5-март Ак калпак күнү!
Ата бабаңдын баш кийими болгон Ак калпагыңды башыңдан түшүрбө! Сен түгөнгөн сайын түтөгөн, туюму күчтүү, акылга тунук, табият сырын туя билген, сөз кадырын баалаган, уулдары ат үстүндө шамал менен жарышкан, кыргыз деген атты улуу туткан кыргыз элинин урпагы экениңди унутпа!

  Кышкы чыйрыгуу

"Көкөй -Кести", "Сынган Бугу".
Сынган кыргыз
"Күү атасы" Карамолдо Орозовдун уккандан сай-сөөгүн сыздаткан, канчалык кайраттуу адам болсо да жүрөгүн мыжыктырып, он эки муунун калчылдаткан "Көкөй кести" аттуу классикалык күүсү бар эмеспи. Ушул күүнүн узактыгы туура 9 мүнөткө созулат. Ошол күү чертилип жатканда уккан адам не деген эмоцияга дуушар болбойт. Комуздун көөдөнүнөн сыздап чыгып анын үч кылы адамдын сандаган тамырлары аркылуу көкүрөк көөдөнүнө кирет. Бул күү кыргыздын кылым карыткан тарыхындагы аты айтып тургандай көкөй кескен турмушун муң, сыздаган кайрыктар менен тилсиз баян этилет. Дүйнөлүк атагы бар (XVIII кылымдын) акырында немец композитору Людвик Ван Бетховендин үчүнчү симфониясы болгон "Баатырдык" аттуу симфониясы бар. Бул улуу чыгарманы улуу композитор Француз революциясына арнап жараткан экен. 1802-жылы Франциянын ошол улуу революциясынын жеңишин арамдык менен кыйратып, өзүн император деп жарыялаган Наполеон Бонапарттын чыккынчылыгын уккан Бетховен жаалы аяктап калган симфониясынын партектурасын тытып таштайт. Ушул симфония көлөмү, аткарылышы жагынан (симфониялык оркестр аткаргандыгы менен) "Көкөй кестиден" бир аз айырмасы болбосо, бул эки чыгарманын түпкү мааниси, духу бирдей эле. Атүгүл "Бетховендин симфониясынан үч кыл комуз күүсү артык" деп айтаар элем. Себеби, турмуштун реалдуулугун комуз үч эле кылдагы добушу менен угуучунун жүрөгүнө жеткирип жатат. Ал эми симфонияны жүрөккө бүтүндөй, кеминде 80-120га чейин аспаптан турган оркестр жеткизет. Комуз күүсү биз кыргыз үчүн керемет нерсе, түшүнгөн жанга. "Капырай Карамолдонун "Көкөй кести " күүсү бүгүнкү кыргыздын көкөй кескен турмушу эмеспи?" деген ойго кетпей койбойсуң. Рухий чыгарма баардык адамзатка таандык. Күйөө баласы Мюрат менен өз элинин дүйнө жүзүндө биринчи болуп монархиялык бийликти жок кылып, адам укугу декларациясын кабыл алган улуу эрдигин сатып кеткени. Албетте кимге жаксын. Өткөн жылы Кыргызстанда "Убактылуу Өкмөт" деген топ 7-апрель революциясын сатып, АКШнын долбоору менен улутту бөлүп жаруучу Баш мыйзамды түндүктө, түштүктө да кан кургай электе, шейиттердин топурагы муздай электе, киргизип, канкор Бакиевдин жан-жөөкөрлөрүн бийликке кайра алып келген сыяктуу. Аргасыз кыргыз үшкүрүнүп турат, бул "чыккынчылыкка" . Топ жараар азыркы бийликти эсине келтирчү , абийири таза, эл үчүн күйгөн азаматтар, акылдуу карылар баш көтөрөөр бекен?- деп турушат. Улуу эл бир ууч саткындарга алданышып, "Оозунан алдырган бөрүдөй" сызга отуруп калышса, үшкүрбөй коймок бу? "Көкөй кести" күүсүнүн бир кайрыгында 7-апрелде армандары, үмүтү ичинде кетип, муздак, сыз топуракта калган эрлердин, шерлердин үнү жаңырса дагы бир кайруусунда ошолордун артында калып жетим деген уудай ачуу атка конгон балдардын арманы сыздайт. Бийлик, айрым бизнесмен сөрөйлөр, коомдор ошол "жетим калгандарга жардам берип жатабыз" деп колко кылып калышат көп учурда. Болуптур, жардамыңардын батасы тийсин, бирок асыл ата мээримин ким берет ошол жетимдерге? Ата мээримин бир Кудай гана жараткан, ал эми Кудайды эч ким алмаштыра албайт. 2010-жылдын 10-ноябрында депутаттар биринчи жыйынын баштаган күнү Ак үйдүн чыгыш - түндүк дарбазасында эки жүздүү бийликке "Ата Журт" партиясына каршы 500дөй адам (көбү 87 эрдин туугандары) чогулушуп акцияга чыгышкан эле. Ошол эле санда милиция кызматкерлери турушту, дарбазаны тозушуп. Ызаалуу эл ошол депутат сөрөйлөргө ачуу сөз айтып, кыйкырышып жатышты. Бир мезгилде эки келин Ак үйгө кирмекчи болуп дарбазага бут ташташса милициялар күч менен түртүп жиберип экөө тең жерге кулап түшүштү. Ошол жаш келиндердин жүзүн чайган жаш алигиче көз алдымда турат. "Көкөй кести" күүсүнүн сыздаган кайрыгы ошол миң гүлүнүн бири ачыла элек күлгүн жаш куракта түгөйсүз калышты, айтып бүткүс муң-кайгы, асыл арман. Түбүң түшкүр бийлик, бирөөлөрдү жетим, бирөөлөрдү жесир калтырып боздотту. Ушул толбос өксүк үчүн өлдү беле азаматтар. Канкор Бакиевдин жугундукорлорунун кайра айланып бийликке келиши үчүн төгүлдү беле көз жаштар? Кыргыздын шору болду белем бийлигиң? Кайран Карамолдонун "Көкөй кести" күүсү ушул турмушту кайрып сыздап жатпайбы муңканып!
Жогоруда "Көкөй кести" күүсү 9 мүнөт чертилет дебедим беле. Ошол тогуз мүнөттө үч кыл комуз күүсү түбүң түшкүр бийликтин кесепетинен өткөн жылкы түштүктөгү кара кийген жесирдин, ботосунан айрылган эненин, мээрман атасынан ажыраган жетимдин боздогон сыздаган үнү эмей эмине?
Жазып жатып калемим титирей ошол комуз кылындай өз жеринен баар таппай, башка элдердин эшигин шыпырып бири бычактын, бири оор турмуштун айынан ооруга чалдыгып, бири дубалдан кулап эки күндүн биринде кыргыздын азаматтарынын өлүгү келип жатат алыскы Россия тараптан. "Көкөй кести" күүсүнүн кульминацияга жеткен, үч кылдын өзүнөн кан тамган жери бар, ошол "мажор фазасы" ушул эмеспи.Элдин өз жеринен бакыт издеп, башка элдерден сөөгү келиши. Көкөй кестини көчөгө чыксаң эле көрөсүң. Ушул министирликтердин имаратын, Ак үйдү маңдай тери, колунун чору менен курушуп азыр мусаапыр болушуп жол боюнда, базардын оозунда, 10 жумурткасын, эки банка бадыраңын, эски китебин, эски буюмун 10-20 сомго сатып отурганын. Элеттеги элдин турмушу өлбөстүн күнүн көргөн көкөй кести турмуш.
Ушул кезде суукта тоңуп отурушат Алай менен Теңир Тоонун, Баткен менен Түштүк эли отундун кымбаттыгынан. Бул кыргыздын көкөй кестиси эмей эмине? Жетим балдар үйүнө балдар толуп кетип ушул азыр, ошол жетимдердин 65ин океандын ары жагынан АКШнын адамдары сурап жатат багып алат элек дешип. Алар бакпайт жетим кыргызды, өлтүрүп өпкө, боор, бөйрөктөрүн арбын акча үчүн союуп туруп сатып жибербейби деп ким кепил боло алат?
Карамолдонун "Сынган Бугу" классикалык күүсүн ким билбейт. Бул күү да "Көкөй Кести" күүсү сыяктуу муңдуу, кайгылуу, армандуу. Кечээ жазда эрдиги менен канкорлорду кууп чыккан кыргыз бүгүн сынып отурат "Сынган Бугу" күүсүндөй сыздап.
"Көкөй кести", "Сынган Бугу" - сынган кыргыз!
Байыркы Рим мамлекетинин ишмер, атагы таш жарган чечени Цицерон: "Молчание большой бунт" деген экен. Биздин элдин дагы азыркы тунжурагы алардын ички нааразычылыгы, бунту эмеспи. Бул үн катпоочулук качан жарылат, кандай өңүттө, мезгилин так айтууну эп көрбөй турам…

Жолдошбек Токоев




ХИ-ХИ эмес…
...Кыргыздар ак калпакты тойдо бир, адам өлгөндө бир, анан мончодо бир кийет" - деген сөз бекер жеринен чыккан эмес. Улуттун салтын сыйлабаган кем акылдар мончого ысык бууга кириш үчүн ата-бабабыздын ак калпагын "мээси жок" баштарына кийип алышып, жогорудагы ачуу сөз ошондон айтылып жүрөт...

Эльнура Дүйшеева


5-март Ак калпак күнү!
Ата бабаңдын баш кийими болгон Ак калпагыңды башыңдан түшүрбө! Сен түгөнгөн сайын түтөгөн, туюму күчтүү, акылга тунук, табият сырын туя билген, сөз кадырын баалаган, уулдары ат үстүндө шамал менен жарышкан, кыргыз деген атты улуу туткан кыргыз элинин урпагы экениңди унутпа!