Таш күзгү

Курултай кимдин "көзүрү"?
Өткөндө Р.Отунбаева Жогорку Кеңешке барып президенттигине салып, "от менен ойнобой жөн иштегиле, болбосо мен эл тараптамын" деп депутаттарды зекип келгенден кийин, ага чейин өздөрү менен өздөрү дүңкүлдөшүп жүргөн Курултай дегендин өзү курчуй түштү. Себеби, "оң, сол, ичкичиликтердин" ушул "үч партиясы" баары бир ар кимиси өз уруусунун идеологиясы үчүн күрөшөт. Анда эле кыргызың кокту-колоттордун курултайларын айтпаганда экиге эмес, эмнеге чейин гана бөлүнүп кетпейт" деп көпчүлүк колдогон эмес. Ал ортодо элдик курултай "старт" алды. А деп Таласта башталганда бийлик уюштуруп жатат деген сөздөр тарады. Эгер бийлик уюштурса анда негизги максат: парламентти таратып, Р.Отунбаеванын мөөнөтүн узартуу далалаты деп түшүнмөк, эл. Бийликте андай ой болгон эмес деп чийип салганга болбойт. Бирок, эл алдында жооп берип калчу ыңгайсыз суроолор да суурулуп чыга баштагандыктанбы, негедир ал тарап пас-пас болуп калды. Биздин тиешебиз жок, эл өзү деген түр көрсөтүүдө. Ал ортодо Таластан кийин Теңир-Тоодо өткөн курултайда Нарындыктар намыстуу сөздөрүнөн кайтпастыгын көрсөттү. Ысык-Көл курултайында болсо Нарындыктарга салыштырмалуу эл жык-жыйма келип, эшиктеги батпай калган көпчүлүктү милициялар тосуп турган абал кайталанбады. А дегенде кеңешмеге, анан жөн эле жоро-базарга окшошуп барып оңолгон көлдөгү курултайда "Эл саясатчылардан айырмаланган таза дүйнөсү менен дагы да "жоо чаап" берип, дагы бир "балекеттин" куралына айланып калбайбы?" деген санаркоо менен коштолду. Соңунда, курултайдын туусун көлдүктөр Ош областына берди. Түштүк эли да өз талабын айтаар. Ал эми жалпы республикалык Элдик Курултай марттын аягында, Бишкекте өтөөрү күтүлүүдө.
Деги эле облборборлордо өткөн курултайларга байкоо салсаң, жергиликтүү элден тышкары арасында кимдер гана жүрбөйт, жомок тили менен айтканда, "жолбундар", "чөөлөр", "карышкырлар", "жолборстор", "түлкүлөр", "шакалдар"… Президенттин, парламенттин, өкмөттүн дагы-далайлардын маамыттары. Ошол "миссионерлер" карапайым калктын сүрүнөн элдин мээсине "чай кайната" алышпай, кайсы жерде курултай өтсө ошол жерде жүрүшөт…
А чынында Конституциянын биринчи беренесинде жазылып турат, "Бийликтин ээси - Эл" деп. Ошол эле Баш мыйзамда Элдик курултай жөнүндө атайы мыйзам да бар. Бирок анын эрежеси механизими, иштетилбеген. Курултай түзүлсө жылына эки жолу чогулуп эл президенттен, парламенттен, Өкмөттөн, Жогорку Соттон отчет алып турууга укугу бар.
Мына, эгемендикке 20 жыл толот деп олтурабыз. Бирок, ошол жылдары жогорку бийлик бутактарындагы эрендерибиз эмнелерди гана кылган жок.
Башкаруунун жолдорун өздөрү каалагандай өзгөрттү. Алтындай жерлерди, жер алдындагы кендерди сатты. Бирок, эч кимиси эл алдында жооп берген жок. Өлкөнүн ырыскысын ичти, жешти, кетти. Ушул өңгүттөрдөн улам чын-чынында Элдик курултайдын өзөгү келечектүү. Десек, Курултай түз сүйлөп, түз жүргөн, сатылбаган, элдин арасында кадыры, сөзү бар Инсандарды шайлай алабы? Же кайрадан "дүжүрлөр" чогулуп, кимдир бирөөлөрдүн көзүрүнө айланып калабы? Кеп ушунда… Сиз не дейсиз, окурман?

Кенжебек
Арыкбаев




Караңгы үйдө каман күркүрөп
Айдаганы беш эчки...
ИИМ издөө салган Камчы Көлбаев жоон топ жан сакчылары менен Бишкекте жүргөнүн Ө.Текебаев билдирди. "Дело№" гезити Камчы Көлбаев 2008-жылдын апрель айынан тарта 2011-жылдын 11-январына чейинки аралыкта "Манас" аэропортунан 50 ирет чек арадан ары-бери өткөнү расмий катталып, Ташкент, Москва, Стамбул, Дубай шаарларына бир нече ирет Бишкектен учканын, атүгүл Лондонго эки жолу Бишкектен сапар тартканын жазып чыкты. Ошондой эле Кара-Балталык Алмаз жана Бишкектик "Водолаз" дегендер бейкапар жүрү. Эмиратта качып жүрөт делген алайлык Алмамбет азыр Ошто жүргөнүн эшиттик. Булардын бирөөсүн кармабай, ИИМ жетекчиси эмнеге эле дердеңдейт, эч түшүнбөйсүң.

Памир Манас




  Күн бүркүм

Грантпы же саясатпы?

Көчөңөр жарык болсун
"Көчөңөр жарык болсун" деп АКШнын өкмөтү Жалал-Абадка 217 165 000 миң доллар грант бермей болушту.


  Таласта

Губернатор "кетсин!"
Таластыктар 10-марттан тарта губернатор Койсун Курманалиевага каршы митингдерди баштайбыз дешүүдө.

А, аталар төрөлелек биз үчүн ...

Пенсионерлер нааразы
Өткөн аптада депутат А.Жапаров: "Милиция кызматкерлерине өкмөттүн, Жогорку Кеңештин эсебинен дагы 50 миллион сом акча үнөмдөдүк" деп билдирди. Милиция кызматкерлеринин айлыгы апрель революциясынан 100%га көтөрүлгөн. Буга салыштырмалуу ушул доор, ушул заман деп кезинде эмгек терлерин төккөн бүгүнкү карылардын жан багуудагы негизги булагы болгон пенсиясы 1%га да көтөрүлө элек. Жүз миңдеген үй-бүлөө ошол кемпир-чалдын пенсиясы менен кант, чай алышып күн көрүп жатышат. Бул маселени бийлик али ойлой элек. Тигинтип, милицияга камкордук көрүп жатат. "Милиция биз үчүн иштесин" деген саясаты ушу.


Ак үй менен көк үйдө
Ташиевдин "соодасы" жүрүүдө
Учурда Камчыке Акүй-Көкүйдүн эшигин жыртып, бир топ ишенимдүү адамдарын чоң кызматтарга миңгизүүдө. Премьерлик кызмат үчүн "шайтан" менен болсо да биригип, "баарын" берүүгө даяр болгон А.Атамбаев мырза жакын арада Жогорку сот менен Башкы прокуратуранын ордун ата-журтчуларга белек кылганы туруптур.


"Айгай-пресс"