Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Абалың кандай интеллигенция

Абдылдажан Акматалиев, академик:
"Ким илимге көңүл бөлөт?"
- Абдылдажан агай ишиңиз кайдан башталат, убактыңыз эмнеге коройт?
- Ар дайым, азыр да ишимди басмаканадан баштайм. Суванбердиев атындагы полиграфкомбинат иштеп турганда эртең менен жети жарымда ал жерде иштегендер менен чогуу барчумун. Бардыгы билишет. "Манас" эпосунун академиялык басылыштары, "Эл адабияты", "Залкар акындар", "Улуу инсандар" сыяктуу 500дөн ашуун эмгектер жарык көрдү. Чыңгыз Айтматовдун 5 жана 8 томдук жыйнактары жарык көргөндө да "Шам" жана "Учкун" басмаларында, "Кыргыз тилинин сөздүгү", "Азыркы кыргыз тили", Махмуд Кашгаринин "Түрк тилдеринин сөздүгү" деген китептерде "Avrasia", С.Орозбаков менен С.Каралаевдин варианттарындагы "Манаста" "Турар", "Хан-Теңири" басмаларында керээли кечке жүргөнүмдү жумушчулар да, басма кызматкерлери да билишет. Алар менен басмаканаларда жүргөнүмө таң калышып, кызыгып сурашаар эле. "Менин ишимдин силерден башталганы - биз сепкен үрөн минтип силердин колуңардан коомго, элге жетип жатпайбы, анан кантип араңарда болбойм" деп жооп берип, аларга ыраазычылыгымды, рахматымды айтып, жакшы сөздөрдү арнап келем. Убактым болсо көбүнчөсү кызматкерлер менен иштешүүгө жана келип-кеткендерге кетет. Анын үстүнө китептерди чыгаруу үчүн демөөрчүлөрдү издейм. Бир барган жериңе беш-алты жолу барасың, ошондо аны ынандырсаң кубанып да, убактыңдын бош кетпегенине сүйүнөсүң. Ал эми айрымдар сени тажатыш үчүн "эртең кел, анан кел" дей беришет. Жигиттик сөздөрүнө турбаганын көрүп, жан дүйнөң муздап кайтат. Кээ бирлерин карап турсаң, каражаттарын кайда чачаарын билишпей, майда-чүйдөгө, бир күндүк иштерге жумшашат. Ал эми ысымдарын тарыхка калтырышып, "Манас" баштаган элдик мурастарды чыгарууну, коомго жардам берүүнү таптакыр ойлошпойт. Кээде ошого капа болосуң.
- Кино, спорт деген маселелерчи?
- Бош убактарда советтик кинолорду көрөм. Алар мага өткөн учурду гана билдирбестен, абийирибизди тазалатып, адамкерчилигибизди тереңдетип турат. Кереметтүү кино тасмаларды азыркы жаштарга көбүрөөк көрсөтсө, тарбиялаганга жардамы чоң болмок. Ошондой эле футболго кызыгам. Менин сүйүктүү командам - "Спартак". Бир кезде "Спартактын" хоккейчилерине да күйөрман элем. Азыр "Спартак" футбол командасынын оюнун үзбөй көрөм, теледен көрсөтпөй калса, басма сөздөн жыйынтыгын укканга чейин шашам. Көрүп отурганда тынчым кетип отурам, анткени көбүнчө акыркы минуттарда жакшы ойнобой калышат.
- Жүз сомуң болгуча жүз досуң болсун дешет. Достукка мамилеңиз кандай?
- Достукту катуу сактайм, барктайм. Бийлик, байлык менен аралаштырбайм. Досторду сатпайм, эгер алар сатып кетишсе, аларды турмуш жолумда сапарлаш деп эсептебейм. Казакстанда досторум көп. Улуу-кичүүлөрүн санаганда жыйырмадан ашат. Жакында алардын тогузу Бишкекке келип кетишти, менин кубанычымды бөлүшүштү.
- Эмгек жазганга качан жетишесиз?
- Өзүмдүн эмгектеримди дем алыш, майрам күндөрү жазам. Калган учурда убакыт жок. Жогоруда айткандай, кызматтык иштерге кетет. Он жети жылдан бери эмгектик эс алууга чыга элекмин. Көптөн бери китепканаларга да бара элекмин. Ошентсе да, өзүмө керектүү өзүм кызыккан материалдар, маалыматтар менен таанышып турам. Дем алыш, майрам күндөрү да ишке чыккан учурларым болот.
- Ыр жазганыңызды баары биле бербесе керек. Кандай учурда илхом келет?
- Ырларды болсо негизинен бир дем менен жазам. Кээде уйку маалында жатып, беш-алты куплет ырдын сөлөкөтүн түзүп коём. Өзгөчө командировкаларда жүргөндө көбүрөөк ойлоном. Чыңгыз агайга арналган 22 ыр жана поэмалар Бишкек-Стамбул, Алма-Ата, Астана, Баку, Каракол каттамдарында жаралды. Билбейм, Чыңгыз агай жөнүндө поэтикалык саптарды жаза бергим келет. Атайын жазбайм. Агайга күндөгү абал, учур, жашоо тууралуу айтып, отчет бергим келет. Арбагы угуп, калыс болсо дейм. Ырларым радиодо уктурулуп жүрөт, угармандар менен окурмандардан жылуу сөздөрдү угуп калам. Айрымдарына катуу таасир эткенби, ыйлагандарын да жашырышкан жок. Өткөндө Жогорку Кеңештин депутаты, белгилүү коомдук ишмер Асия Сасыкбаева Чыңгыз агай жөнүндөгү "Сагындык биз өзүңүздү, билсеңиз" деген ыр түрмөктөрүмдү радиодон угуп ыраазы болгондугун билдирди. Мен Чыңгыз агайга арналган ырларымда бүгүнкү күндүн элесин, адамдардын пейилин, психологиясын, байлыгын берүүгө аракет кылам жана ошондой эле окурмандын жан дүйнөсү менен Чыңгыз агай түздөн-түз байланышта болуп, окурман авторсуз эле өзү лирикалык каарман катары кайрылып жатканын каалайм. Лирикалык каарман окурмандын өзү болушу керек. Окурмандын оюндагысын айта алсаң жакшы жазганым деп бил. Азыр ыр түрмөктөрү суроолор боюнча бир дискиге жазылып, коомчулукка таратылганы турат.
- Шакирт качан, кандай шартта пайда болот?
- Шакирт бир күндө эле пайда боло койбойт. Ага турмуштук да, илимий да багыт берип турушуң зарыл. Ал үчүн өзүң жумшак, адамгерчиликтүү, таза, кең пейил, айкөл болушуң жана бирөөгө жакшылык тартуулап, тилеп турушуң керек. Мени көпчүлүктүн устат катары кабыл алыштары ушул сапаттарыма да байланыштуу болсо керек. Мен изденүүчүлөргө, аспиранттарга, докторанттарга тема берерден мурун өзүм ошол тема тууралуу эки-үч макала жазып, теманын чоо-жайын иликтеп көрөм. Анан ынанып, айрым маселелерин белгилеп, сунуш кылам. Шакирт болуучунун кызыгуусун байкайм. Теманын туура тандалышы жана изденүүчүнүн кызыгуусуна дал келиши менин илимдеги башкы критерийим. Ошондо гана илимий теманын ажары ачылып, терең изилденет. Мен докторлук диссертациямды 1990-жылы, башкача айтканда, жыйырма жыл мурун жактадым, илимден башка жакка кеткеним жок, мына ушулардын бардыгы илимий мектебимдин түзүлүшүн шарттады. Жакында жолугушуп, атайын мектептин ачылышын жасадык. Бул мага гана эмес, адабияттаануубуздун өсүп-өнүгүшүнө керек.
- Байлык, бийлик дегенден кечип таштап, түйшүктүү илимдин оош кыйышында жүрүп келесиз. Өкүнүч жокпу?
- Кызык, жашоону кубалап жүрө берипмин. Ал эми менин жанымдагылар небак эле заңгыратып үй салып, дача куруп жыргап жашап жатышыптыр. Кызганыч жок, бирок пендебиз да таарыныч бар. Жада калса алакандай жерим жок, анан калса "Ата-Түрк" паркынан участогу бар деп үч-төрт жыл мурун менин фамилияма окшош адамдын участогун мага энчилеп гезиттер жазып жибергени эсиңдеби?! Ошондо, Зулпукар, Сен гана түзөтүү бергенсиң. "Эсиме келип, этегимди жыйып" дегендей ошондо "мен деле элден кемминби" деп мэрияга бардым. "Бишкектин жерлери сатылып кеткен" дешти. Былтыр мэрибиз Иса Өмүркуловго жер, үй тууралуу кайрылсам, "мен азыр бекий элекмин, бекип, эки-үч жыл иштесем, жардам берейин" деп койду. "Иштеңиз, бекиңиз, жигиттик убадаңызды унутпаңыз" деп чыгып жүрө бердим. Убакыт көрсөтөөр...
- Бирок, үйүңүз бар чыгар?
- "Үңкүр да болсо, үйүң болсун" дегендей, калыстык жоктон ачарчылык жарыялаганы аз калганда үй алгам. Анда балдар жаш эле, азыр чоңойду. Үй кеңейиши керек да. Өткөндө Садык-Шернияз "спортсмендер бир ийгиликке жетишсе үй да, машина да белен, мамлекет тарабынан жардам берилет, ал эми маданий ишмерлер, киночулар фестивалдардан ийгиликке жетишсе кайдыгер карашат" деп туура маселе көтөрдү. Врачтарга, милицияларга, мугалимдердин катарында окумуштууларга берилсе жаман болобу?! Жаш окумуштууларга атайы үй салса болбойбу?! Же жер бөлүп берсе кооператив түрүндө салып алсак эмнеге болбосун! Анан аздектүү нерсеге ушундай мамиле кылсак, илим-билим кантип өнүгөт?
Маектешкен
Зулпукар Сапанов

Президиумда олтурган партиянын Борбордук Комитеттин атка минерлери менен дөө-шаа деген атактуу акын-жазуучулардын башы жерге кире түштү. Түгөлбай аганын ошол сөзүн мен өз кулагым менен уккан элем. Ошол азыр ойлосом мындай сөздү чыныгы көк жал, улутуна күйгөн адам гана айтмак экен, мындай сөздү. Россияда залкар жазуучу Александр Солженицин акыйкат чындык үчүн күрөшүп келди. Россиянын биринчи президенти Б.Ельциндин саясатына каршы адилет сөзүн айтып Чечнядагы согушту сындап, мамлекеттик эң жогорку сыйлык "Андрей Первозванный" орденин алуудан баш тарткан. Көзү тирүү кезинде бул залкар инсан В.Путиндин саясатынын айрым аспектилерин колдогон эмес. Чыныгы интеллигент деп ушул А.Солженицинди айтышыбыз керек. Канча кылса да кыргыз интеллигенциясына караганда орус интеллигенциясы алда канча прогрессивдүү. Сөзүм кургак болбосун өткөн жылы бул дүйнөдөн көзү өткөн акын Белла Ахмадулинанын көзү тирүү кездеги бир окуяны айтып кетейин. В.Путин Б.Ельциндин мураскору катары премьер-министирлике дайындалып, анан президенттике ат салышмай болгондо Б.Ахмадулинанын кадыр даңкына муктаж болуп калат. Анын кабылдамасынан Б.Ахмадулинанын үйүнө бирөө мындай деп телефон чалат. "Вас от Владимир Владимировича беспокоят". Акын трубканын ары жагындагы адамга "От Маяковского?" (Маяковскийдин да аты дагы Владимир Владимировича эмес беле)
- "Нет. Не могли бы вы поучаствовать в предвыборной компании господина Путина?" Акын В. Путиндин ким экенин билсе дагы, кошоматчылыкка көнбөгөн жаны кайра итиркейи келип мындай деп жооп берет.
"Увы, - потому, что я незнаю кто он такой!" деп трубканы коюп коюптур. Б.Ахмадулина кең Россиянын чыныгы мекенчили болгон. Ал совет доорунда да бийликке чөгөлөп берген эмес. Кызыгы В.Путин акынды мындай мамилесине эч кектебептир. 2004-жылы ага Россиянын Мамлекеттик сыйлыгын ыйгарган. Мен айтайын дегеним биздин чыгармачылык чөйрөдө даража-даңкы бар, бирок атуулдук эрки, позициясы бар Б. Ахмадулинадай адамдар жок. Бийлик дагы чыгармачыл адамдарга ошондой мамиле кылат. Каалаган кишисине наам, сыйлык ыйгарат. Каалабаганын көрүп, билип турса дагы унута коёт. Чыгармачыл адамдарга бийлик трайбалистик көз карашта баа берет. Айтор азыр адилет, чындык үчүн: "баштарын канжыгага байлап" күрөшүп жүргөн айрым бир эркин журналистерди, залкар акын Ш. Дүйшеевди, сүрөтчү Ж. Кадыралиевди айтпаганда Кыргызда Б.Ахмадулинадай интеллигенция жок деп айтсак болот.
Интеллигенция аталышка татыктуу болуш үчүн инсандын саясий, мекенчилдик, атуулдук активдүүлүгү, нравалык сапаты чоң роль ойногонун турмуш растоодо. Ошентип кыргыз интеллигент адамдарын манжа менен санаса болот. Бул термин ССРдин тушунда диплому бар билимдүү, маданияттуу, эсептелген галстук тагынган "сыланкорооздуу" көтөрмөлөп айтылган идеологиялык догма.
"Туяктуунун баары тулпар эмес, канаттуунун баары шумкар эмес" - дегендей чындык адилеттик, калыстык үчүн күрөшө албагандан кийин илимий даражасын, кадыр-баркын мындай коёлу: "Академик", "Эл баатыры", "Эл жазуучусу", "Эл артисти", "Эл акыны" деп атоого, чынын айтсам ооз барбайт. Мүмкүн эмес. Сөз кунары ушундай.

Жолдошбек Токоев







кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??