"Синдикат"

Бабанов-Отунбаева "альянсы" нени көздөйт?
Өткөн кылымдын 90-жылдары АКШ жана Батыш мамлекеттери өзүлөрүнүн саясий, экономикалык, идеологиялык каршылашы СССРди ыдыратты. Ошол кезде АКШ президенти Б.Клинтон: "СССРди бир оксуз талкаладык, эми бытыранды мамлекеттерди баш көтөртпөй башкарабыз" деп маашырканып айткан сөзү бар. Кантсе да Билл Клинтон таамай да, так да сөз айткан экен. Ага шляпамды алууга мажбурмун. 15 союздук республикалардан турган мамлекет өз алдынча болгондо АКШ Прибалтика республикаларынын, Кавказ мамлекеттеринин айрым президенттерин, а түгүл зор Россиянын президенти Б.Ельцинди АКШнын кубаттуу саясий технологиясы бийликке алып келди. АКШнын Россия президентин дайындоо менен СССРдин мураскору катары таанылып, ошол кездеги жыйналган өлчөөсүз байлыгын (мурдатан даярдаган) маалымдаган схема менен 20-30 еврей эле ата-мурасындай "ээлеп" алышты. Борбордук Азиядагы жаш мамлекеттердин ичинде Кыргызстан өлкөнүн байлыгы кудум Россиянын байлыгын талагандай таланып-тонолду.
Кыргызстандын 2-президенти канкор К.Бакиев да АКШнын Кыргызстандагы ошол кездеги (2005-ж.) элчиси Стивен Янгдын, Бей-өкмөт уюмдарынын, өлкөбүздө кыйла жылдан бери иштеп келген АКШнын институттарынын, фонддордун күчү менен бийликке келгенин эч ким тана албайт. Өткөн жылкы апрель революциясында "Убактылуу өкмөт башына ким келет?" деген суроонун жообун да АКШ жана Батыш мамлекеттери чечип, Р.Отунбаева "тандалды" да, 2011-жылдын 19-майында өткөөл мезгилдин президенти болду.
7-апрель дүйнөнүн көңүлү борборунда турду, ММК жана чет элдик агентуралар аркылуу. Чакан болсо да кен байлыктарга бай, геосаясатта стратегиясы маанилүү Кыргызстанды Батыш жана АКШ колдон чыгаргысы келген жок. Россияга демилгени алдырып жибербеш керек болгон. " Убактылуу өкмөт башчысы ким болот?" деген маселе чыкканда албетте, чет өлкөлөргө анча таанымал "лидерлер" эмес, Батышка башынан таанымал Р.Отунбаеваны Убактылуу өкмөт башчысына келүүсүнө макулдук беришти.
Ошентип, АКШ жана Батыш Кыргызстанда Убактылуу болсо да 3-президенттке ээ болушту. Р.Отунбаева бийлик пирамидасынын чокусуна жеткенине кол сунган эң ириде КМШ мамлекеттери эмес АКШнын, Батыштын эмиссарлары болду. Моралдык, материалдык жардамын көрсөттү. Ага жооп ирээтинде Р.Отунбаева К.Бакиевдин тагдырын кыргыз эли менен эмес Б.Обама менен кеңешип, Белоруссияга качырганга шарт түздү. АКШ жана Батыш өлкөлөрүнө милдеткер болуп калган Р.Отунбаева азыртадан ошол чет өлкөлөрдүн мүдөөсүнө ылайыктуу адамды өзүнүн мураскорлугуна түртүш керек. Өткөөл мезгилдин президенти мураскерликке Өмүрбек Бабановду көрүп жатканы байкалууда. Бул иш өткөн күздө парламенттик коалицияны түзүүдө Ө.Бабановго ыйгарганда эле биринчи сигнал болгон.
Кыргызстанда 2011-жылдын 27-июнунан баштап АКШнын долбоору менен киргизилген баш мыйзам ишке кирди. Муну албетте Р.Отунбаева менен Ө.Текебаев ишке ашырды. Бул баш мыйзам толук кандуу иштеш үчүн анын механизминин моховигин (бара) дагы тегеретиш керек эле. Айта кетүүчү жагдай, АКШ оболу, өткөн жылкы революциядан кийин Ө.Текебаевге ишеним арткан. Конституцияны даярдады, ишке киргизди. Бирок, Ө.Текебаев башында турган "Ата-Мекен" партиясы парламенттик шайлоодо эң аз мандат алып, өзү Жогорку Кеңештин төрагалыгына талапкерлигин коюуп, анда да татыктуу добуш ала-албаган соң, Сем байкебиз ага күмөндүү карап калаары табигый көрүнүш.
Ошентип, пландагы Текебаевдин "териси тескери сыйрылган" соң Ө.Бабанов тобокелге салып, "Ата-Журт" фракциясы менен кайнаса каны кошулбаган СДПКны "жуурулуштуруп" парламенттик коалиция түзүп кете алды. Эгер, Ө.Бабанов өкмөттү түзүүчү коалицияны түзө албай калса, анда АКШнын долбоору Кыргызстандагы азыркы баш аламан башкаруу системасы өлгөн жылаандай болуп калмак. Мүмкүн Конституция боюнча өкмөттү түзүүчү үчүнчү айлампада парламент таптакыр анархияда калып, бийликте ваакум түзүлмөк да, элдин кыжырдануусун жаратмак. Ошентип, Ө.Бабанов АКШ га симпатия жарата алды.
Бабанов демекчи, Р.Отунбаева эмне үчүн Ө.Бабановдун мураскор президент болушуна ынтызаар?
Деги эле адамда эгоизм деген психологиялык фактор жашап келет. Бул табигый институт. Муну жокко чыгаруу мүмкүн эмес. Ошол эгоизм сезими адам болгон соң Роза Отунбаевада бар, сөзсүз. Бир чети Ө.Бабанов Роза Отунбаеванын жердеши, уруулашы. Чын-чынында, башкаларга караганда өз адамы.
Пендечилик менен айтсак Р.Отунбаеванын мойнунда күнөөлөрү, катачылыктары көмүскө сырлары жок эмес. Канкор Бакиевдердин өлкөдөн чыгарылышы, түштүктөгү кандуу согуш ж.б.ж.б.
Мына ушулар кийин ачыкка чыкпаш үчүн, куугунтукталбас үчүн Р.Отунбаевага келечектеги президенттин өз адамы болушу жутаар суудай зарыл. Бул ишти келечекте Ө.Бабанов гана аткара алат.
Эми Ө.Бабановдун өзүнө келели. Өмүрбек деле өзү, "Республика" партиясы да Америкачыл. Бул партиянын негиздөөчүсү Гияз Токомбаев азыр жубайы мурдакы республика гезитинин редактору Замира Сыдыкова, "Лица" гезитинин редактору (балдызы -ред. ) Бермет Букашева да азыр АКШ да.
Азыркы "Республика" газетасы 2005-жылы АКШ менен бирдикте К.Бакиевдин бийликке келишине чоң эмгек кылышкан. Азыр жарыкка чыкпай турган З.Сыдыкованын "Республика" газетасы да ошол АКШнын "Республика" партиясынын ММКысыбы - деген ой келбей койбойт.
Эсиңерде болсо керек, 2006-жылкы "реформа үчүн" кыймылынын митингдеринде НТС телеканалынын коомчулукка ошол митингдерди тынымсыз берип турганы. Ал кезде Ө.Бабанов ошол реформачылардын катарында болчу. НТС телеканалы да анын карамагында эле. Кийин Ө.Бабанов бул кыймылдан кетти. НТС каналы болсо Максим Бакиевдин колуна өттү. Эми азыркы учурда аталган телеканал кайрадан Ө.Бабановдо.
Көп адамдар ойлошот, бул телеканал Ө.Бабановдун жеке-менчиги деп. НТС деген абберватураны да "Независимая теле студия" деп туура эмес чечмелешет. Акыйкатта андай эмес. НТСтин туура чечмелениши: "Национальный телевизионный синдикат".
Бул "синдикат" 2005-жылдын 1-февралында Россиядагы еврей улутундагы адамдар тарабынан түзүлгөн. НТС бир эле Кыргызстанда эмес, Россиянын Европа бөлүгүндө да жыш жайланышкан. А түгүл Россиянын Ыраакы Чыгышында да бар. НТС телеканалын Россия еврейлери (АКШнын камчысын чабышкан) ишенимдүү адамга гана карматат. Айрым прессаларда Ө.Бабанов НТС телеканалын белгилүү бизнесмен Валерий Хондун "Восст" телеканалынын негизинде түзгөн деп жүрөт. Бул чындыкка эч коошпойт. Өткөн аптада АКШ Кыргызстандын айыл чарбасына 1 миллиард доллар бере турганын билдирди. Өткөн парламенттик шайлоо учурунда Ө.Бабанов "дыйкандарга 7%менен кредит берем" деп убада кылган. Шайлоочулардын 60%ы элеттеги дыйкандар. Ал өкмөткө келгенде 1 миллиард сом айыл чарба кредитин 9% менен берүүгө токтом чыгарды. Бирок, бул акча дыйкандардын көбүнүн муктаждыгына жарабайт. Бул пул болгону Өмүрбек Бабановдун элет элине рейтингин көтөрүүгө болгон аракети. Демек, келээрки президенттик шайлоодо Р.Отунбаева-Ө.Бабанов альянсына сырттан АКШ колдоо көрсөтө баштады деп, жыйынтык чыгарсак болот...

Жолдошбек Токоев




  Түркүн, түркүн миң түркүн...

Эрте жаздагы "турналар"
Өткөн аптада "бакиевчилер" деген 4 азамат кайрадан бийликке айланып келишти. Алардын бири Парламенттеги "Ак жол" фракциясынын экс-депутаты Ажыбай Калмаматов "Кыргызпатент" кызматынын директорлугуна келип отурду.

2005-жылы Бакиев бийликке келээри менен кошо келип, эң майлуу делген салык комитетин өзүнө окшоп "тымпыйтып" кармап турган, өткөн парламенттик шайлоодо "Ата-Журт" партиясынын тизмесинен отузунчу болуп мандатка жетпей калган Токтобек Акматов "Айыл Банкты" басып жыгылды.
Тээ өткөн 90-жылдары "ырынан чыры көп" болуп жүрүп К.Салиевич бийликке келгенде Жаныш менен жанашып Курманбек Темирбаев менен курдаш боло калып "Эмгек жана биримдик" партиясын түптөшүп, Остоп Бендердин "мүйүздөр жана туяктар" конторасындай болгон "финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы" деген мекемесин чойгон Юруслан Тойчубеков кайтып келди. Ушул конторада Ормон Шаршенов деген "отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн", Юрусландын замы Дин боюнча агенттикти мыкчый кармады.
Бакиевдин убагында Арис Ибраимов деген Бишкек СЭЗдин шефи бар эле, ал да айланып келип "Түркия аркылуу НАТОнун менчигине өтөбү?" деген күбүр кептерге толуп турган "Дастан" коррпорациясынын башкы креслосун ээледи. Максимдин ЦАРРИсинде кызмат өтөгөн, белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевдин уулу Чыңгыз Шамшиев Улуттук стратегия институтунун директорлугуна дайындалды.

"Айгай-пресс"