Терроризим кечээ, бүгүн, эртең...

"Еврей полку"

Берекелүү, байманасы ташыган, кассаң алтын, күмүш, жакканга көмүрү дагы толгон токой кен байлыгы, суу десең өзөн-талааны күрпүлдөткөн түбөлүк эрибес мөңгүсү бар, жапайы жаныбарлар эркин жүргөн аска-зоосу бар, ары айкөл, ары каарман кыргыз элинде, жеринде буга чейин "экстремизм", "терроризм" - дегендер жок эле элди кыжаалат кылган бул күчтөр кайдан пайда боло калды?

Жаман ой менен адамдардын канын төгүү тээ атам замандан болуп келген.Тарыхты карасак байыркы Рим имератору -диктатор Юлий Цезар анын айрым жакын адамдары атактуу кол башчы Бруттун кутумдарынан курман болгон.Чыгыш өлкөлөрүнүн тарыхында бйлик үчүн жакын эле туугандарын канга боегон мезгилдер көп болгон.Европа мамлекеттеринде да бири- бирин тымызын көзүн тазалап келишкен. АКШда 1865-жылы президент Абраам Линкольндын атылып өлтүрүлүшү, Россияда 1895-жылы " Народная волья" деп аталган топ:" эгер императорду өлтүрсөк эл эркиндик алат" деген ойдо Александр III түн кортежине террористик акт жасашып өлтүрүшкөн.Бул Россияда тероррдук актылардын башталышы болгон.Дүйнөдө террорчулуктун массалык мүнөзгө ээ болушу 19-кылымдын башына таандык деп айтылып келгени ушундан болсо керек. Байыркы доорлордо Египетте, андан соң Вавилондуктарда, кийнчерээк Персия падышалыгында кулчулдукта жүрүшүп жер бетине таруудай чачырап кеткен еврейлердин Европада жүргөн Теодор Герцль аттуу бир уулу еврейлердин байыркы ата-журту- Палестина жеринде өздөрүнүн мамлекетин түзүүнү самап, Палестина жериндеги Сион тоосуна символдоштуруп "Сионизм" иделологиясын иштеп чыгып, аны улутташтарынын арасында жайылтат. АКШда жашашкан еврейлер тарабынан сионизм иделогиясы колдоого алынып Родшильд, Гирши, Зелигман,Оппенгейм, Гинзбург, Высоцкий, Поляков сыяктуу өтө бай еврейлер өз улутташтарын Палестинага көчүшкө каражат менен камсыз кылышат. Палестинага баргандардын биринчи максаты ал жерде "Еврей коомун" түзүү болгон.Ошол мезгилде Англиялык колонизаторлордон, бир жагынан Түркиянын кысымынан жабыркап жүрүшкөн Палестиналык арабдар еврейлердин туш тараптан көчүп келип жатышына нааразы болушуп аларды каршы алышат.Мындай көрүнүштү түшүнүү менен кабылдай албаган еврейлердин "Паолейцион" деп аталган сионисттик партиясы Палестинада "Хошемер" (күзөтчүлөр) деп аталган аскердик бөлүктү түзүү зарыл дешет.1914 - жылы сионисттик -террордук уюмдун башына В. Жаботинский (Зеев) келет.Ушундан 4 жыл өтпөй 1918-жылы Англиянын жана дүйнөлүк синисттик уюмдардын(АКШ, Канада)колдоосу менен "Еврей полку" деп аталган аскердик топтор эч күнөөлөрү жок Палестиналык арабдарга чабуул жасай башташат. Азыр дүйнөнүн көп өлкөлөрүн желедей каптаган согуштун жаңы түрү болгон террорчулдукту эл аралык сионизм (еврейлердин уюму) ойлоп чыгарышкан.
Миңдеген жылдар бою өзүнүн ата-журтуна кайрылып келе албай жүргөн еврей эли 1949-жылы БУУнун чечими менен өз алдынча Израил мамлекетин түзүштү,бирок ошол эле учурда өз жеринен эч жакка чыгышпаган арабдар" Палестина Автаномиясы" деген гана статуска ээ болгон бойдон калууда. "уурусу күчтүү болсо ээси доого жыгылат" дегендей артында АКШ, Европа жана ошол тараптарда өлчөөсүз бай еврейлер, алардын кубаттуу эл аралык сионизм уюму тургандыктан Израил 50 жылдан ашык убакыттан бери бир эле Палестиналыктарга эмес, коңшу Ливандыктарга карата террордук актларды токтотпой келүүдө.1982-жылкы Израилдин Палестинага жасаган агрессиясынан улам алардын качкындарын Бейрут шаарынагы ( Ливан) Сабра,Шатила лагеринде Еврей террористеринин массалык кыргынын тархчылар,журналистер, саясатчылар немецтик фашистер 1941-1943 жылдары Киев шаарына жакын Бабий-Ярь деген жерде 100. 000 бей күнөө адамдарды кырган окуяга салыштырышкан.
СССР державасы урагандан кийин 90-жылдары Россиянын аймагына тиешелүү түндүк Кавказда: Дагестан, Чечня, Ингушетия, Осетия, Кабардин, Балкарияда террорчулар пайда болуп, алиге чейин токтобой келет. Мунун себеби, батыштын арам ойлуу идеологдору жалданма адамдардын күчү менен түндүк кавказ элдерин сепаратизге тымызын үндөө менен Россияны алсыратып, эгер бул идея ишке ашып калса анда алар геосаясатта артыкчылыкка ээ болуу аракети. Батыш иделогдорунун схемасы боюнча өзүлөрүн көмүскөдө кармоо максатында жасалма фундаменталист-исламчыларды террорчулукка даярдап(ислам өлкөлөрүндө) анан аларды коомдогу, жеңил ойлуу,ошол өлкөлөрдүн бийлигине чексиз нааразы, жандарына таш баткан жакыр болгондор менен тилектештикти жараттырып террорчулукту жүргүзүү. Россияда бир эле түндүк кавказ террчулардын обьектиси болбостон бул өлкөнүн ири шаарлары да болууда. Бул деген кан төгүлгөн окуялар калкты коркутуп-үркүтүп үшүн алуу деген эмей эмне. Бул коркутуу террордук актысы деле түндүк кавказды сеператизмге түртүү болуп саналат. 2001-жылы АКШ армиясы Оганстанга, Иракка болгон агрессиясынан кийин аталган өлкөлөрдө да аргасыздан террорчулук жайылды. Мындай "ыкма" АКШнын негизги максаттарынын бири экенин ушул эки өлкөдөгү болуп жаткан окуялардан ачык көрүнүп турат.Эл аралык террорчулдукка Франциялык философ П. Женке мындай аныктама берет."Эл аралык террорчулук бир өлкөдө даярдалып, ага финансылык колдоо көрсөтүлүп, техникалык жактан үйрөтүлүп, анан ал экинчи өлкөдө ишке ашырылат"
Бишкектеги спорт сарайын жардыруу, колго түшүп жаткан заттарды жардыруунун механизими Кыргызстанда эмес, башка өлкөдөн ойлонулган жана үйрөтөлгөн.Биз кооптонуп жаткан террорчулуктун пайда болушу өткөн жылкы түштүктөгү кандуу окуяга түздөн-түз байланышы бар десек жаңылышпайбыз.Түштүктө эки элди бири-бирин кыргынга түрткөн деле эл аралык күчтөр.Алардын максаты Оганстанга чектеш Борбордук Азия мамлекеттерине таасирин күчөтүү.Ошол тышкы күчтөрдүн максаты өзүнчө тема.Айтмакчы, өткөн жыл аягында АКШнын айласын алты кетирген журналист Жулиан Ассандждын "Викликис"интернет сайтында "АКШ, Ирландия, еврей, мусулман террорчуларын каржылайт" деп жазганы бүдөмүк ойлорду тактап бергени болду. Бийлик башчысы Р. Отунбаева КМШ өлкөлөрүнө караганда жылмайып күлүп,бирок канжарын койнуна каткан АКШ жана батыш мамлекеттери менен ысык мамиледе болууда.Бул да жагымдуу нерсе эмес. А мүмкүн 7- апрелдегидей эл толкуп кетсе, Акаевдин же Бакиевдин үстүнө бара албай, (КМШ алкагына дегеним-авт.) океандын ары жагынан башбаанек алуу үчүн ошол тарап менен "коюу"- мамиледе болуп жаткан жокпу, ыя?...

Күлчоро Кабылов