Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Репрессия түнү

Кылым карыткан 6-апрель
87 азаматтын чырактай өмүрлөрү кыйылып, эркиндик үчүн жасаган эрдиктерине жакында бир жыл толот.
Чын-чынында кан менен келген ошо революциядан эл акыйкат, адилеттүлүктү күткөн. Улуу үмүт менен жаңы системага - парламенттик башкарууга (референдумда) өз добуштарын берди. Анткени, бул система алдыдагылардын айтканы боюнча ачык, айкын башкаруу болмок. Бийлик эл менен ачык сүйлөшүп, ачык иш алып бармак.


"Буканын" акыркы буйругу
Бакиев жана анын үй - бүлөөсүнүн кланы, Кыргызстанды менчигинен бетер кемирип, ага кошуп акыйкат деген нерсени бууп, Кокон хандыгынын ыкмасын ачык эле колдонуп киргенде эл жарылды. Теңир - Тоодо кызып, ишенимге, үмүткө толгон жаңы революциянын алгачкы сигналы 6-апрелде Таласта жаңырды. Ошол түнү К.Бакиев жана анын үй - бүлөөлүк штабы оппозицияны таптакыр сындырып салуу операциясына киришти. Чынында эле, К.Бакиевдин доорунда аким, губернатор, министр жана башкалар эмес, кимди кайда коюп, эмне кылуу керек, ошол үй - бүлөөлүк штабдын гана чечимине жараша ишке ашып калган. Парламент, өкмөт, сот дегениң Бакиевдердин алдында жөн эле камгак болуп калган. Алар ажоосунун кареги менен тең айланып, каалаган бийди "бийлеп" берчү.
Эркиндикти жутуп тынчу ошол "барбарос" планы менен ал түнү Ө.Текебаев, А.Атамбаев сыяктуу оппозициянын башчыларын "үй - бүлөөлүк штабдын" дагы бир мүчөсү Марат Бакиев көзөмөлдөгөн УККнын үңкүрүнө тыкты. (Бекназаров анда тоо таянып кетсе керек эле, Топчуке экөө.)
Сабыр "карышкырдын" айтканы эске келет, кезинде Жаныштын атайын отрядынын жасоолдору Текебаевди үйүнөн алып кетип жатканда, Өмүке мага телефон чалган. Ошондо анын ушунчалык аянычтуу, катуу корккондой түрү кадимкидей билинбедиби мага, "Мени алып кетип жатышат" деп ыйламсыраганычы... дейт. Ал эми Атамбаевди кармап кетип жатканда "Кабылан" дарбазасын ачпай, анда да атайын даярдыктагы топтун жасоолдору эшигин электр ара менен кесип, алып кеткен. Ошондо Алмазды коргоп, колдоо көрсөтүп азыркы СДПКдагы Чыныбай, Турсунтай, Мамытбай,… дагы далай байлар эмес, Рыскелди Момбеков, Жылдыз Мусабекова сыяктуу журналисттер турган, ошол жерде. Балким ошондо бийликте, башчыларын камап салсак, эл эмне кыла алмак деген планы болгондур. А кокус, чынында эле эртеси эл эч нерсе кыла албай калса, камактагы эрендердин тагдыры эмне болмок? Таластагы Конгантиевдин көк ала койдой талкаланышы менен эле далайларынын талпагы ташка жайылмак. Оппозиция башчылары үчүн кылым карыткан ал түн чынында коркунучтуу түн болгон. Алардын тагдыры андан ары кандай өңүткө бурулат, карапайым элдин колунда калган.

Ошондо эл…
Эл бийликтин бетпагына, акыйкаттын тебеленгенине чыдабады. Ага чейин толуп келген шишик жарылды. Дөөдөй күчтөр менен тишине чейин куралданып, бийликтин болгон бутактарын ээлеп турса да, жүрөгү "Кыргызстанымдын келечеги үчүн!" деп соккон азаматтар каардуу ал бийликти жылаңач колдору менен, көзгө атаарлардын огунан жалтанбай барып, тактан алып түштү. Кыргыздын артыкчылыгы ушунда. Жүрөгүндөгү үмүтү эч качан өчпөгөн. Ошонусу менен баарын жеңген…

Парламенттик республикадагы өкмөт эмне иш кылып жатат?
Ал жакта "Биз уурдабайбыз, эч кимге да уурдатпайбыз" урааны кагылууда. Анысына ишенейин десең бүгүнкү Ө.Бабановдун айланасындагы "акула аппетиттер" жөнүндөгү чууну айтпаганда да, ары жактагы айыл өкмөтүнөн Ак үйгө чейинки "бирдик", "ондук", "жүздүктөрүнүн" жоруктары өзүнчө "система". "Өлкөгө эмес, өз чөнтөккө иште" деген аракет. Бул "принцип" өкмөткө эле эмес, бүгүнкү жалпы бийлик элитасына мүнөздүү болуп турганында. Парламент да, өкмөт да "мага, мага" деп атышып революция болгонуна бир жыл өтүп барат… Жол башчылардын иши болсо сөз… сөз… сөздөрү менен элди "багууда".

Үмүттөр акталдыбы?
Жогорку айтылган ойлордун жыйындысы келип эле бир ойго такалат. Ал - Революциянын үмүттөрү акталдыбы? Жашоодогу эң асыл нерсе-ошончо жапжаш өмүрлөр кыйылып, эне баласынан, аял жарынан айрылып, бала атасыз калып, экинчи борбордо да далай эл кырылып…
Кезинде ооздору менен улуу сөздөрдү оргон, "Биз укмуш мамлекет курабыз" дегендер дегендериндей кыла албады? Антмек турсун, азыр ар кимиси өз арбайларын согуп, мансап бөлүшө алышпай алды ит менен мышык болууда. Бийлик мунарасында болсо коммунистик, Акаевдик, Бакиевдик доорлор алмашса да, баягы дөөлөр келатат. Чөккөн жок. Парламенттик башкарууда алар ого бетер көбүрүп чыгышты. Эки революция болсо да саясий элита тазаланбаганын ушундан көр., акагы (эгер болсо) менен акыры аралашып калганы качан. А.Мадумаров кезинде ал дөөлөрдү "эски колодалар" деп айтканынан бери, бешиктеги кыз турмушка чыкчу куракка келип калды. Ушул сыяктуу дарттын өзөгү ачык эле көрүнүп турат - бүгүнкү кыргыз элитасы бабалар баскан жолду, аккан кан менен сактап келген Мекенди, ошол Мекен алдындагы мамлекеттик ыйык жоопкерчилик дегенди актай албай турат. Эл ушуга нааразы.

Нурдин Асанов




  Эркин пикир

Коалиция мандеми, ТТлардын тандеми

Саясат айдыңында капысынан Текебаев + Ташиев тандеми калкып чыга келди. Бул жүрүш кыргыз элине кимдин ким экенин дааналап таанууга өбөлгө түзүп туру.

Башкасы го башка баягынын баласычы дегендей өз кезегинде Өмүкөнү (Текебаевди) урагыс, сынгыс, сатылгыс, патриот, чынчыл, адилет деги койчу адамзатта канчалык пакиза сапаттар болсо, ошону ага ыроолоого дилгир жандар четтен чыкчу. Анан эле бул ыйык аска четинен урап түшө баштабаспы.
Акыры анын натыйжасы ЖКнын шайлоосунда аныкталды шекил. Канча бир жылдык баркы, тарыхы, калың мүчөсү бар "Ата-Мекен" партиясы аягынан биринчи болуп марага келиши анын далили боло алды.
Анткени менен, анысына деле шүгүр. Айрыкча анын авторитардык режимге каршыгып турушу, Бакиевщинага батыл азуу салышы, жана да парламенттин жаңы түзүмүндө "Ата-Журт" партиясы Бакиевдин жүзү, алар менен кайнаса каным кошулбайт - дегендей убадасы жаңы үмүттөрдү шоолаланткандыгы да бар.
Арийне, убадага ишенген эл убара экен. Даана чындык эми калкып чыкты. Көрсө, Текебаев жеке кызыкчылыгы үчүн мекенин да сатканга, теңин, жерин бардык, бардык ыйыктыктарды алмаштырганга бара берет дешкен кай бир саясатчылардын баасынын чындыгы бар көрүнбөйбү. Эмесе ал мырзабыздын өктөөсү бийлик мунарасына гана байлангандыгын кантип танабыз. "Парламенттик көпчүлүктү алам" ишеними сынып, парламенттик тандемден жыдып түшкөн Өмүкөнүн эмки оюну кандай да болсо, бийлик тепкичине жетүүнүн кызыкчылыгы экен. Ал үчүн ал керек болсо желмогуз менен, аялуу дүйнөбүздүн сынганына карабай Америка менен, таш урап баратса да Ташиев менен достошконго бара берээрин көрдүк.
Кандай болгон күндө да Ташиев + Текебаев тандеми парламенттик коалицияны сындыруу жолу менен, кайрадан жаңы коалиция, жаңы Өкмөт түзүү максаты турганы сокурга да дайын. Демек, алар азырынча өздөрүн бири премьер-министр, экинчиси спикер сезип турсун.
Бирок, ар кандай оюндун да чеги болоорун унутка таштабасак. Жалпы журтту дүлөй, сокур тутпаш керек. Азырынча Атамбаев + Бабанов биримдиги чанып ыргытуучу чаначка айлана элек. Эң ириде өлкөнүн стабилдүүлүгү турукташты. Элде жаңы шык, жаңы үмүт, жаңы дем пайда болгонун кантип танабыз. Пенсия, пособиялар, маяналар көтөрүлүүнүн астында турат. Эл аралык ынтымакташтык туура жолго түшүүдө. Мындан башка эмне керек. Башкысы ушул.
Ал эми Текебаев менен Ташиев келе калса эле асмандагы ай жарык нур болуп кетпесин, болбосо май көл, сүт көлгө заматта жуурулушуп калбасын калк деле түшүнөт.
Мына ушуну эске алуу менен урматтуу Өмүкө жана Камчы мырза аппетитиңерди тыя турсаңар деген гана кеп!

Урмат Сапаров
Бишкек шаары








кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"




Яндекс.Метрика