Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



  Тоб-оо!

Ат-Башыда "ак шакалдар"
"кошоматка кой сойдубу?"
21 - февралда өткөөл мезгилдин "добушсуз шайланган" президенти Р. Отунбаева Ат-Башыга барса "дүжүр чалдар" дейбизби, же кийин акын Шайлообек Дүйшеев ошондой чалдардын кылыгына жараша " ак шакалдар " атка кондургандарбы, жагалданышып: "Роза Исаковна сиз күзүндө болуучу шайлоодо президенттикке өз талапкерлигиңизди коюуңуз, биз колдойбуз"- дешип кол куушурушканын угуп алып таң калдык. Аттиң дебеске арга канча. Ат-Башынын атын чыгарган Шайлообек акындын жогорудагы кылымга калчу курч сөзү карыдан нарк кетип баратканына күйүп, кыргыздын карыларына карата айтылбады беле катүгүн! Сезип турам, "кошоматка кой сойдуруп" аткан ак сакал сөөрөйлөрдүн артында Ат-Башынын "сасык" байлары туруп жатканын. Кары адамдарды курал кылып, "ак - шакалга" айланткан жоруктары жолдо калсын! Ат- Башыга бараардан мурда Р. Отунбаева өз эли, жери делген Таласка барганда да анын төркүндөрү дагы "президент бол"- деп ооз ачышпаптыр...




  ЖК спикери

Келдибеков Ошто
Эркектердин 23-февраль майрамынын алдында өлкөбүздө момундай расмий сапарлар болду. Президент Р.Отунбаева иш сапары менен өлкө ичиндеги кыдыруусунун чекитин Теңир-Тоого барып койду. Антпей анан. Калдайган аска-зоосунун, андагы тоо мүнөз элдин мындай оор күндөрдө духу эле канча. (7-апрель окуясында да көзгө атаарлардын мээлеген огуна тике айбат көрсөтүп, окко учкан 87 азаматтын 34ү ушул Теңир-Тоонун кулундары болгон. Бул эми тарых үчүн).
Ошентип, президент Теңир-Тоодо эки күн жатып алганда, өлкөнүн спикери А.Келдибеков К.Ташиев, Н.Сулаймановдорду ээрчитип Ошко кирип барды. Кызыгы, Оштогу эл менен болгон жолугушууда алты миңдей киши Келдибековдун сөзүн угуп отурушту. Тескерисинче, депутат катары Келдибеков элдин сөзүн, наказдарын угуш керек эле, "лекция" окубай…
Бул неси? Же алдыдагы хан тактасы үчүн болчу шайлоонун шайтан оюндарыбы?




  О, акын!

Бар бол, агай!
Бүгүн-эртең акын Шайлообек Дүйшеев агайыбыз өзүнүн пайгамбар жашка келгенин белгилегени турат. А киши жөнүндө азыр көп сөздөр айтылууда. Андагы алп акынга айтылган баардык жакшы пикирлерге биз да тилектешпиз. Агайдын "Акындар эч качан поэзия дүйнөсүн алдаган эмес, алдабайт дагы. Акындар поэзияга аяр мамиле жасагандай саясатчылар дагы саясатка ошондой мамиле кылса, заманыбыз такыр башкача болмок" дегени бар. Өкүнткөнү, ошол аярлык азыр биздин кыргыз саясатчыларында жокко эсе болуп жатпайбы.
Кыргыз эли табиятынан сөз кадырлаган, сөз баалаган эл. "Түгөнгөн сайын түтөп", үзүлбөй, кылым карытып келатканы ошондондур. Бул көрүнүштө агайыбыздын да салымы ат көтөргүс.
Не демекчибиз, маарекеңиз кут болсун, өзүңүз жазгандай жараткан сизди, "калыс сөз айтпас чалдардан сактасын, каткырып турган жалгандан сактасын". Ылайым, бар болуңуз, агай!
"Айгай" гезитиндеги
ини-карындаштарыңыз.




  "Ботконун" автору

Текебаев неге кубанды…
Америкачыл деп жүргөн "Ата-Мекен" партиясынын башчысы Ө.Текебаев геосаясаттан кеп кылып. Азия, Африка чөлкөмдөрүндө болуп жаткан окуяларга "маашырлануу" менен ой таштап, ММКларга берген пикирлеринин биринде мисалы, "Египет эли да Кыргызстандагыдай парламенттик башкарууга өтүүгө бел байлады. Жакында алар да өз Конституциясына өзгөртүү киргизишкени турат" деген мааниде сүйүнүү менен божураптыр. Ушул жерден бир ой келет, учурда "үй-бүлөөлүк" башкаруудан да жаман болуп турган бүгүнкү жаңы системанын сиздер бышырган ошол "боткосу" туурасында кезинде Анвар Артыков (бүгүнкү ЖК депутаты) "Текебаев Мадлен Олбрайт менен макулдашып алып келген конституциясын кыянатчылык менен өткөзгөнгө аракет жасап жатат" деп айтканы бар. ("Айгай" 29.04.2010-ж. №2 Макаланын толук берилиши 14-бетте).
Кезинде Югославияны экиге бөлүп салган, андан да кудум биздеги Баш мыйзамдай баш аламандыктын үрөөнүн азыр ошол Азия, Африка континенттерине (сиз сыймыктанган) АКШнын "идеясы" себелетип жаткан жокпу?




  Эркектердин майрамында

Жапаров төртүнчү
бийликти куттуктады
Учурда мезгил, коом азыр саясатчылардын эмес, төртүнчү бийликтин өкүлдөрүнүн пикирине таянып турган кез. Убагында Жапаровдой бою кичинекей император Наполеон "Үч армиядан көрө үч гезиттен корком" деп чын сырын айткандай, акыркы учурда "Ар-Намыс" партиясынын Жогорку Кеңештеги депутаты А.Жапаров дагы журналистер менен мамилеге өтө баштады. Журналистердин ага тартылган себеби, "Жапаров мурда ким, кайда иштеген" сыяктуу өткөн чак эмес, бүгүнкү баш аламандыктагы кыргыз өкмөтүнүн финансы саясатын айтсак, андагы "акыр-чикирлерди" көзгө сайып көрсөтүп жатат. Журналистер дал ошо маалыматка кызыгууда. Эски жылдын этегинде "Теңир-Тоо" фондун түзүп, ай сайын Теңир-Тоонун калемгерлери менен жолугушуу өткөрүп, кечээ 23-февралдын алдында да Теңир-Тоолук журналистерди чакырып "Пекин" ресторанында куттуктады. Эркектердин майрамындагы сөзүндө Кыргыз мамлекетиндеги ММКлардын 80%га жакынын Теңир-Тоолук журналистер түзөөрүн, мунун өзү тоо мүнөз Теңир-Тоолуктар эркинди сүйгөн эл болооруна сыймыктанып да алды. Кезинде хандар чыккан Сарбагыш уруусунун уулу А.Жапаров учурда саясат тактасында эки - үч жүрүштү эрте билген жөндөмү менен бияктагылардын оозун Ошту, Оштун оозун бияка каратып турган кез… Кечээки айтканын бүгүн унутуп калганы болбосо, бул жүрүшү менен Акылбек алыска барчудай.


Нурдин Асанов





кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"




Яндекс.Метрика