А-уу, Жогорку Кеңеш

Кулмурзаевдин жек-жааттары Кыргыз газды басып алды…
Бийлик күндөн-күнгө эсирип бара жатат, "өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип" Мамлекеттик мнистерство, ведомстволорду мындай кой башка майлуу жерлердин баардыгын Р. Отунбаеванын төркүндөрү, жек- жааттары,Парламенттеги коалицияны түзүшкөн 3 фракциянын өкүлдөрү, болгондо да канкор Бакиевдин тушундагы коррупционерлер ээлешти. А. Атамбаевдин Тургунбек Кулмурзаев деген жердеши бар, жагалмайдай ойкуп-кайкып жүрчү. 7- апрель революциясынын алдында "Чүйлүктөр бириктик"-деп Т. Сариевдин, К. Дүйшебаевдин, Э. Ибраимованын, катарында отуруп бир ирээт журналистерге пресс- конференцияга катышканы болбосо, революцияга эч тиешеси жок. Андан мурда 2005-жылы Чүй областынын губернатору болуп турганда Искра айлында кыргыз- дунган улуттар арасында "искра" чыкканда журналистердин телекамерасына ал жерде ("искрада") эч нерсе болбогондой чалпылдатып сагыз чайнап керсейип турган жоругун эл экрандан көрүшкөн. Ошондо эле Т. Кулмурзаев оозундагы сагызы менен өзү " автопортретин" тартып койгон окшойт. Кийин губернаторлуктан кеткен соң өзүн коомдук ишмер катары көрсөткүсү келип "Ала-тоо ынтымагы" деген аты бар, заты жок коомдо жүрдү, эптеп канкор К. Бакивдин колтугунан орун алыш үчүн. Кийин Т. Кулмурзаев убактылуу бийликтин эбин,кебин таап 2010-жылдынн май айында майлуу тармак "КыргызГаз" ААКдун генералдык директору болуп дайындалат. Бир аз убакыттан кийин акционерлердин чогулушунда мыйзамдуу бул кызматка бекийт да, ошол эле мезгилде ААКнын директорлор кеңешинин төрагалылына мурдагы кесиптеши,эгиз балдарынын өкүл атасы Бекмурат Султналиевди шайлаттырганга жетишет. Ушундан соң Кулмузаев "купшуңдап" "КырКазГаз" биргелешкен ишканасынын (ЖЧК ) директорлор кеңешинин төрагалыгына Кыргызстан тараптан кудасы Жумакан Рыспековду шайлатат. Бул ишке Т. Кулмурзаев: менин тиешем жок, акцинерлер шайлашкан - деп алакан жаяр,бирок анын жек- жааттары кайдан пайда боло калды?-деген суроо турат, аны жарга такап. Ошентип, жаңы "ачендик" Т. Кулмурзев кадр саясатына шымалана киришет. Мурда бул жерде директордун 3 орун басары болсо, Бакиевдин убагында "ЧаканГЭС" ишканасынын ээси, өткөн эле жылы "Түндүкэлектрону" сатып алган Е.В. Орленко дегенди 4- орун басар кылып алат. "Балыкчы балыкчыны алыстан көрөт" - дегендей кеп да. Чүй областында авто унааларды жаратылыш газы менен заправкалоочу жайдын мурдагы жетекчиси Агапов деген кызматкерди баласынын досу,газ тармагында эч бир түшүнүгү жок Рустам Жапаровко "садага чаап" таштайт. Айтмакчы бул заправкалар мурун "ЧуйГазга" тиешелүү болсо "Кыргызгазга" түздөн түз Т.Кулмурзаевге баш ийет. Себеби, бул заправкалар накталай акчалар түшүп турчу жай. Т.Кулмурзаевдин өзүнө бул заправкаларды баш ийдирип алгандыгынын себеби ушунда жатат. "Кыргызгазды" таптакыр жеке менчигине айландырып бара жаткан бул жетекчинин күйөө баласы Т.Орозов "Кыргызгаздын" сатуу бөлүмүнүн жетекчиси. Карындашы Э.Кулмурзаева болсо "Бишкекгаздын" бухгалтериясында бухгалтер болуп дайындалган. Ал эми бул шефтин дагы бир күйөө баласы Турмуш Качаганов деген "ЧуйГаздын" Ленин участогуна начальник болуп дайындалган. Ушул "Бишкекгаздын" жетекчиси кылып Т.Кулмурзаев өзүнүн таанышы Т.Дүйшеевди 2010-жылдын ноябрь айында алып келген. Бул мырза мурда Мамлекеттик Стандарт кызматында иштеп жүрүп иштен кыскартылган. Газ тармагында билими да, тажрыйбасы да, түшүнүгү да жок. Ошондой болсо да Тургунбек мырза үчүн "өз киши". Ушул Т.Кулмурзаевдин өз кишиси "Бишкекгаздын" начальниги Т.Дүйшеев Т.Кулмурзаевдин жек жааттарын кызматка алыш үчүн башкаларды жумуштан айдап таштаган. Маселен: "Бишкекгаздын" кадрлар бөлүмүнүн башчысы Г.Жантелиева, контролдук кызматтын бөлүм башчысынын орун басары Турат Акматов деген Тургунбектин иниси Нурдиндин баласы экен. Айтмакчы "кадровик" Г.Жантелиева бүгүнкү күндө апасын, баласын жана башка жакын адамдарын кызматка орноштуруп койгон жайы да бар. "Бишкекгаздын" чоңу Т.Дүйшеев деле шефи Т.Кулмурзаевден кем калбай өзүнүн мурдакы Мамлекеттик Стандартдагы кызматы иштен кыскартылып калган газ системасы боюнча эч бир түшүнүгү жок У.Турдукулводу маркетинг борборунун (мурдагы контролдук бөлүм) жетекчиси кылып дайындап таштайт. Т.Дүйшеев мурдагы кесиптеши газ боюнча жытын эле сезбесе түшүнүгү жок Н.Ботоев, жакын досу Э.Миңбаев дегендерди бөлүмдөрдүн начальнигине дайындап таштаган. Мунун деле жыт сезүү инстинкти болбосо газ тармагында эч бир билими да, тажрыйбасы да жок. Айтор, Бишкектик газ колдонуучу жарандар сак болушу керек болуп калды окшойт. Себеби, өтө опурталдуу газ тармагына адистер эмес эптеп акчага көзүн кызарткандар келип калыптыр го. Бир күнү sos жарыя кылынбаса болду. Элестетип көрүңүз окурман, камералык оркестрге ашпоозчуну дирижер кылып койгонун. "Кыргызгазга" өз адамдарын, жек жааттарын алып келиш үчүн Т.Кулмурзаев конкурс боюнча кызматка алуу дегенди жетекчилике алып, тажрыйбалуу адистерди кызматтан айдап таштаган. Мына ушуга бир мисал: бул газ тармагында 40 жыл бою иштеген Белошапка деген адисти жашың пенсияда экен деп, ээлеген кызматынан алып салган. Бул жерде дагы мыйзамдуу суроо туулат: "эмне, Кулмурзаевге чейин газ тармагында иштеп тажрыйба топтогондор калкты кыжаалатка салды беле? Жогоруда айтылган газ жөнүндө түшүнүктөрү жок Кулмурзаевдин жек жааттары конкурстан кантип өтүштү? Же тууганчылдыкка, достукка конкурс жокпу? Андай болсо ал кайсы мыйзада жазылуу болду экен?" Жогорку Кеңештин депутаттары бул маселени күн тартибине койуш керек. Азыркы күндө "Бишкекгаздын" 37 кызматкери негизсиз кыскартылып алардын 153 үй-бүлөө мүчөлөрү тамак-ашка, дегеле жашоого зарылдыгы келип чыгууда. Т.Кулмурзаев жек жааттарын кызматка койгонго өтө эпчил экен, ал эми чыныгы ишке өзүнүн ишмерсиздигин көрсөттү. Сөзүбүз кургак болбос үчүн төмөндөгү фактыларды келтирели. 2011-жылдын январь айында газ үчүн болгон төлөмдөргө план боюнча 346,5 млн. сом акча коюлган болсо ушул жылдын биринчи фералына карата төлөмдөрдүн көлөмү болгону 184,9 млн. сом акча болду. Пайыздык өлчөмүнө келсек, 53,4% гана түздү. Газ жоготуусу 2011-жылдын 26-январына карата болжол менен 36%га чыкты. Мындай көрүнүш Бишкекгазда эң эле опурталдуу мезгил болгон өткөн апрель, Маевка окуяларынын тушунда да болгон эмес экен. Бул эмне деген шумдук. Башка мамлекеттен сатылып келген газдын жоготуусу 36%га жеткен. Т.Кулмурзаев эмне газды буулантып жиберип жатабы? Менимче бул жоготуу деп аталганы менен, кызылдай акчага айланып кеткен көрүнүш. Сөз акырында айтаар өтүнүч бийликтин абийри болсо, жогоруда айтылган "поварды" камералык оркестрге дирижер кылбай, бул газ тармагына чыныгы тажрыйбалуу адистиги бар адамдардын келиши зарыл.

Мамбет
Кожогелдиев