Кыш өтүп кар да кетти,
бак эмес үмүттөр да бүчүр байлап...
Жаз да келди.
Эми не дейсиң, кыргызым?

Ооба, күттүргөн жаз да келди. Караңгы-жарыгы аралаш, каргышы менен тилеги аралаш кылдырап отуруп, кыш да кетти. Кыргызга кудай да боору ачыдыбы, кыштын жылуусунан берди. Күттүргөн жаз да келди. Жаз менен кошо жаңы маселелер келди. Ак үй менен Көк үйдөгү балта жутарлардын пландары тим эле шумдук. "Жол башчыларыбыз", "турмушту оңдоп койдук, күндөн-күнгө өсө баштадык" дегенден башка бир сөзү жок. Элдин турмушу тескерисине кетип, жашоо улам оорлоп баратканын айтпайт алар. Элдин баары өзүлөрүндөй жашап жатат деп ойлойт окшойт. Анткени азыр кимдин заманы - миллионерлердин заманы. Бийликке келгендер кимдер? Миллионерлер. Чоң креслодо кимдер отурат. Законду уруп ойнобогондор. Балта жутарлар. Мурдун балта кеспегендер. "Керек болсо сатып алам" дегендер, сатып алып да жүргөндөр. А миллионер боло электери болсо ошого жетейин деп аракетин ар тараптан жасап жатат. Ал аракеттердин жыйынтыгы - коррупция, ачыктан-ачык пара тилемейлер, ирип-чирип бүткөн сот бийлиги, адилеттиктин ак көгүчкөн болуп алда кайда учуп кеткени.
Эксперттердин айтымына караганда, Кыргызстан социалдык адилеттүүлүккө эмес, экономикалык жана финансылык банкроттукка баратат. Келечекте эгемендүүлүгүнөн, мамлекеттик көз карандысыздыгынан ажыраганга баратат… Тышкы жана ички саясаттын талкаланышына, эл аралык дипломатиялык изоляцияга, экономикасы туруктуу, демократиялуу мамлекеттердин колдоосунан ажыраганга баратат. "Көзүм көрбөсө, көчүгүмдү ит жесин" деген принцибин так ошолор бекем тутууда.
Азыр бир күндүк пайда үчүн жашаган бизнесмендер миңдеп саналат. Бааны кымбаттатуу өзүнчө эле атаандашууга окшошуп кетти. Ким каалаган баасын коет. Кой деген, эмнегег мындай деген киши жок. Мамлекет деген неме кайда житип кеткен, жайнаган чиновниктердин пайдасы качан элге тиет деп ойлойсуң. Сыягы, ушинтип отуруп, жедеп мамлекет банкрот болгондо эсибизге келет окшойбуз. Бирок, эсибизге келген менен, поезд узап кетет окшойт, бармагыбызды тиштеп биз калат сыяктанабыз тарыхтын чаңында.
Күттүргөн жаз да келди… Аны менен кошо проблемалар да кошо келди. Баарын оңдоп, байытып, жыргатып салабыз дегендерибиздин кейпи тиги. Утурумдук бийликке өрөпкүп турушкан кездери. Эртеңки күнү заман башкача болуп кетсе, эл алдында кантип чыгабыз деп ойлоп да коюшпайт окшойт.
Жаз келген соң баарыбыздын башыбызга келген бир гана суроо турат: Эл эмне дейт? Элибиздин ой-пикири кандай? Ушинтип күн өткөрө беребизби, же чындыктын бетине канчалык ачуу болсо да тике карайбызбы? Эл деген, журт деген "башка чапса кыңк этпес" бечара масса эмес экендигин бийликке чындап көрсөтө алабызбы?
Суроо… Суроо… Суроо…
Кагылайын эл-журт…

Нурдин Асанов




  Ат жалында

Коалиция тарайт, тарабайт...
Жаралганына эки ай болбой илдетке кабылган "аралашма" коалиция бүгүн же эртең ураганы калганы жалпы жумурай журтка айкындалып, колун майга матырган далайлардын түн уйкусун бузуп турган кез. Парламенттик башкаруунун табияты ушундай болорун түшүнбөгөн же түшүнгүсү келбеген айрым кесиптештер, саясий серепчилер эч нерсени ойлонбостон оозун канга булашып, коалиция бузулса эле түндүк-түштүк оту тутанарын улам айтышууда. Ал эми "каймактар" эмне дейт?

Өмүрбек Бабанов,
1-вице-премьер-министр:

"Текебаев эмоцияга алдырууда"
- Биз эки айдын ичинде араң коалицияны түздүк. Өкмөт толук кандуу иштеп турганда, ошону көрө албай, коалаициянын бардык иштерине бут тосуу болууда. Мен саясатка аттангандан баштап, бизнесимди өткөрүп бергем. Бизнес менен кызматты алып барыш мүмкүн эмес. Ага мыйзам да жол бербейт жана менин физикалык мүмүкүнчүлүгүм жок. Текебаев эмоцияга алдырууда.

Чыныбай Турсунбеков,
Социал-демократтар
фракциясынын жетекчиси:

"Ыдырап, таркап кетет деген жөн эле ой-жоруу"
- Бизде өз ара түшүнүшүү жана ишеним улам убакыт өткөн сайын тереңдеп, улам көбүрөөк жакын болуп калдык десек болот. Албетте айрым жагдайлар боюнча маселелер жок эмес. Аны учурунда чечип жатабыз. Бул эми өзү боло турган нерсе. Бирок ошону жалпы коалициянын ынтымагына шек келтире турган фактор катары кароого болбойт. Аны ыдырап таркап кетет деген сөз биздин оппоненттердин жөн эле ой-жооруулары.

Ибрагим Жунусов, вице премьер:

"Коалиция тараса кайра түзүлөт"
- Эгер коалиция тараса, парламент тарабайт, Кайра коалиция түзүлөт. Дагы башка адамдар келет. Бирок, учурда коалицияны таратпоо керек.

Канатбек Исаев,
"Республика" фракциясынын лидери:
"Бул "Ата Мекендин" кылганы"
- "Ата Мекен" фракциясы коалицияны таратууну көздөп жатат. Ө.Текебаев учурунда төрөга болом деп өзүнүн кызыкчылыгын өлкөнүн кызыкчылыгынан да жогору койгон.

Равшан Жээнбеков, "Ата Мекен"
фракциясынын депутаты:
"Өздөрү менен өздөрү"
- Башкаруучу коалциянын ичинде аябагандай чоң карама-каршылыктар бар. Жогорку Кеңешке өкмөт мыйзам долбоорун сунуштай турган болсо, ал өздөрүнүн ичинен эле жетиштүү колдоо таба албайт. Алар өз алдыларынча иштеп жатышкандай элес калтырат. Биз парламенттеги расмий оппозицияны таң калтырган жагдай башкаруучу коалициянын өзүнүн ичинде эле өздөрүнүн оппозициясы жетиштүү экен. Алар ушул кезге чейин өздөрүнүн бирдиктүү багыттарын жана принциптерин чогуу отуруп иштеп чыгыша элек.

Улукбек Бабакулов, Медиа эксперт:
"Алдыда президенттик шайлоо турат"
- "Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт" деген сөз бар. Бекер жерден эле мындай негизсиз мүнөздөмөлөр берилбейт. Коалициянын ыдырашы ал түзүлүп, мамлекеттик мүлктү жана башкаруунун бөлүштүрө башташкан күнү эле байкалган. Анткени алдыда президенттик шайлоо турат. Ага өз алдыларынча ат салышкысы келген саясий күчтөр башкаруучу коалициянын ичинде толтура.
Памир Манас




  Хи - хи - эмес

Өй
Стокгольм тынчтык көйгөйлөрүн изилдөө боюнча эл аралык институтунун (SIPRI) эксперттери Каддафинин жеке самолеттору акыркы жума ичинде эки жолу Триполиден Белорусиянын кайсы бир аэродромуна учуп барып кайтканын ачыкташып, Ливиянын президенти Муаммар Каддафинин башына каран күн түшсө, үй-бүлөсү менен Беларусияга качаарын билдиришти. Демек, Ливиядагы бийлик кулатылса, К.Бакиев пикирлешкенге дос табылат экен.