Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Битта сурообуз бар

Урматтуу, Азимбек Анаркулович!
Апрель төңкөрүшү болуп, көчөдө кыйкырып жүргөн убактылуулар бийликке келип, ал күнү оппозиция башчыларынын дээрлик баары УККнын жер төлөсүндө кудайлап жатканда, сиздин карааныңыз ал жактан көрүнбөдү. Кайран азаматтар курман болуп, жылаңач колдору менен көзгө атаарлардын огуна тике карап күрөшүп, жап-жаш өмүрлөр кыйылып жатып жеңишти колуңарга терең үмүт, ишеним менен салып берди эле. Сиз да даяр бийликке олтуруп, анан эле көп өтпөй баягы 2005-жылдагыдай күпүлдөй баштадыңыз. Ошол бакылдап берген маалымат жыйындарыңызыдын биринде "Банк ячейкаларында Бакиев жана анын үй-бүлөөсүнүн мыйзамсыз катылган акчаларын таптык. Ал акчаларды республикалык бюджетке жөнөтөбүз. Мисалы, АУБдан 880 миллион сом, "Кыргызинвестбанктан" 70 миллион сом, "Бакай банктан" 80 миллион сом. Баардыгы 1 миллиард 130 миллион сом" деп. Ага кошуп "андан тышкары доллар түрүндө да 35 миллион АКШ валютасы табылды" дедиңиз эле.
Азыркы тапта болсо банк ячейкаларынан 21 миллион доллар табылган деп баарыңар бир цифраны айтып отчет берип жатасыңар. Андай болсо ала жазда сиз айткан 35 миллион доллардын калган 15 миллиону кайда? Баса, ал кезде убактылууу өкмөттүн 14-15 өкүлү бар эле. Муну айтканыбыз ар бириңер балким бир миллиондон бөлүп алган жок белеңер?...

Урматтуу, Өмүрбек Чиркешович!
Сиз, апрель окуясынан кийин көп өтпөй убактылуу өкмөттүн үч башчысынын бири катары убактылуу "ээрге" отуруп, отура электе эле "Кыргызстан "Манас" аэропортундагы АКШнын транзиттик жүк ташуучу ГАНСИ авиабазасынын мөөнөтүн бир жылга автоматтык түрдө узартат" дедиңиз эле. Дегенибиз, ошол бир жыл убакыт да өтмөй болду. Турмуш деген турмуш экен. Сиз ойлогон нерселердин көбү ишке да ашпай калды окшойт. Ошентсе да, бүгүнкү депутат катары ГАНСИ маселеси жөнүндө оюңузду билсек дедик эле?
"Айгай-пресс"




  Койчу көп болсо…

Парламенттик башкаруу биздин
менталитетке ылайык келбесин турмуш ачуу чындыгы менен көргөзүүдө…
"Ата-Журт" партиясынан 14 депутат бийликчил фракциядан баш тартып, натыйжада коалиция ыдырайт экен, ошентип, "Ата-Журт" плюс "Ата-Мекен" барабар "Ар Намыс" болуп жаңы коалиция жаралып чыга келип, алар Атамбаевдин СДПКсы менен Бабановдун "Республикасын" тээп түшөт экен деген имиштер, ал имишке дагы бир имиш - натыйжада Ф.Кулов премьер-министр болот экен деген сөздөр Ак үйдөн агылып, бүт Ала-Тоого жайылып кетти. Үч кишинин башы биригип, саясаттан кеп кылынса эле ушул сөздөр сүйлөнө баштаган. Бирок, ким "автору" болсо да бул аракет ишке ашпай, ал "ботко" бышпай калыптыр. Коалиция сынган жок. Көрсө, бийликтеги үч партиянын үлкөндөрү соодалашып, "Сен мага, мен сага тийбейин" деп тарашкан экен дейт. Атамбаев премьерлик креслосун сактап калыш үчүн май-талкан делген "Манас" аэропортун, Кыргызпатентти жана дагы бир эки "каймактуу объектерди" "Ата-Журттун" "менчигине" кармата салыптыр дейт.
Ал эми үлкөн оюнчулардын үтүрөйткөн оюун уксак, "коалициядагы тиреш" же аны сындыруу аракеттери ошону менен эле токтоп калбайт имиш. Жазында жаңы оюндар башталаары айтылууда. Ушуларды карап туруп "артык кылабыз деп тыртык кылып алган жокпузбу?" деген ой азыр көпчүлүктүн көңүлүн эзип, кыжырына тийе баштады. Тийбей анан. Мурда бир үй-бүлөө каалаганын кылса, азыр үч партия "Чокуга" отуруп алып мамлекетти өз менчигинен бетер кой бөлгөндөй бөлүп алып жатышса, ким ыраазы болот аларга.
Кайран элим, шоруң неге көп көп… 86 азамат неге өмүрлөрүн кыйды экен... Деги Кыргыз көчү кайда баратат? Кой-ай деген бычакка сап бир азаматың жокпу, Кыргызстаным…

Кенжебек
Арыкбаев




Салымбеков чоң казатка аттанабы?
Элдик курултайга даярдануу боюнча Таластан кийинки кезекти алган Нарындыктар акыркы күндөрү катуу күжүлдөй баштады.
Аз күн мурда "Ат-Башы" коому түзүлүп, ал аракет жалпы облуска жайылып, "Нарын ынтымагы" коому пайда болду. Мурдагы күнү алар 26-февралда, Теңир-Тоодо өтө турган облкурултайды алдын алуубу, же алардын башында жүргөн А.Салымбеков арканды алыска ыргытып, алдыдагы так талашка болгон "разминкасыбы", аталган облустун аттуу-баштууларын "Дасмия" ресторанына чогултту. Негедир акыркы күндөрү нарындыктарды ынтымака чакырып, дасторкон үстүндөгү жолугушууларды байма-бай өткөрө баштады...




  Орун алмашуудан сумма өзгөрбөй…

Элдин ырыскысын, миллиондогон акчаларды ким сугунуп жатат?
Убактылуу өкмөттүн учурундагы бир эмес, дагы эки ириң жарылды. Бири "МегаКом" компаниясы. 2011-жылдын 4-январында бул компанияга жаңы убактылуу директору болуп Азамат Мырзалиев деген жигит дайындалып, бирок ошого карабастан эски кожоюндар тарабынан компаниянын тиешелүү документтерин колуна толук ала-албай, аргасы түгөнгөн Азамат финполицияга кайрылууга аргасыз болот. Финполиция алар менен (Жабык акционердик коом "Альфа телеком-МегаКом") "церемонит" этмек беле, тиешелүү документтерди текшерип киргенде, эки күндүн ичинде эле оффшордук компанияларга 15 миллион АКШ доллары чыгарылып кеткени белгилүү болду. Финполиция кызматкерлеринин айтымында "МегаКом" компаниясынын айрым кызматкерлери бир эле учурда кассадан 2-10 миллион долларды накалай алып турушчу экен. Жогорудагы эки күндө өлкөдөн чыгарылган 15 миллион доллар М.Бакиевдин чөйрөсүнө тиешелүү дешүүдө.
Өткөн жылдын июнь айында болгон телемаекте ошол кездеги "убактылуулардын" финансы тармагын тейлеген Т.Сариевине, "Акыйкат" партиясынын лидери А.Жекшенкулов: - Бакиевдин адамдарын дагы эле иштен четтетпей жатпайсынарбы?" - деген сөзүнө Т.Сариев: - "Кимди, ачык айттыңыз?- десе, А.Жекшенкулов: - "Бир кезде Максимге акча ташып жүрчү Андрей Силичти" (МегаКомдон кечээ жакында эле иштен четтетилген) деп айтканы бар. Андрей Силичтин иштен четтетилбеши ошол кезде Убактылуу Өкмөттөгү өзүн көзүр сезгендердин бири колдоп, коргоп келген. Албетте, бекер эмес. Ошентип, А.Силич кимдир бирөөлөрдү акча менен колго алып ишинде кала берген. Ошол жара эми жарылды, бирок мүңкүрөгөн элге зор каражат болчу миллиондогон долларларды чыгарып кетип жатпайбы. Оппозицияда жүргөн кезинде (2009-жылы Президенттик шайлоодо) А.Атамбаев: - "Түркияда сотовый операторлордун лицензиясы 500 миллион доллар турат. Азыркы бийлик (Бакиев дегени) лицензияны ит бекерге берген" - деп эл алдында какшап жатчу эле, бул маселени ошол революциядан кийин өзү бийликке келгенде эмнеге козгогон жок десең. "Улутташтырдык" деп болгону 49% акциясын гана мамлекетке алымыш этишти. Бирок, 49% деген эч нерсеге арзыбаары, коом үчүн бул да чон суроо.
Экинчи ириңи бул - Убактылуу Өкмөттүн тушунда 2010-жылы Кант шифер, цемент (КШЦ) заводу казынага 86,5 млн.сом төлөбөгөндүгү да ачыка чыкты. Бул маселе да Убактылуулар тарабынан "Кантшиферцемент" заводун "Крышовать"этип келгендигинде. Ушуларды көрүп туруп, эл үмүт кылган, ишенген ошол жигиттердин кылыгына ("убактылууларга") кайран азаматтар силердин "кыйратабыз" дегениңер ушул беле дегиң келет экен…

Нурдин Асанов




кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"




Яндекс.Метрика