Сөз бергиле!

Тарых таразасында:
"А" менен "Б"
Ким?

Жаңы тарыхтагы эгемен Кыргыз мамлекети дегенде албетте, 1991-жылы көз карандысыздыгы бүт дүйнөгө жарыяланып, анан аалам саясатында өз алдынча чыйыр салган, эл катары, мамлекет катары жаңыдан тааныла баштаган Кыргыз Республикасын билебиз. Бул - айныгыс тарых чындыгы.

"Все познается в сравнении"
Озуна айтсак, орустар "Все познается в сравнении" дегендей, Акаевди кетиргенден кийинки Бакиевдин "революциячыл" бийлигинин кызыгын жакшы эле көрүп, азабын жон терибиз менен сездик го.
Кыргыз эли үчүн тунгуч президент эмне жасады дегенде, Кыргыз мамлекеттигинин буга чейинки бүдөмүк болуп келген актай барактарын кайрадан жаздырып, Кытайдын улуу тарыхынан каздырып, издеттирип таап, 2200 жылдыгын Бириккен Улуттар уюмунун деңгээлинде ай-ааламга жар салганына кантип көз жумабыз? Анан да буга чейин өзбек туугандар Уш деп атап келген, Сулайман тоодон башка таянаар нерсеси жок ордолуу Оштун 3000 жылдыгын дал Акаев дүйнөгө даңазалабадыбы!

Окшош эмес "эгиздер"
Ушул мезгилге чейин кыргыз жана дүйнө коомчулугунун башын айландырып, жалганды чын кылып, Акаев менен Бакиевдин бийлигин эгиз козудай окшоштурууга жасалып келаткан аракеттер чындыкка жатпастыгын дагы бир ирет кайталоого туура келет. Тагыраак айтканда, Кыргызстандагы демократиялык асылдыктар, кенчтер тууралуу сөз болгондо, А.Акаев унутулуп эле, К. Бакиев жакында эле андан ашкан демократ катары чыга келгени эсебизде. Албетте, бул учун Бакиевдин саясий технологдору, жан-жөкөрлөрү, үй-бүлөсү, акчасы жан үрөп абдан катуу аракеттенди. Бирок, жалаң жалганга чыланган жасалма аброй, калптын казанында кайнаган "демократия" акыры ойрон болоору, тарыхый чындык акыры сайран кураары дүйнө тарыхынан улам жакшы эле маалым. Ошентсе да, бийликтин кумарына азгырылган Бакиев, акча үчүн гана иштеген жалданма саясий технологдордун, жагымпоз, кошоматчы жан-жөкөрлөрүнүн көз таңмай оюнун кеч болос да азыр билип калгандыр. А эгер, дагы эле көзү таңылуу бойдон жүрсө, баары бир, тарых акыры көзүн ачат. Себеби, андан чоң, абройлуу, андан алда канча көп мезгил бийлеп келген пашаалар деле өмүрүнүн акырында болсо да, карылыгына карабай, эл сотунун алдына таягын таянып келгенге аргасыз болуп жатышпайбы. Ушуну мурдагы жана кийинки падышалар эсине бекем түйүп алышса. Бул да болсо тарых сабактары. Ал эми андан сабак албагандардын өз убалы өзүнө.
Калыстык үчүн Аскар Акаевдин жана Курманбек Бакиевдин бийликтен кеткен учурларын эле алып көрөлү. Тунгуч президентти айырмалаган негизги касиет - бийлик үчүн акырына чейин каршылашпай, анан эң башкысы - өз элине курал колдонбоду, Ак үйдү каптап келаткан калың элди аттырбады. Мына ушунун өзү эле Акаевдин инсандыгы, ички дүйнөсү, адамгерчилиги, жеке маданияты менен Бакиевдин дүйнөсүнүн асман менен жердей айырмасын айтып турбайбы. Бакиев өзү убада кылгандай, бийликтен канды дайрадай төгүп туруп кетти. Ал эми Акаевдин ошондой эле саатта айткандары эсиңердеби? "Бир эле кыргыздын каны бүткүл бийликтен алда канча жогору турат" дебеди беле. Дал ошол турум-тутумунда акырына чейин турган тунгуч президент өлкөдөн кетип жатканда канчалык кейиштүү абалга туш болсо да, эч бир кан төкпөй, чыгып кетти. Ушуну чындык үчүн айтып койбосок ашыкча болбос.

Короодон тышкары да жашоо бар
Акаев мамлекет башчысы болуп турганда биздин өлкө адегенде мурдагы СССРдин ордуна пайда болгон Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине, анан Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ОДКБ), ЕврАзЭСке, ШКУга кирип, Борбор Азия жана КМШ гана эмес, жалпы дүйнө саясатына тең укуктуу катышуучу катары аталып, өткөн эл аралык ар бир уюмда өзүнүн салмактуу ордуна ээ болгон. Кийинки Бакиев бийлиги жадакалса, эл аралык деңгээлде жана КМШда Акаев түзүп кеткен уюткулуу мамилилелерди да оңгулуктуу сактап кала албай, чакчелекей кылып салганына коомчулуук күбө.

Тосмого тосмо
Баарынан да илгертен бери тарыхыбыз, маданиятыбыз, рухубуз бир Орусия менен жапжакшынакай мамиле дал Бакиевдин тушунда бузулду го. Жаш баланы алдагансып, адегенде "Манас" аба майданындагы америкалык согуш базаны чыгарамын деп, анан "Камбар-Ата" ГЭСине жумшаймын деп орустардан миллиондогон долларды алып коюп, эртеси таптакыр башканы жасап калганы Кыргызстандын экономикасына, баарынан да орус эли менен калыптанып калган достук, бир тууган мамилеге өтө чоң кедерги келтиргенин көрдүк. Баса, "Камбар-Атанын" суу сактагычынын тосмосун тостуруучу жардыруунун оңунан чыкпай калышы дал Бакиевдин эки жүздүү саясатынын, Орусияны алдап кеткенинин кесепети деп, эл эбактан бери айтып да, жапырт маалымат каражаттары жазып да келатат. Себеби, Бакиев баштаган кыргыз бийлиги орус өкмөтүнөн миллиондорду алып коюп, аны жеке менчик банктарга, мамлекеттик эмес түзүлмөлөргө жүгүртүүгө салып койгонун Москва дароо билип калбадыбы. Анан дал Орусиядан чакыртып келинген жардыруучулар "Мына, силердей алдамчыларга!" деп, ГЭСтин тосмосун тескери жакка жардырып коюшканын баарыбыз көрбөдүкпү. Албетте, бул иште орус бийлигинин тымызын көрсөтмөсү болгон жок деп таккесе айта албайбыз. Аны ошол жардырууну башкарган Акылбек Жапаров жымсалдап, тымызын билдирбей койду. Бүгүн болсо, ошондо бир эле туура жардыруу менен бүтөлүп калчу тосмону ондогон экскаватор, самосвалдар, грейдерлер күнү-түнү иштеп, ордун толтура албай жатышат. Мындай "кумурсканын" ишине азыр канча миллиондогон каражат кетип жатат болду экен?
Ал эми үй-бүлөлүк башкаруу дегенде.

Кийинкибиз ким?
А.Акаевден айырмаланып, К.Бакиевдин бир туугандарынын, үй-бүлөсүнүн Кыргызстандагы бардык тармактарга тике кийлигишип гана эмес, түздөн-түз башкарып калганы жалпыга маалым. Мындай үй-бүлөлүк башкаруунун акыры кандай болгонуна да жалпыбыз күбө болдук. К.Бакиев убадасында бек туруп, бийлик үчүн акыр-аягына чейин колуна курал алып салгылашты. Ошол салгылаштын кандуу кесепети карапайым элди бүгүнкүгө дейре кара кийинтип, аза күттүрүп турат.
Албетте, К.Бакиевдин ажолугу жалаң жаман иштер менен эсте калды дегенден алыспыз. Бир топ көрөңгөлүү башталыштар болуп, бир нече долбоор ишке ашты. Эң башкысы, Кыргыз мамлекети ыдырабай, ички тартип сакталып калды. Балким, ашкере либерал, интеллигент жана ички дүйнөсү назик Акаевден кийин демократиянын шарданы менен өтө эле ээнбаш болуп кеткен кыргыздын маңдайына Бакиевдей зөөкүр ажо жазылгандыр. Аны да тарых таразалаар.

Садырбек
Чериков