Байлык ичиндеги байлык

Байлыгы бапыраган, капчыгы карыш айымдар тууралуу кеп боло калса, дароо эле европалык, оруссиялык же кошуна өлкөлөрдүн сүйкүмдүү (акчалуунун баары сүйкүмдүүбү) бай айымдарын кеп кылабыз. Ал эми кыргызстандык айымдарда анча байлар жок болсо керек, ошондуктан ооз ачпайбыз го. Бирок, бизде чыныгы байлар бар. Акылмандар айткандай, дүйнө кызыкчылыгы менен иши жок, байлык деген санаасы жок дегендей биздикилердин баары бай белем. Эл акчасы менен кыйын болсо, биздикилер чыдамкайлыгы менен кыйын деп тамашалаганыбыз менен, капчыктуулар бизде деле анча-мынча бар чыгаар. Алар жөнүндө жазсак чынында бир чети сыймык бир чети кызык болоор. А биз анда кыргыздын бардар айымдарын тапкыча, кошуналардын капчыктуу айымдарынан кеп сала турсак.

Россияда эң бай кыздардын көчүн Анастасия Потанина менен Татьяна Евтушенкова баштайт. Алардын атасы - Владимир Потанин "Интерростун" башчысы, миллиардерлердин ондугуна кирген бай адам.
Бул гана эмес, алардын тизмесин толуктаган, башка да кыйындын кыздары бар. Алар Анна Абрамович, Гүлнар Керимова, Наталья Рыбаловлева жана Виктория Михельсон ж.б..
"Финанс" журналы аныктагандай, быйыл кимдер миллиардер болсо, алардын кыздары менен келиндери да курбуларынын алды болуп турат. Ошентип, аталары менен кайын аталарынын аркасында турмушун оңоп жаткандар башкалардан ат чабым оозуп келет.
Наталья Рыбаловлева - 20 жашта. "Уралкалия" директорлор кеңешинин төрагасы Дмитрий Рыбаловлеванын тунгуч кызы.
Атасынын 4, 25 миллиард долларына ээлик кылган энеси менен Лондондо турат. Энеси атасы менен ажырашууга арызын да берип салган. Кандай болгону менен Натальянын ал каражаттан алар үлүшү чоң.
Ошондой эле, атактуу "Лукойлдун" негизин түптөгөн, азыркы вице-президентинин кызы Екатерина Федундун да түкүрүгү жерге түшпөй турат. Москва мамлекеттик эл аралык байланыш университетинин журналисттика факультетин бүтүрүп жатканына карабай 2,5 миллиард доллардын "жакыны".
"Уралсиб" каржы корпорациясынын ээси Николай Цветковдун чоң кызы Виктория Цветкованы "Альянс континенталдын" башкы директору Алексей Чаленконун уулуна узатып, "байга бай, сайга сай куят" деген кыргыздын сөзүн тастыктагандай.
"Новатек" газ компаниясынын башчысы Леонид Михельсонанын кызы Викториянын багы да жанып турат. Ага болочокто мурас калган каражаттын өлчөмү азыр 5, 9миллиард доллар экен. Анын атасы былтыр эле 1 миллиард доллар киреше түшүргөн.
Анна Абрамович азыр 18 жаштагы, капчыктуу айкөл кыз десе болот. Ал олигархтын алгачкы аялы - энеси менен турат. Британдык Godolphin & Latymer School мектебин бүтүргөн. Аны азыр бүткүл Англия билет болуш керек. Анна 16 жашка толгондо, туулган күнүн белгилөөгө 500миң доллар жумшаптыр. Эгер Абрамовичтин жеке эсебинде 17миллиард АКШ доллар бар экенин эсе алса ал кеп эмес.
Андан кийинки аты да өзгөчө белгилүү кыз Гүлнар Керимова. Өзбек президентинин кызынын аты менен уйкаш. Гүлнар Nafta Moskva корпарациясынын мүчөсү Сулейман Керимовтун кызы.
Россиядагы байлардын тизмесинде төртүнчү орунда турган адамдын каражаты 14, 5 миллиард АКШ долларын түзөт. Былтыр россиялык бизнесмен жеке байлыгын эки эсеге жакындаткан. Ал жыйырма жаштагы Гүлнардын үлүшүнө азыр 4,8 миллиард доллар тийчүдөй.
Мына ушундай цифра, же каражат тууралуу кеп салганда, орустун ММКлары ачыктыкка басым жасаары байкалат. Андан аркысы өз пикири же оюн же айрым сырларын ачык айтууда тартынышпайт. Буга салыштырмалуу кыргыздын кыздарынын тегерегинде купуя көптөй…

Белек ТУЛПАР