Курултай демекчи...

Байас Турал, акын-тарыхчы:
"Оң сол, ичкилик
түзүлүшүндөгү демократияны куралы"
Улут жөнүндө
- Жетимиш жыл социалистик системада күн кечирип, жыйырма жылдан бери капиталистик түзүмдө жашап жатабыз. Союз урашы менен социализмге Караганда улуттук аң сезимди калыптандырууда мыкты система катары даңазалап отуруп, капитализмди тандадык. Жыйырма жылдан берки жашап келаткан кыргыз коомунун өсүш абалын карап көрсөк, улут катары өспөй эле, кайра кыйрап баратабыз. Кыргыз улуту жок болуп бараткан улуттардын катарына киргени ачык айтылса да камаарабадык. Бул процесс дагы деле уланууда. Ушундан улам, ушул ойдун тегерегинде баш кошкон чакан чыгармачыл интеллигенция "Эмне үчүн улут катары жоголуп баратабыз? Улут деген эмне? Биздин жолубуз кайсы?" деген суроону беш жылдан бери талкуулап, талашып-тартышып келдик. Акырында, кыргыз санжыралары боюнча эсептесек бери болгондо үч миң жыл, ары кеткенде алты миң жыл тарыхы бар элибиздин байыртан бүгүнкү күнгө чейин сакталган ички түзүлүшүнө келип такалдык. Буга XX кылымдын улуу тарыхчысы Л.Гумилевдун: "Улутту жок кылыш үчүн, анын ички түзүлүшүн жок кылуу керек. Ошондо ал акырындап отуруп, башка улуттарга сиңип кетет" деген сөзү түрткү берди. Мисалы үчүн физикада же химияда да ушундай процесстер бар. Кайсы бир заттын ички түзүлүшүн (молекулаларды, электрондорду) өзгөртүп таштай турган болсок, ал нерсе башка затка айланып кетет. Ушул эле тажрыйба улутту жок кылууда да иштейт.

Улуттук түзүлүшүбүз кандай эле?
Биринчиден биз көчмөн эл болчубуз. Көчмөн эл уруулук принциптерге таянат. Уруулук түзүлүш менен жашагандардын ичинен дагы кыргыздарда өтө оригиналдуу бир өзгөчөлүк бар. Ал - урууларды бириктирип жүрүп отуруп улутка чейинки аралыкта "оң", "сол", "ичкилик" деп үч канатка топтоо. Үчилтиктен турган бул түзүлүш биздин бүтүндөй салтыбызга, тарыхыбызга эң башкысы саясий маданиятыбызга кирген да Кыргыз улутун кармап турган. Кыргыздын ханын шайлаар учурда бери дегенде улуу Курултайда үч канаттан үч адамды чыгарып, үчөөнүн ичинен эң мыкты деген бирөөсүн тандап алышкан. Мына ушундай учурда гана кыргыздын улуу бийи же ханы шайланды деп айтканбыз.

Кечээки тарых
Ормон ханды жалпы кыргыздын ханы деп айталбайбыз. Анын кыргыз алдындагы эмгеги өтө чоң. Айрыкча аркалык кыргыздарды, түндүк кыргыз жерин сактап калууда зор эмгек жасаган. Мыкты жоокерлик сапатын көрсөткөнүн, улуу кол башчы катары кыргыз-казак согушундагы эрдигинде талаш жок, муну тана албайбыз. Ошол эле учурда, ушундай деңгээлде көтөрүп келе жаткан Жантай менен Шабдандын жолу такыр башка. Буларды Ормон хандай карабашыбыз керек. Менин айтайын дегеним, Ормонду хандыкка көтөргөндө Оң канат уруулары гана чогулуп шайлашкан. Ушундан улам аны Оң канаттын гана ханы деп айтууга болот. Ал эми жалпы Кыргыздын ханы болуш үчүн Оң, Сол, Ичкилик уруулары бары чогулуп көтөрүшү керек. Мындай көрүнүш кийинки 700 жыл аралыгында болгон эмес. Кээ бир тарыхчылар XV-XVI кылымдарда жашаган Мухаммед Кыргыз деген ат менен тарыхка түшкөн Тагай бийди айтышууда. Ошол киши гана жалпы кыргыздын улуу бийи сыяктуу оң, сол кыргыздарын бириктирип бир мамлекет түзүүгө аракет жасаган, бирок, максаты оңунан чыкпай калган.

Үч канаттын ролу эмнеде?
Үч канатты тарыхчы катары бир топ жылдардан бери иликтеп, кыргыз турмушунда мунун ролу эмнеде болгон деп көп ойлондум. Көрсө бул- партия экен. Эгерде отурукташкан орустар өзүнүн түзүлүшүн же социялизмди бизге таңуулабаганда, биз бүгүнкү өнүккөн доорго үч канатты "үч партия" катары киргизмек экенбиз. Эгерде үч канаттан үч партия түзүп койсок бүгүнкүдөй 150гө жакын партия болмок эмес. Биз өзүбүздүн 20 жылдык убактыбызды, энергиябызды, күчүбүздү каяктагы бир партияларды түзүү менен кетирдик. Ошол партиялардын далайынын аты бар да, заты жок. Чыгаан жигиттерибиз өз өмүрүн, күч-кубатын бир саясий партия түзүүгө жумшады. Ошол түзүлгөн партиялар кыргызга кызмат кылып жатабы (?) бирөөсүнүн да пайдасы тийген жок. Алар кыргызды бөлгөндөн же жолунан адаштыргандан башка кызмат кыла элек. Парламенте отурган "Акжол" дагы улуттун тагдырын колуна алалбады. Улуттук эмес, уруулук жана региондук кызыкчылыкта эле бөлүнүп, жарылышууда. Демек, биздин азыркы жашап жаткан жашообуз туура эмес болуп жатат.

Биз жашаган система кайдан келди?
Бул батыштан келди. Батышта бүгүн эл бузулуп жатат. А биз элди бузуп жаткан системаны үлгү кылып алдык. Маселен, ошол батыш коомунда аялына аялы, эркегине эркеги үйлөнүп жатат. Бул табияттын мыйзамына каршы жашоо. А, табияттын мыйзамы - Кудайдын мыйзамы. Батыш азыр Кудайдын мыйзамына каршы жашап жатат. Демек, булар эртеби, кечпи жок болот. Ооба, Европадан ала турган көп нерсе бар. Аларды илим-билим, техникалык ойлоп табуулар көтөрдү. Өнүгүүнүн арты менен жалпы Европа маданиятын түзүп, турмуш-тиричилигин жакшыртты. Бирок, адамдарды, улутту тарбиялоодо артка кетип, бузулган коомду түзүп отурат.

Биз адаштык…
Бир кылым бою өзүбүздүн жол менен эмес, бизге таңууланган "жол" менен жашагандыктан улутка тиешелүү көп жакшы нерселер жок болду же өгөй учурап калды. Башка улуттан кирген нерселер өзүбүздүкүндөй сезилип калган. Улуттук аң сезимибиз калыптанбай эле кайра артка кетти. Адашып жатканыбыздын дагы бир себеби ушунда. Азыркы биздин аракеттердин баары Кыргыз улутунун духун көтөрүү үчүн жасалып жатат. Анткени, ушул убакка чейин кыргызды басынткан саясат жүрүп келатат. Эгерде биз Кыргыз мамлекетин бир дарак түрүндө элестете турган болсок, анын өзөгүн "кыргыз" деген атты алып жүргөн этнос түзөт. Ал титулдук улут болгондон кийин өзүнө жараша укугу, укугуна жараша милдети да болуш керек. Мисалы, Конституцияда ушундай, анын тили мамлекеттик тил деп жазылганы менен иш жүзүндө кыргыз атын алып жүргөн улуттук тилинде андай укук жок. Кыргыздын тилинде мындай укук жок болгондуктан, мамлекеттин ээси катары ал өз милдетин аркалай албай келүүдө. Балакеттин баары, эл чаташып-адашып, кыргыздын "кыргыз" болалбай жатышынын эң башкы маселелеринин бири мына ушунда.

Уруу түзүлүшүнүн тескери жактары
Кыргыз бери дегенде үч миң жылдан бери жашап келатат. Анын бир атанын үч уулунан тараганы жөнүндөгү маалыматтар кыргыз санжыраларында, байыркы тарыхка "арий" деген ат менен түшкөн элдердин жана сак-скифтердин мифтеринде да бар. Кыргыздарда ал азыркыга дейре жашап келе жатат. Жаап-жашырганыбыз менен шайлоордо уруулукту колдонуп келе жатабыз. Саясатчылар Акүйгө келгенде уруучулукту танат да, айылдарга барганда өздөрү ошону колдонот. Эл колдонуп жаткан нерсени эмнеге катабыз? Биз эки жүздүү саясатты токтотпойлубу деп жатабыз. Уруу жөнүндө кеп козгосо эле көптөр Сарыбагыш менен Бугунун урушун айтабыз. Мамлекет жок болгондуктан эки уруунун ортосунда ошондой чоң уруш болду. Эгер мамлекет болсо андай уруш чыкмак эмес. Азыр эми эч качан эки уруунун ортосунда уруш болбойт. Уруш адилетсиздиктен, лидерликти талашуудан келип чыгат. Биздин бүгүн мамлекетибиз, президентибиз, мыйзамдарыбыз бар. Уруучулуктун жаман жагы жок. Кыргыздын канын таза сактоодо, түпкү тегин билүүдө да анын орду чоң. Бир сөз менен айтканда жети атаңды билүүнүн эмнеси жаман? Эгер уруулар уруучулдугун калыбына келтирсе, алар кыргыз улутуна таандык экенин танабы?

Урууларды көтөрүү менен тууганчылык сезимдер
бекемделет
Биз эмне үчүн тууганчылыктан жээришибиз керек. Ыйык китептерде, Мухаммед, Ыйса пайгамбарлардын осуяттардында "Жакыныңа жакын бол, жакыныңды жакшы көр, колдон келген жардамыңды аяба" деп айтылат. Жакын деген тууган деген сөз. Тууган деген урук, уруу менен уланат. Кыргыздын тууганчылыгы мыкты болгон үчүн, үч миң жыл жашап келди. Кайсы бир улутка сиңип кеткен жок. Анткени аны уруулары сакталып келген. Уруучулук мыкты жана күчтүү түзүлүш экендигин 15-кылымда жашап өткөн мусулман социолог, философу Абдурахман ибн Халдун: "Отурукташкан элге караганда, көчмөн элдин жашоо образы мыкты жана өйдө" деп айткан. Батыш эли андай түзүлүштү кабыл албайт. Анткени, аларда көчмөн турмуш жок.
Батыштын демократиясын кыргыздын "үч канат аркылуу калыптанган демократиясына салыштырсак эң адилеттүү, эң мыкты элдик башкаруу экендигине ынанасың. Карап отуруп кылымдардан бери сыналган эл бийлиги экенине макул болосуң. Аскер бийлигинде Он башы, жүз башы, миң башы, түмөн башы кандай принцип менен шайланса, билгилер да, бийлер да ошондой жол менен шайланган. Азыр ошондой кылып, Оң, Сол, Ичкиликтин эл тандаган мыктылары курултайга чогулуп, президентти шайласа болот. Бул биздин улутка гана тиешелүү жол. Биз ушуну калыбына келтирели деп жатабыз. Эгер кыргыз өзүнүн шайлоо системасын киргизсе, батышта кыйрап жаткан коомдор, чыгышта өзүн-өзү таппай жүргөн элдер аны үлгү кылып алышаарына мен шек кылбайм. Ушул идеяны көтөрүп жүргөн топ, интелигенциянын кайсы бөлүгү менен кандай учурда болсо да жолугушуп, талкуулоого даярбыз. Биз негизинен кыргыздын улуттук аң-сезимин калыптандыруу, улутту, кыргыз мамлекетин сактап калуу маселесинин тегерегинде ойду кармоого аракет кылабыз. Кудай алдында, улут алдында оюбуз, дилибиз таза. Биздин принцип: "Эр энеден төрөлөт, эл үчүн өсөт". Ар бир Адам улутка кылган кызматына жараша урматталып, кылган күнөөсүнө жараша жазаланууга тийиш.
Жазып алган
Зулпукар Сапанов

P.S. Жогорудагы айтылган ойго карата кайчы же колдой турган пикирлерге да гезит бетинен орун берүүгө даярбыз. Үн кошуңуз окурман!