Айтылбай турган сөз эле

Ысык-Көлдүн аксакалдары
Уча жегенге эле жарап калганбы?
...Кайда жанагы "АТА" (Абдрахманов, Тыныстанов, Ахунбаев) деген көлдүктөрдүн коому? Кайда жанагы "Ысык-Көл" фонду? Кайда жети акенин урпактары? Кайда, деги жалпы көлдүктөр? Көл десе бир кезде "Кумтөр" аферасына кол койгондордун бири, анда-санда гезиттерден акылдуу болуп чыга келген, ошол касиеттүү Ысык-Көлдүн убайын ушунчалык көргөн Жумагул Сааданбеков кайда? Сулайман Иманбаев, Ишенбай Абдыразаков, Мамбет Мамакеев сыяктуу көлдүн бүгүнкү аксакалдары неге унчукпайт? Же алар төрдө олтуруп уча жегенге эле жарап калышканбы?..


  Аттиң, ов!

Эл улуу инсандарга чаңкап турат
XX кылымда жарк эткен чагылгандай жаралган кыргыздын мыкты, асыл тобу, 1938-жылы 6-8-ноябрда алардын баары жалган жала менен атылган. Эл мүңкүрөнүп, жетимсиреп калган, ошондо.
XXI кылымдын босогосунда азаттыкка атанган калк-Кыргыз эли мына ошондой улуу инсандарга бүгүн чаңкап тургандай!

2-бет




  Үн кошом!

Улуттук элитанын арстаны
Отузунчу жылдардын башында Пишпектин күн чыгыш жагындагы Төкөлдөш суусунун ар жак-бер жагы жалаң ачкалыктан өлгөн казактардын сөөгүнө толуп кетти... Ачкачылыкта канча казак өлгөнү эмдигиче тактала элек. Америкалык белгилүү адис Марты Олкотт "Социалдык өткөндүн жалганы: Орто Азиянын казактары" деген китебинде ачкачылыкта эки миллионго жакын казак өлгөнүн жазат. Казак окумуштуусу, демограф Макаш Татимов 1930- жылдын башында жалпы казактардын саны 4 миллион 120 миң болгонун, ошолордун ачкачылыктан эки миллионго жакыны же жалпы казактардын 49% каза болгонун эсептеген...


7-бет




  Ак чүч!

7-апрель эмне күн?
Өткөөл мезгилдин Президенти Р.Отунбаева Теңир - Тоого болгон сапарында "7-апрель Кыргызстанда парламенттик башкаруунун киргизилишинин күнү катары, майрам күнү катары белгилейбиз" деди. Тактап айтканда сөзүнүн мааниси ошондой болду. Роза айым бул сөздү өзү айттыбы же акылкошчуларынын ойлоп тапканыбы, угуп алып түшүнбөй калдык. 7-апрелде эл "өлкөгө парламенттик башкаруу системасын киргизгиле" деген максат менен көтөрүлгөн эмес. Эл бийликтен социалдык оордукту, энергияга, уюлдук телефонго болгон тарифтерди мурунку калыбына келтиргиле, мамлекеттик мүлктү ит бекерге сатпагыла, сатылган мүлктү кайтаргыла, абактардагы саясый айыптар менен жаткан оппозициянын өкүлдөрүнө эркиндик бергиле… деп ал революция элдин жаны ачыгандан, улуу эрдигинен пайда болгонун эч ким тана албайт.
Андан кийин 10-12-июнда Ош, Жалалабад шаарларында кан төгүлдү. Анын азабы али да өчпөй, көз жаш дале кургабай, ага болгон чыныгы күнөөкөрлөр али да толук далилденбей, аягына чыкпай турат. 2010-жылдагы бул окуялар улуттун акыркы 100 жыл ичиндеги тарыхында эң кайгылуу күндөр. Анан кайдагы майрам күн болсун. Тескерисинче бул күндү улуттун азалуу күнү дешибиз керек. Эгерде азыркы бийликте абийир, намыс болсо.

"Айгай-пресс"




  Бир сап имиш

Тиреш
Жаз жаңырса, февралдагы "попыткадан" ишке ашпай калган Жогорку Кеңештеги бийликчил коалицияны ыдыратуу аракети кайрадан көтөрүлүп, кимдир бирөөлөрдүн аракетинде ал оюндун сценарийи КСДП фракциясы менен "Республика" фракциясын "талаага" ташташат имиш... Кудай сакта...


  Күн дүрбү

Келдибеков Ошто...
Кызыгы, Оштогу эл менен болгон жолугушууда алты миңдей киши Келдибековдун сөзүн угуп отурушту. Тескерисинче, депутат катары Келдибеков элдин сөзүн, наказдарын угуш керек эле…


3-бет