун милдетин аткаруучусу "келсе камакка алабыз" деп, демиткени кандай? Муну уккан У. Барктабасов: " Ал кезде Бакиев шайланган президент да эмес болчу. Маа кылмыш ишин козгогудай негиз да жок болчу.Эми келип президент боло элек президенттин - элге жек көрүмчү, канкор Бакиевдин, бакиевчилерден 2005-жылы июндагы мага каршы токулган токумун көтөрүп чыгып аткандары кандай? Убагында Бакиевди бийликке так ошол Р. Отунбаева, А. Бекназаров, И.Исаков, Э. Байсаловдорго окшогондор алып келген" деген оюн билдирди. Эгерде кыргыз элинин келечеги көздөөгө алынганы чын болсо, кресло үчүн эмес, эл үчүн иштеп берем деп жаткан У. Барктабасов кимге тоскоол болуп жатат,же бабалар сөзүндө айтылгандай " ит күлүгүн түлкү сүйбөй жатабы?" Менин адвокат, жаран катары айтайын дегеним- эгерде азыркы убактылуу бийлик бир кезде Бакиевдин Урматка каршы козгогон ишин жокко чыгаргысы келбей, акыйкат үчүн күрөшкөн 85 баланын өмүрүн алган бул жеңишти өздөрүнө ыйгарып алгысы келсе катуу жаңылышат.
Соңку сөзүм, эгер жалпы мамлекеттин келечегин чындап ойлосок, анда чет жактардагы кыргыздын мыкты, тың чыкма жигиттерин токтоосуз эл кызматына салышыбыз керек.Алардын болуп, ушундай оор учурда У.Барктабасов да өлкө жүгүн көтөрөөрүнө ишенем. Демек, Урматтын Кыргызстанга кайтып келишине учурдагы убактылуу бийлик тоскоол кылбаш керек.

Акин Токталиев