Мелис "пахмел"

Мелис Эшимканов:
"Сазды кимдир бирөө тазалаш керек эле. Ага мендей чоң жинди авантюрист гана жарамак…"
Kyrgyztapan:
- Мелис мырза, менде мындай суроолор: Бакиевдердин (КЖМ) тарабына өтүүдөгү алгачкы кадамыңар бул - Кабай Карабеков экөөңөр 2006-жылдагы ноябрь Конституциясын жокко чыгарып туруп өттүңөр, буга кандайча актана аласыз? Экинчи суроо: Акаевдин убагында анын бийлигине кийинчерээк үй-бүлөлүк бийлигине катуу каршылык көрсөтүп жүрдүңүз. Ал эми кыскача айтканда, Бакиевдин бийлигине өткөнүңүздө бир гезиттеги интервьюда "мени Максим чакырып кызмат кыл", деди, анан "келдим" дедиңиз. Бул жерде Сизге жакпаган "үй-бүлөлүк бийлик маселеси турат", буга кандайча актана аласыз.Ал кезде Максим ЦААРИге келмек түгүл Ак үйгө кире элек болчу, кирсе да эл көзүнө көрүнө элек болчу. Буга карап биз мындай тыянакка келебиз: Сизге элге кызмат кылуудан мурда "бийлик" өтө керек, аны жаныңыздан артык көрөсүз! Үй-бүлөлүк бийликке каршы чыгып жүргөнүңүз бул жөн гана "саясат", ал өз убагында мүмкүнчүлүктөн пайдалануу болгон! Кайра саясатка аралашсаңыз болбой калат го дейм!
М.Эшимканов: - Биринчи сурооңузга - Кабай Карабеков экөөбүз 2006-жылдагы ноябрдык эле эмес, декабрдык дагы Конституцияны жокко чыгаруу боюнча кайрылганбыз. Анткени, экөө тең Башмыйзамды одоно бузуулар менен кабыл алынган. Ошондуктан ал үчүн актанмак тургай, 2011-жылдын көзү менен караганда дагы ал кадамыбыз эң туура болгон деп эсептейбиз. Соболуңуздун экинчи бөлүмүнө жообум тилекке каршы, Максим боюнча актана албайм. "Душмандын тышында болгуча, ичинде болом" деп жаңылыштык кетиргем. Сиздей Кыргызтапан замандаштарымдын көзүнө, "бийликти жанынан артык көргөн желмогуз" болуп көрүнүп атсам, кайсы арыма актанам? Сиз жана бул пикириңизди колдогон эл көпчүлүктү түзсө, саясатка кайра аралашуу түшүмө да кирбейт, туурабы? (Же бул темада референдум өткөзүп көрөлүбү?)
ajrv: Сизди саясий аренага кайтууга эмне түрткү берди?
М.Эшимканов: - Саясий аренага кайтышым али белгисиз. Аябай деле каалаган жокмун. Болгону журналист кесиптештерим, "Баракелде" сайты, бир катар гезиттер кайрыла бергенинен кыйынсынбай жооп берип коеюн дедим.
Нурканбек: - Менин М.Эшимкановго үч суроом бар: биринчиси, Ө.Бабановду сот аркылуу Кыргызстан жарандыгынан ажыратарда сактап калган деп жүрүшөт, анын акысына 500 миң доллар да алган экенсиңер. Мындай соодалашканыңар чын беле? Экинчи суроом, КТРди жетектеп турганда 700дөн ашуун кызматкерди жумуштан айдагансыңар, алардын убалынан коркпойсуңарбы? Үчүнчүдөн, бир жылдан бери иштебей, үйдө отурасыңар, үй-бүлөнү кантип багып атасыңар?
М.Эшимканов: - Биринчиси, 2007-жылы декабрдагы парламенттик шайлоо учурунда Ө.Бабановдун казак паспортун таап алышып, райондук соттон Өмүрбекти кыргызстандын атуулдугунан ажыратып коюшкан. Ошондо мен Өмүкө иним үчүн түнү менен чуркап, бийликтегилердин "мазгисин" чагып атып, Жогорку Сот аркылуу Бабановдун атуулдугун да, бизнесин да, саясый карьерасын да коргоп калганга жетишкем. Натыйжада Өмүрбектин жеке гана проблемалары чечилбестен, жаңы парламенттин СДПК партиясында тизме боюнча 12- болуп катталып орун алып, акыркы вагонго Роза Отунбаева секиргенге үлгүрүп, депутаттык мандатка ээ болгон. Ал окуянын баштан-аяк күбөсү катары Бабановдун таластык акеси, менин жакын досум Өмүрбек Суваналиев ортомчу болуп жүргөн. Бирок ал жардамдын акысына эч кандай соодалашкан эмеспиз. Канча замандаштарыма, бейтааныш адамдарга, бизнес менен саясаттагы тааныштарыма жамандык-жакшылыктарда чын жүрөгүмөн арка-бел болуп келатам. Башкасын койдум, ушул жагынан, тартынбай эле, жасалма "скромничать" этпей эле сыймыктанып айталам, өзүм өлө жаман, өлө бокочо киши болсом да, башка адамдарга жарык шооласын чачкандан чарчай электигиме кубанам. Экинчи сурооңузга - КТРде 700дөй кызматкер кыскартылганы чындык, улуттук телерадио түзүлгөн 50 жылдан бери мындай окуя болбоптур. Албетте соттошту, каргашты, азыркыга чейин душманындай көрүшөт мени. Реформа, эфирди оңдоо, штат кыскартуу канчалык оор болбосун, кимдир-бирөө сазды тазалай башташ керек эле. Ага мендей чоң жинди авантюрист гана жарамак. Кызматтан айдалган халтурщиктердин убалына калганым менен, жүз миңдеген көрөрмандардын сообуна да калдым деп ойлойм. Үчүнчү суроого - албетте, "ай караган текедей" олтура берсем, үй-бүлөмдү бир жылда ким бакмак эле? Айрымдардай эч кимге догумду артпай эле, туугандарым менен анча-мынча бизнес жасаганды үйрөнүп алганбыз. Тигүүчү цех, базар контейнери, кытайдан товар ташымай. Былтыртан бери болсо бодо мал кармагандын сырын өздөштүрдүк. Жаман эмес.
Улан: Биринчи суроо: бир кезде Кубатбек Жусубалиевди пир тутчу элеңиз, азырчы? Андан кол үздү деп уктук эле, же мунун чындыгы барбы? Экинчи суроо: АКШдагы баасы кымбат "Гарвард" университетинде уулуңуз менен кызыңызды кайсы каражатка окутуп атасыз, же ушунчалык байсызбы?
М.Эшимканов: - Биринчиси - Кубат аке мурдагыдай эле эң жакын сырдаш досум. Алайда жашайт. Сейрек жолуккан күндөрүбүз мен үчүн жандүйнө майрамы. Экинчиси - АКШдагы кызым Жылдыз менен уулум Төлөгөн менин гана эмес, жалпы кыргыздын байлыгы деп сыймыктанам. Аларга башында гана бутуна туруп кетишине өбөлгө түзгөм. Американын мыкты жери, катаал рынок жашоосу менен жаштарды тың болууга дайыма чыйралтып тургандыгы. Жарым күн окуп, жарымын башы менен жер казгандай иштеген уул-кызым жандарын өздөрү багып, атакесин анча кыйнашпайт.
myrza_aika: - Биринчи суроом: - Акаевдин маалында "Асаба" гезитиңизди азыркы СДПК депутаты Чыныбай Турсунбеков тартып алганын билем. Эмне учун "Асабаны" кайра сот аркылуу алып албайсыз? Деги ал киши менен азыр мамилеңиз кандай, же эркекче чечишип алдыңар беле? Экинчи суроом - "Форумдан" сизди Лондондо Максим Бакиев менен кезикти дешти эле, чынбы? Негизи апрелден бери аны менен байланыштыңарбы?
М.Эшимканов: - Биринчи сурооңо, ал чындык. Тарттырып ийген "Асабамды" депутат чагымда, бийликте жүргөнүмдө кайра алганга шарт бар эле. Бирок, чолоо тийген эмес. Кийин "ээси келсе - бээсин бер" деп Чыныбай мырзага кайрылсам, "Башка дагы соучредитель менен сүйлөшүш керек эле, убагында 60 миң доллар короттум эле, ойлонуп көрөйүнчү" деп күңкүлдөгөнүнөн бул күркүлгө кайра жалдырап кайрылбадым. 10 жылдан бери же өзү чыгарбайт, же Акаевдин бийлиги менен тартып алган оокатты кайтаргысы келбейт. Теңелбедим. "Асабаны" кайра чыгаргым келсе, юридикалык башка жолдору деле толтура. Экинчи сурооңо жообум, Атамбаевдин "Форум" гезити мен жөнүндө дайыма беш өрдөктөрүн учуруп турбаса баштары ооруйт. Лондонго барып, Максимге "жолукканымды" түштөрүндө көрүшсө керек. Дегинкисин эле Бакиевдер менен мага окшогон "бөрү баласы ит болбогон", ак каргадай чоочун адамдар менен эмес, табакташ, сырдаш эргулдар менен, балким жашыруун жолугуп жүрүшкөндүр. Алардын айрымдары корбашыдай койкоюп, азыркы жаңы бийликтин арасында олтурбайбы.
nurjana: - Гезиттер сизди бирде Куловдун, бирде Текебаевдин президенттик шайлоодо штабын жетектейт деп жазып атышат, деги кимисине токтолдуңуз? Дагы бир суроом өзүм журналистмин, андыктан, кесиптик чөйрөдө сиздин парламенттик шайлоодо "Ар Намыс", "Республика" партиялары тизмеге кирүүгө чакырышкан деген сөз бар. Неге барбадыңыз, же депутаттыктан көңүл калдыбы?
М.Эшимканов: - Феликс Шаршенбаевич мен терең урматтаган адамдардын бири. Көралбастар билип-билбей эле төө бастыга алып жатышпайбы. Жыйырма жылдан бери экөөбүз ага-инидей жылуу мамиледебиз. Өмүке менен дагы катышыбыз жакын, ортобузга канчалык от жагышпасын, достугубуз сакталып калган. Кулов менен да, Текебаев менен да, байма-бай жолугуп турганым үчүн жанагындай имиштерди жазышса керек. Азырынча президенттик штаб жөнүндө кеп бололек. Экинчи сурооң боюнча, ооба, былтыркы парламенттик шайлоодо жакшы эле чакырышкан, адатымча мансапка азгырылсам, азыр Жогорку Кеңеште депутат болуп олтурмакмын. Бирок, мекенчил замандашыбыз Мелис Карыбеков жазгандай, "кара дуба каптаган саясатка, кандуу үйгө конгон парламентке" такыр көңүлүм келбеди. Анан калса, моралдык укук деген укурук моюнду кысып турбадыбы.
Bek2365: - Сизге балдарга ысым коюп бериңиз деп кайрылгандар болду беле? Койсоңуз кандай ысымдарды койгонсуз?
М.Эшимканов: - Койгом. Мисалы, Бегимай, Тат, Кубат, Ванэсса, Мунара, Адам жана башка.

(Уландысы 11-бетте)