Экономист эмне дейт?

Берчи, берчи менен өлкө оңолбойт

Кыргызстандын эгемендигине быйыл буюрса 20 жыл толот. Бул жыл кыргызстандыктар үчүн өзгөчө маанилүү. Анткени, ата-бабалар кылымдар бою эңсеп келген эгемендик майрамынын тегерек датасы. Ошону менен бирге эле калкыбыз артка көз чаптырып, 20 жыл ичинде кандай жетишкендиктерге ээ болгондугун жана эмне кемчиликтерди кетиргендигин таразага салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп олтурат. Кыргызстандын көптөгөн көйгөйлүү маселеринин түп тамырында бир канча факторлор жатат. Бирок, ошол факторлордун жанында эң маанилүү болгон өлкөнүн экономикалык жагдайынын дагы ролу өтө чоң. Кыргызстандын экономикасы учурда кандай абалда жана мамлекетибиздин бул жааттагы саясаты кандай болуп келген, ошондой эле элибиздин жакшы турмуш куруп кетишине азыркы экономикабыз шарт түзүп бере алабы? деген суроолор жарандарыбызды ойлонтпой койбосо керек... Сөзүбүз ошол жөнүндө болсун.

Эгемендүүлүктүн баркына дагы эле жете албай жүргөндөйбүз. Бир акылман: "Эгемендүүлүккө жетиш үчүн кан, тер төгүлүшү керек", деп айтыптыр. 1991-жылы Советтер Союзу күч-кубаттуу болгондугуна карабастан кан төгүлбөстөн эле ыдырап, натыйжада Кыргызстан дагы башка Союздук республикалардын катарында эгемендике ээ болду. Бирок, апрель ынкылабы жана Оштогу июнь окуялары акыры келип кан да төктүрдү. Эми тер төгүп иштегенге бел байлашыбыз керек болуп турат.
20 жыл бою экономикабыз эл аралык уюмдар тарабынан каржыланып келди. Алар Кыргызстандын эгемендигин түптөй ала турган экономика куруп кетишине шарт түзүп бере албаганына бүгүн күбө болуп отурабыз. Өткөн реформалардын жыйынтыгы бийликтин дагы, элдин дагы бирөөнүн оозун караган - күн карама болуп калгандыгыбызды далилдеп турат. Тилеке каршы, көп учурда ким акча берсе ошонун сөзүн сүйлөй берип кадырыбыз кетти. Бул элдин аң-сезимине жана түздөн түз эгемендүүлүгүбүзгө чоң зыян алып келүүдө. Азыркы учурга чейин улуттук көз карандысыз экономика кура албай келгенибиз эч кимге жашыруун эмес.
Экономика -мамлекеттин эгемендүүлүгүнүн пайдубалы. Экономикабыздын акыбалы начар болгондуктан биз башка мамлекеттерге жана ар түрдүү күчтөрдүн таасири астында калып эгемендүүлүгүбүздү жоготуп алуу коркунучу алдында турабыз. Алгач бараар багытыбызды так белгилеп албасак, эртең эле мамлекетибизди кайра реформалоого туура келет. Тез өзгөрүп турган ааламдашуу доорунда андай адашуулар бизди башка өлкөлөргө көз каранды кылып коюшу ыктымал.
Адам баласы билимин жана тажрыйбасын жогорулатып башкалар менен атаандашкандай эле, мамлекет дагы түрдүү тармактарда өнүгүп башка мамлекеттер менен атаандашууга тийиш. Экономика - бул мамлекеттин каражат табуу, аны туура колдонуу жана көбөйтүү жөндөмдүүлүгү десек болот. Демек адам баласы өзүнүн жөндөмдүүлүгүнө карай замандын талабына жараша максат коюп, ошол максатка жетиш үчүн иш-чараларды көргөндөй, мамлекет дагы дүйнөдөгү өзгөрүүлөргө, өзүнүн күчүнө жана мүмкүнчүлүктөрүнө жараша максаттарды туура коюп, экономикалык стратегияларын иштеп чыгышы жана кайсыл тармака басым жасаш керектиги боюнча акценттерди туура коюп, тактап алуусу керек.
Бардык саясатчылар мамлекеттин экономикасын өнүктүрүү керектигин айтышат. Өкүнүчтүүсү, экономиканы өнүктүрүү деген эмне экенин түшүндүрбөйт. Эгер жөнөкөй тил менен айтсак, элдин жашоо деңгээлинин жогорулашы - бул экономиканын өсүшү болуп эсептелет. Эл бай болсо, мамлекет дагы бай болот. Демек, мамлекет элди байытууга аракет жасап, бул жаатта элдин акча табуусуна шарт түзүп бериши абзел. 20 жылдан бери элдин турмушу оорлошуп, байлар менен кедейлердин ортосундагы айырма чоңоюп, орточо стандартта жашаган элдин бөлүгү жок болуп баратканын байкоого болот.Саясатчылар түшүнүшпөйт дегеним, өзүнүн гана капчыгын ойлогонунда.
Экономиканын акыбалынын кандай денгээлде экендигин төмөнкү мисалдардан билели: чиновниктердин коррупцияга малынып калгандыгы, экономиканын өзөгүн түзгөн орто жана чакан бизнеске шарттар түзүлбөгөндүгү, ошондой эле мамлекеттин так өнүгүү стратегиясынын болбогондугу жана эффективдүү иштей турган чакан өкмөт курулбагандыгы ж.б. Дүйнөлүк тенденцияларды туура баамдай албагандыгыбыздан атаандаштыка чыдай алган экономиканы кура албай келе жатканыбызда.
Өнүккөн өлкөлөрдүн экономикасы өндүрүш доорунан маалымат дооруна эчак эле өткөн. Өнүккөн мамлекеттердин экономикасынын 70 пайызын билим жана маалыматка таянган кызмат секторлору түзөт. Оор өндүрүш, айыл чарбалары, ж.б. тармактар мамлекеттин коопсуздугун сактап туруш үчүн гана дотацияланып кармалып турат. Мисал үчүн кыргызстандык дыйкан 1 тонна картошканы 6 ай өстүрүп, 20 000 сомго сатат. Ал эми Тайвандагы ишкер 1 компьютерди 1 сааттын ичинде чогултуп, ошол эле баага сата алат. Ал эми Индиялык бир программист 6 айдын ичинде баасы эң кеминде 1 000 000 АКШ доллары болгон программаны үйүнөн чыкпай туруп эле таба алат. Ушул мисалда көрүнүп тургандай, биз замандын талабына ылайык тармактарга басым жасап, экономикабызды атаандаштык деңгээлге чыгарышыбыз керек.

Максатыбыз бир болушу керек
Кыргызстандык саясатчылардын дээрлик көпчүлүгү эскиче ойлонуп, эски методдор менен иштеп келе жатышат. Көпчүлүгүнүн мамлекетти өнүктүрүү жаатында көрөгөчтүгү, стратегиялары жана программалары жок. Азыркы учурда колдонгон программаларын коңшулаш мамлекеттерден көчүрүп алгандыгы жөнүндө көп сын пикирлер айтылып келет. Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн калктын жана саясатчыларынын ою бир болушу керек. Эгер ушул маселеде баарыбыз бир ойдо болсок ыңкылаптар болмок эмес. Максат бир болгон соң, ал максатка жетүү жолдорунун ар башка болуусу максатка жетүүгө тоскоол болбойт. Эгер азыркы учурда дагы эле "ыңкылап жели" согуп турган болсо, демек саясий элитанын максаттары башка - элдин ой-мүдөөсү башка болуп жаткандыгы. Саясатчылардын арзыбаган саясий жана жеке кызыкчылыктарынан улам, Кыргызстандын экономикасы түп тамыры менен бузулуп баратышы интеллегенцияны кайдыгер калтырбаса керек.
Саясий элитанын мамлекеттин максаттарын жана өнүгүү жолдорун элге так түшүндүрүп жана көрсөтүп бере албагандыгы көп нааразычылыктарды туудурат. Бул болсо саясий элита менен элдин ортосундагы байланыштын жоктугун көрсөтөт. Саясатчылар калайык-калкка Кыргызстандын 5, 10, 20, 30 жылдан кийин кандай өлкө болоорун көрсөтө алуулары керек. Ошондо эл, саясатчылардан эмнени талап кылышты билмек жана ошого жараша сабыр кылып, баардык жарандардын энергиясы бир максатты көздөй жумшалмак жана ар ким өз билемдигин жасамак эмес.

Кыргызстандын акча табуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жолдору
Биринчиден, Кыргызстан кайсыл тармактарда мүмкүнкүнчүлүктөрү жогору экендигин аныктап алуубуз зарыл. Булар - адамдык ресурстар, кооз табийгат жана кен-байлыктар. 21-кылымдын экономикасы маалымат технологияларына таянат. Маалыматка жетүү, аны туура колдонуу жана сата билүү бир гана билим аркылуу болот. Бул доордо экономикага кен-байлыктардан дагы көп киреше алып келе турган ресурс - бул адам ресурстары болуп калды. Мамлекет билим берүү тармагында кандай иш алып бара жаткандыгына көз чаптыралы. Мамлекеттик университеттер 20 жылдан бери дотацияланып келе жатышат. Бул университеттер жогорку денгээлдеги адистерди даярдай алышкан эмес жана илимий чоң жетишкендиктери жок. Азыркы учурда мамлекет тарабынан каржыланып, колдонулуп келген системада диплому бар бирок, билими жок бүтүрүүчүлөр мамлекетке жүк болуп келе жатышат. Өкмөт университеттердин жетишкендиктерине жараша шыктандыруу иретинде жакшы материалдык колдоо көрсөтүшү тийиш, же каржылоону азайтуу аркылуу атаандаштыка чыдай албаган университеттерди жоюусу зарыл. Эгер университеттерге талап көп, сунуш аз болсо, анда базар экономикасы бул маселени дагы жөнгө салып коёт, ал анткени менчик университеттер көп ачыла баштайт. Жакшы иштеп кете алган мамлекеттик университеттерге илимий изилдөөнү замандын талабына ылайык жүргүзүү үчүн чоң каражаттарды өкмөт бөлүп бериши керек. Өнүккөн мамлекеттердин университеттеринин илимий борборлорунда 21-кылымдын экономикасын түптөй турган ачылыштарды жасап, өлкөнү өнүктүргөнгө эн чоң салымын кошушат. Эгер билим берүү тармагын өнүктүрүп алсак башка мамлекеттерден келген студенттер дагы акча төлөп окушмак. Англияга, Сингапурга окшогон мамлекеттерде тыштан келип окуган студенттер мамлекеттин казынасына чоң пайда алып келишет. Атаандаш билим берүү системасын куруп алсак, Африка жана Азиядан көп студенттер бизге умтулмак, ал анткени, биздин меймандос элибиз, жагымдуу климатыбыз жана арзан жашоо стандарттарыбыз коңшулаш өлкөлөргө салыштырмалуу ынгайлуу.
Кооз табийгатыбыз болуп туруп, туризмди өнүктөрө албай келе жатабыз. Бул тармакта эң чоң маселелерден төмөнкүлөрү көзгө көрүнбөй койбойт: саясий стабилдүүлүктүн жоктугу; инфраструктуранын начардыгы; заманбап талапка ылайык сервистин жоктугу; аба-каттамдардын аздыгы жана кымбаттыгы; дүйнөгө табигый кооздуктарыбызды даңазалаган жарнактарды чыгара албагандыгыбыз ж.б. Айтылып өткөн себептердин көбү саясий эрк жана атаандаштыкты түзүүнү гана талап кылат.
Мамлекеттин кирешеси салыктар аркылуу келээрин билебиз. Ишкерлер көп салык төлөш үчүн, көп акча табуулары зарыл. Демек, мамлекет ишкерлердин жүгүн жеңилдетип, аларды колдоп өстүрүп туруусу керек. Ишкерлер чоңойгон сайын, салыктар менен бирге жумуш орундары дагы көбөйөт. Ааламдашуу процесстери жүрүп жаткан кезде мамлекет өзүнүн гана ичинде эмес, керек болсо башка өлкөлөрдө дагы өзүнүн ишкерлерине акча табуулары үчүн шарттарды түзүп берүүгө тийиш.

Соңку сөз ордунда
Кыргызстанда экономиканы өнүктүрүү боюнча так саясаты болбогондугу ачык-айкын көрүнүп турат. Ал анткени биздин ушуга чейин иштеп чыккан экономикалык стратегияларыбызда декларативтүү айтылганы менен, эң приоритеттүү тармактарга басым жасалганы көрүнбөй турат. Мамлекеттик органдар жана ишканалар эффективтүү иштей албаганы менен бирге, инвестиция алынып келе турган мейкиндик жана ишкерлердин өнүгүп-өсүшүнө шарт түзө албады. Башкача айтканда, чет өлкөлөрдөн алган карыздардын эсебинен жашап келе жатабыз.
Максатыбыз 21-кылымдын талабына ылайык заманбап мамлекет куруу болсо, анда жогоруда айтылып өткөн эң приоритеттүү тармактарга басым жасап, ал тармактарда дүйнөдө биринчи болгонго аракет кылышыбыз керек. Дүйнөдө бул моделди туура колдонуп кеткен Сингапур, Япония, Малайзия, Түркия жана башка өлкөлөрдү баарыбыз көрүп турабыз. Өнүгүүбүзгө эң чоң тоскоолдордун бири болгон жана акыркы кезде улуттук көнүмүш адатка айланып бара жаткан донорлордон акча алуу жана реформалоону кечеңдетүү оорусунан сыйрылышыбыз шарт.

Эсенкул Момункулов,
экономист
Сереп Изилдөө Институтунун
директору