Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат дегенди

Сиз кандай түшүнөсүз, Эмил мырза?
Сандаган саясий партиялар өткөн шайлоодогу программалардын бир пунктунда "Коррупция менен күрөшөбүз" деп жазып коюшканы белгилүү. Ошол партиялардын кор башчылары өзүлөрү коррупционерлер болсо, кантип коррупция менен күрөшмөкчү? Кыргызстандын эгемен тарыхында эки адам гана "саясий боек сүртүлгөн" коррупция боюнча жаза алышты. Бири Ф.Кулов, бири Кара-Балта тоо кен иштетүүчү комбинаттын директору Жалгап Казакбаев камалышкан. Бул А.Акаев учурунда болгон. Бакиевдин тушунда ири коррупциялык иш боюнча бир да мамлекеттик кызматкер жазаланган эмес. "Коррупционер" деп чабактар колго түшүп жатышты, бирок, аларың да тергөө ишинде же сот процессинде кутулуп кетип жатышты. Р.Отунбаева, А.Атамбаев, А.Бекназаров жана башкалар оппозицияда жүргөндө коррупция жөнүндө күймөк турсун өрттөнүп кетчүдөй сүйлөшчү эле. 7-апрелден кийин эки тизгин бир чылбыр колго тийген соң бир дагы адам "коррупцияланган" жок. Тескерисинче, өзүлөрү коррупция менен "бир тууган" болуп алышты окшойт. Беш чакырылыштагы Жогорку Кеңештин коррупция менен күрөшүү комитети, УКМК, финансылык полиция, ИИМ сыяктуу расмий мамлекеттик органдар коррупцияны жок кылуу боюнча түздөн-түз милдети эле, тилекке каршы жогоруда айтылгандай бул мамлекеттик органдар өзүлөрү коррупциянын уюгуна кетти окшойт.
Улутту эбегейсиз жакырчылыкка алып келген коррупция аталган монстр менен күрөшүү максатында АКШ грант берип "Граждандык коом коррупцияга каршы" деген коомдук уюмду каржылап келет. Атына заты жарашпаган бул уюмдун кайсы бир коррупциянын бетин ачканын уккан жан барбы, деги? Бул уюмдун жетекчиси Т.Исмаилова квалификациясын өзгөртүп укук коргоочу болуп алды, ушул тапта. Р.Отунбаевадан жакында медаль да алды. АКШ бир эле Т.Исмаиловага грант бербестен, нечен ирет коррупцияга каршы күрөш программасын да киргизип көрдү бизге. Бирок, бул программалар, гранттар жасалма, үстүртөн эч бир эффектиси жок болду. АКШ эптеп жүз көрсөтүп койду. Чынында Америка үчүн биздин өлкөдө коррупция гүлдөп, эл жакырланып турганы пайдалуу. Глобализациянын негизги максаты-жакыр элдерди жакырлантуу, ошону менен көз каранды кылып табигый байлыктарына ээ болуу.
Өлкөдөгү эбегейсиз өскөн коррупция менен күрөштө сандаган мамлекеттик органдардан, коомдук уюмдан айырмаланып бир эле инсан Борбордук Азия мусулмандар конгрессинин төрагасы Бакыт Нурдинов мамлекеттик орган болгон дин иштери боюнча агенттикти ажылыктан арам акча жазашкан деп талпагын ташка жайып таштады. Президенттин аппарат жетекчиси Э.Каптагаевдин ТИМде иштеген уулу К.Каптагаев аралашкан дагы эле мамлекеттик орган болгон дин боюнча агенттиктин экс-директору Болот Абдрахманов баш көз болуп турган ажылыктагы 10 миллион евролук коррупциянын бетин ачуусу бул эмне деген эрдик акыл калчаган, терең ойлогон акыл-эстүү адамга. Мындай эрдикке канында эрдик менен адилеттик жымырап жүрүп турган адам гана бара алмак. Биз сөз кылып жаткан Бакыт Нурдинов ажылыктагы коррупция менен күрөштү быйыл эле баштаган эмес. Ал өткөн канкор Бакиевдин диктатурасынын убагында да билек түрө киришип бийлик аны куугунтукка алганда чет өлкөгө (Түркияга) кетүүгө аргасыз болгон. Үй-бүлөөсү да коркунучта калган. Ошол Бакиевдин режиминде АКШ, Швецияда жүрүшкөн К.Байболов, С.Абдрахманов, Р.Жээнбеков, Э.Байсаловдор саясий эмигранттар эмес болушкан. Бири байлыктарын сактоодон, бирөөсү АКШнын бекер окуусуна, бирөөсү 2008-жылы парламенттик шайлоонун биллютенин интернетке жарыя кылып жиберип ошол жоругу менен казынага 10 миллион сомдон ашык сом зыян келтирген эле. Бакыт Нурдиновдо сактай турган байлыгы да жок, АКШ менен байланышы да, Э.Байсаловдой "зыяндуу" иш кылбастан адилет, чындык коррупция менен күрөшүп чет өлкөгө чыгып кетүүгө мажбур болгон. Э.Каптагаев 2011-жылдын 16-февралында "Кабар" агенттигинде журналисттерге баласынын ажылыкка эч тиешеси жок экенин айтып, актануу позициясын карманды. Буга азырынча болуптур" деп коелу. Убагында Э.Каптагаевдин түртмөгү менен дин экс-директору Б.Абдрахманов эмне үчүн кызматтан кетти? Эгер адал, ак болсо кызматында иштей берет эле го? Б.Абдрахмановдун кызматтан кетиши бул ажылыктагы коррупциялыкты моюнга алуу деген сөз эмеспи? 2007-жылы чет өлкөгө бара жаткан Ө.Текебаевдин портфелине наркозат салып "матрешка-гейт" аталган чуулгандуу иште улуттук коопсуздук кызматынын директорунун орун басары, азыр президенттин аппаратында иштеп жаткан Б.Табалдиев: "Бул кызматта иштөөгө моралдык укугум жок" деп ыктыярдуу кызматынан кеткен. Себеби, "матрешка-гейт" далилдүү, арам ой менен жасалган атайын иш болгон. Дагы бир аргумент, белдери оорубай, колдору жоорубай, мээлерине (эгер мээ болсо) күч келтирбей бир ай аралыгында 10 миллион евро табышкандар "сүттөн ак" болушса, эмне үчүн ушул коррупция үчүн күрөшкөн Б.Нурдиновдун өмүрүнө кимдир бирөөлөр коркунуч келтирип жатышат? Анын өмүрүнө, үй-бүлөөсүнө келип жаткан коркунучтардан улам депутаттардын демилгеси менен ага "кол тийбестик" артыкчылыгын жана мамлекеттик күзөт кызматынын жан-сакчылары берилди. Мен Бакыт мырзаны акыркы 20 жыл ичинде коррупцияга каршы башын сайган бирден-бир азамат экенин белгилегим келет. Ошондон улам элдин оозунан түшпөй бүгүнкү күндүн каарманы болууда. Ажылык боюнча коррупциялык бул иш азыр депутаттардын кароосунда. Бирок, бул ишке укуктук баа берилип, күнөөлүлөр жаза тартабы же жокпу, күмөндүү нерсе. Адатта кыргыз коррупциясынын табияты айлампа түрүндө жүрөт эмеспи. Бул ишти эгер Жогорку Кеңеш прокуратурага берсе ошол жерден жабылып калышы да мүмкүн. Эгер прокуратура ишти сотко өткөзсө ал жерден күнөөлүлөр акталып кетиши ыктымал. Мүмкүн Жогорку Кеңештин комиссиясы "алчусун" алып, прокурор менен сотко "жем" бербей коюшу да ыктымал, ортодо ажылыктан түшкөн акчанын канча бир пайызы ойноп кетсе. Бирок, бул жерде коррупция ачык-айкын көрүнүп турат. Мамлекеттик чиновниктер аралашпаса Кыргызстандык жарандарга тиешелүү визалар Иран, Түрк атуулдарына Жебреил же Азреил периштелердин бири жеткизип бериштиби? Тигине, кечээ ТВдан бирөө сүйлөп жатат, "ошол визалар мамлекеттик резиденцияда бөлүштүрүлүптүр" деп.
Айтмакчы, дин боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Канат Мырзахалилов камалып, азыр үй камагында. Аргасыздан кыялданасың, күч органдарынын жетекчилерин баарын таркатып, иш алып баруучу аппараттарын калтырып башына бир эле Бакыт Нурдиновду алып келсе коррупцияны акчасы менен кошо кан-кустурчудай. Тилекке каршы бул кыял азыр ишке ашпайт. Балким эч качан...

Жолдошбек Токоев

Р.S. Б.Нурдинов азыр Э.Каптагаевди УТРКнын "Азаттыктын Ыңгайсыз суроолору" же "Эркин микрофон" теле-таймашына чакырып биротоло ачуу айтууну көздөөдө. Э.Каптагаев бул эрөөлгө чыгалабы же жокпу күтө туралы.





  Айыл-чарба терисин жамынган

"Фокус"
(Уландысы. Башы 6-бетте)
А.Акаевдин тушунда 1994-жылы айыл-чарбасын көтөрөбүз деген кыял менен "Дыйкан ордо" деп аталган бирикме (ассосация) ачышкан. Бул бирикмеге бюджеттен 60 миллион сом бөлүнгөн. "Дыйкан ордого" берилген бул каражат максатсыз пайдаланылган, казынага кайра бир да сом түшкөн эмес. Айыл чарба министрлигинин айрым шылуундары акча түшөөрү менен эле проценттик ставкасы жогорку банктар менен сүйлөшө коюшуп, акчаны ошол жакка которушуп, бир жыл ичинде олчойгон олжо көрүшкөн. Ушул сыяктуу быйыл дыйкандарга бөлүнчү 1 миллиард сомдун 500 миллион сому банкка кетип калбайт да" деп Ө.Бабанов кепилдик бере алабы? А, мүмкүн өзү ушул афералык механизмди көздөп жаткандыр? Ө.Бабанов бизнесмен эмеспи, мындай жол менен акча табуу адатта бизнесмендердин эң жакшы "приему".
Дагы бир жагдай. Кокус 500 миллион сом банктарга кетип калса, калган 500 миллион сомду айыл чарбасында максаттуу пайдаланып жатканын ким текшерет? Мунун мыйзамдуу механизми жок.
А.Акаев доорунда бүт айыл-чарбаны эки жылда эле кыйратып, анан аны кайра жандантуу үчүн бюджеттен, донор каражаттардан миллиондогон акчалар сарпталган. Бирок, ошол акчалардын эч эффективдүүлүгү кайтарым болгон эмес. Дыйкан чарбасынын ээси кредит алаары менен эле жеңил машина сатып алыш үчүн, Бишкектин жаңы конуштарына үй салыш үчүн, кимдир бирөөлөргө карызын төлөш, келин алыш үчүн пайдаланылган. Натыйжада "Иттен жок, ит байлаган жиптен жок" дегендей же мамлекеттин акчасы кайтарылбай, же айыл чарба товарлары өндүрүлбөй орто жерде эл, эл түзгөн мамлекет күйгөн. Айыл-чарбасы табияттын шартына жаан-чачын, суу маселесинен көп көз каранды. Кокус ушундай кырдаал болсо банкрот болот дыйкан. Мындай учурда мамлекет берген насыядан баш тартууга аргасыз абалга кептелет. Казынанын азыркы тартыштыгында (20 миллиард сом) бийликтин популисттик, авантюралык кадамы өтө опурталдуу. Болгону Ө.Бабанов президенттик креслону мелжеп дыйкандардын добушун алганга аракет кылган далалат сыяктанат..
Күлчоро Кабылов