Так талаш

Бабанов Отунбаеванын мураскорубу?
Бакиевдин "Ынтымак курултайына" катышкан "дүжүрлөрдүн"
60 пайызы азыркылардын "Аксакалдар курултайына баратат…"

Кечээ жакында өткөөл мезгилдин президенти элге камкордук көрсөткөн түр көрсөтүп Теңир-Тоону, Баткенди, Ыссык-Көлдү кыдырып келди. Бирок, ошол эле учурда 7-апрелде кыргын салгандар Бакиевдер өлкөдөн чыгарылып жибергендей, түштүктө кандуу окуяны алдын-албагандай, Убактылуу өкмөттү жетектеп турганда жанындагылар миллиондогон долларларды уурдабагандай, Кыргызстанда эч нерсе болбогондой укпагандай көрсө да, укса да, аны менен тиешеси жоктой… Дегеним, чабактар эмес, ошол "акула, киттер" жөнүндө Роза айым ныпым ооз ачпады. Как будто, Бакиев жана анын кан ичкичтери биздин жашоо болбогондой…

Өлкөдө тим эле идиллия. Бирок, кантсе да ошол азыркы өйдөкүлөр учурда убара түйшүк тартып жатат. Тамакка тыгылган сөөктөй түштүк окуясы, Бакиевдердин качырылышы, уурдалган акчалардын изин жабуу. ж.б.ж.б.ж.блар. Ал үчүн алар татыктуу, ишенимдүү мураскорду калтыруу керек. Азыр ошонун камын көрө баштады.
2011-жылдын 9-февралында филармониянын залында юридикалык статуска ээ болбогон "аксакалдар кеңеши" деген жыйынды чогултту. Айта кетчү нерсе, чыныгы аксакалдар чогулган, Адилет министрлигинен расмий каттоодон өткөн, өткөн революциянын алдында жүрүшкөн "Кыргызстан аксакалдар кеңеши" - деген коомдук бирикме бар.Ошол чыныгы аксакалдар Р.Отунбаева Убактылуу өкмөт башына келгенде бул уюмдан кызмат алышкан Талас жаатын дагыларды мүчөлүктөн айдап ташташкан. Кызыгы, Президент катышкан "аксакалдар кеңеши" жыйынында юридикалык күчү бар ушул аталган уюмдан бир да аксакал чакырылбаган. Себеби, булар калыс, бетке түз айтканын президенттин аппарат жетекчиси Э.Каптагаев жакшы билет, ошондуктан болсо керек аларды чакырышпаганы. Өлкө башчылары катышкан ал жыйында 2010-жылы 23-мартта ошол эле залда Бакиевдин катышуусу менен өткөн "Ынтымак курултайынын" төрагасы Садыкбек Аблесов трибунага чыгып сөз алып эле ачык айтты: "Бир кезде Бакиевдин Ынтымак курултайына" катышкандар азыр, ушул жерде бери эле дегенде 60%ы катышып олтурасыңар" деп. Ушул сөздөн эле түшүнүктүү болуп жатат, аксакалдар эмес, акын Шаке (Ш. Дүйшеев) азил менен таамай айткандай "ак шакалдар" чогулгандыгы. Андайлар Акаев, Бакиев доорунда "дүжүр чалдар" аталып келишкен. Кыскасы, жыйындын катышуучуларынан сөз алып сүйлөгөндөр ойду-тоону сүйлөштү. Кимдир бирөө кошоматчылык менен "Роза Исаковна, Алмаз Шаршенович, Акматбек Келдибеков үчөөңөр эми бириктиңер, эми турмуш оңолот" дегенге чейин барышты, чиркин.
Менин жанымды кейиткени, карыдан абийир кеткени ошол, байыркы салт эми кийинки муундар карыганда калыс сөзүн айтпаган муунга айланаарына ушул "дүжүр чалдар" жол салып жаткандыгы болду. Улуу муундун ушул өкүлдөрү өлкө башчыларынан: Канкорлор эмне үчүн качырылды? Аларды качан кайрып келип жазалайсыңар? Кан-күйүп жатканда азаматтар онтоп, көздөн жаштар көлдөп турганда эмне үчүн акчалар уурдалды, аларды эмне үчүн камабайсыңар? Түштүктө эки элдин кыргынына эмне үчүн жол бердиңер? Ага ким жооп берет? Элдин жашоо турмушу эмнеге күндөн-күнгө оорлоп бара жатат? деген суроону бири да кабыргасынан кое алышпады. Керек болсо, эгер ошол жыйындын катышуучулары куру сөздөн көрө эгер өзүлөрүн чындап нарктуу, адилеттүү сезишсе, ошол жерден бийлик башчыларын тикесинен тургузуп коюп жогорудагы суроолорду жаадырыш керек эле. "Аксакалдар кеңеши" деп айтылып, ата-бабанын салтына таянып жасалып жаткан соң өкмөт мүчөлөрү, президент, спикер салт боюнча милдеткер болчу, ал суроолорго жооп берүүгө. Азыркы өлкө башчылары эмес, Манас да Кошой, Бакай алдында катасын, кемчилдигин мойнуна алган эпизоддор кездешет.
Ушул көрүнүштү карап отуруп ислам дининде мындай бир окуя аргасыздан эске келет. Адамдарды азгыруучу, ак жолдон чыгаруучу, Алланын багытын бурмалап, тескери багытка буруп туруучу Шайтан деген бар. Шайтан, тозокто Таблит менен Жаблит дегендердин никеси кошулгандан төрөлгөн бала болуп, өз аты Абулхарс деп аталган. Абулхарс бала кезинен зээндүү, акылдуу болгон имиш. Ал тозокто жатып да Кудайга кулдук уруп, таазим кылып, жалынып-жалбара берет. Ушундай мамилеси үчүн Кудай ага боору оруп асманга чыгарат да, периштелерге имам кылып коет. Анан Кудай адамды топурактан жууруп жасап, аны алтын такка отургузуп, периштелерине "адамга таазим кылгыла" деп буйрат. Периштелер Кудайдын буйругу боюнча Адамга таазим кылып кулдук урушат. Ошол учурда Абулхарстын жүзү капкара болуп кеткенин периштелер байкашат. Бул окуя, ошол жүзү каралык Кудайга жетип, "сен эмне үчүн мага баш ийбейсиң" деп ачуусу келип, Абулхарсты кайрадан жер астына кууп салат. Ошондон кийин Абулхарстын аты өчүп, Иблис, Шайтан, Азезил деген атка конот. Ошондо да Абулхарс Кудайга: "мен сага кызмат кылдым эле, акысын бер" деп соодалашат. Кудай "эмне аласың, кылган эмгегиңе? деп сураса, Абулхарс: "эми мен адамдарды азгырып, алдап өтөйүн, кыямат кайымга чейин мени өлтүрбө" деп суранат. Ошентип, шайтан адамдарды азгырып калат…
Ислам дининдеги бул придчанын философиясы "Кудай да жазалайт, ниетиң жаман болсо өмүр бою адамды тескери жолго салып өтөсүң" деген ой айтылып жатат. Муну эстегеним, бийликти мактап-жактаган жанагы "Аксакалдар курултайы" азыр айтылган Ислам дининдеги Кудай менен адам жана Абулхарстын (шайтан) окуясындай окшоштук эмеспи деп түйшөлөсүң.
Баса, ошол жыйында алдыдагы президенттик шайлоо маселеси көтөрүлүп, бул саясий өнөктүк ушул жылдын июнь айында башталаары кыйытылды. Эмне үчүн июнь айында? Же бул маселени Абулхарстай "дүжүр чалдар" чечеби?
"Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилиндеги президенти жөнүндөгү" 2010-жылдын 19-майдагы Убактылуу өкмөттүн декретинде бул маселе ачык жана даана жазылган. Айтылган декретте президенттин укугунун мөөнөтү 2011-жылдын 31-декабрына чейин деп жазылып турат. Бул декретке учурунда аксакалдар менен кеңешпей эле Р.Отунбаева өзү кол койгон. Ал эми 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда кабыл алынган Конституцияны ишке киргизүү жөнүндө мыйзамдын 3-беренесинин 2-бөлүмүндө "Кыргыз Республикасынын жаңы президентин шайлоо, Кыргыз Республикасынын президентинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин 2 ай калганда жарыяланат" деп бадырайып жазылып турат. Демек, келээрки президенттик шайлоо 2011-жылдын 30-октябрында өтүшү керек.
Бул жерде Р.Отунбаева "аксакалдар" деп атаган топту чогултуп жыйын кургандын эки максаты бар. Президент бир ок менен эки коенду атууну көздөөдө. Биринчиси:
"дүжүр чалдардын" көңүлүн алып коюу; Экинчиси: президенттикке талапкер болуучуларды үлгүртпөй "сокур ит бок жалаганча" шайлоону өткөзүп, ошону менен өзү көздөгөн мураскорду бийлик башына алып келүү. Бул оюундун максаты кечээ жакында Бишкек шаарынын мэрин шайлоодо ачык көрүнүп калды. Мэрдин кызматын шайлоо тууралуу Жарлык жарыялап, эки күндөн кийин Иса Өмүркулов ордуна отурду да, калды. Себеби, И.Өмүркулов президент айымдын өз адамы. Анан калса алдыдагы шайлоодо, мэр чоң күч берет да. Баягы эле Акаев, Бакиев мезгилиндегидей. Мисалы, Бишкекте 600 миң шайлоочу бар, плюс административдик ресурс, анын ичинде толгон-токой шайлоо комиссиялары. Ушундан кийин Р.Отунбаева өзүнө кимди мураскор кылууну көздөөдө? деген суроо сөзсүз жаралбай койбойт. Жаралат.
Ал эми, учурда Р.Отунбаева өзүнүн мураскорлугуна азыркы өкмөттүн вице-премьери Өмүрбек Бабановду даярдаганга муктаж экендиги тар чөйрөдө айтыла баштады. Мунун себептерин изилдеп көрсөк өзүнчө баян. Ал баянды кийинки макалада чечмелеп берели…
Жолдошбек Токоев