SMS суроолор
Кайдасың, "мыйзамдын темир калканы?"
Шайлоо алдында "Ошто коогалаңдын башында жүргөнсүң" деп бей-күнөө адамдарды "кызыл погондор" камашып, ачыктан-ачык акча "өндүрүп" жатышса, Бишкекте коопсуздук кызматы "террорчулукка тиешең бар" деп мисалы, Токмоктук Коргонбаев Улан деген жигитти кыйноого алып, көтөн чучугуна резинка дубинка "тыгып" жатса, ашынган зөөкүрлүктү көрсөтүп жатышса да бир ооз үн катпайсыз? Неге?
Керимбек Жусупов,
Токмок шаары


Өмүрбектин өмгөктөткөн насыясыбы?
Газета, типография, район, министрликтерине чейин кой бөлгөндөй бөлүп алышкан парламенттик көпчүлүк түзгөн өкмөт ары-чарпылып, бери чарпылып бийликке келээрин келип алышып элдин муктаждыгын кантип кан-ааттандыраарын билбей, суудан кургак жерге серпилип чыккан балыктай жан-арга кылып чабалактап турган учуру. Шайлоо алдында республика партиясынын үгүт иштеринде Ө.Бабанов дыйкандарга 7%дан насыя берем" деп убада кылган эле, ал убадасы 9% пайызга чыкты. Ошондо да азыр бюджетте каралып жаткан 1 миллиард сом 7 миң дыйканга гана жетет. Аржакта 23 миң дыйкан насиядан куру калат. Же ошентип эптеп "себелетип" койсо эле Ө.Бабанов эл алдында убадамды аткардым деп атабы?
Алымбек Мансуров Талас шаары


Убадалар унутулдубу?
"Ата-Журт" аттуу партиянын шайлоо алдында "Нариман Тюлеевди Бишкеке алып келебиз" деген лозунгдары Бишкек ичине жайнап кетти эле, кана Ата-Журтчулар Н.Тюлеевди өзүнүн мурдакы иштеген жерине алып келишкени? Же Ата-Журтчулар Н.Тюлеевди добуш алыш үчүн жөн эле бетке кармашканбы?
Айнура Темирбек кызы, Бишкек шаары


Ойношчул кайнене келининен шек санайбы?
Кечээ жакында бир газетага Т.Тургуналиев кээ бир партиялар шайлоодо добуштарды арбын акчага сатып алышты" дептир. Мындай сөздү Ө.Текебаев да какшап айткан, кезинде.
Илгери 1961-жылы Юрий Гагарин космоско учуп аман-эсен кайтып келгенин бир еврей экинчи еврейге кубануу менен айтса, анда ал: "Эмне ал космоско кайра кайтып барыш үчүн учуптурбу? деп кайра өзүнө суроо берет дейт. Анын сыңарындай эмне, Убактылуу өкмөт мүчөлөрү алдыдагы шайлоодо кайсы партия добуштарды канча акчага сатып алып жатат? деп байкоо же азыркы модалуу сөү менен айтканда мониторинг жүргүзүш үчүн барышкан бекен убактылуу болсо да бийликке?
Эгер ошол кезде убактылуулардын элде таянычы болсо добуштарды сатып алып жаткан партияларды шайлоодон чыгарып ташташканга мыйзамдуу жолдору бар эле.
Кептин баары "убактылуулар" Бакиевдерди өлкөдөн чыгарып жибергенден кийин, андан көп өтпөй А.Бекназаров - Т.Сариев, А.Атамбаев - А.Бекназаров телефон-гейтинен кийин абийирлери кетип, өзүлөрүнүн бийликке кан төгүп алып келген элден ажырап калгандыгында. Бул жагдайды толук түшүнө билген "саясий партия" деген топтор өз билгендерин жасашты. Бир кезде "Бакиевчилерди бийликке бирин да жолотпойбуз" деп жүрүшкөн убактылуулар Бакиевчилерди түрмөгө отургузгандын, ичкендерин кустургандын ордуна шайлоого катыштырганга өздөрү шарт түзүп беришкенинин далили азыркы парламент. "Ойношчул кайнене келининен шек санайт" деген макал дал ушул маселеге туура келип жаткан жокпу?
Сатар
Ашымов,
Бишкек шаары


Өлөңдүү жерде өгүз семиреби?
"Өлүмдүү жерде молдо семирет, өлөңдүү жерде өгүз семирет" демекчи, былтыркы Ош кандуу окуясынан далайлар үй-жайсыз, мүлксүз калышса күч органдары эбегейсиз байыды, олигарх болушту деп жатышат эл оозунда. Ушул чынбы ыя?
Кокус парламентке шашылыш шайлоо болуп калса, ошолор мандат үчүн ат салышат. Себеби, пул арбын. Азыр деле парламенте өзүн Оштогу "граждандык согуштун батыры сезген КСДПдан Курсан Асанов отурат депутат болуп. Бул экс-милиционер жигит жөнүндө, анын көп күмөндүү жоруктары жөнүндө түрдүү кептер бар эл ичинде. Эгер, К.Асанов чындап эле кыраакы, көрөгөч тартип сакчысы болсо эмне үчүн кандуу окуяны алдын-ала болтурганга аракет кылган жок? Мүмкүнчүлүгү жетпедиби? Эгер мүмкүнчүлүгү жетпесе, дарамети чектелүү болсо анда эмне аны сыйлыкка, наамга көрсөтүп жатышат? Тескерисинче А.Эркебаев башында турган Ош окуясы боюнча иликтөө жүргүзгөн Улуттук коммисиянын корутундусунда дал ошол күч органдарынын алсыздыгына басым жасалбадыбы?
Назира Бектенова, Өзгөн району





Ата мекенден Эмес, Ата журттан...
"Эркин Тоонун" баш редактору алмашты
- Премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин кол койгон жарлыгына ылайык, буга чейин "Жаңырык Апта" гезитинин башкы редактору болуп иштеп келген (ЖК спикери А.Келдибековдун жээни) Манас Осмонов "Эркин Тоо" гезитине баш редактор болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Осмоновду гезит жамааты менен өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Кубан Абдымен тааныштырды.
Атамбаевдин дагы бир жарлыгына ылайык аталган гезиттин мурдагы редактору Абдувахаб Мониев кызматынан алынды. Мониевдин билдиргени боюнча, ага өз ыктыяры менен кызматтан кетүүнү коалициялык өкмөттүн мүчөлөрү сунушташкан. Буга байланыштуу ал 31-январь күнү арызын жазып берген. "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Мониев бул кызматка 7-апрелден кийин дайындалган болчу.





Окурман суроо салат?
"Мегакомго" мээримин төккөн ким?
2011-жылдын 4-февралында Башкы прокуратура "Мегаком" уюлдук акционердик коомунун жетекчиси Андрей Силичти жана анын орун басарын жумуштан четтетип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш Кодексинин "Мыйзамсыз ишкердик жүргүзүү" жана "Салыкка төлөмдөрүн жашыруу" деген статьялар боюнча кылмыш ишин козгоду. (Кылмыш иши козголгон күнү Андрей Силич Москва шаарында жүргөн экен). Уюлдук телефон кызматы "Мегаком" жөнүндө чуу апрель революциясынан кийин да бир дуу болуп анан басылып калган. Жакынкы күндөрү Жогорку Кеңеште Убактылуу өкмөт бул компаниянын акциясынын 49% эле улутташтырылганына айрым депутаттар нааразы болушуп, анда да "бир дуу" этип кайра басылышкан. Айрымдары "Мегакомдун" 100% акциясын алыш керек эле" дегендер да болгон. Эмне үчүн 100% улуттташтырылышы керек эле? Бир чети андай болсо анысы мамлекеттик рейдерликке жатмак. Бирок, ошондой болсо да он ай бою Убактылуу өкмөттөн кимдир бирөөлөр А.Силичти калкалап келсе керек. Болбосо, "Мегакомдун" акциясынын 65%ы улутташтырып жаткан мезгилде эле бул компания "Мыйзамсыз ишкердик кылган кылыгы чыгат эле го. Бул фактыга ошол кезде маани берилип иш козголмок. Айтор, өткөөл мезгилдин бийлиги өзүнүн былыктарын өзү ачып келет. Антпеске арга жок. Эгер башкы прокуратура адилет болсо А.Саличти калкалап жүргөндөргө да иш козгош керек. Себеби, ал көмүскөдөгү адам албетте А.Салич менен акча бөлүшүп жүрдү да, же жалганбы?
Күлчоро Кабылов
Бишкек шары