Роза Отунбаева, КР президенти:
"Алдыбызды президенттик шайлоо турат,
ошол шайлоого даярдангыла"
Биринчи радио: - Алгачкы эле суроону өлкөнү кыдырууларга байланыштырсак. Жакында эле Талас облусуна барып келдиңиз. Талас эли бийликтен эмнени күтүп жатат? Кандай сөздөр болду, кайсы жерлерге бардыңыз, элдин маанайы кандай экен?
Р.Отунбаева: - Мен жума күнү Таластын эли менен жолугушуп келдим. Менин сапарым абдан көп жолугушууулар менен толукталды. Аба ырайы да таталыраак болду. Ашуудан өткөндө да кыйналдык. Келе жатканда да кеч түндө келдик. Бирок, ошол эртең менен саат ондон алты жарымга чейин болгонубузда Талас элинин деми, алар азыркы саясатты кандай кабыл алат деп ар кыл ар кандай эл менен жолугуштум. Аксакалдар, аялдар, жаштар менен өзүнчө кеп курдум. Мени менен бир катар министрлер барды эле, алар болсо өзүнчө иштеп жатышты. Мына ошол эле уюшулган кылмыштуулук боюнча министр Рысалиев, генерал Табалдиев экөө ошол жерде күч органдары менен өзүнчө иштеп жатышты. Аялдардын, балдардын өлүмү боюнча Талас облусунда көрсөткүчтөрү жакшы болбой жатат. Андыктан саламаттыкты сактоо министри Сабыр Жумабеков бул жаатта иш алып барды.
Биз Бишкекте отуруп "парламенттик системаны курдук" деп парламентте, ак үйдүн алкагында үч бийликтин бутактары иштешип жатабыз. Бул системанын иштеп кетишине көзүбүз төрт. Парламентте бюджет каралып жатат. Булар болсо Өкмөткө асылып жатат. Өкмөт болсо өзүнүн бюджетин жактоодо. Менин баскан-турганыма сын берип жаткандар да бар. Мына ошентип биз бири-бирибизди ооздуктап, мен билем, өзүм жасайм, эч ким мага критика айта албайт деген олуя жок. Бул толук демократия. Эми ушул жер-жерлерде кандай кабыл алынып жатат? Бул система иштеп жатабы же иштеген жокпу? Мына ушул багытта мен жергиликтүү тургундардын оюн билип, Өкмөттүн жасаган иш-аракети туурасында маалымат бердим. Мына биз болсо бюджетти бекиттик. Бюджеттин дефицити бар. Бирок ошону толукташ үчүн Өкмөт, бийлик кандай аракет жасап жатат, мугалимдердин, доктурлардын айлык маянасын көбөйтүүгө эмне иш жасалып жаткандыгынын баарын толук элге айтып берип жатам. Ошондой эле мына Жогорку Кеңештин жасап жаткан ишинин баары теле берүүдөн чагылдырылып жатат. Республиканы мындан ары алып кетиш үчүн спикер, премьер-министр, мен бири-бирибиз менен тез-тез жолугушуп жатабыз. Анан эми жер-жерлерде кандай бир толкундануулар болуп, ыраазычылык болбосо, "бул бийлик баягыдай эле оңолбоду, тиги-бу" десе, алардын баарынын жолу бар деп мен таластыктарга да айтып келдим. Алдыбызда президенттик шайлоо турат. Ошол шайлоого даярдангыла. Кандай күчтөр, нааразычылыктар бар, ошонун баарын президенттик шайлоого канал сыяктуу багыттагыла. Анан ошол жерде өзүңөрдүн күчүңөрдү, саясий платформаңарды, шыгыңарды көрсөткүлө деген мааниде абдан жакшы талкуулар болду.
Биринчи радио: - Таластыктар эмне жөнүндө айтышты?
Р.Отунбаева: - Жаштардан көп нерселерде уктум. Абдан бир кызык жакшы нерсе, Ошто эле жок окшойт, башка областтардын бардыгында "Жаштар союзу" деген уюмдарды түзүшүптүр. Жаштар союзу болсо, прогрессивдүү, революцияга катышкан жаштарды атайын план түзүп, ошонун негизинде алып келе жатыптыр. Көп идеялары бар экен. Азыркы бийликтин жасай албай жаткан жактарын булар камтып, жаңы идеяларды алдыга алып чыгып, ошондой иштерди жасап жатканына өзүм күбө болдум. Алардын презентациясын көрдүм, уктум. Ошол эле убакта жаштар сын да, проблемаларды да айтышты. Мен келип, булардын баарын тактап, азыр Өкмөткө, парламентке айта турган сөздөрдүн баарын керип айтып берем деп убада бергем, ошону жасайм.
Биринчи радио: - Таласты кыдырганда кайсы жерлерде болдуңуз? Кайсы бир ишканаларга бардыңызбы?
Р.Отунбаева: - Мен Талас шаарынын өзүндө эле эмес, "Манас ордодо" да болдум. Биздин манасчылардын, дастанчылардын өнөрү ЮНЕСКОнун өлбөс, өчпөс дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Ошол сертификатты ошол жердеги иштеп жаткан манасчы өнөрканасындагыларга, Бексултан Жакиев агайыбыз барган ушуларга тапшырдым. Ал жерде карыялар, 7-апрелде кайтыш болгон балдардын ата-энелери менен жолугуп, алар менен да баарлаштым. Мындан сырткары, бир катар социалдык объектилерде да болдум. Бакай-Атадагы майыптар интернатына бардым. Биз "Китеп ордо" деп кеңешчим Султан Раев экөөбүз ушундай демилге көтөргөнбүз. Кийинки мезгилдерде балдар китеп окубай калышты да. Ар бир китепкананы жандандырып, "Китеп ордо" деп түзүп жатабыз. Аларга да бир топ китептерди тапшырып, облус боюнча китепканачыларды чакырып, алардын маанайын кичине көтөрүп койдук деп ойлоймун.

КР президенти Р.Отунбаеванын
Биринчи радиого берген маегинен




  Мелис "пахмел"

Мелис Эшимканов:
"Сазды кимдир бирөө тазалаш керек эле. Ага мендей чоң жинди авантюрист гана жарамак…"
(Уландысы.
Башы 8-бетте)

Nurpazyl: - Урматтуу Мелис байке! Сизди сыйлаган, сыртыңыздан абдан баалаган кишилер, жигиттер бар. Алар сиздин жөндөмүңүзгө жогору баа берип келишет. Аларды сиз өзүңүз деле тааныйсыз. Кыйла тазараак, калыс ой айткан, чынчыл, түндүк-түштүк, район-улут деп бөлүнбөгөн адамдардын, жаштардын башын бириктирбейсизби? Качанкыга чейин ушинтип жүрө беребиз? Кааласаңыз таза адамдардын, жаштардын аттарын да атап беребиз. Ошолордун башын бириктирип, жол баштаган, бир командага чогулткан сиздей киши зарыл. Жооп берип койсоңуз.
М.Эшимканов: - Жылуу сөзүңө рахмат, Нурпазыл. Мага байланышсаң, жолугуп сүйлөшөлү. Төмөнкү дарекке жаз: ernis013@mail.ru
Chatkal: - Мелис сенде бет деген жок экен, ушу жерге кайсы бетиң менен келдиң. Эч ким колтугуна киргизбей калды го сени. Жолдошторуңду ара жолдо сатып кеттиң. Жалгыз калдың. КТРден 700 адамды уволить эттиң. Эми элден кечирим сурасаң да, кечирбейт.
М.Эшимканов: - О, арман дүйнө десең, Чаткал мырза! (Же аял кишисизби?) Сабыр этиңиз.
Nurpazyl: - Мелис аке, сизди мен Ленин, Гитлер, Эрдоган сыяктуу коомдук-саясый ишмерлерге окшоштурам, эл-журттун башы айланып, жолбашчы издеп мүңкүрөп турган мезгили, колуңуздан эмне келет? "Масондук көз боочулук" сыяктанган бирикме-топ түзүп иш баштоого бел байлап көрбөйсүзбү же аракка "алдырып койгон" деп айтышат, мындай чоң иштерге жарабайсызбы? Мен сиздин колдон ушул иштер келет деп ишенем. 0552525227
М.Эшимканов: - Наполеонду унутуп калыптырсың да, үка? Биринчиден, "Масондук" бирикмени жөөт акелерге эле берели, экинчиден, жинди суу жөнүндөгү жөө жомокко да ишенбе, ал жарыктыкты унутканыбыз качан? Телефонуң бар экен, байланышам.
Takeda: - Сиз, азыркы өтүп жаткан конференцияда, ушунчалык туура сөз таап, жумшак дипломатикалык жооп берип жатасыз. Элдин ачуу сөздөрүнө чыдаганыңарга көп окурмандар сизге баа берип атат болуш керек. Анча болду, дагы бир контекст менен суроо: бир жолу ишенимден чыккан киши оңолбойт деген бар. Сиз кандай дейсиз?
М.Эшимканов: - Кимдин ишениминен? Эгер Кудайдыкынан чыкса, эзели оңолбойт. Ал эми башка кишинин ишениминен чыкса, үмүт үзбөш керек.
- Урматтуу Мелис мырза. Канча айтканыбыз менен кыргыз саясатында өз ордуңуз бар адамсыз. Саясатты аягы суюк аялга окшош деп коюшат го. Ошол саясатчы үчүн сиздин инсандык позицияңыз туруксузбу? Мисалы, Акаев убагында оппозицияда жүрүп, АКШга ала барса, келип эле гезитиңиз башкача жазып калыптыр эле. Бакиевдин оппозициясынын флангында көрүнүктүү фигура элеңиз, кызмат үчүн сотко берип парламентти таратканга Кабай байке экөөңөрдүн түздөн-түз салымыңыздар бар. Анткени КС ошол чечими менен неподконтрольный парламентти таратып, Бакиевдин единоправиясына алып келди. Ошол учурдан кийинки Бакиедин беспределине алып келген иш-аракеттериңизге өзүңүздү күнөөлүү деп эсептейсизби. Атамбаев айтмакчы политический труп терминине кантип карайсыз.
М.Эшимканов: - Бул өңүттөгү суроолорго болушунча жооп бердим окшойт, убагында К.Бакиевди "саясий өлүк" деп атаган Атамбаев байкебиз кийин кайра эле ошол Бакиевдин премьер-министри болуп иштеп келбедиби. Демек, бул суроонун жандырмагын Алмаз Шаршеновичке берсеңиз, туура болчудай.
Аяра: - Мелис Асаналиевич! Сөз байлыгыңыз абдан жакты! Балким "школа журналистов" ачасыз! Мен бармакмын сөзсүз!!!
М.Эшимканов: - Жакшы идея экен. Кааласаңыз Сиз да байланышыңыз. Дарек: ernis013@mail.ru


"Аки-пресс" маалымат
булагынан алынды