Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
 … Колтугуңду ачпа!

Кыргызстан аскер
полигонуна айланабы?
Мындан бир жума мурда илгери президент Р. Отунбаева океандын ары жагына АКШнын мамлекеттик депертаментинин " Каарман аял " сыйлыгын алуу үчүн бараардын алдында, НАТОнун штаб-квартирасы жайгашкан Белгияда болуп, аталган аскердик блоктун адистерин Кыргызстанга келип чек ара кызматтарын реформалоого, терроризмге каршы күрөштөрдүн ыкмаларын үйрөтүүгө жардам бергиле деп өтүнгөн. Океандын ары жагындагылар үчүн бул табылгыс сунуш эле. Ошентип жаз алды менен Кыргызстанга НАТОнун " таза ниеттеги" адистери каптамак. Бирок, "наточулардан" мурун Жамаатык Коопсуздук Келишими Уюмунун ( ОДКБ ) башкы катчысы Н. Бордюжа баштаган топ үч күн мурун Орто Азияга кирип келди. Бул топтун арасында Россиянын коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Юрий Зубковдун кошо келгенине караганда аталган уюм өтө таасирдүү маселени карайт өңдөнөт. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жетекчилери учурда Дүйшөмбү шаарында ЖККУ ( ОДКБ ) өлкөлөрүнүн тышкы иштер министирлер кеңешинин жыйынын өткөрүүдө. Андагы маселе: экстримистик күчтөргө каршы туруу, жана алардын жылып келүүсүнө жол бербөө, чек араларды бекемдөө болуп саналат.
Күлчоро Кабылов


  Кар кетип...

Нооруз келатат

Даанышман чыгыш эли күн менен түндүн жазгы теңелүү мезгилине туштап, 21-мартты жаңы күн, жаңы жыл катары белгиленгени, жарыктык менен караңгылыктын, акыл менен күчтүн, ак менен каранын ортосундагы тең салмагын тептең сактоонун жарчы күнү катары санаганы бекеринен эместир.
Бул күндү кыргызым "жер айрылып чөп чыккан , желин айрылып сүт чыккан күн" - дейт. Анан калса жаз айын кыргыздар жылдын башы, жаңы жашоонун, кубанычтын, сулуулуктун, үмүттөрдүн ошол эле учурда жаңы түйшүктүн да башы деп келген.
Ошол жаз, ошол жаздын деми минтип жер бетине кирип келди. "Өлбөгөн жанга жаз келет" дегендей, жашоонун үмүтүн улап, талаасына бороз салып, катар-катар тизилип турналар учуп, тиричиликтин жаңы жылы башталып туру.
Мындайда улуу кыргыз:
"Алас-алас,
Ар балээден калас!
Жаңы жыл келди,
Эски жыл кетти.
Жаңы күндү тегиз берди,
Корообуз малга толсун,
Орообуз данга толсун.
Жаңы жыл жалга,
Эски жыл колдо,
Ишибиз алга!
Ар балээден колдо!",- колдо деп, арча түтөтүп, тилек кылышчу экен. Биз да ушул тилектерди кайталап, бүгүн-эртең кирип келчү Нооруз майрамына таазим кылып, жакшылыктан тилек кылалы. Өлкөбүздө арамдык эмес, адамдык өкүм сүрсүн. Карапайым элдин ойлогон тилеги ишке ашсын. Баарыбыз бар бололу! Эртеңки Нооруз майрамыңыздар менен!

"Айгай" гезитинин
эмгек жамааты




  Нооруздан кийин

Ким кетип, ким калат?
Коалиция тарайт, тарабайт дегени, "ким келет, ким кетет?" деген сөздөр да жабырып, ал жөнүндө бир топ ММКлар өз божомолдорун (прогноз) жарыялап да жиберишти. Биздин редакция дагы Ак үй менен Көк үйдөгү кайнап жаткан ошол оюндун жүрүштөрүнө баам салып, эгер коалиция тарап кете турган болсо бийликтин айрым түзүмдөрү кандай тизмекте куралышы мүмкүн .Биздин божомолдо:
Спикер - Марат Султанов же Курманбек Осмонов
Премьер - министр - Феликс Кулов же Нариман Тюлеев
Биринчи Вице - премьер - министр - Азиз Турсунбаев же Канат Исаев
Финансы министри - Акылбек Жапаров
Башкы прокуратура - Кубатбек Байболов
ИИМ - Өмүрбек Суваналиев
Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери 4 айдын ичинде жалпы элдик шайлоо аркылуу шайланат.
Ал эми жаңы башкаруучу коалицияга "Ата-Журт", СДПК, "Ар-Намыс" партиялары кириши мүмкүн.




  Өй...

Садыр менен Камчы
"ме... ме...лешип..."
Өткөндө Ө.Бабанов менен А.Жапаров Ак үйдөн мушташып, арасындагылар араң ажыратышканы жөнүндөгү айың кеп Ала-Тоонун кокту-колотун аралап бүтө электе, Ак үйдө дагы бир "мушташ" жаңырды. Бул жолу А.Жапаров эмес, С.Жапаров партиялашы К.Ташиев менен кырды-бычак болуп, экөөнүн тиреши бири-бирине ыйык жерлерин көргөзүп "ме, ме!" дешкенге чейин жетиптир. Өзү бир "Ата-Журтчу" болгон менен андагы К.Ташиев фракциясынын атынан өз билгенин кылып, өңгөнүн эмес, өздүн да сөзүн укпай калганы чучугуна жеткенби, Садыр Жапаров "эл сенин ким экениңди билбейт. Мен сенин чыныгы жүзүңдү сыйрып коем" деген экен...

Атамбаев Акаевге жолугат дейби?
Эртең 18-мартта өлкөнүн премьер-министри А.Атамбаев Москвага сапар алат. Анда Кремльдин көзүрлөрү менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүсү күтүлүүдө. Ошону менен бирге эле Бабановдун айынан мойнуна курун салып, кеткен "иттиктер" үчүн кечирим сурайт да имиш. Тарайт, тарабайт болуп 22-мартка чейин токтоп турган коалиция маселеси тууралуу да маанилүү кептер козголоору айтылууда. Эң кызыгы, Москва сапарында А.Атамбаев ал жактагы А.Акаев менен жолугушуп, Кыргызстанга инвестицияларды тартуу маселесин карашат экен дейт...

Океандын ары жагы эмес,
айылды ким карайт?
КСДП фракциясынын депутаты Данияр Тербишалиев журналистерге табигый кырсыктардан жабыр тарткан Япония элине 1000 жигит менен жардамга бараарын билдириптир. Журналистердин бирөсү: "Ал жакка кайсыл каражат менен барасыңар?" деген суроосуна, опурулган депутат: "Эгер эки өлкөнүн өкмөтү бул маселени чечсе" деп айтпайбы. Атакөрү ай, ушул жерде өзүнүн киндик кан тамган Сары-Өзөн Чүйдүн айылдарын суу каптап жатса көрмөксөн, билмексен тартат бул депутат. Андай эле кыйын экен Япон, Кыргыз өкмөтүнө догурунбай ушул кыргыз элинин көрүп аткан азап-тозогуна жардам этсе болмок.

"Айгай-пресс"







кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??